Турмушта эмнелер гана болбойт… Досторум — төкмө акындар: Жеңишбек Токтобеков, Жылдызбек Алыбаев, ырчы Токтобек Асаналиев жана баарыбыздын тамашабызга чыдап, пилдей көтөргөн Калык Асанов. Биздин башыбызды кошкон атактуу төкмө акын — Жеңишбек Жумакадыр.

Бир жолу Жеңишбектен башкабыз, тобубуз менен Кеминге кудага барып калдык. Таң атканча ырдап-чордоп, эртеси түштө кайттык. Мен Аламүдүн базарынан Бакай-Атага кайрылып, Жылдызбек менен Токо таксиге отуруп Токонун үйүнө кетишти. Ошо тапта Жеңиш мага чалып: “Келдиңерби, тигилер кайда?” — деп калды эле, — “Жаңы эле такси менен кетишти” деп жооп бердим. Жекем тигилердин таксисинен эрте барып, Токонун үйүнүн алдынан күтүп отуруп калат.

Таң атканча ырдап, тойлоп жүрүшүп, булбулдун үнүн сүйбөй акактап баштары ооруп араң келатышкан берки экөө үй алдындагы Жеңиштин авто-унаасын көрүп, “тык” токтошот. “Ту-уй ата, Жеңиш келиптир”, — деген Жыкең көрүнбөй туралы деп, кабат үйдү айланып барып бактын көлөкөсүнө отуруп калышат. Себеби, ичкен кишини жининдей көргөн Жеңиштин көзүнө мындай абалда кабылыш тозоктун отуна какталгандай эле кеп болчу.

Экөөнүн кебетесин көргөн биринчи кабаттагы орус чал улам-улам терезени карай берет. Бир убакта кечке тиктеп туруп алат. Чалдан уялышып, ээрчишип ары айланышат. Башынан күндүн ысыгы, ичинен болсо ичимдиктин градусу акактатып, айлалары кетет. Жеңиш болсо көшөрүп кетпей күтүп отура берет. Бир кезде экөө маңдай-тескей туруп алып бири-бирине “күзгү” болушат да, түздөнүп алышып, Жекеме жөнөшөт.

Демдерин чыгарбай кучакташып үйүнө киришет…

Тагдыр ушундай жазган экен, Токо менен Кенже (келинчеги) ажырашып, Жыкем дагы ажырашып, “эки бойдок” Ахунбаев-Душанбинск көчөсүндө квартирага чыгып жашап калышты. Чыгармачылык менен иштейбиз деп катуу киришишти. Мен болсо аларга тамак ташыйм, ижара акысын төлөйм. Токо болсо тамак жасайт, үйдү жыйнайт. Жыкем болсо ыр жазат.

Бир күнү мен да чыгармачылык менен иштебесем болбой калды деп, Жеңишбек да биздин үстүбүзгө көчүп келди. Кудай бетин салбасын, эки төкмө өзүнчө машыгат. Токо болсо микрофон жутуп алгансып заңкылдайт. Бир күнү Кызыл-Аскер тарапка барып келели десек, Жеңиш “мен дагы барам” деди. Үчөөбүз болбой көшөрүп таштап кеттик.

Кайра келсек, Жеңиш жок. Оокаттарын алып көчүп кетиптир. Үйдүн ичи уй жалагандай таптаза. Жеңиштин оокаттары эле үйдүн көркүн ачып турчу экен.

Үчөөбүз үч бурчка шалдырап отуруп калдык. “Жүргүлө, артынан барып алып келебиз”, — деди Токо.

Заматта жетип бардык.

Жаңы эле үйүнө кирип жайланышып жаткан жеринен үчөөлөп дабырап, аке-жаке, Жекелеп атып кайра көчүрүп келдик.

Ошондон көп узабай Жекем концерт берип калды. Ал концертте Токо ырдаган соң оромолчон татына кыз гүл сунду. Ошол гүл менен кошо сүйүү сунуптур. Мына сага, ошол күндөн Токонун сүйүүсү жанды. Өрттөндү, жалындап сүйдү. “Саадатым” деп ыр жаратты.

Кызыл “Ауди” эшиктин алдына келип токтойт. Аппак көйнөк кийинген оромолчон ак куудай сулуу, тал чыбыктай ийилген кыз чыгат. Токо чыгат. Биз балкондон чыгабыз. Экөөнү суктанып карап кала беребиз. Ошентип, Жекемдин балдызына Токо үйлөнүп калды.

Ат-Башынын Каманды деген жайлоосундагы Нааматбек атамдыкына алып бардык. Жамгыр жаап жол тайгак, жөө-жалаңдап кыр ашып эптеп жеттик. Жеңиш никесин кыйды. Биз күбө болуп отурдук. Иңир киргенде Жеңиш кетебиз деп чыкты. Биз жатабыз дедик. “Мени менен ким чыныгы дос болсо, менин жаныма отурат. Тамак ичкенден кийин мени менен кетет”, — десе, Калык дасторконду айланып аттап-буттап барып жанына отуруп калды.

Эми тамак ичели, анан көрөлү деп отуруп караңгы кирип кетти. Эшикке чыгып “кетебиз-кетпейбиз” дегиче боз үйгө төшөк салып коюшуптур. Кирип эле Жыке экөөбүз уктамыш болуп жатып калдык. Калык менен Жеңиш кирди. Бизди уктап калышкан тура деп алар да жатып калышты…

Ошол күндөн тарта Токо менен Саадат, Кудайга шүгүр, очор-бачар, эриш-аркак болуп турмуштун арабасын бирге тартып келатышат. Жыкем да өз бактысын көпкө издеди. Урунуп-беринип жүрүп, акыры өзүнүн айылынан, айылдык кара кызды алды. Ал да бактылуу турмушта жашап жатат. Жеңиш экөөбүз морской жана супер саяктардын торунда. Калык болсо биздин арабызда наристенин көз жашындай туптунук бойдон төрүбүздүн көркү.

Бир жолу орозонун учурунда Токонун үйүндө Жеңиш “таравих намаз” окуйбуз дейт. Үчөөнү тизип алып, Жекем имам болуп, намаз окуп башташат. Артындагы үчөө салмагына жараша саждага барып, кайра салмагына жараша туруп жаткан убак экен. Жылдызбек, Токо, анан үчүнчү болуп Калык жыгылат. Турганда да ошондой. Калык байкуш бышылдап чыгат. Так маңдайында чоң күзгү турган экен, Токо күзгүдөн караса, ошол учурда Калык да карап, экөөнүн көздөрү чагылыша түшөт. Токо шүмшүк жөн турбай, тилинин учун чыгарып, көзүн кысып коет. Араң турган Калык бүлкүлдөп күлө баштайт. Токо экөө күлкүсүн тыя албай чыга качышат.

Жылдызбек болсо араң күлкүсүн тыйып, Жеңиштен коркконунан тырышып аягына чейин чыдайт. Намаз бүтөрү менен Жеңиш буркулдап үйүнө жөө жөнөйт. Артынан үчөө кечирим сурап ээрчип жөнөшөт. Бир топто барып жибиген Жекем: “Экинчи мындай кылбагыла!” — деп убадалашып, кайра элдешип алышат.

*     *     *

Калык экөөбүз “Бителден” 467 миң сомго “моби-кард” алып, Нарынга чыкмай болдук. “Дордой” базарына эки-үч точкага таштай кетели деп кайрылып калдык. Калыкты машинеге калтырып, мен “соода чалгынын” жүргүзүп базарга кирип кеттим. Кайтып келсем, Какем оозун чоң ачып коңурук тартып, мамык төшөктө жаткандай уктап калыптыр. Акырын эшикти ачтым да, “моби-кардды” коробкасы менен алып барып катып келдим. Анан Калык отурган тараптагы терезени катуу тарсылдатсам чочуп ойгонуп кетти.

— Моби-кард алып берип койчу, — дедим сыр билгизбей. Ал ары карап эле:

— Жок… — деп эле уйкусу умачтай ачылды.

— Ту-уй ата, бул жерде ууру деген колдон талашат да, биртике чыдап уктабай отура турбайт белең?!

— М-м-м…

— Жок дегенде эшигиңди бекитип уктасаң боло! — деп башымды мыкчыган киши болуп, айланып рулга отурдум да, бетимди басып бүлкүлдөп күлө баштадым. Байоо сезим байкуш досум “ыйлап жатат” деп ойлоп, машинанын капотуна мага артын салып жөлөнүп алып, дембе-дем тамеки чегип кирди. Күлкүмдү араң тыйып, өзүмдү эптеп колго алдым да: — Мен милицияга барып келейин, — деп обочороок барып аңдып карап турам…

Калык машинаны айланды. Багажды ачып карады. Үмүтү биротоло үзүлүп, кайра тамекисин жандырып, машина токтоочу жайдын кароолчусуна барды. Ага небак айтып койгом. Ал ийинин куушуруп, тескери карады. Дүмүрөңдөп кайра артка кайтканда кароолчу чакырды да, бирдеме деди… Кол алышканда эле түшүндүм. Коробканы көтөрүп алып каткырып чыгып келдим…

— Ушунча да катуу тамашалайсыңбы?! Ой неңди… — деп жапайы каткырык салды.

— Эмне деп ойлодуң? – десем…

— “Волгамды” сатсам — 50 миң, малдарымды сатсам — 100 миң, калган 300 миңди кайдан табам дедим, — деп коёт байкушум.

Тиги кароолчу басып келип:

— Ой байке, кебетесин көрүп чочуп кеттим. Толук да байке экен, инфаркт болуп же давлениеси көтөрүлүп кетеби деп корктум, — дейт.

Кароолчунун оюна келген андай терең ой мендей доско кайдан келсин!

Ошол мезгилдерде Нарын шаарынын чок ортосунда союздан калган чоң дүкөндү иштетип жүргөн чагым. Токо менен Жылдызбек биздин үйгө барып түнөп калышты. Түн ортосунда карасам, экөөнүн төшөктөрү киши жаткандай томпойуп, бирок ичинде экөө тең жок…

Эртең менен эрте келип, кайра ордуларына жатып калышыптыр. Так ошол түнү дүкөнүбүзгө ууру кирип, уюлдук телефондор менен кассабыздагы акчабыз жоголду…

Милиция келип ызы-чуу түшүп жатып калдык.

Кылмыш иликтөө бөлүмүн Жоламан деген байке башкарчу. Аны жакшы таанычумун.

— Байке, менин үйүмдө эки досум бар. Түндө бир жакка барып келишиптир. Бири жаңы чыгып жаткан ырчы Токтобек Асаналиев, экинчиси төкмө акын Жылдызбек Алыбаев, — дедим. Ошолорду чакырып коркутуңузчу дедим.

— Ой Жамаке, сенин дүкөнүңө ууру кирип жатса, досторуңду тамашалаганы жүрөсүң да, — деп күлдү.

— Эй байке, ууру да буюрганын алат, анан Кудайдын алдына барганда жооп берет да, — дедим.

Ошентип Токо менен Жыкени алып келишти. Дүкөндүн ичин көрүп алып жаман болушту. Аңгыча Жоломан байке экөөнү суракка ала баштады. Үстөлдүн астын аңтарымыш болуп күлүп жатам. Акырын башымды көтөрүп карадым… Карасам, өңдөрү кубарып чыккан.

— Байке, биз достору болобуз, — деп көздөрү төгөрөк.

— Ошол именно жакындан билген киши уурдайт, — деди.

— Байке, биз үйүнө жатканбыз…

— Үйүндө жатсаңар, түнүчүндө кайда бардыңар?! – дегенде, Токо күлүп жиберди.

— Эмнеге күлөсүң?! — деп опулдап кирди кызыл шапке. Милициянын сүрүнөн, анан “камайм” деген сөзүнөн улам экөө мостойуп туруп калды.

— Байке, мен ырчымын, бул акын, — деди.

— Кана, ырчы болсоң ырдачы!

Токо токтолбостон заңкылдап ырдап кирди.

— Үнүң жакшы экен, дагы бирди, — деди.

Дагы ырдады. Экөөнүн шүмүрөйгөн кебетесин көрүп алып, не бир күлкүмдү тыя албайм… Тамаша экенин айтып, санааларын басып, баарыбыз кафеге жөнөдүк, уурулардын ийгилигин майлаганы…

Ачуу-таттуусу, ак-карасы, жамандык-жакшылыгы, күн менен түнү ээрчишкен ушул жалганда бир туугандай мамиледе дос болуп келебиз. Айтаарга эмес, чындап күйгөн досторум деп эсептейм. Жазып отурса жоруктары чоң китеп болчудай чыгармачыл досторум бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.