Балдар мага жакын жана ыңгайлуу отуруп, көңүл коё тыңшагыла. Мен силерге азыр төрт эже-сиңдилүү жыл мезгилдери жөнүндө кызыктуу жомокту, алардын кантип бизге кезектешип келип калганы тууралуу болумушту айтып берем. Баардыгыбыз эле каардуу кыштын артынан назик мүнөз жаз, анын артынан жайдары жай, анан акырында дайыма кабагы карыш түшүп жүрсө да берешен мүнөз күз келерин билебиз.

Эмне үчүн алар дайыма ушинтип ээрчишип жүрүшөт? Кантип ар кандай мүнөздүү алар мындай тартипке келишти экен?

Алгачкы кездерде алар ынтымактуу, тартиптүү болгон эмес дешет. Алардын ар бири биринчи болууга жанталашып, жол талаша беришчү экен. Мындан улам адамдар менен жаныбарлар аябай жабыркашчу экен. Мисалы, бүгүн жаз келип бактардын баарына гүл ачтырса, эртең эле кыш келип, алардын баарын үшүгүнө алдырчу дейт. Же жайдан мурда күз келгенде эгиндер бышканга үлгүрбөй, дыйкандардын эмгектери текке кетчү. Болбосо айланада калың карлуу кыш жатканда жай капысынан келе калып, карлар шарактап ээрип, жер үстүн сел каптачу экен.

Акыры адамдар төрт мезгилдин мындай ээнбаштыгы менен тартипсиздигинен тажап, тажамак тургай абдан жабыркашып, алар менен бир мунасага келип, сүйлөшүү жүргүзүп, келишим түзмөк болушту. Бул оңой иш болбогондуктан аларга абдан акылдуу, чечкиндүү адамды жибериш керек болчу. Акыры көптүн ичинен тандап атышып аксакалдар жаш, бирок акылдуу, билимдүү бир жигитке токтоп, аны төрт мезгил менен келишим түзүп келүүгө жиберишти. Тилекке каршы, ал эл керегине жараган эр жигиттин аты арадан сансыз мезгилдер өткөндөн кийин унутулуп калыптыр.

Ошентип ал жаш жигитке төрт мезгил менен сүйлөшүп, адамзатты жаратылыш кырсыгынан сактап калуу тапшырмасы жүктөлүп, төрт мезгилдин жашаган турагын издеп жолго чыкты. Ал көп жол басты, ашууларды ашты, токойлорду аралап, деңиздерде сүзүп, сормо саздардан өттү. Бул татаал жолдордо абдан чарчаса да токтобой жол улап, элүү жуп таш таман өтүк жыртты, бирок акыры жүрүп жылдын төрт мезгили жашаган туракты таап барды. Ал кезде бул жыл мезгилдери аябай жапайы жана байланбас тайдай азоо болучу. Атургай чакырганда келчү аттары да жок эле.

Бирок балдар, бизде – адамдарда башка жаныбарлардан артыкча келген бир улуу касиет бар. Ал – биздин сүйлөй алганыбыз. Кызыл тилибиз менен кооз сөздөрдү айтып, жыланды да ийинден чыгарып, карышкыр менен койду достоштура алабыз. Бир эле туура айтылган жакшы кебибиз бул дүйнөнү алааматтан сактайт.

Биздин төрт мезгилди издеп тапкан каарманыбыз абдан жаш болсо да, муну жакшы түшүнгөндүктөн, өзүнө биринчи эле жолуккан жыл мезгилинин эң улуусу жана каардуусу болгон Кышка (ал кезде бул мезгил мындай атала элек болучу) жакшы мактоолор менен жылуу сөздөрдү айтып, такыр эле өзүн уккусу келбей карын каптатып, ызгаарын жүргүзгөн анын көңүлүн мындайча жибитти:

– Уксаң, — деп сөзүн улантты биздин каарман. — Сен төрт мезгилдин эң улуусу, сулуусу жана урматтуусусуң. Катарга биринчи тургун дагы, жылды баштап бер, анан үч ай бою кар жаадырасыңбы, муз тоңдурасыңбы, бороон улутасыңбы – өзүң билгин. Ал мөөнөтүңдү толук өтөгөндөн кийин артыңдан келген сиңдилериң кезмет алганда алардын ишине аралашып, тоскоолдук жаратпай, айланып өз учуруң келгиче эс алып жат. Биз адамдар өз учурунда келип кыйынчылыктарыңды канча көрсөтсөң да, сага таарынбайбыз. Ал тургай сенин мүнөзүңө жараша Кыш деген жакшы ысымды өзүңө ыйгарып, музуңду тээп, карыңды чачышып ойноп, сага урмат көргөзөбүз…

Кышка бул жылуу сөздөр өзү муздактыкты жакшы көрсө да, абыдан жакты. Жаш жигиттин айтканына макул болуп карын кычырата, ызгаарын ызылдата, бороонун улута басып, Жыл башына барып турду. Ошондон бери ал өзүнүн биринчи турган ордуна сыймыктанып, башкалардын кийинки келген мөөнөтүн жактыра бербейт. Андыктан алардан орун талашпайт дагы.

Ал эми экинчи болуп жаш жигитке төрт эже-сиңдинин бири жолукту. Ал шайыр мүнөз, жаш, күлкүсү булактын шылдырындай, маңдайы күндөй жаркын, чачтары мажүрүм талдыкындай тармал жана жерге жете узун мезгил экен. Ал биздин каарман менен жарык маанайда учурашып, Кышка жолукканда – денеси чыйрыга түштү. Кыштын болсо денеси жибип, көңүлү көтөрүлүп, жылуу мээримге бөлөндү. Бирок болочок Жаз биздин жигитти уккусу келбей: кыткылыктай күлүп, талаа менен чуркап, бактан бакка секиргенде анын жылуу илебинен айлана жашарды, жашылданды, гүлдөдү.

– Сен баардыгынан жагымдуусуң, сулуусуң, мээримдүүсүң, сенден дайыма жылуулук илеби келип, айлана жаркырап турат. Өзүңдүн жаштыгыңа жараша каардуу Кыш эжеңден кийин туруп, анын ызгаарына кайыккан жандарды жайдары мээримиң менен тосуп жүр, мындан кийин сенин атың Жаз деген жакшынакай ат болсун, — деп жигит жалооруй сүйлөп, жагымдуу сөздөрдү айтканда, ак көңүл кыз ого бетер жадырай күлүп, Жылдын экинчи катарындагы орунду ээлеп, тартипке баш ийди.

Мындан соң биздин жаш каарман колуна куштар конгон, жолуна жамгыр жаап, үстүнө ысык нур төгүлгөн, изинен гүлдөр ачылып, көпөлөктөр учкан, алдынан алакандай ачылган жалбырактар кол булгалап, бутуна чөптөр оролгон жыл мезгилдин ичинен бир туруп шайыр, бир туруп абдан токтоо мүнөз, шашылбай жай жүргөн ажайып кызга жолукту. Эки кызга эптеп жетип, аларды араң көндүрүп, чарчаган биздин каарман аны шак эле билектен алып, жайдары сүйлөп жайын айтты:

– Сен эже-сиңдилериңдин ичинен сулуулугуңа жараша абдан токтоосуң, сага жолуккан жандын көңүлү көкөлөп, көзү сүйүнөт, жайдарылыгыңдан жандуулар жай таап, буту-колун керип эс алат, жылуу сууңа чабак уруп, ысык кумуңа оонап, жашоо ыракатын көрүшөт. Анткени сен эч кимди үшүтпөйсүң, шаштырбайсың, өзүң да жай жүрүп, жандууларды жай-жайына жайгарасың. Эми кайсы бир жайлуулугуңду айтайын, андан көрө сага Жай деген ысым берип, бир тууган эже-сиңдилериңдин үчүнчү катарына туруп берүүңдү өтүнөйүн, — дегенде мындай жакшы, жагымдуу сөздү эч кимден укпаган, өзүнө Жай деп коюлган жайдары ысым да абыдан жакканына жадырай күлүп, жайбаракат барып өзүнө ыйгарылган орунду ээлеп, экинчи ал жерден жылбай, башка эже-сиңдилери жыл ичиндеги өз мөөнөттөрүн өткөрүп жаткан алардын ишине кийлигишпөөгө сөз берди.

Ал эми биздин башаламан жүргөн мезгилдерди катарга тизген каарманыбызга эң акыркы болуп, жашы улгайган, колунда берекеси мол, иштерманга мээримдүү, жалкоого каары катуу, бирок абдан токтоо жана бал тилге салса чексиз тил алчаак, сары, кызыл, жашыл өңдөрү бак ичинде бажырайган, көңүл тынчтыгына жакшынакай айкалышкан адеми келбети бар мезгилге жолукту.

– Сени биз мындан кийин Күз деп атайбыз, баарыбызга пейили түз деп айтабыз. Сени биз шашма Жаздан, токтоо Жайдан чарчаганда, түшүмдүн берекеси артып, түмөн-түйшүктүн акыбети кайтканда, алдыдагы катаал Кышка даярдык көрүү башталганда кубанычыбыз коюнубузга батпай, баардык урмат-сыйыбызды көргөзүп тосуп алабыз.

Күз баардык эже-сиңдилеринин ичинен эң түз жүргөн, тартипти сүйгөн тил алчаак аял эле, андыктан ал акыркы болгонуна арданбастан, Жыл санагынын төртүнчүсү болууга дароо макул болуп, ашыкча сөз айтпай, жылды жыйынтыктап, тартипти катуу сактап, ушул убакка чейин ордунан бир карыш чыкпай, өз милдетин так аткарып калыптыр.

Ошондон бери жылды Кыш баштап, Жаз – артынан ээрчип, Жай мезгилди алга сүрөп, Күз айлантып барып кайра Кышка өткөрүп берип, жылга айлантып, мезгил арабасынын дөңгөлөгүн бир калыпта тегеретип келатышат. Ошого жараша адамдар дагы мезгилге жараша жашап, тирлик жүргүзө беришет экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.