Бүгүнкү күндө ХХ кылымдагы кыргыз адабиятын, анын ичинде кыргыз прозасы менен поэзиясын, таза илимий негизде дөөлөттүк изилдөөдөн өткөрүү маселеси өтө курч турат. Анткени, ХХ кылымда кыргыз элинин ичинен акын-жазуучулукка талаптанган инсандар оголе көп чыкты, алар жазган прозалык жана поэтикалык чыгармалар да кыйла арбын. Мунун себеби, бүгүн канча тилдешсе дагы, советтик бийликтин маданиятка чоӊ камкордук көрүүсүндө жатат.

Албетте, совет доорундагы жана андан кийинки, жалпы эле ХХ кылым ичиндеги кыргыз профессионал адабиятынын миӊ сандаган туундуларынын баары көркөм дөөлөттүк наркка-кунга ээ боло бербеси анык. Бирок алардын ичинде азыр да көркөмдүк-эстетикалык маани-маңызын жоготпой, тескерисинче, улам мезгил өткөн сайын дөөлөттүк сапаты артып бараткан адабий жаралгалар арбын.

Анан, азыркы тапта ошол өткөндөн калган зор руханий байлыкты жаштар, атап айтсак, филолог болуу үчүн атайын окуп жатышкан студенттер канчалык деӊгээлде билишет деген суроо туулат. Биз бир катар жылдар бою ушул маселенин үстүнөн изилдөө жасап келдик. Макалада ошол изилдөөбүздүн натыйжаларынын бир үзүмү камтылды.

Адегенде ХХ кылымдагы кыргыз профессионал жазма адабиятындагы көркөм дөөлөттөрдү аныктоо үчүн анкета тууралуу айталы. Биз С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинде филологиялык билим алып, кыргыз тили жана адабияты профили боюнча мугалимдик кесипке ээ болуп жатышкан студенттердин ХХ кылымдагы кыргыз профессионал жазма адабияты, анын ичинде кыргыз поэзиясы менен прозасы боюнча алган билимдерине байкоо жүргүзүү, алардын кыргыз акын-жазуучуларына, кыргыз адабиятынын көркөм туундуларына дөөлөттүк мамилесин билүү максатында атайын анкета иштеп чыктык. Анкета изилдөөнүн аягында өзүнчө тиркеме түрүндө берилет (1-ТИРКЕМЕ).

Биз түзгөн анкетанын 1-суроосу: «Жаш муунга даректелген алар китеп (анын ичинде көркөм-адабий чыгармаларды) окубайт же аз окуйт деген айыптоо адилеттүүбү?» – филология факультетинин студенттеринин көркөм-адабий чыгармаларды окууга карата дөөлөттүк мамилесин аныктоого багышталат. Ал эми 2-суроосу: «Сиз өз жашооңузда кайсы дөөлөттөрдү артык көрөсүз?» – алардын дөөлөттүк тутумун, артык көргөн дөөлөттөрүн айкындоону көздөйт. 3-суроосу: «Адам жашоосундагы көркөм адабияттын ордун жана ролун түшүндүрүңүз?» – студенттердин көркөм адабияттын турмуштагы орду менен ролун түшүнүү деңгээлин билүүгө кызмат өтөйт. 4-суроосу: «Мен … үчүн окуйм» деген сүйлөмдү толуктаңыз?» Бул суроо студенттердин дөөлөттүк багыт алууларын ачып берет. 5-суроо: «Акыркы мезгилде окуган китептериңиздин кайсынысын мыкты деп эсептейсиз жана эмне үчүн?» Бул суроонун жардамы менен биз студенттердин кандай жанрдагы же багыттагы, агымдагы көркөм-адабий чыгармаларды окууга ышкылуулугун жана аларды кандай чен-өлчөмдөргө таянып баалашарын биле алабыз. 6-суроо: «ХХ кылымдагы кыргыз прозасы менен поэзиясын жаш муундарга окутуу керекпи жана эмне үчүн окутуу керек?» Бул суроо студенттердин өткөн доордон калган көркөм-адабий мурастарга карата мамилеси кандай дөөлөттүк чен-өлчөмдөргө таянары тууралуу маалымат берет.

Ал эми жыйынтыктоочу 7-8-суроолор филолог-студенттердин ХХ кылымдагы кыргыз жазуучуларынын жана акындарынын ичинен кимдерди жогору баалашаарын, алардын кайсы чыгармаларын артык көрүшөрүн аныктоого багытталган.

Ошентип, биз түзгөн анкетанын суроолору толугу менен келечекте филолог мугалим болууга даярдалып жаткан студенттердин көркөм адабиятка дөөлөттүк мамилелерин, кыргыз акын-жазуучуларына карата аксиологиялык бааларын белгилүү бир деңгээлде ачууга, студенттик чөйрөдө ХХ кылымдагы кыргыз профессионал жазма адабиятын баалоо ишмердүүлүгүн түптөөгө, студенттерди көркөм-адабий туундуларга карата баалоочулук мамиле кылууга үйрөтүүгө, көндүрүүгө арналган.

Бул усул, арийне, көнүмүш болгон сыпаттоочулук мүнөздөгү теориялык усулдан өтө эле айырмаланат. Бирок аталган анкетаны колдонуу менен биз ХХ кылымдагы кыргыз профессионал жазма адабияты, анын көрүнүктүү өкүлдөрү коомчулукта чынында кандай кабыл алынары жана бааланары жөнүндө көрсөтмөлүү жана ишеничтүү тыянактарды алууга жетише алабыз.

Анкетаны колдонуп, студенттер арасында жүргүзгөн изилдөөбүз тууралуу сөзгө өтөлү. Биз 2008-2011-жылдар аралыгында жетишерлик сандагы филолог-студенттерден анкета алуу аркылуу аларга чыныгы көркөм адабият жөнүндө, нукура көркөм дөөлөттөр жөнүндө үстүрт түшүнүктөр тийиштүү экенин аныктадык, респонденттердин түшүнүктөрүнүн рефлексияланбагандыгын, б.а. терең кайра аңдоодон өткөрүлбөгөндүгүн ырастадык, ХХ кылымдагы кыргыз прозасы менен поэзиясынын материалдарын кабыл алууларында оң-терс жагдайлар орун алганын байкадык. Сурамжылоого, анкета алууга негизинен кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүрүп жаткан студенттер тартылды. Себеби, биз алар белгилүү бир деңгээлде адабий-теориялык билимге ээ деп эсептедик.

Биздин изилдөөлөр азыркы адамдын аксиологиялык тутумундагы көркөм адабияттын орду маселесин ачууга белгилүү бир деңгээлде өбөлгө болду. Биздин изилдөөчүлүк мамиленин жаңылыгы адабияттын дөөлөттүк шкаладагы абалынын өзү жөнүндө эмес, ошол абалдын жетишерлик бөтөнчөлүктүү социалдык тайпа – филология факультетинин студенттери тарабынан, б.а. астына биринчи кезекте маданий мурасты сактоо проблемасы болгондо да күнүмдүк тиричиликтик практика катары коюлган адамдар тарабынан рефлексиялангандыгы жөнүндө кеп кылганыбызда жатат.

Астыга коюлган проблема социалдык жаңырыктар комплекси менен татаалдашып кетет. Бир жагынан, көркөм адабиятты окуу жөнүндө адамдын жүрүм-турумунун маанилүү жана оң көрүнүшү катары түшүнүк берген тарыхый түзүлгөн коомдук-маданий стереотип жашайт. Жөнөкөйлөнтүлгөн түрдө бул мифологеманы төмөнкүчө элестетүүгө болот: «Ал көп окуйт, анын үйүндө китеп көп – бул акылдуу жана жакшы адам». Бул мифологеманы дүйнөлүк маданиятка Агартуу доорунун идеологиясы таңуулаган. Советтер Союзунун тушунда ал өлкө дүйнөдөгү эң көп окуган өлкө болчу. Мындай мүнөздөмөгө негиз болгон статистиканын көп жактуулугуна карабай, көп окугандык улуттук сыймык саналчу. Ал кезде Кыргызстандын калкы да көп окуганы менен айырмаланчу.

Башка жагынан, мына ушул фондо көрсөтүлгөн стереотиптердин азыркы адамдын жүрүм-турумдук багыт алууларын көп жагынан аныктаган жетишерлик агрессивдүү прагматикалык багыт алган дөөлөттүк моделден окчундугу курч туюлат. Анын алкагында жыйноочулук (мүлк, оокат) практикасы менен түз байланышпаган көркөм адабияттын макамы жалпысынан өтө белгисиз болуп чыгат, бирок аны артыкчылыктуу деп атоого болбойт.

Ушул эки аксиологиялык тутумдун кагылышуусунун натыйжасында студент-филолог, болочоктогу мугалим өз ишинин башкы предмети жаатында багытынан драмалуу адашкан болуп чыгат. Биз студент-филолог ушул концепциялык ажырымды кандайча жеңерин айкындоо максатын койдук.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты профили боюнча бүтүрүүчү курстарында 2008-2011-жылдар аралыгында үзгүлтүксүз жазуу жүзүндөгү анкеталар алынды (4-ТИРКЕМЕ). Мына ошол анкеталардын натыйжалары биздин изилдөөгө олуттуу материал болуп берди. Ар башка жылдарда сурамжылоого катышкан студенттердин саны төмөнкү жадыбалда берилди (1.1-жадыбал).

1.1-жадыбал — 2008-2011-жылдарда анкета алууга катышкан студенттер жөнүндө сандык маалымат

К№ Анкета алынган жыл Катышкан студенттердин саны
1. 2008-жыл 37
2. 2009-жыл 47
3. 2010-жыл 38
4. 2011-жыл 34
Бардыгы 156

Жалпысынан биз алган натыйжалар студенттердин аксиологиялык тутумунда көркөм адабияттын орду анча бийик эместигин көрсөтөт.

Баарынан мурда көркөм адабияттын жашоо фактысынын жана анын адам дөөлөттөрүнүн тутумундагы ордунун толук баалуу рефлексияланбагандыгы, кайра аӊдоодон өткөрүлбөгөндүгү жөнүндө айтуубуз керек. Студенттер көркөм адабиятты өз турмушунда дайыма эле алдыңкы орунга коё беришпейт.

Анкетанын материалдарына кайрылсак, «Жаш муунга даректелген алар китеп окубайт же аз окуйт деген айыптоо адилеттүүбү?» деген биринчи суроого студенттердин 22%ы «ооба» деп жооп беришкен. Мында студенттердин жоопторунун бир аз субъективдүүлүгү бардыгы байкалат. Оозеки баарлашууда студенттердин көпчүлүгү китеп окушарын, көркөм адабиятка кызыгышарын айтышкан.

Респонденттердин «Сиз өз жашооңузда кайсы дөөлөттөрдү артык көрөсүз?» деген суроого берген жооптору өтө ар түрдүү. Студенттердин басымдуу бөлүгү же 84%ы 1, 3, 5-варианттарды тегеректешкен. Алардын 16%ынын жоопторунда 2, 4, 6-варианттар кездешет. Бирок бул да түрдүү даражада айырмаланат. Мындан студенттердин дүйнө таанымынын, дөөлөттүк тутумунун  өзгөчөлүктөрү бардыгын байкайбыз.

Анкетага катышуучулар «Адам жашоосундагы көркөм адабияттын ордун жана ролун түшүндүрүңүз?» деген үчүнчү суроого көбүнчө коомдо калыптанган стереотиптерге ылайык жооп беришкен. Мисал келтирели, алсак респонденттердин бири минтип жазган: «Көркөм адабиятты дайыма окуу керек. Азыркы мезгилде коом турмушунда көркөм адабият да чоң роль ойнойт. Адабият адамды руханий жактан байытат. Көркөм чыгармаларды окуп, адамдын кругозору өсөт. Акын-жазуучулардын чыгармалары аркылуу биз өткөн убактардагы элдин каада-салтын, маданиятын да биле алабыз. Адабий чыгармалар адеп-ахлактык тарбия берет. Алардан биз турмуштук сабак алабыз. Каармандардын жакшы-жаман иштери бизге турмушта үлгү болот. Ошондой эле китеп окуу сөз байлыгын өстүрөт».

Бул жооп кыргыз тили жана адабияты профилинде окууну аяктап жаткан студент-филологго таандык. Көрүнүп тургандай, ал коюлган суроого мазмундуу жооп бербестен эле адабият сабактарында айтылып жүргөн даяр штамптарды, формулаларды санап чыккан. Бул өңдүү мисалдар жалпы жооптордун санынын 6%ын түзөт. Респонденттердин бири «Каныбек» романын окуу анын сөз байлыгын кыйла өстүргөнүн белгилеп, романда колдонулган макал-лакаптардан мисал келтирет.

Башкасы болсо «Кыямат» романын уйкуну унутуп берилүү менен окуп чыкканын, анткени анда чоң тарбиялык мазмун бардыгын жазат. Дагы бири көркөм адабият адамдын кругозорун өстүрөрүнө токтолуп, «Көк асабаны» жана «Сынган кылычты» окуу менен өткөн доорлор тууралуу көптөгөн тарыхый маалыматтарды алгандыгын эскерет. Кээ бир жооптор кеңири чечмеленбей калган. Алсак, бир респондент мындай деп жазган: «Көркөм чыгармаларды көп окуу адамдагы адамгерчилик сапаттарды өнүктүрөт». Бирок жоопто бул таңгаларлык психологиялык процесс кандайча жүрөрү, адабий чыгармалар адамга кандайча таасир кылары такталган эмес.

Жооптордун түзүлүшүнө баам салганда аларда суроого карата рефлексия же терең кайра аңдоо дегеле жоктугун көрөбүз. Көпчүлүк жооптор формалдуу түрдө «Азыркы коомдо адабият абдан керек» деп башталат. Бирок көркөм адабият эмне үчүн керектиги, анын коомдогу орду менен ролу кандайлыгы жеткиликтүү ачылбайт. Булар эч ойлонбостон кур чеченденүүнүн гана үлгүлөрү. Керек десе респонденттердин өз алдынча ой жүгүртө аларын көрсөткөн оригиналдуулукка талаптанган жооптордо деле дайыма сабаттуулук жана билимдүүлүк жөнүндө штамп болуп калган фразалар учурайт. Балким алар ушундай сүйлөмдөр менен өз ойлорун жакшылап тыянактадык деп эсептешкен.

Берилген суроонун үстүнөн рефлексиянын жоктугунун дагы бир маанилүү көрсөткүчү деп жооптордун 9%ында гана (биз муну салыштырмалуу жогору көрсөткүч деп эсептейбиз) адабияттын аксиологиялык маанисин ачууга аракет жасалганын кароого болот. Мындай жооптордо адабияттын коомдогу орду менен ролу көркөм чыгармалардын мазмунун жана акын-жазуучулардын өмүрүн, чыгармачылык жолун билүү зарылдыгы менен шартталат.

Ушундай жооптордон бир мисал: «Адабият жазуучулардын, акындардын баскан жолун эстеп жүрүү үчүн керек. Чыгармачыл инсандардын өмүрү ар бир адамга үлгү болот».

Талдоолор көрсөткөндөй, коюлган суроого жооптордун 98%ында респонденттер адам жашоосундагы көркөм адабияттын орду менен ролун аныктаган сегиз фактордун бирин камтышкан. Көпчүлүк учурда жооптор ошол факторлор менен чектелген. Бул жагдай респонденттердин ой жүгүртүүсүнүн шаблондуулугун абдан жакшы көрсөтүп турат. Студенттер анкетанын төртүнчү тапшырмасына төмөнкүдөй мамилелерин билдиришкен:

  • «интеллектти өнүктүрүү үчүн» китеп окугандар 34,6%ды түзөт;
  • «сабаттуулукту арттыруу үчүн» дегендер 18,4%ды түзөт;
  • «окуу жана иш үчүн» деп жооп бергендер 78%ды түзөт;
  • «эриккенди жазуу жана ыракат алуу үчүн» дегендер 8%ды түзөт;
  • «руханий жактан баюу үчүн» деп жооп бергендер 54,9%ды түзөт;
  • Башкасы деген жоопту тандагандар жана ал жерде өз жообун ынанымдуу чечмелеп бергендер дээрлик жок болгон.

Ушул жооптордун баарында тең респонденттердин вариантты терең аңдап-түшүнүү аркылуу тандашканы күмөн жаратат. Мунун баары адабиятты прагматикалык дөөлөттүк моделдин терминдеринде аңдоонун ийгиликсиз аракеттерин гана берет. Анткени респонденттер белгилеген варианттардын бири да көркөм тексттердин бөтөнчөлүктүү касиети болуп саналбайт. Мисалы «руханий жактан баюу үчүн» деген туюнтманы тандагандар арбын, бирок мунун ички мазмунунда материалдык эмес дөөлөттөр аймагына көчүрүлгөн жыйноочулук (мүлк, оокат) идеясы жатат, б.а. баюуга басым коюшат.

Анткен менен үйүнө түрдүү көркөм өнөр чыгармаларын, мисалы, живопистик ж.б. сүрөттөрдү топтогондор көбүнчө аларды байманалуулуктун белгиси катары колдонору бүгүнкү турмушубуздун чындыгы. Адабияттын дидактикалык мүнөзү концепциясына байланган жооптор («интеллектти өнүктүрүү үчүн», «сабаттуулукту арттыруу үчүн») да ушул эле катарда турат.

Басымдуу респонденттер «окуу жана иш үчүн» деген вариантты тандашкан. Бул таза утилитардык жооп болгон. Албетте, студенттер кайсы бир дисциплиналарды өздөштүрүү процессинде көркөм тексттер менен таанышууга мажбур. Демек, респонденттердин жообунда өз пайдасын көздөө айкын байкалып турат. Жыйынтыктасак, студенттер көркөм чыгарманын окутуп-үйрөтүүчүлүк, насаатчылык ролусуз көркөм адабияттын жашоо феноменин чечмелеп бере алышпайт. Биз төмөндө баяндай турган маселелер квалификациялуу адабият таануучуларга, б.а. окумуштууларга ал же бул деңгээлде айкын, бирок студенттерге анча жеткиликсиз, түшүнүксүз, ошондуктан ушул жерде зарыл тактоолорго орун берүүнү туура көрдүк.

Ошентип, көркөм адабият тарыхтын окуу китеби да, тарыхый материалды кызыктуу баяндоо да болбойт. Бул жөнүндө көп эле айтылган. Адабият – бул ар дайым ойдон чыгаруу. Керек болсо тарыхый чыгармаларда да ойдон чыгаруунун үлүшү басымдуулук кылат. «Баяндоочу көркөм тексттин негизги белгилеринин бири – бул анын фикциялуулугу, б.а. текстте сүрөттөлүүчү дүйнө фиктивдүү, ойдон чыгарылган болуп саналуучу жагдайы», [2, с. 22] — дейт В. Шмидт. Чынында эле, «…баяндоо дүйнөсүнүн тексттерине келсек, анда алар өз маӊызында ойдон чыгарылган, анан калса бул дүйнө тарыхый узак мезгил ичинде пайда болгон да, ушул дүйнөнүн феномендери өз маӊызына дароо ээ боло коюшкан эмес» [1, с. 18].

Көркөм шарттуулук – адабияттын принциптүү негизи. Адабияттын дүйнөсү – дайыма жазуучу көркөмдүк милдеттерди чечүү үчүн атайылап курган дүйнө, ал объективдүү турмуш чындыгынын дүйнөсү менен аздыр-көптүр окшош болушу мүмкүн, бирок эч качан ага теңдеш боло албайт. Андагы персонаждар да турмуштагы прототиптерине эч теңдеше алышпайт. Алар реалдуу инсандар эмес – бар болгону көркөм элестер гана.

Респонденттердин «Акыркы мезгилде окуган китептериңиздин кайсынысын мыкты деп эсептейсиз?» деген суроого жооптору да өтө ар түрдүү. Мында суралгандардын 12%ы кийинки жылдардагы авторлордун жарык көргөн чыгармаларды аташкан: М.Макенбаевдин чыгармалары (4%), Ч.Абыкеевдин чыгармалары (2,5%), Б.Рахман уулунун чыгармалары (2,5%), А.Шаршендин чыгармалары (3%). Бул суроого алынган жооптордун 7%ында Ч.Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романы, 6%ында Ш.Дүйшеевдин «Агындылар» чыгармасы аталган.

Студенттердин көпчүлүгү мектептин жана ЖОЖдун программасында өтүлүүчү материалга басым жасашары байкалды (47%). Кызыктуусу, бир респондент Стефани Майердин вампирлер тууралуу төрт томдугун атады («Сумерки», «Рассвет», «Затмение», «Новолуние»). Демек, азыркы чет элдик массалык адабиятты, беллетристиканы окуй тургандар да бар. Маселе ойлонтпой, түйшөлтпөй койбойт.

Респонденттер «ХХ кылымдагы кыргыз прозасы менен поэзиясын жаш муундарга окутуу керекпи жана эмне үчүн окутуу керек?» деген суроого да ар башка мазмунда жооп жазышкан. Көпчүлүгү «ХХ кылымдагы кыргыз прозасы менен поэзиясын жаш муундарга окутуу керек» дешет (98%ы). Эмне үчүн окутуу зарыл экенин төмөнкүчө түшүндүрүшөт: «Өткөн турмуш чындыгы менен тааныштыруу үчүн», «кыргыз адабиятынын тарыхын үйрөтүү үчүн», «кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын үйрөтүү үчүн», «кыргыз адабиятын терең өздөштүрүү үчүн», «жаш муундарды улуттук маданиятты сыйлоого көндүрүү үчүн», «жаш муундарды кыргыз адабиятындагы мазмундуу чыгармалар аркылуу тарбиялоо үчүн», «жаш муундарда көркөм-эстетикалык табитти тарбиялоо үчүн», «каармандардын оң-терс жактарын, жаңылыштыктарын талдоо аркылуу аларга турмуштук тажрыйба берүү үчүн» ж.б.

Анкетанын 7, 8-пункттарында ХХ кылымдагы кыргыз прозасы менен поэзиясынан мыкты деп эсептеген он жазуучу менен акынга, алардын респонденттерге жаккан чыгармаларын кошуп, 1ден 10го чейинки орунду ыйгаруу тапшырмасы берилген. Мындан өтө кызыктуу натыйжалар чыкты. Аларды төмөндө жадыбалдарда көрсөтөбүз (1.1-жадыбал, 1.2-жадыбал).

1.2-жадыбал — ХХ кылымдагы кыргыз прозасынын мыкты өкүлдөрү жана алардын эң жакшы делген чыгармалары

Ыйгарылган орун Автор жана анын респондентке жаккан чыгармасы Тандагандардын пайызы
1 Ч. Айтматов («Бетме-бет», «Жамийла», «Ак кеме», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат»)[1] 55%
2 Т. Сыдыкбеков («Көк асаба») 10%
3 М. Элебаев («Узак жол») 8,8%
4 Т. Касымбеков («Адам болгум келет»,«Сынган кылыч»)[2] 8%
5 М. Гапаров («Кызыл беде», «Кыштакча», «Дарыялардын шоокуму»)[3] 6,1%
6 Ө. Даникеев («Кыздын сыры», «Кызыл аска», «Көкөй кести»)[4] 4,2%
7 К. Акматов («Мезгил», «Күндү айланган жылдар»)[5] 3,5%
8 К. Жантөшев («Каныбек») 2,4%
9 К. Баялинов («Ажар») 2%
10 К. Жусубалиев («Күн автопортретин тартып бүтө элек») 1,5%

1.3-жадыбал — ХХ кылымдагы кыргыз поэзиясынын мыкты өкүлдөрү жана алардын эң жакшы делген чыгармалары

Ыйгарылган орун Автор жана анын респондентке жаккан чыгармасы Тандагандардын пайызы
1 А. Осмонов («Ата Журт», «Жибек кийген эрке кыз», «Бөбөккө», «Бүкөн», «Отуз жаш», «Мен эмнеден уялам», «Адамзат», «Замандашыма», «Музыка», «Жеңишбек»)[6] 52,5%
2 С. Эралиев («Ак Мөөр», «Кесиринсан», «Жылдыздарга саякат», «Эне», «Кыргыз жаны»)[7] 14,5
3 Б. Сарногоев («Таң калам», «Ак калпак», «Менин жерим», «Жашасын аял», «Биз калдык»)[8] 13%
4 М. Алыбаев («Эсте секет», «Ыйлабачы», «Ала-Тоого», «Сага», «Ойлончу», «Айтчы жаным», «Сүйгөнүмдүн сүрөтүнө», «Адабияттык парад»)[9] 11%
5 Т. Кожомбердиев («Энем жана от», «Күн чыгышым», «Кайдасың сен?», «Сизге тааныш эмеспи», «Оттон өскөн кызыл гүл»)[10] 8%
6 А. Токомбаев («Тил алса», «Мунар», «Угасыңбы?», «Үч чындык», «Сизге», «Кечирип кой», «Кандуу жылдар»)[11] 4%
7 Ж. Мамытов («Издейм сени», «Отту сүйөм», «Туулган жерге», «Өмүр», «Башат жана мухит»)[12] 2,6%
8 Ш. Дүйшеев («Кайдыгерлик», «Кыз», «Өрт», «Жалгыздык», «Адабий парад», «Сын казат»)[13] 2,4%
9 Ж. Бөкөнбаев («Жайдын кечи», «Кезигишүү», «Өмүр», «Ажал менен ар-намыс»)[14] 1,8%
10 О. Султанов («Сен жөнүндө поэма», «Чарчоонун жүзүнчү ыры», «Адам турмушу», «Жан берели сүйүүгө»)[15] 1,2%

Бул көрсөткүчтөр студенттердин көркөм чыгармачылыктын туундуларына карата дөөлөттүк мамилеси көбүнчө программалык материалга байланарын, алардын ой-пикирлери адабиятчы окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык түптөлөрүн байкатат. Көрүнүп тургандай, азыркы филолог-студент көркөм чыгармаларды баалоодо, көркөм чыгармачылык жөнүндө баалоочулук пикир айтууда негизинен өзүнө тааныш же окутуу программасында бар гана тексттерге таянат.

Муну ХХ кылымдагы прозаиктерден Ч. Айтматовдун, акындардан А.Осмоновдун абсолюттуу көпчүлүк пайыз менен алдыңкы орундарда чыгышы ырастайт. Анткени ушул эки инсандын чыгармачылыгы кыргыз адабияты боюнча мектептин да, ЖОЖдун да программаларында бар. Бирок анкетанын 1-6-пункттарындагы жооптордон байкалгандай, азыркы адабият таануу илими үчүн маанилүү форманын мазмундуулугу идеясы студентке аздыр-көптүр тааныш, анткен менен аны жакшылап, ийине жеткире түшүнбөйт. Мунун баары студенттин аң-сезиминде көркөм адабият түшүнүгүнүн жана көркөм чыгармалардын мазмунунун ажырымда, байланышсыз жашоосу жөнүндө ойго салат.

Мунун бир себеби, филолог-студент иш алып барууга туура келүүчү дөөлөттүк моделдердин ортосундагы кескин дал келбестикте жатат. Студент университеттин ичинде, адабияттын тарыхы сабагында, жана анын чегинен тышкары дөөлөттүк тутумдардын түрдүү типтерине негизделген ар кыл социалдык орнотмолор иштей турганын тез эле түшүнөт.

Маданиятка, адабиятка карата консервативдүү мамилеге көңүл топтогон университет, окутуучулар өз тарбиялануучуларынан маданий-адабий дөөлөттөргө карата лоялдуулукту (берилгендикти) талап этет. Ошол эле маалда окуу жайдан тышкары турмуштук кырдаал агартуучулук парадигмаларга кайчы келген такыр башка талаптарды коёт. Өз орнотмолорун ЖМК аркылуу агрессивдүү таңуулоодон улам, мамлекет жүргүзгөн саясаттын колдоосуна ээ болгон прагматикалык багыт алган дөөлөттүк модель маалыматтык талаада чоң салмакка, маданий-адабий дөөлөттөрдүн маанилүүлүгү жөнүндө «эски» идеяга салыштырмалуу прогрессивдүү жана «заманбап» беделге ээ болот.

Консервативдүү аксиологиялык шкаланы толук кабыл албай, иш жүзүндө анын ээси болбой (адабий туундулар менен жакшылап таанышпай, алардын мазмундук-формалык өзгөчөлүктөрүн жете өздөштүрбөй) туруп, студент зарыл учурда адабияттын жана жалпы эле маданияттын бийик баалуулугу тууралуу жат болуп калган, клишеленген фразаларды колдонууга жөндөмдүү болуп чыгат.

Бирок катардагы студент үчүн бул чоочун маданий тил; университеттен тышка чыгып эле ал прагматикалык аксиологиялык орнотмолордун ээси болуп калат. Тышта болсо көркөм адабият, прозалык жана поэзиялык чыгармалар чоң баалуулукка ээ эмес. Ал жакта азыркы күндө акча, оокат, мүлк баалуу. Бул жагдай азыркы социумдун баалуулуктар иерархиясындагы көркөм адабияттын орду менен ролун студенттер тарабынан чынчыл жана ойлонулган түшүнүү бардыгынан чоң шектенүү жаратат.

Бирок ошондой болсо да биз филолог-студенттер менен жүргүзүлгөн анкетанын натыйжаларын нукура илимий жыйынтыктар катары кабыл алып, аларды өз изилдөөбүздүн максатына жетишүү үчүн колдонобуз. Анткени, кандай болгон күнү да студенттердин анкетанын тапшырмаларына берген жоопторунда ХХ кылымдагы кыргыз профессионал жазма адабиятына, анын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармачылыктарына карата азыркы күндөгү баалар чагылтылган.

Мунун эӊ негизги жүйөөсү – биз окуткан студенттер биздин коомдун өкүлдөрү экендиктери. Алардын кээ бири, балким, өз турмушунда изимий изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү тандап алышат да, кийин өз изилдөөлөрүн жүзөгө ашырышат.

Көрүнүп тургандай, ХХ кылымдагы кыргыз прозасы менен поэзиясынын өкүлдөрү, алар жараткан көркөм туундулар жаатында таза эмпирикалык илимий изилдөө жүргүзүү, ары татаал, ары машакаттуу иш. Бирок мындай изилдөөнүн жакшы жагы – анда белгилүү деӊгээлде илимий тактыкка жетишүү милдети ишке ашат. Изилдөөнүн мындай методологиясы изилдөөчүнүн жеке субъективдүү көз караштарына орун калтырбайт.

Антпесе, баарыбыз билгендей, өткөндөгү жана азыркы сынчы-адабиятчыларыбыздын ар биринин өз көөнүнө, өз табитине чукул авторлору, жүрөгүнө жакын чыгармалары бар. Көпчүлүгү өмүр бою ошолордун тегерегинде улам бир эмгек жазуунун үстүнөн гана иштешет. Ал эми акын-жазуучуларыбыздын чыгармачылыгы, алар түзгөн көркөм дөөлөттөр дагы деле болсо нукура объективдүү баага ээ болбой кала берет. Андыктан улуттук адабиятты изилдөөнүн методологиясын жаӊылантуу учурдун талабы болуп турат. Биз мына ошол жооптуу маселени жүзөгө ашырууга чакан болсо да салым кошсок деген ойдобуз.

Пайдаланылган адабияттар:

  1. Брудный, А. А. Наука понимать [Текст] / А. А. Брудный. – Б.: Detay Publishing International, 1996. – 324 с.
  2. Шмидт, В. Нарратология [Текст] / В. Шмидт. – М.: Языки славянской культуры, 2003. – 312 с.

1-ТИРКЕМЕ

ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын көркөм дөөлөттөрү

Анкетанын катышуучусунун анкетасы

К№ Суроо Жооп
1. Жаш муунга даректелген алар китеп (анын ичинде көркөм-адабий чыгармаларды) окубайт же аз окуйт деген айыптоо адилеттүүбү? (Өзүңүз туура көргөн жоопту белгилеңиз, же сол жактагы бош орунга өз жообуңузду чечмелеп, негиздеп жазыңыз) 1. Ооба.

2. Жок.

3. Билбейм.

4. Башкасы. Атап айтканда?

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2. Сиз өз жашооңузда кайсы дөөлөттөрдү артык көрөсүз? (3 жоопту белгилөөгө болот). 1. Ата Мекен, эл-журт;

2. Үй-бүлө, тууган-туушкан;

3. Искусство, көркөм адабият;

4. Ынтымак, биримдик;

5. Жакшы кызмат, жумуш;

6. Оокат, дүнүйө-мүлк.

3. Адам жашоосундагы көркөм адабияттын ордун жана ролун түшүндүрүңүз?  

 

 

 

 

 

4. «Мен … үчүн окуйм» деген сүйлөмдү толуктаңыз? (2-3 вариантты тандаңыз, же сол жактагы бош орунга өз жообуңузду чечмелеп, негиздеп жазыңыз) 1. Интеллектти өнүктүрүү үчүн.

2. Сабаттуулукту арттыруу үчүн.

3. Окуу жана иш үчүн.

4. Эриккенди жазуу жана ыракат алуу үчүн.

5. Жаңы маалымат алуу үчүн.

6. Руханий жактан баюу үчүн.

7. Башкасы. Атап айтканда?

 

 

 

 

 

 

 

5. Акыркы мезгилде окуган китептериңиздин кайсынысын мыкты деп эсептейсиз жана эмне үчүн? (сол жактагы бош орунга өз жообуңузду чечмелеп, негиздеп жазыңыз)
6. ХХ кылымдагы кыргыз прозасы менен поэзиясын жаш муундарга окутуу керекпи жана эмне үчүн окутуу керек? (сол жактагы бош орунга өз оюңузду чечмелеп жана негиздеп толук жооп жазыңыз)
7. ХХ кылымдагы кыргыз прозасынан сиз мыкты деп эсептеген он жазуучуну алардын сиз жактырган чыгармаларын кошуп атаңыз (1ден 10го чейин орун ыйгаруу менен): 1.

 

2.

 

3.

 

4.

 

5.

 

6.

 

7.

 

8.

 

9.

 

10.

 

8. ХХ кылымдагы кыргыз поэзиясынан сиз мыкты деп эсептеген он акынды алардын сиз жактырган чыгармаларын кошуп атаңыз (1ден 10го чейин орун ыйгаруу менен): 1.

 

2.

 

3.

 

4.

 

5.

 

6.

 

7.

 

8.

 

9.

 

10.

 

9. Өзүңүз тууралуу кээ бир маалыматтарды айта кетиңиз:

а) Аты-жөнүңүз?

б) Кайсы даярдоо багытында окуйсуз?

а)

 

б)

Анкетага жооп бергениңиз үчүн чоң ыракмат!

Жантаев Адилбек Сүйүндүкович – филология илимдеринин кандидаты, професордун милдетин аткаруучу, С. Нааматов атындагы НМУ

[1] Респонденттер-студенттер Ч. Айтматовдун ар башка чыгармаларын аташкан, көп аталгандар мына ушулар болгон.

[2] Респонденттер-студенттер Т. Касымбековдун ушул эки чыгармасын көп аташкан.

[3] Респонденттер-студенттер М. Гапаровдун ушул үч чыгармасын көп аташкан.

[4] Респонденттер-студенттер Ө. Даникеевдин ушул үч чыгармасын көп аташкан.

[5] Респонденттер-студенттер К. Акматовдун ушул эки чыгармасын көп аташкан.

[6] Респонденттер-студенттер А. Осмоновдун ар башка чыгармаларын аташкан, көп аталгандар мына ушулар болгон.

[7] Респонденттер-студенттер С. Эралиевдин ар башка чыгармаларын аташкан, көп аталгандар мына ушулар болгон.

[8] Респонденттер-студенттер Б. Сарногоевдин ар башка чыгармаларын аташкан, көп аталгандар мына ушулар болгон.

[9] Респонденттер-студенттер М. Алыбаевдин ар башка чыгармаларын аташкан, көп аталгандар мына ушулар болгон.

[10] Респонденттер-студенттер Т. Кожомбердиевдин ар башка чыгармаларын аташкан, көп аталгандар мына ушулар болгон.

[11] Респонденттер-студенттер А. Токомбаевдин ар башка чыгармаларын аташкан, көп аталгандар мына ушулар болгон.

[12] Респонденттер-студенттер Ж. Мамытовдун ар башка чыгармаларын аташкан, көп аталгандар мына ушулар болгон.

[13] Респонденттер-студенттер Ш. Дүйшеевдин ар башка чыгармаларын аташкан, көп аталгандар мына ушулар болгон.

[14] Респонденттер-студенттер Ж. Бөкөнбаевдин ар башка чыгармаларын аташкан, көп аталгандар мына ушулар болгон.

[15] Респонденттер-студенттер О. Султановдун ар башка чыгармаларын аташкан, көп аталгандар мына ушулар болгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.