Тайная гей-история Ислама

В мусульманских культурах гомосексуальность когда—то считалась самой нормальной вещью в мире-так что же изменилось? Когда-то ислам считал гомосексуальность одной из самых нормальных вещей в мире. Османская империя, самая могущественная в мусульманском мире, не воспринимала лесби или гей-секс как табу на протяжении веков. Они официально признали, что гей секс не преступление в 1858 году. Увы, когда христиане пришли с запада колонизировать, они заразили Ислам гомофобией. Но правда в том, что многие мусульмане, живущие сегодня, считают, что пророк Мухаммад С.А.В поддерживал и […]

Тибет эл жомогу: Куу түлкү кубулганда

Бир жолу куу түлкү тоокканага кирип, тоок көтөрүп чыгып келатып боёк куюлган тепшиге түшүп кетет. Мурдунун карасынан бөлөгү бүт башка өңгө кубулган ал эртеси алдынан жолуккан жаныбардын баары анын алдына жүгүнүп таазим эте баштаганын байкап, алгач таңгалат, анан мунун чоо-жайын түшүнүп, ичинен кымыңдайт. Көрсө, өзү түшүп кеткен боёк тибетте ыйык эсептелген бирюза ташынын ачык жашыл өңүндө экен. Мындан улам ушундай түскө кубулган түлкүнү да башка жаныбарлар ыйык санап жатышыптыр да. — Мен баардык жан-жаныбарлардын ханышасы Цзасамын! Мен асман императорунун буйругу […]

Прогрессивдүү идея: Кыргыздын Остап Бендерлерине эстелик керек

Вашингтондогу айтылуу Смитсониан музейинин каадага сыйбас бир залы бар. Ал залдын экспозициялары, жөнөкөйлөштүрүп айтканда, бал тилдүү алдамчы-кесептерге, аферисттерге, финансылык авантюристтерге арналган. Калыстык үчүн музей жетекчилигине алкыш айтканга аргасыз болосуң. Себеби, андагы адамдарсыз АКШ тарыхы толук болмок эмес. Мына ошондой кесеп-аферисттердин бири Виктор Люстиг (1890-1947) Париждеги дүйнөгө таанымал Эйфел мунарасын бир жолу сатып, экинчи жолу сатканы жатканда “бети ачылат”. Ал чыгаан гангстер Аль Капонени (1899-1947) Улуу депрессия учурунда бир чай кайнамда 5 миң долларга алдаганга чейин барган. Виктор Люстиг сыяктуу чаар […]

Еврейлердин уламыштары

КЕЛЕСООЛОР Сактоочу жерге түшүп, пенделерин кабыл алчу күн келди. Ар ким өз көйгөйү менен келип жатты: Сокурлар: — Раввим[1], биздин көзүбүз көрбөй жатат, — дешти. Сактоочу алардын чекесинен сылаганда сокурлардын көздөрү ачылып жатты. Дудук менен дүлөйлөр келишти — алар угуп, сүйлөп калышты. Бүкүрлөр келишти — алар да түзөлүштү. Бир гана келесоолор келесоо боюнча калышты. Себеби алар: — Раввим, мага жардам кылчы, мен келесоомун… — деп моюндарына алышкан жок. КҮЗГҮ Бир жолу окуучусу раввиден сурады: – Устатым, айтыңызчы, эмне үчүн кедей […]

Үмүт КУЛТАЕВА: Шакиртиме жан сырым…

(Эссе ордуна) Мен сөз кылчу жаш адам кытайлык кыргыз уланы – Дабыт Абдылбары. Табиятынан зирек, кытайлык кыргыздардын арасынан каргадай жаш өспүрүм курагында эле суурулуп чыккан Дабыт тарыхый мекени Кыргызстанга барууну мектеп окуучусу кезинен эңсеп, интернет аркылуу байланышка чыгып жүрүп, коомчулукка “Көк асаба” гезити аркылуу 2013-жылдан бери тааныш. Дабыт 2014-жылы Кытайдын Ланжоу шаарындагы Түндүк-Батыш улуттар университетинин филология факультетинде котормо жана котормо таануу бөлүмүн бүтүргөн. Өспүрүм курагынан макала жазып, улуттук тил, тарых, адабиятка кызыгып келет. Кытай, англис, түрк, фарс тилдеринде эркин сүйлөйт. […]

Адамдар туулган жердин бир ууч топурагын түйүп алып, жолго чыгат…

Репрессияланган кыргыздардын жаркын элесине арналат Бул эмгек өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга дуушар болуп, Таврияга сүргүнгө айдалган кыргыздардын элесине арналат. Бул эмгекте репрессияга кабылгандардын туугандарына, жакын адамдарына, ошол окуяларга күбө болгон адамдарга жана Кыргызстандын коомчулугуна жазыксыз курман болгон мекендештердин унутулбай тургандыгы көрсөтүлөт. Мында Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинин фондундагы жана архивиндеги документтер ошондой эле фотоматериалдар пайдаланылды. Алгы сөз Кээде, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө ондогон жылдар сарп кылынат. Андан жабыр тарткан адамдар көп учурда ошол мезгилге жетпей калышат. Бирок алардын балдары качандыр бир […]

Сардарбек РЫСКУЛОВ: Сары-барчын

<<<<<<<<<<<Башы КҮРӨҢ КАЛТАР Каракол жайлоосуна бараткан жолдун оң тарабындагы алты-жети теше келе турган түндүктү калың ак чий баскан. Чийдин арасы чычкан жөргөлөгүс түнт да, бийик да. Ошол чийди аягынан башына чейин тепетең жарып кашкайган кан жол өтөт. Жолдун аяк-башы түгөнбөйт. Өрөөндүн күпүлдөп аккан чоң суусун ары бир кечип, бери бир кечип олтуруп, Суусамырдын белин ашат, Кара-Балта, Ак-Сууну аралап андан ары Таласка өтүп кетет. Ал ошон үчүн кан жол аталган. Эл жайлоодон ылдый тарткан кеч күздө ошол калың чий карабашыл тартып […]