АҢГЕМЕ

Май айынын болуп турган убагы эле, чаңкай түш, өзүм жалгыз Ак-Суу тараптан келе жаткам.

Айлана адыр-күдүр тоо, миң түркүн гүлдүү көйкөлгөн ыраң, көк жашыл, чычкан мурду өткүс жыш бадал. Ар жерде келберсип жаңгак, акчечек, кайың дүпүйөт, те алыста кылда учу жомоктогу алптын найзасындай короюп карагай, арча көзгө түшөт. Мөмө жыгач токойдун теңи.

Жол ийри-буйру болуп, бирде эңкейиш, бирде өр. Минген атым ыкшоолоно илкийт, арткы буттарын сүйрөй шилтесе бир калыпта күрт-күрт этип, мага эрмек, анда-санда шыйпанат, башын чулгуп, бөгөнөктөп ылаалайт, бышкырынат. Мойну тердеп кетти, соорусун карасам, эти калдач болсо да,  куюшкан алды ак көбүктөнүп чыккан экен.

Булбул үндөшөт, мукамын тыңшайм. Канаттары башайы калдыркан көпөлөктөр делдектеп, асел аарылар алтыгананын гүлүнө жабылып жүрүшөт, тынымсыз ыңылдашат, кай бири абага көтөрүлөт да, кандайдыр өтө шашылыш иши бардай сызып кетет.

Мен да эриккенимден мурдумдан кыңылдап ырдап коём, үңүлүп аттын жалын тиктейм, ойго батам, өткөн-кеткендерди эсиме түшүрөм, көз алдыма келтирем. Осол окуялар кылт этсе, мен атты камчыланып, теминип алам, “э, атаңдын көрү, бала эле бойдон экем го ошондо!..” деп өкүнүч кыялга чарпылам.

Жүрүп отуруп, Бурчукенин күн тийбес сайына кирдим. Шаркырап аккан тунук суусу, суу бойлоп кучагын асманга жайган талдар, кара жыгачтар, жаңгактар, кайыңдар, атүгүл тыттары бар. Жүзүмдөрүнүн чылбырлары ажырыктан бетер быты-чыты болуп, жыгачтардын башына жабылып кеткен. Түбүндөгү өсүп турган чөптөрүнө эсеп жетер эмес. Бирок жалбыз жыты менен өзгөчө. Бүлдүркөндөрү, “мага тийбеси” аралаш өсүп күдүрөйөт.

Жүзүмү башына чулганып кеткен чоң тыттын түбүнө түшүп, сууга чөмүлүп, жакшылап сергийин деп ниет кылдым. Бирок ошо замат сол тараптан иттин үргөнү угулуп калды. Бастыра берип карасам, бир боз үй көрүндү, жанында марттан ийип жасалган кара алачык үпөйөт. Жака-белинде эрбелеңдешип, бир топ улак жүргөнсүйт. Добулгунун башында кир жайылып да турат. Алачык менен үйдүн ортосунда сереси бар экен, үстүнө кыша таштап курут жайып коюптур.

Туштап барган кезимде, мени көрө коюп, “о, кокуй, тигини кантип өткөрөм мен!” дегенсип, коңк үрүп жиберип, бир бапсыйган кара барак ит качырып сала бергени. Түрүн көрсөң, жөн эле, жеткен эле жеринде мени ат-матым менен алып ыргытчудай. Мен күлдүм да, үйдү көздөй тизгин ийдим, чалап-палап ичип, бирпас эс алып аттанмакчы болуп. Кыргыз эмеспи, келген-кеткендин эрээн-төрөөнү жок да. Оозун араандай ачып, тиштерин арсайтып, анда-санда күр-күр эте, өкүрөңдөп келе жаткан байбарак, эмнегедир ойт берип, арт жагыма өтүп, атымдын куйругунан туткактады. Кантер экен деп тизгинди сүйөй тартасам, ыкшоо торум, жок дегенде, кулагын чунайтып да койбоду. Мындай учурда чарс кыял жылкы болсо, баракты торойто тээп салмак. А менин торум дырылдатып гана сүйрөп келе берди. Жети атасынын өчүн алып жаткансып, барагың түшкүр бурдактап куйруктун кылын чайнайт, силкет-булкат. Мен артыма чалкалай берип, камчы шилтесем жетпеди.

Үй тараптан бир аялдын сөлөкөтү көрүнө калды, “бу ким болду экен?…” дегенсип, селдейип бирпас тиктеп турду, анан мен жакындай бергенимде, кимдир бирөөсүнө кабар айтмаккабы, кайра кирип кетти.

Мен жөтөлгөн болуп, шоокум берип камчылана-темине чыйрагыраак чү деп, көң дөбөсүнө барып калдым. Ит ого бетер күрсүлдөп, алдыма чыга калып, аттын тумшуган алчудай  кош аяктай берип туталанды.

– О, кет!– Үйдүн ичинен кандайдыр бир киркиреген үн чыкты, бирпас күймөнө түшүп, тотугуп эле калган бир кара катын босогодон көрүндү.

– Арбаңыз!– дедим мен.

– Бар бол!.. Кайсы баласың?

– Мен эле…– дедим күңк-мыңк эте, бирок андан көзүмдү албадым. Бери чыкты:

– О, кет! О, салпайган арам? – деп итине какыс-кукус кылып кубалап жиберди, анан чүңүрөйгөн тик көзү менен мени тикие тиктеди. – Кайсы баласың?..

Мен тааный койдум. Биздин айылда Мамырбай деген киши бар болучу. Ошонун зайыбы экен.

– Сейде эне, мени тааныбай турасызбы? – дедим күлгөн болуп. – Мен Тилеген эмесминби!

Тиги оңдоп-солдоп карап алды, ошондо анын бырыштуу тотуккан бетине, чүңүр көзүнө кандайдыр бир жумшаргандыктын жышанасы жөргөлөп кетти:

– О, кокуй, карылык!..– деп кейип койду да, чап эле атты жылоолоду. – Сен белең, балам?.. Түш эми!..

Мен аттан түшүп, Сейде энем менен кол алышып амандашып турсам, үйдөн тарашадай арык кемпир чыга келди. Ал маймылдын көзүндөй тикирейген көзү менен жүлжүйө тиктеп, мен айткан саламга оозун кичине эле кыбыраткан болуп баш ийкеди. Жашы жетимиштен кеткен өңдөнөт, бирок али демдүүдөй. Басса ийилип койбойт, белине улактын талпагын тартып алыптыр. Бул кемпир – Сейде энемдин апасы.

Аңгыча болбоду, ойноп жүргөн жеринен, үйдүн нары жагынан он бирлер чамасындагы бир кара бала дикилдеп жетип келди:

– И-и!..– деди ал мени көрөр замат эдирейип, анан кулачын жайган бойдон, ээ-жаасыз мойнума асылды.– И- й..Тилеке-ем!..

Мен аны колтугунан так көтөрүп коюп, бетинен өптүм, эркелеттим:

– Сатыш!..Чоң жигит болуп жүрөсүңбү? – деп, пешенесинен сыладым.

– Карачы, боор да! – Тарашадай арык кемпир башын чайкап шыпшынды. – Атасы тирилип келгенсип, сүйүнүп кетпедиби!

Сейде энем баласынын минтишин көрүп, эмне үчүндүр томсоро тиктеди, чүңүр көзүнөн жаш кылгыргансып кетти. Эски бостекти сүйрөп келип, мукул тыттын көлөкөсүндөгү таардын үстүнө жая салды.

– Отур, кагылайын,– деди мага ызат көрсөтө. Байкасам алачыктын да, үйдүн да ичи бош эмес, бир короо улак тынымсыз кепшеп жаткансып шабыр-шубур күч. Көрсө жибек курт экен. Тыттын баригине кана тойгон куртта барсайып барсайып калыптыр, кээси кашекке карабай асман тиктеп, башын оңду-солду бурайт, ороор мезгили жеткен окшойт. Кандайдыр бир коңурсук жыт келип турду.

Сатыкул бир тиземди чыканагы менен баса отурду да, алагар көздөрүн алаң-булаң эткизип, мени улам-улам тиктеп коюп, аны-муну сурап бежирей берди:

– Тилеген аке, кайдан келе жатасыз?

– Кара-Көңдөйдөн. Анда мен мугалим болуп жүрөм го.

– И-и…– деди Сатыкул тирмее калып. – Эми кайда барасыз?

– Өзүбүздүн айылга, Сатыш. Ак-Жолго барам да. Нары район жакта да ишим бар.

Сатыкул жерден бир тал чөптү тырс үзүп алып, аны кош колдоп кармап, улам учун керте тиштеп, жер тиктеп мисирейди. Ойго чөмүлгөнсүдү. Ошол учурда Сейде энем чукур кара кесеге толтуруп айран куюп келди. Бышыкчылыктын алды деп, жайпак кырма аякка аз бөксө тытты алдыма койду. Кызыл-тазыл болуп, чиеси да бар экен. Мен муздак айрандан кере-кере жуттум да, Сатыкулга сундум:

– Ке, Сатыш, айран ич!

Ал айранды караган жок. Ийнин жамаачы баскан, күнгө көп кийилгендиктен оңуп кеткен, эски көйнөгүнүн тыттын ширеси жуккан этегин кармалап:

– Мен да барам!..–  деп күбүрөдү.

– Кайда барасың, сен? – Таенеси аны чекирее тиктеди. – Кишинин кебин укпай, эмне деп дөөдүрөп отуру бу!..

– Ак-Жолго…– деди Сатыкул. Кексе кары баланын оюн баамдай койду:

– О, кой! – деди ал катуулап. – Жолоочуну ээрчип жолбун өлөт болбо! Сен кетип калсаң, биерде апаңын күнү не болмокчу… Андан көрө, бырылдабай акең сунган айранды ичип ал!

Сатыкул мойнун бир ийнине коё шылкыйтып, мурдун чүйрүп, таңдайын “шык” эткизип апасын тиктеди:

– Ичпейм…

– Акең ич деп жатса… ич, уулум, иче кой!

Сатыкул ачырканса да, алда неге шерденип кетип, айранды тартып жиберди.

– Ххо-о…болдучу…

Бошогон кесенин жээгин бир имере сөөмөйү менен сыдырып, түбүн ууртады да, Сейде эне:

– Апаң эсен жүрөбү?– деп сурап койду менден. – Гм…тыттан жеп отурсаң…

– Апам Ак-Жолдо. Шүгүрчүлүк. Үч айдан бери өзүм да көрө элекмин.

– Э, баса, тиги Кара-Көңдөй жактан дебедиңби!..

Бели бошотулуп, куюшканы чыгарылып, ыкшоо торум анда-санда шыйпанганы болбосо үргүлөп чоң жаңгактын көлөкөсүндө турду. Биз жөн-жай сурашып көпкө отурдук. Сейде энем Ак-Жол айлынан көчүп баса бергенине үч жылча чамасы болгон. Бир себеби, Мамырбай өлгөндөн кийин ушу Ак-Суудагы бир тууганы Төкөналыга каралап келген болчу. Азыр тыты көп жерде жибек курт багып, ушинтип отурушкан экен.

Мен аттанмакчы болдум. Сатыкул этегиме жармашып кошо басты:

– Мен да кетем!..

– О, кайда кетесиң сен! – деп чаңырды арык таенеси. – Үйүң мында турса… Барып журтуңдагы таш тулганы сактамаксыңбы?

– Кой, медерим!..– деди апасы да.

Мен пешенесинен сылап аны-мунуга алаксыттым:

– Сатыш, өзүң азамат эле жигит болуп калыпсың. Ак-Жолго кийинчерээк өзүң барасың! Апаң кой деп жатпайбы, тил албасаң кейийт ко!– дедим. Бирок Сатыкулдун көнөр түрү көрүнбөйт, бышылдап ыйлап кирди:

– Барам эле-е-е… И-и…

– О, кой, кой дегенди кулагыңа ил! – Таенеси аны опузалап, кыйкыра сүйлөп колунан кармады. – О, эси жок!..

Мен атымды чечтим. Сатыкул чабышып алды. Апасы негедир унчукпай карап тура берди.

Таенеси эле тыртаңдайт, кейип-кепчип баланы нары тартат, Сатыкул болбостон дулдуңдап, бош колунун муштуму менен жашын сүртүп-сүртүп, балбалактап мен жакка тырмышат. Эмне кыларымды билбей эки ортодо калдым. “Кой илешпе, сени мен алып кетпейм!” деп, алеп-желеп болуп турган баланы каксамбы, же “жээн эл болбойт, желке тон болбойт, сиз буга тырмышпаңыз!” деп карыны силкип, шагын сындырсамбы?.. Мен бир жагына тарта албадым!.. Ошентип бырылдап жатып, Сатыкул таенесинин таржайган колун тиштеп алды.

– Какый-ий… балакет баскыр!..– Кемпир колун силкип жиберип, баланы чокуга укуп калды. – Тишиң өсө чыкпадыбы!

Апасы келип этектен сермей берерде Сатыкул ойт берди да, өңгүрөп ыйлаган бойдон дикилдеп жүгүрүп, тупатуура мен кете турган жакка беттеди:

– Мен кетем… кете-ем!.. Нарыраак узап алып, “эми баспайсыңбы” дегенсип, мени жал-жал карап токтоду, – Ү-ү-ү-ү… У-у-у!..

– О, бери бас! А тилазар-а!..– Таенеси ооруксуна түшкөн колун улам тикие карап коюп, шыпшынып кейип, күңкүлдөп Сатыкулду ээрчий басты. – Болбойт окшойт, бу кудай безери… Жылаңайлак, жылаң баш…

Сейде энем да ээрчий басты:

– Бери бас, медерим, бери бас! – деп үн салды ал. – Экөөбүз эртең барабыз!..

Шарт аттанып жөнөй беришке кантип чыдайм. Же баланы калтырыш керек эле, же апасынан ыраазычылык алып кетиш керек эле… Унчукпай жөнөсөм бала сөзсүз алдыма түшүп жүгүргөнү турбайбы. “Алаткактай болуп болуп кайдан жетип келе калды эле, бу жер жуткур!” дешери аштан бышык. Баланы эптеп апасына кармап берип, бир милдеттен кутулмакчы болдум:

– Сатыш, бери кел, садага! Атка учкаш, кел! – деп алдадым. Бирок Сатыкул көшөрүп, кайта нары басты. Айлабыз түгөндү.

– Үч жылдан бери бир кайрылып көрө элек…– деп күбүрөдү кемпир. – Байкуш бала, Ак-Жол десе, ак эткенден так этет!.. Ак-Жолдуктардан бирөө жарымды көрүп калса, элбиреп делбиреп кетет. Атасы тирилип келгендей эле болот…

– Олдо садагаң болоюн, балам-ай!..– Сейде эне балбабактап жиберди. – Ата конушун, агайин-тууганын эңсеп… Мейлиң эми, барсаң бар. Кел, кийимиңди кий!..

– Ыя-а… Алдап кармап алсаң э!..

– Алдабайм, садага болоюн, алдабайм. Барсаң барып келерсиң, акеңин атына учкаш!..

– Жөө эле кетем!..– деди Сатыкул кежирленип. – Кемсалымы берип жибер!

– Чын эле жибересизби?– деп сурадым мен.– Деги ошенткениңиз жакшы эле. Сагынычын басып келсин да.

– Кантем анан?.. Тигинтип отуру…

Мен Сатыкулга колумду булгаладым:

– Сатыш, кел эми! Эртерээк кийин, кетебиз!

Бирок Сатыкул таптакыр кашайып койду, келмек түгүл кайта нары басты:

– Бар-ба-айм!..

Айласы куруган Сейде эне анын кемсалын, калпагын, көптөн бери кийилбегендиктен курчуюп калган чылгый тамандуу чокоюн мага колтуктатты. Өзү да бир сөзүн экинчи сөзүнө улап, шаша сүйлөгөн неме эле, быдыр быды ыйлактап, жалбара тиктеп, бул жарыктык дүйнөдөн тапкан ырысын мага дайындады:

– Садагаң болоюн, – деди мага, –  жеткирип кой… Ага-тууганы менен жытташып, айлын көрүп, сагынычын басып келсин… Садагаң болоюн, жакындардын бирине өзүң сынарлап айта көр… баланын курсагы ачып калбасын, ысык өтүп кетпесин!.. Анан… Садагаң болоюн, Тилеген, өзүң быякка өтөрүңдө учкаштыра келип таштай көр!.. Саты-ыш… медерим, ошент, акең менен кайра кел!.. Саты-ыш!..

*     *     *

Ыкшоо тору кичине тыныга калганга бир кыйла дыңая түшүптүр, түрсө-түрс желе жортуп, ыкчам келе жатты. Анда-санда камчыны сертең эткизип койгонум болбосо, мен деле анын оюна койбодум. Аткулактан жулуп белчирге төшөп, көрпөчөмдүн бир учун анын үстүнө салып берип, Сатыкулду учкаштырып алгам. Ал текматымды кош колдоп, бекем кармап келет. Унчукпайт. Ана, Кара-Суунун солкулдак көпүрөсүнө да жеттик. “Үргүлөп келе жатабы бу…” деп ойлодум, эгер андай болгондо, кокустан атым жалт берип үркүп кетсе, же мүдүрүлсө бала бөрт этип учуп түшүп калышы мүмкүн да. Мен бурулуп карап:

– Сатыш, уктаган жоксуңбу?– деп сурадым.

– Жок…– деди ал, чын эле үргүлөбөптүр, бакырайып мени тиктеп калды. – Уктаган жокмун, Тилеген аке!..

Сулууча келген кара тору иреңи, сурмалуу алагар көзү, ак пейли менен бакырайып тиктеши, баштатан таанышка эрксизден атасын эстетет. Бар болгон өзгөчөлүгү – апасына окшоп бети жайыгыраак. Мамырбай аке ушундай көзү сурмалуу, чукчуйган кара киши болучу. Тели-теңтушу “Мамырбай Кара” дешсе, жеңелери “Шиш кара” деп тергешкен экен. Жоболоңдуу жеңелердин жолоюна түшүп, келиндери “Шиш кара акем” дешээр эле.

Калтылдак көпүрөдөн өткөн соң оңго бурулдук да, улам өр тарта жээктеп жүрүп кеттик. Кара-Суу буркан шаркан күрүлдөп жатат. Туш-тарабы жыпыс токой, боз чаптуу кемерлерди шарп-шурп уруп улам төмөндөсө аскалардын жаңырыгына кошул-ташыл болот. Салкын, себеп дегенде, жолмо-жол көлөкө, суунун шапатасы бар.

Булуңдун-Сыртына чыгып, кичинекей сапарлашым экөөбүз аттан түштүк. Күн бешимге ооп, ала көлөкө самсаалап калган. Желкилдеген кызыл отко, кичине чалып-чалып алсын деп, ооздугун чыгарып, белин бошотуп туруп, атты коё бердик. Кокус качып кетеби деп, чылбырдын бир учун Сатыкул кармап алды.

Булуңдун-Сырты тоо деп атанбаганы менен бийик бел. Анда-санда гана дүпкүр-дүпкүр бадалдуу. Башка жерлерге караганда бети ачык жер. Үч-Курат, Мал-Калды, Ак-Жол  өрөөндөрү бүт бойдон алакандагыдай дапдаана көрүнүп турат.

– Ой-и-ий… Ак-Жол… Карачы, Тилеген аке, Ак-Жол !..– Сатыкул жадырап-жайнап, мен бул жерди биринчи жолу көрүп отургансып, колу менен жаңсап коюп, бажырай берди. –Тигине, и-и-ий… биздин там!.. Миңбай абамын тамы… Нуркулдардын тамы… Ой-и-ий… дагы эле турган турбайбы!.. Тилеген аке, бизчи… Нуркул экөөбүз, тигиногу жерде ойноп жүрчү элек, дүмбүл бышырып жечү элек!..

– Нуркул, азыр да бардыр, –  деп койдум мен. – Бирок жүгөрү чабыкка эми кирди да. Дүмбүл жок.

–  Биле-ем, – деди Сатыкул. – Биз, Нуркул экөөбүз жазында кайырмак салчу элек да!.. Ой-и-ий… ошондочу, Тилеген аке, чо-оң балык илинткенбиз. Анан, түштө сууга, өзүбүз балык болуп ойногондочу… Ой-и-ий, анда тим эле, сонун болчу да!..

Иреттүү бак-дарак, жээгине ак тал менен мырза терек кырка толгон, желкилдеген көк камыштуу арыктар, кертилип-кертилип тилкеленген огороддор, өйдө-ылдый кеткен ийри-буйру жолдор, камыш чатырлуу тепирейген-тепирейген ак тамдар, жүрөгүндө сагынычы бар баланын көзүнө өз энесинин көзүндөй жылуу, сыйлуу көрүнүп кетти.

Сатыкулдун жүзү ушунчалык жадырады, бир болсо өткүндөн кийин ак булуттун артынан нур төгө албырып көрүнгөн жай күнү гана теңдеш болор. Алагар көзү бажырайып, кирпиги кылгырып шаттык төктү. Ал мойнун созо улам обдула берип, Ак-Жол  үстүнө кыдырата көз жүгүртүп эргиди, тагдырдын жоомарт колу ага азыр канат бүтүрө койсо туулган жеринин үстүн жүз мерте, миң мерте чарк айланып чыккыдай, ошондо да жарпы жазылбачудай, сагынычы бачылбачудай!..

Муну байкап отуруп, менин оюм онтала болду…

– Э, Сатыш, айылды сагындыңбы? – деп сурадым. Бала дагы эле Ак-Жол  тараптан көзүн албай акырын гана башын ийкегиледи:

–  Ий-йи…

– Э, Сатыш, оокат-тиричилик түзүк элеби үйдө?..

– Ий-йи… түзүк эле… Анан, апамы Ак-Жолубузга кетели десем, болбойт… Күзүндө дейт… жүрө берет… А мен ыйлачу элем… Ошондочу… Тилеген аке… ошондо минтип ырдагам. Ырдап берейинби?..

– Кана, ырдачы, Сатыш!..

– Адырга чыккан жекенмин,
Аргымак минер бекенмин.
Аргымак оозун чойдуруп,
О-ой, айлыма качан кетемин.

Капталга чыккан жекенмин,
Караны минер бекенмин.
Каранын оозун чойдуруп,
О-ой, калкыма качан кетемин…

Эт-жүрөгүм элжиреп кетти. Баланы так көтөрүп ала коюп, пешенесинен өөп-өөп жибердим! Болгону, куулук, шумдук кылуудан али кабары жок наристе, тели-теңтушун, агайын тууганын делбиреп эңсейт, киндик каны тамган, биринчи жолу таманын койгон ата журтун учуп-күйүп самайт!

Мындай ымыркайдан баралына жетсе, бармак басым бир айыл эмес, мүлдө кыргызга пайдасы тийген, керегине жараган бир азамат чыгып жүрбөсүн?! Эң куру дегенде, көр оокаттын артынан түшүп жер кезбей, тамыр сайган мөмөлүү дарактай өз жеринде көгөрүп, өз жеринде мөмөлөп, элинин санагын көбөйткөн кутман болору анык!

Бир аздан кийин ыкшоо торубузду күртө-күртө желдирип, шаңынан эне мээрими төгүлгөн, адамы гана чөп-чары, суусунун жээгиндеги кол башындай таштары да көңүлгө сыйлуу, камыш бүлк-бүлк ыргаган шапатасы дартыбызга дабаа өңдөнгөн, түтүнү куйкум, ырыскы жыттуу – өз туулган жерибиз Ак-Жолубузга кирип бардык.

1958

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.