Акжол Доранбек уулу: Абал азыр – эрксиздикти жектемей

АК ЖОЛ, САГА! “Кол жазмамды карап берсеңиз” деген Акжолдун кол жазмасы колго кеч тийди. Эки күн күттүм. Чындап эле күттүм. Азыркы жаштар поэзиясын окугум келди. Анын ысымын мурда-кийин эшитип жүргөм. Эң алгачкы ыр жүрөктү жылытты. “Абал” деген аталыштагы ырдагы ойлор бир гана бул жаш акындын эмес, дегеле анын муунунун, ал эле эмес алдыдагы, арттагылардын күмөнүн тек астейдил туюнткан жеңил, жумшак, жугумдуу ыр экен: “Байкап көрүп, алды-артымды карасам. Зээним кейип, жүрөгүмдү канатам. Баскан жолго из түшкөнү байкалбайт, Багыт кандай, билбейм кайда […]

Алым ТОКТОМУШЕВ: Менин улуу мектебим – түрмө

Бул маектин дайны табылбай калган кийин. Ал кезде Чолпон Орозобекова менен Жеңишбек Эдигеев чыгарган «Dе-факто» гезити Бакиевдердин уйкусун бузган басылмага айланып, гезит тагдыры кысталышка кептелген учурда даярдалган маек. Редколлегияда мен да бар элем, бирок жылбай иштеген ордум «Айтыш» коомдук фондунда эле. «Айтыш» фонддун алдында «Калемгер» адабий клубун ачып алганбыз. Аталган гезитке «Калемгер» клубунда деген рубрика аркылуу акын-жазуучулар менен маектерди уюштуруп жарыялап турар элем. Ал арада Бакиевдердин канкор бийлиги коомдун үрөйүн учуруп койгон кез. «Dе-факто» гезити да бакиевчилдердин каарына кабылып, Чолпон […]

Дооронбек Садырбаев: Кулпу

АҢГЕМЕ Күн ысыкта утур-утур жол каратып кемпирди убара кылгыбыз келбегендиктен, мурдатан «баратабыз» деп кабар бербестен, Букеш экөөбүз тең отпуск алып айылга жөнөп калдык… Самолёттон түшөрүбүз менен, бактыбызга, автобус даяр турган экен, түш оой «Апыртанда» болдук… Айлыман кеткени арадан жылдар өтпөдүбү. Быякка сейрек каттаганымдан биздин үй аттын кашкасы сымал таанымал бойдон экен… Түбү түптөлгөн, үстү тунукелүү, заңгыраган стандарттуу үйлөрдүн катарында «жүдөп» турган ыйманы ысык жепирейген жер тамдын карааны көрүнгөндө көңүлүм делөөрүп, ага жеткенче шаштым… Бирок каалгада илинип турган чоң кара кулпу […]

Георгий Огарёв: Миң уламыш (2-бөлүк)

<<<<<<<<Башы (1-бөлүк) Саякатчы тоок Тооккананы айлантып согулган тосмонун кырларына катар тизилип отурушкан чабалакейлер, өздөрүн тынсыздандырган көп нерселерди сүйлөшүп жатышканы менен, ойлорунун баары көбүнчө алыскы түштүктөгү жылуу жерлер жөнүндө эле. Анткени, түндүктүн муздак шамалынын эпкини эмитен эле сезиле баштаган. Бир күнү алар учуп кетишти, бардыгы чабалекейлер жөнүндө, түштүк жөнүндө  сөз кылып жатышты. «Кийинки жылы мен өзүм түштүккө барып келем», – деди тооктордун арасынан бири. Дагы бир жыл өтүп, жазында кайтып келген чабалекейлер жайдын аягында кайрадан түштүккө камына башташты. Бир күнү эрте […]

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

Конкурстун максаты – жаш калемгерлерге чыгармачылык атаандаштык түзүү; учур адабиятынын жаңы дүбүрт, жаңы ысымдарын жамы журтка таанытуу. Бул конкурска 18 жаштан 35 жашка чейинки адабияттын жаш ышкыбоздору республика боюнча катыша алат. Жеңүүчүлөр эки номинация түрүндө аныкталат: ♦ Көркөм поэзия ♦ Чакан аңгеме Конкурстун Жобосу Тема – эркин. Поэзия көлөмү – 50 саптан ашык эмес. Аңгеме көлөмү – 5 бетке чейин. Аталган конкурс буга чейин эч жерде жарыяланбаган чыгармаларды гана кабыл алат. Конкурстук чыгармаларды кабыл алуу – конкурс жарыяланган күндөн баштап, […]

Салижан ЖИГИТОВ: Жашоого жардам берген билим… (5-сабак)

<<<<<<<<1-сабак <<<<<<<<2-сабак <<<<<<<<3-сабак <<<<<<<<4-сабак — Салижан Жигитович, республика экономикасы минтип жарга жабышып турат, ушул абалдан кантип чыгабыз деген маселеге келгенде кийинки күндөрү билим аркылуу чыгабыз деген пикир күчөп кетти. Ага Президент Москва гезити аркылуу «колубузда жалгыз көзүрүбүз бар, ал — жаштарыбыздын билим деңгээли» дегендей жем таштап койду өңдөнөт. Ушул маселеге Сиздин оюңуз канай? — Албетте, дүйнөдөгү элдин көбү артта калуучулуктан билим аркьшуу, алдыңкы технология аркылуу чыгып атканы чын. Бирок билим дегендин да билими бар. Биз кантип билим алдык жана кандай […]

Ачка момолой жөнүндө жомок

Илгери-илгери, Пик аттуу момолой чычкан жашаптыр. Күндөрдүн биринде Пик ийнинен башын чыгарып айтты: — Кардым ачты. Кантип курсак тойгузсам? – Момолой чычкан ийининен тамак издөө үчүн чуркап чыкты да кенедей кыз ойноп жатып полго таштап койгон куурчакты көрдү. — Кандай гана кооз куурчак, таттуу болсо керек, — деп ойлонду Пик. Куурчакка чуркап жетти. Тиштеп жиберип ошол замат кайра түкүрдү. Жок, куурчак таттуу эмес экен. Жегенге болчудай эмес. Айланасын карады да, кичинекей бала сүрөт тартып жатып полго таштап койгон калемди көрдү. […]

Аман Саспаев: Көздөр, көздөр

АҢГЕМЕ Жолоочулап бара жатып, «Н» селосунун кичинекей, ашканасына кирдим. Көбүнчө мындан ары-бери өткөн шоферлор азыктанышат. Ашкана жол үстүндөгү шоферлордун жупуну кийимдерине, орой шылдыңдашып, эркин отурууларына мүмкүндүк берип тургансыйт. Шоферлор гана эмес, мындай жерге кирген ар бир киши эмне кылса да өөн сезилүүчү түрү жок. Бизде, адатта, көпчүлүк жыйналуучу жерде тамеки тартылбайт. Бирок мында көк түтүн дайыма ашкананын төбөсүн каптап турат. Тамак берилүүчү тешиктен, пияз менен куурулган майлуу эттин жыты чыгып, андан даамдуу тамактын буусуна семирген ашмачынын чулчуйган бети да көрүнө […]

Залкарлар менен жанаша келген аксакалыбыз

Белгилүү журналист Тенти Орокчиев күрдөөлдүү күздүн ушул күндөрү 80 жашка толуп олтурат. Жакшы адам, мээнеткеч калемгер агабызды кутман курагы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана адабиятчы Садык Алахандын чыныгы дыйкан журналист жөнүндөгү макаласын тартууламакчыбыз. Албетте, 80 жылдык торколуу тоюн кечээ гана чоң салтанат менен белгилеген улуттук радионун басып өткөн жолунда анын бүгүнкү бийиктигине жетүүсүнө көптөгөн адамдар зор эмгектерин арнашты. Алардын ар бири асыл баа алкышка, унутпай айтылуучу урматка ээ инсандар. Ошондой атуулдарыбыздын бири – Тенти Орокчиев. Улуттук радиобузга дээрлик отуз жылдык […]

Жек Лондондун «Мартин Иден» кыргызчага кайрадан которулду

РОМАН Америкалык белгилүү жазуучу Жек Лондондун бул чыгармасы максатка умтулган адам баласы сөзсүз ийгиликке жетерин баяндайт. Ошондон улам аталган роман дүйнөдөгү эң мыкты делинген чыгармалардын катарынан орун алып, миллиондогон окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Аталган чыгарма ушул күнгө чейин китепкөйлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган бирден бир дүйнөлүк мурастардын катарынан түшпөй келгенинин сыры эмнеде?.. Мунун бир гана себеби: чыгарманын баш каарманы Мартиндин адам болуу өжөрлүгүнөн кайптаган кейиштүү тагдыры муундардан муундарды тарбиялар сабак болуп калганы. Арийне, бул чыгарма адамдын адам болуп өсүп жетилүүсүнө таасири зор […]

Жамалбек Ырсалиев: «Генийлер»

“Астра” деген тамекиден бир күндө эки куту чеккен, мектепте тарых сабагынан берген, узун бойлуу арык мугалимибиз бар эле. Мамбетжанов Бекжан аттуу ошол кара тору агайыбыз аябай арык анан узун манжалары менен чертип же мага окшогон чил моюндарды так ошол манжасы менен кежигеден алып, чыйкылдатып муунтуп койчу. Так ошондой өнөрү үчүн “арбак” деп ат коюп алганбыз. Агайдын сабагында чымындын учканы угулуп турар эле. Коркконубуздан эски тарых менен жаңы тарыхты өкүртө окудук. Дарвин “таякенин” “адам маймылдан жаралган” деген теориясын далилдей албай жүрүп, […]

Роза Айтматова: Гүлсарынын дүбүртү түбөлүк биз менен калды

2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон—Ата шаарынын Ат майданында Ч.Айтматовдун “Жаныбарым Гүлсары» повестинин каармандарына, Танабай менен Гүлсары жоргого эстелик тургузулат деген маалыматты телевизордон угуп калдым.  Ушул кабарды уккандан кийин өткөн-кеткенден бир топ нерселер эске түштү, ал тургай повестти кайра окуп чыктым.  Белгилүү болгондой, чыгарма 1966-жылы жарык көргөн, анын башкы каармандары жылкычы Танабай жана анын жоргосу Гүлсары. Автор бул чыгармасында   тоталитардык башкаруу күч алып турганда Танабайдын жана Гүлсарынын   башынан өткөн окуяларды сүрөттөө аркылуу Совет мезгилинин 50-жылдарындагы экономикалык-нравалык  кризисти чагылдырган.  Партиялык жетекчилер тарабынан күч-кубатын аябай, […]