Репрессияланган кыргыздардын жаркын элесине арналат

Бул эмгек өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга дуушар болуп, Таврияга сүргүнгө айдалган кыргыздардын элесине арналат. Бул эмгекте репрессияга кабылгандардын туугандарына, жакын адамдарына, ошол окуяларга күбө болгон адамдарга жана Кыргызстандын коомчулугуна жазыксыз курман болгон мекендештердин унутулбай тургандыгы көрсөтүлөт. Мында Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинин фондундагы жана архивиндеги документтер ошондой эле фотоматериалдар пайдаланылды.

Алгы сөз

Кээде, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө ондогон жылдар сарп кылынат. Андан жабыр тарткан адамдар көп учурда ошол мезгилге жетпей калышат. Бирок алардын балдары качандыр бир кезде күткөн күн келип, чындык ачыкка чыгарына ишенип күтүшөт. Ошентип алардын ата-бабаларынын жаны жай алат.

Курман болгондордун көптүгүнө, эчак өтүп кеткен ырайымсыз окуялар жан дүйнөсүнө эстен кеткис так калтырган адамдардын айрымдарынын тирүү экендигине карабай, бул жолу да ушундай болду. Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинин бул китеби өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга дуушар болуп, Таврияга сүргүнгө айдалган кыргыздардын жаркын элесине арналган.

Обелискти ачуу учурунда. 28.09.2013-жыл. Цюрупинск районундагы Виноградово айылында.

Анын максаты – алардын туугандарына, жакын адамдарына, бул окуяларды көрүп билгендерге жана Кыргызстандын коомчулугуна биздин жердештерибиздин өлүмү унутулбай тургандыгы тууралуу айтып берүү. Биздин элчилик украиналык бийлик өкүлдөрүнүн жардамы менен, курман болгон мекендештерибизди эскерүүгө болгон аракетин жасады.

Жылдар өтсө да эстен кетпейт…

Ар бир элдин тарыхында арадан ондогон жылдар өтсө да, жүрөктөн кеткис так калтырган окуялар бар. Бир кезде СССР курамына кирген Кыргыз Республикасы да мурдагы союздук республикалар менен бирдикте, ушундай бир окуянын кайгысы менен азабын бирге тартып келет. Кеп, тоталитардык режим тууралуу болуп жатат, себеби анын аркасында Советтер Союзунун ар кайсы тарабында жашаган миллиондогон адамдардын тагдырлары талкаланып, өмүрлөрү соолуган.

30-жылдардагы репрессия массалык түрдө болгондугуна карабастан, андан азап чеккен адамдардын тагдыры жөнүндө маалыматтар абдан аз. Айрым бөлүгү жок кылынса, көпчүлүгү сакталган эмес. Алар тууралуу маалыматтарды ошо кайгылуу окуяларга катышкан кээ бир адамдардын жардамы менен жыйноого туура келди. Бирок мындай маалыматтар чындыгында эле аз.

Издөөнү татаалданткан башка кыйынчылык да бар. Мындай иштер негизинен көз ачып жумгандай тездикте, тергөөсүз жана сотсуз ишке ашырылгандыктан, адамдарды үй-бүлөлөрү менен коштоштуруп, кийим-кечесин жыйноого убакыт бербей туруп алып кетишкен. Ушундай абалдан улам, Мекенине кайтып келгендер бирин-серин гана болгон.

Узак убакыт бою, 30-жылдарда Украинага сүргүнгө айдалып жана ал жакта курман болгон мекендештерибизге карата мамиле да ушундай болуп келген. Арадан көп убакыт өткөндөн кийин гана, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Аскар Какеевдин аракетинин аркасында коомчулук бул маселеге көңүл бура баштаган. Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин бул ишке активдүү киришкендигинин арты менен гана, бир кезде сүргүнгө  айдалган адамдар жашаган Херсон облусунун Виноградово жана Крестовка айылдарында обелиск жана эскерүү такталары орнотулган.

“Кыргызстан – Украина: Дипломатиялык мамилелерге 20 жыл” тегерек үстөлү

Обелискти ачуу учурундагы эскерүү мүнөтү.

2012-жылдын октябрь айынын ортосунда Киев шаарында тегерек үстөл  болуп өттү. Анын темасы Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына байланышкан эле. Темага байланышкан маселелерден тышкары, алыскы өткөн мезгилге тиешелүү, бирок эки өлкө үчүн жалпы болуп калган башка аспект тууралуу да сөз болду. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Аскар Какеев, “Сталинизмдин репрессиялык саясаты: Кыргызстандагы кулакка тартуу жана Украинага сүргүнгө айдоо” деген темада доклад жасады (Доклад тексти толугу менен төмөндө). Бул доклад тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүдө жана өткөн кылымдын 30-жылдарында украин жергесинде сүргүндө курман болушкан кыргыздардын эстелигин калтыруудагы иштердин башаты болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилиги Тарас Шевченко атындагы Киев улуттук университети менен бирге, Киев шаарында Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 20  жылдыгына арналган тегерек үстөл өткөрдү.

Тегерек үстөлгө Кыргыз-Россиялык Славян университетинин ректору В. И. Нифадьев баш болгон кыргыз делегациясы катышты. Делегация курамында КРСУнун эл аралык иштер боюнча проректору, юридика илимдеринин доктору Л. Ч. Сыдыкова, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер  академиясынын вице-президенти В. М. Плоских жана КРСУнун илимдер философиясы кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги А. Ч. Какеев бар эле.

Украина тараптан Тарас Шевченко атындагы Киев улуттук университетинин ректору, академик, Украинанын баатыры Л. В. Губерский, эл аралык байланыштар боюнча проректор, профессор П. А. Бех, Киев-Могилян университетинин профессору В. М. Якушик, Региондор аралык персоналды башкаруу академиясынын Эл аралык ачык университетинин башкы директору А. И. Гнедых жана башкалар болушту. Мындан тышкары, тегерек үстөлдүн ишине Азербайжан Республикасынын Украинадагы дипломатиялык миссиясынын башчысы Э. Мадатли жана Киевдин илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү да катышты.

Тегерек үстөлдүн катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Украинадагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, саясый илимдердин доктору Улукбек Чиналиев куттуктоо сөзү менен кайрылды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин куттуктоосу да тегерек үстөлдүн катышуучуларына багышталды. Анда мындай деп айтылат: “Биздин эки тараптуу мамилелердин бекемделиши жөнүндө билдирүүгө мындай маараке жакшы мүмкүндүк берет. Өткөн мезгилдер аралыгында биздин мамилелер үзгүлтүксүз бекемделип келди. Кыргыз-украин мамилелеринин орношу жана өнүгүшү жалпы максаттарга, кызыкчылыктарга жана чындап өз ара колдоо көрсөтүүгө негизделген. Тегерек үстөлдүн иши, авторитеттүү окумуштуулар менен жогорку деңгээлдеги жыйындын катышуучуларынын докладдары жана баяндамалары, эки тараптуу бекем жана натыйжалуу мамилелерге кошумча импульс бермекчи”.

Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү “Кыргызстанда илим жана маданияттын орноп өнүгүшүнө украин интеллигенциясынын кошкон салымы”; “Кыргызстан менен Украинанын археологдорунун Улуу Жибек жолундагы антикалык эстеликтерди азыркы учурда изилдөөсү” жана “Сталинизмдин репрессиялык саясаты: Кыргызстандагы кулакка тартуу жана Украинага сүргүнгө айдоо” деген темаларда доклад жасашты.

Тегерек үстөлдүн ишинин жыйынтыгы менен, Б. Н. Ельцин атындагы КРСУнун жана Тарас Шевченко атындагы КУУнун ошондой эле Василь Стефаник атындагы Прикарпат улуттук университетинин ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду.

Кыргызстандык делегациянын катышуучулары менен болгон өзүнчө пикир алмашуу учурунда, Тарас Шевченко атындагы КУУнун ректору, академик Л. В. Губерский элчиликтин дипломатиялык мамилелердин орношунун 20 жылдыгына арналган биргелешкен тегерек үстөл  өткөрүү тууралуу сунушуна, Киев улуттук университети дароо макул болгондугун билдирди. Илимий кызматташуу тууралуу кол коюлган келишимдин алкагында, КРСУга украиналык тарап бардык жактан көмөк көрсөтө алаарын белгиледи.

Ушул эле күнү кыргыз делегациясы Украинанын Улуттук илимдер академиясындагы И. Ф. Курас атындагы саясий жана этносоциалдык изилдөөлөр институтунда да болушту. КРСУ ректору В. И. Нифадьев менен институттун директору, академик Ю. А. Левенецтин ортосундагы өз ара пикир алышууда Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди дагы тереңдетүү маселелери козголду. Жолугушуунун жыйынтыгында КРСУ менен аталган институт ортосундагы илимий кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду.

Иштин башталышы: Херсонго сапар. Облус губернатору менен уюштуруу иштерин талкуулоо

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин бул жакка сүргүнгө айдалган кыргыздардын эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча иштерге активдүү катышуусу 2013-жылдын апрель айында башталды. Ага чейин “Азаттык” радиосунун кабарчысы Амирбек Усманов элчиге телефон чалып, Украинанын Херсон облусундагы Чаплинск жана Цюрупинск райондорунда сүргүн учурунда кыргыздар жашаган жерлер, Виноградное кыштагында (мурдакы Чалбасы) кыргыз балдар окуган мектеп жана алардан калган мазарлар бар экенин кабарлаган.

Облустук жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, элчиликтин кызматкерлери, имам жана башка адамдар аза күтүү жыйыны учурунда.

Биздин элдин тарыхына байланышкан мындай маалымат элчини абдан кызыктырган, себеби ошол кездеги окуялар тууралуу так маалыматтар абдан аз болгон. Бул маселени терең изилдеп чыгуу чечими кабыл алынган. Ушундай максат менен Кыргыз Республикасынын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Чиналиев Херсон облусунун губернатору Николай Костяк менен сүйлөшүп, биздин мекендештердин тагдыры менен байланышкан бул крайга бара тургандыгын айткан. Губернатор болсо так ошол тушта, 16-17-майда Херсонщинада эл аралык туристтик форум өтө тургандыгын билдирип, эки иштен бир иш деп элчини ага катышууга чакырган. Форум Тавриянын экологиялык шарттарындагы саякат, эс алуу жана дарылануу маселелерине арналган эле.

Форум элчи Улукбек Чиналиев бара турган Скадовск шаарында өткөн. Тематикалык суроолорду талкуулоодон кийин чакырылган меймандарды жана дипломаттарды Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырган соң, элчи өткөн кылымдын 30-жылдарында ушул аймактарда жашаган кыргыздардын эстелигин түбөлүккө калтыруу зарылдыгын белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн бул маселе боюнча жардам берүүгө чакырган.

Цюрупинск районундагы Виноградово айылынын улгайган жашоочулары

Губернатор Н. Костяк бул тарыхый окуялардын маанисин жана Кыргызстандын элинин репрессияланган мекендештеринин унутулбай тургандыгы боюнча каалоосун түшүнө тургандыгын, ар тараптан жардам болорун билдирген. Бул маселеге жардам берүү боюнча дароо эле райондук бийлик өкүлдөрүнө да кайрылган. Иштин мындай абалынан улам, Улукбек Чиналиев эртеси эле Чаплинск районунун Крестовка айылына барган. Анын борбордук чарбагынан бир нече чакырым жерде өз убагында сүргүнгө айдалган кыргыздар жашашкан. Эмгекке жарамдуу бир топ кыргыздар жергиликтүү совхоздо иштешкен, бирок ал борборлошуп кеткендиктен, кыргыздар айылда калууга аргасыз болушкан. Биздин мекендештер көмүлгөн көрүстөн бир кезде жакын эле жерде болгон, бирок азыр ал  жерди так көрсөтүүгө мүмкүн болбой калган. Азыр бул жерлерде дан өсүмдүктөрү өсө турган талаалар кеңирсип жатат.

Райондун жетекчилигинин, Чаплинск райондук мамлекеттик администрациянын төрагасы С. И. Лепский жана айылдык кеңештин төрагасы С. В. Хильченко менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, айылдык жергиликтүү көрүстөнгө такта илүү чечимине келишкен. Анын максаты – үч чакырымдай жерде жазыксыз репрессияланып, курман болгондордун урматына коюлган эстелик обелиск тургандыгын билдирүү эле. Аны орнотуу үчүн элчилик райондук бийликтер менен бирге иш алып барууну алдына койгон.

Сүргүнгө айдалган кыргыздардын жашоосу үчүн тоталитардык режим бөлүп берген Херсонщинадагы экинчи айыл, Цюрупинск районундагы Виноградово айылы болгон. Бул  жерде мусулман көрүстөнү сакталып калган, ал православ көрүстөнүнүн жанында, бирок бул аты жок мүрзөлөрдө кайсы кыргыздар көмүлгөндүгүн билүүгө мүмкүн болбоду. Улукбек Чиналиев өлгөндөргө арнап куран окуду, андан кийин жергиликтүү жетекчилик менен көрүстөндү тазалап, көрктөндүрүү тууралуу сүйлөштү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Цюрупинск райондук мамлекеттик администрациясынын төрагасы В. И. Борисов жана айыл башчысы С. В. Шматенко менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Виноградово айылында эстелик обелиск орнотуу, көрүстөндүн айланасын жашылдандырып жана көрктөндүрүп, мүрзөнүн жанына эстелик тактасын орнотуу чечими кабыл алынды.

Элчи Киевге кайтып келген соң, бул сапар тууралуу кызыкдар болгон бардык тараптарды: Кыргызстандын коомчулугун, Украинадагы кыргыздардын диаспорасын, бул маселе боюнча көптөн бери материал жыйнап жүргөн академик А. Какеевди, Херсон облусунун губернаторун жана “Азаттык” радиосунун редакциясын кабардар кылды.

Обелисктерди жасоодо бардык жагдай эске алынды

2013-жылдын майы айы жана дагы бир нече ай бою уюштуруу иштери жүргүзүлдү. Анткени алдыда бир топ орчундуу иштерди аткаруу турган. Виноградово айылындагы каралбай калган мүрзөнүн аймагын тазалап, аны жашылдандырып, тосмолорду орнотуп, обелиск коюла турган жерди да тандоо керек эле. Крестовка айылында да ушундай иштерди жасоо турган. Элчилик жардам сурап Николай Костякка кайрылды, ошондой эле элчиликте жана кыргыз диаспорасынан каражат жыйноону ишке  ашырды.

Долбоордун бардык жагы: ташты тандоо, анын формасы, жасалгасы, жазуулар, курчап турган айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштеринин бардык майда-чүйдөсү эске алынуу менен ишке ашырылды. Элчилик дагы сунуштар үчүн академик А. Какеевге кайрылууну чечип, ага төмөнкүдөй кат жиберди.

Философия илимдеринин доктору, профессор, КР УИАсынын академиги А. Ч. Какеевге

Урматтуу Аскар Чукутаевич, менин Херсон облусуна болгон иш сапарым, жергиликтүү бийлик органдары менен болгон жолугушуулар тууралуу сизге кенен маалымат берүү менен бирге, кеңеш сурайм.

Чаплинск районундагы курман болгондор көмүлгөн жер азыр дан өсүмдүктөрү өскөн талаа экен. Мурдагы көрүстөндүн жанына элчилик жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте “Алардын белгиси да, мүрзөсү да жок…

Сүргүнгө айдалган кыргыздарга коюлган обелиск. Цюрупинск районунун Виноградово айылы. 2014-жыл.

Бул жерде XX кылымдын 30-жылдарындагы тоталитардык режимдин жазыксыз курмандыктары – сүргүнгө айдалган кыргыздар көмүлгөн” (кыргыз жана украин тилинде) деген жазуусу бар обелиск орнотууну ылайык көрүүдө.

Азыркы көрүстөндө ачарчылыктан курман болгондорго эстелик коюлган. Жергиликтүү бийлик эстеликке “XX кылымдын 30-жылдарындагы жазыксыз курмандыктар — сүргүнгө айдалган кыргыздар көмүлгөн жер үч чакырым алыстыктагы обелиск орнотулган жерде” (кыргыз жана украин тилинде) деген тактадагы жазууну орнотууну сунуш кылып жатат.

Ал эми Виноградово айылындагы аты белгисиз мүрзөлөр сакталып калган жерге “Бул жерде XX кылымдын 30-жылдарындагы тоталитардык режимдин жазыксыз курмандыктары – сүргүнгө айдалган кыргыздар көмүлгөн” (кыргыз жана украин тилинде) деген жазуусу бар обелиск орнотуу сунушу болду.

Сиз дагы сунуш берүүңүздү өтүнөм.

Чын дилден урматтоо менен, Элчи Улукбек Чиналиев

Макулдашуулардын жыйынтыгында төмөнкүдөй алдын-ала даярдалган долбоор пайда болду:

  • Жасала турган обелисктердин болжолдуу өлчөмү – 1,0х1,0х1,0 м;
  • Формасы – туура эмес куб;
  • Жасалгасы – бир тарабы жалтыратылып, анда кыргыз жана украин тилинде:

“Ак кепиндеп көмүлбөгөн, ысмы белгисиз маркумдар…”

“Бул жерде XX кылымдын 30-жылдарында тоталитардык репрессияда жазыксыз сүргүнгө айдалып келген кыргыздардын сөөгү жатат”.

“Немаэ у них анi надгробкив, нi могил…”

“Тут похованi безневиннi жертви репресiй тоталiтарного режиму 30-рокiв XX сторiччя – депортованi киргизи”.

“XX кылымдын 30-жылдарындагы тоталитардык репрессияда айдалып келген күнөөсүз кыргыздардын бейити”.

“Тут похованi безневиннi жертви репресiй тоталiтарного режиму 30-рокiв XX сторiччя – депортованi киргизи”.

Жазуулардын тексти тарыхчылар жана эксперттер тарабынан бир нече жолу редакциялоодон өттү.

Орнотула турган эстеликтердин сырткы көрүнүшүнө карата олуттуу талаптар коюлгандыктан, аларды даярдоо киевдик “Гранит” алдыңкы заводуна тапшырылды. Бул заводдун башкы директору Н. Л. Мадалевич менен эстеликти жасоо боюнча келишимге жетишилгенден кийин, элчилик долбоорду ишке ашыруу боюнча үзгүлтүксүз иш алып бара баштады.

Элчи өзү Киевден 250 чакырым турган Умань шаарындагы гранит алынчу карьерге барды. Ал жерде У. Чиналиев заводдун алдыңкы адистери менен бирге ондогон гранит кесектерин тандашып чыкты. Анткени граниттин көлөмү жана сырткы көрүнүшү аны эстелик обелискине айлантууга туура келе тургандай болуусу зарыл эле. Ошентип, граниттин эки кесеги тандалып алынган соң, алар Киевге алынып кетти.

Келишим боюнча обелисктер 2013-жылдын 20-сентябрына даяр болушу керек болчу. Иш абдан көлөмдүү жана жооптуу болгондуктан, долбоордун архитектору болуп, Украинанын көркөм искусство боюнча улуттук академиясынын проректору Остап Ковальчук дайындалды. Обелисктердин ачылышы 2013-жылдын 27-сентябрына белгиленди.

Кыргыз Республикасынын элчилиги обелисктерди жасоодо Остап Ковальчук кесипкөй жана жоопкерчиликтүү мамиле жасагандыгын белгилейт. Архитектор орнаментти жана шрифтти иштеп чыгууда өзүнүн чеберчилигин көрсөтө алды. Алардын өлчөмүн, өңүн жана жазуулардын жайгашуусун так аныктаган соң, ал долбоорду буйрутма берген жакка жана аткаруучуга макулдашуу үчүн көрсөттү. Обелисктердин даяр болуу мөөнөтүн аныктап алган соң, элчилик бул долбоордун ишке ашуу абалы боюнча кабардар кылуу үчүн, Херсон облусунун губернаторуна кат жөнөттү.

06.09.2013-ж.

Херсон облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы Н. М. Костякка

Терең урматтуу Николай Михайлович!

Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилиги өткөн кылымдын 30-жылдарындагы репрессия курмандыктарына обелисктерди даярдоонун акыркы стадиясына келди.

Киевдеги “Гранит” заводуна тапшырма берилип, алдын-ала төлөм ишке ашырылды, обелисктерди жасоо мөөнөтү ушул жылдын 15-17-сентябрында аяктаары аныкталды.

Обелисктер эки гранит кесегинен даярдалат, алардын биринин салмагы 3,5 тонна, бийиктиги 160 см, туурасы 110 см, узундугу 190 см. Бул Крестовка айылына орнотулат. Экинчисинин салмагы 1,7 тонна, бийиктиги 275 см, туурасы 100 см, узундугу 180 см. Бул Виноградово айылына орнотулат.

Сиздин көрсөтмөңүзгө ылайык, транспорттук ишкананын жетекчисинин орунбасары Ю. Багун менен байланыш түзүлүп, аны менен жасалган эстеликтерди Киевден Херсонго жеткирүү боюнча түзүлгөн келишим бар.

Тиркемеде “Гранит” заводунда жасалган обелисктердин көлөмдөрү көрсөтүлгөн сүрөттөрү бар.

Урматтуу Николай Михайлович! Обелисктердин ордун (жерпайын) даярдоо боюнча жана Чаплинск, Цюрупинск райондорунда такталарды илүүгө, ошондой эле Виноградово айылындагы көрүстөндү көрктөндүрүү боюнча сиздин жардам берүүңүздү суранабыз.

Чын дилден урматтоо менен, элчи Улукбек Чиналиев

“Гранит” заводунун чеберлери бардык каалоолорду эске алуу менен, идеяны ишке ашырууга абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылышты. Ушул себептен буйрутма сапаттуу жана өз убагында аткарылды. Элчилик бул заводдо иштеген адамдардын репрессияланган кыргыздардын эстелигине абдан кылдат жана урмат менен мамиле кылышкандыгына ыраазы болуп, заводдун директоруна ыраазылык катын жиберди.

25.09.2013-ж.

Херсон облусунун Цюрупинск районунун Виноградово айылындагы эстелик обелисктин ачылышы

Туулган жердин бир ууч топурагын түйүп алып, жолго чыгат адамдар…

2013-жылдын 28-сентябрында Виноградово айылында репрессияга дуушар болгон кыргыздарга, жыйырманчы кылымдын 30-жылдарындагы массалык репрессиянын жазыксыз курмандыктарына арналган эстелик обелисктин азалуу салтанаттуу ачылышы болду. Ачылышка Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинин өкүлдөрү, анын ичинде Толук жана ыйгарым укуктуу элчи У. Чиналиев, элчиликтин биринчи катчысы Б. Кадыркулов, Кыргыз Республикасынын Украинадагы Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү А. Исмаилов жана Херсон облустук мамлекеттик администрациясынын, райондук администрациянын жана айылдык кеңештин мүчөлөрү катышты.

Бул ачылыш жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ишти мыкты уюштургандыгы менен эле эмес, делегация менен көрүшүүгө келишкен жергиликтүү жашоочулардын мындай ишке сезимтал мамиле жасай алышкандыгы менен да эсте калды. Элчиликтин өкүлдөрүн айылдын жашоочулары, балдар, ошондой эле бир кезде Виноградово айылына сүргүнгө айдалган кыргыздар келген кезде жашашкан айыл аксакалдары да тосуп алышты.

Катышып жаткан адамдар унчукпай турушту, алардын жүзүнөн кайгы менен азап көрүнүп, көздөрүнө жаш келип турду. Делегация мүчөлөрү курман болгон жердештеринин эстелигине мындай мамилелери үчүн, украиналык жашоочуларга чын дилден ыраазычылык билдирди.

Митингдин расмий бөлүгүн Виноградово поселкалык кеңешинин башчысы Сергей Шматенко ачып, катышкандарга салтанаттуу лентаны кесүүнү сунуш кылды. Монументтин жабуусун ачкандан кийин, жыйынга келгендер 3 метр бийиктиктеги граниттин кесиндисин көрүштү. Анын формасы атактуу Хан-Теңири чокусуна окшош эле. Граниттин көрүнүп турган бети кыргыз орнаменти менен кооздолуп, анда төмөнкүдөй сөздөр (кыргыз жана украин тилинде) чегилген:

“XX кылымдын 30-жылдарындагы тоталитардык репрессияда айдалып келген күнөөсүз кыргыздардын бейити”.

“Тут похованi безневиннi жертви репресiй тоталiтарного режиму 30-х рокiв XX сторiччя – депортованi киргизи”.

Эстеликти ачууга даярдык жүрүп жаткан убакта жергиликтүү жашоочулар анын айлана тегерегин тазалап, жакшынакай абалга келтирип коюшуптур. Обелисктин жанында жаш кайыңдын жалбырактары шамалга дирилдеп, бул окуяга көңүлкош карабаган айылдыктардын мамилесин көрсөтүп турат.

Кыргыз мектебинин окуучулары өздүк көркөм чыгармачылык сабагында. Чалбасы айылы (азыр Виноградово айылы), 1939-жыл.

Улукбек Чиналиев облустун, райондун жетекчилерин жана Виноградово айылынын тургундарын, ошондой эле аза митингинин бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Ал Виноградово айылында курман болгон кыргыздардын жакындары бул эсте кала турган окуяга катыша алышпаса да, буга катышкан бардык адамдарга ыраазылык билдиришкендигин айтты. Тилекке каршы, тарыхты кайра жазууга болбойт, бирок өз үй-бүлөсүнөн, туулуп өскөн жеринен ажыраган адамдарга азыркыдай акыркы урмат-сый көрсөтүп, тарыхый адилеттүүлүктү жок дегенде ушинтип калыбына келтирүүдөн башка арга жок.

Украинанын расмий адамдары: Валерий Михайлов – Херсон облустук мамлекеттик администрациясынын төрагасынын орунбасары, Василий Котенков – Цюрупинск райондук администрациясынын төрагасы, Лариса Снигур – Цюрупинск райондук кеңешинин төрайымы курман болгон кыргыздардын жакындарына көңүл айта тургандыктарын билдиришти. Ошондой эле тургузулган монументти талаптагыдай кармап, ал арналган адамдардын эстелигин унутпай тургандыгына да ишендиришти.

Аза күтүү жыйынынын расмий бөлүгү аяктаган соң, эскерүү мүнөтү болду. Андан кийин ага катышкандар обелисктин айланасына курман болгондор туулуп өскөн жерден алынып келген топуракты чачышты. Бул топурак Кыргызстандан атайын, түбөлүк уйкудагы адамдардын туулуп өскөн жеринин бир үзүмү катары алынып келинген. Кийин өлгөн адамдар көмүлгөн жерден бир ууч топурак кайра Кыргызстанга жеткирилди.

Аза жыйыны дагы бир нече иш-чараларды камтыды. Херсон облусунун имамы Шейх Казим өлгөндөргө куран окуп, аларды дайыма эстеп жүрүүгө, тирүүлөргө кам көрүп, тынчтыкта жана ынтымакта жашоого чакырып кетти. Мечитте кезектеги куран окулган соң курмандык чалынып, анын эти таратылып берилди.

Куран окулган соң, эстеликке гүлдөр коюлду. Бул окуя Херсон облустук массалык маалымат каражаттарында кенен чагылдырылды. Митингде электрондук жана басма сөз каражаттарынын көптөгөн өкүлдөрү катышып, митинг аяктагандан кийин элчиден интервью алышты.

Кыргыз делегациясы үчүн абдан баалуу нерсе, жергиликтүү жашоочулардын бул окуяга чоң көңүл бурганы болду. Алар көпкө чейин кете алышпай, бул кайгыны тең бөлүшө тургандыктарын билдиришип, сактап кала алган маалыматтары менен бөлүшүп жатышты. Улгайып калган бир аял элчи У. Чиналиевге келип, ага түйүнчөк карматып жатып: “Мен сизге анча чоң эмес белектерди, кыям, бал, нан анан кат берип коеюн, бирок сизден жооп күтөм” деп калды.

Бул түйүнчөктө украиналык айылдарга мүнөздүү белектерден тышкары абдан баалуу белек – жергиликтүү балдар үйүндө тарбияланган кыргыз балдарынын эски сүрөттөрү бар экен. Ал эми катта минтип жазылыптыр:

Урматтуу Элчи!

Чаплинск районунун Крестовка айылына коюлган обелиск алдына кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү гүл коюп жатышат.

Балдар үйүндө чоңойгон кыргыз  балдарынын сүрөттөрүн сизге тартуулайм. Мен край таануу боюнча адис болгондуктан, кыргыздардын биздин айылда болгону тууралуу материалдарды чогултуп жатам. Ошондуктан сизден суранаарым, бул сүрөттөрдү кыргыз гезиттерине жарыялоого мүмкүндүк түзө алсаңыз, жакшы болор эле. Балким, кимдир бирөө сүрөттөрдөн өзүн тааныйт же жакын адамдарын тааныгандар чыгышы мүмкүн.

Мен алардын даректерин алып, кат жазышып, алардын биздин айылдагы жашоосу тууралуу билгим келет. Менин атам иштеген кыргыз колхозу, ал дос болуп жүргөн кыргыз инженери жөнүндө китеп жазгым келет. Атам аны менен бирге короого кудук (бизде ветряк деп коет) казууну ойлоп жүргөн.

Китепти өз пенсияма чыгарам. Эгер анын басылып чыгышына каржылык жардам кыла алсаңыз, китепти орус тилинде жазам.

Александра Васильевна Кравченко, Херсон облусу, Цюрупинск району, Виноградово айылы, Шевченко көчөсү 15.

Элчиликтин кызматкерлери сүрөттөрдү кыргыз тилинде чыга турган гезиттердин редакцияларына жиберип, Александра Васильевнага төмөнкүдөй кат жөнөттү.

22.10.2013-ж.

Херсон облусунун Цюрупинск районундагы Виноградово айылынын жашоочусу А. В. Кравченкого

Урматтуу Александра Васильевна!

Элчиликтин жамааты менен бирге сиздин белегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин кулинардык жөндөмүңүздү жогору бааладык. Ошондой эле сейрек кездешүүчү сүрөттөрдү бизге тартуулаганыңыз үчүн да абдан ыраазыбыз. Алар чындап эле биз үчүн абдан баалуу. Сүрөттөрдү жарыялоо үчүн гезиттердин редакцияларына жиберилгендигин сизге да кабарлап койгубуз келет.

Сизге бекем ден соолук, бакыт тилеп, баштаган бардык иштериңиз ийгиликтүү болушун, ошондой эле жакын адамдарыңыздын кам көрүүсүндө жүрүүңүздү каалайбыз. Биз дагы сизге таттууларды жана конвертти белек катары жиберебиз.

Чын дилден урматтап, Элчи Улукбек Чиналиев

“Мүрзөсү сакталбаса да, эстутумда жашай берет” – Херсон облусунун Чаплинск районунун Крестовка айылындагы эстелик обелисктин ачылышы

4-октябрда Чаплинск районунун Крестовка айылында курман болгон кыргыздарга арналган обелиск ачылды. Күз айларынын ортосу болгондуктан, жаан токтобой жаап жатты. Аза күтүү жыйыны боло турган күнү катуу шамал да кошул-ташыл болду. Ал жерге жетүү кыйынга турду, анткени жолдор жуулуп, билинбей калган эле. Табият өзү да бир кезде ушул жерге көмүлгөн  адамдарды биздин делегация менен бирге жоктоп жаткандай таасир калтырды.

Чогулган адамдардын алдында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Чиналиев, облустук мамлекеттик администрациянын төрагасынын орунбасары М. Мельник, Украинанын жана башка расмий адамдары чыгып сүйлөштү. Айтылган бардык сөздөрдө, бир кезде болуп өткөн мыйзамсыздык жана адамдардын тагдырын сындыруу мындан ары кайталанбасына жол бербөө чакырыгы жасалды.

Жогоруда белгиленгендей, бул аймактарда көрүстөндөр сакталып калган эмес. Ошо үчүн обелискке төмөнкүдөй сөздөр чегилип жазылды:

 

“Ак кепиндеп көмүлбөгөн, ысмы белгисиз маркумдар…”

“Бул жерде XX кылымдын 30-жылдарында тоталитардык репрессияда жазыксыз сүргүнгө айдалып келген кыргыздардын сөөгү жатат”.

Обелискти орнотуу үчүн мурдагы көмүлгөн жайга жакын жер тандалган. Эстелик ачылгандан кийин, анын алды гүлгө толуп чыкты. Гүлдөрдү облустук, райондук жана айылдык бийлик өкүлдөрү гана эмес, аза жыйынына катышуу үчүн атайын келишкен кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, жергиликтүү жашоочулар да коюшту.

Жыйынга Чаплинск районунун имамы Ибрагим Умаров катышып, өлгөн адамдарга багыштап куран окуп, тирүү адамдар бири-биринин баркын билип жүрүүлөрү керектигин жана Жер шарында тынчтык болушун тилек кылды. Унчукпай туруп аза күтүү мүнөтү болду. Андан кийин элчиликтин өкүлдөрү өлгөндөр көмүлгөн жерден бир ууч топурак алып, Кыргызстанга берип жиберүүнү чечишти. Ал эми Кыргызстандан алынып келген бир ууч топуракты монументтин жанындагы жерге чачып жиберишти.

Ошол эле күнү Украинада болгон ачарчылыктан каза болгондорго арналып тургузулган эстеликке да гүлдөр коюлду. Анткени ошол убакта украин жергесинде абдан оор кыйынчылык – ачарчылык өкүм сүрүп жаткандыгына карабастан, жергиликтүү жашоочулар колунда болгон оокатынан сүргүнгө айдалып келген кыргыздар менен бөлүшүп турушкан.

Киевге кайтып келген соң, элчилик аткарылган иштерди баяндаган учкай маалыматтарды жазып, Кыргызстанга жөнөтүп турду. Гезиттерде, журналдарда бул окуяны кенен чагылдырган макалалар жарыяланды. 2014-жылдын күзүндө Кыргызтандын КТРК каналынын оператору жана алып баруучусу Артем Слонь тартуучу тобу менен Украинага келди. Элчиликтин өкүлдөрү аларды Херсон облусуна болгон сапарда коштоп жүрүштү. Тартуучу топ болсо, бир кездеги сүргүнгө  айдалган кыргыздар көмүлгөн жерлерди тартып алышты. Көрсөтүү 2015-жылдын январында эфирге чыкты.

“Кыйынчылыктарга сынбады… туруштук бере алды” – кичинекей каармандын таржымалы

Бул кабар адамдарга жетип, алар жазып, телефон чалып, эзелтен ичте жүргөн кайгысын башкалар менен тең бөлүшүп жатышты. Курман болгондорго акыры эстелик коюлганына кубанышып, эскерүүлөрүн ачыкка чыгара башташты. Ушундай таржымалдардын бирин биз ушул жерде айтып берели. Муну бизге репрессияга кабылган адамдардын биринин кызы “Слово Кыргызстана” гезитине телефон чалып айтып берген. Ал  буга чейин гезиттен эстелик обелисктердин орнотулганы тууралуу окуган экен.

Мындай кайгылуу окуяларды көп эле кыргыздар айтып бере алышат. Кичинекей Отор Садыков менен бирге ошол жылдардын кайгы-касыретин чогуу баштан кечиргендей болуп, мындан ары “репрессия”, “геноцид”, “куугунтук” деген түшүнүктөр жер үстүнөн жок болуп, адамзат тынччылык менен бейпилдикте өмүр сүрсө экен деп тиледик.

Ошол жылдагы окуялардын майда-чүйдөсүнөн бери Отор Садыковдун эсинде. Бакубат жашап жаткан үй-бүлөдөгү баланын бактылуу жашоосу, кокустан босогодо форма кийген чоочун адамдардын пайда  болуусу менен аяктады. Үй-бүлөнү кулакка тартып, кылмышкер катарына кошуп,  аларды ата мекенинен жана жашаган жеринен ажыратышты. Анын үй-бүлөсүн толугу менен (бирок жаңы төрөлгөн карындашын атасынын агасы алып кетип сүргүндөн калып калды) Украинага, Чалбасы айылына (азыркы Виноградово) сүргүнгө айдашты. Карып калган чоң энеси менен чоң атасына, жадаса кичинекей Оторго да биртке буюм-тайымдарын жыйнап алууга мүмкүндүк беришпеди. Аларды, баланы ата-энеси менен бирге үйдөн дароо алып барышып эле поездге салып жиберишти. Бейтааныш өлкөгө акчасы, кийими, жашай турган жери жок эле аларды депортация жасап салышты.

Садыковдордун үй-бүлөсү баш калка кыла турган жай табышты. Себеби көптөгөн үйлөр бош калып, адамдардын тагдыры Кыргызстанда эле эмес, бул жакта да кыйрап жаткан эле. Бирок акчалары такыр жок эле, керек болсо тамакка дагы. Бир топ убакытка чейин Отордун энеси уулу үчүн күн караманын чемичкесинен бир ууч болсо да таап берип жатты. Кээде аны да таппай калган күндөр болду. Мындайда кичинекей бала үйдүн жанындагы чочко баккан сарайга чуркап барчу. “Чочколорго күн караманын күнжарасын беришчү. Ошол жакка барып,  чөнтөгүмө алардан толтуруп алып күнү бою чайнап жүрөм. Ушинтип тамактанчумун”, — деп эскерет Отор.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси Улукбек Чиналиев жана Херсон облустук мамлекеттик администрациясынын төрагасынын орунбасары Михаил Мельник Чаплинск районунун Крестовка айылындагы сүргүнгө айдалган кыргыздарга арналып коюлган обелисктин жанында.

Үй-бүлөнү эптеп багуу үчүн, баланын ата-энеси колхозго иштөөгө кетишкен. Ал жакта жашай турган жай жок болгондуктан, талаада эле жашоого туура келди. Ал эми айылда чоң ата, чоң энеси менен калган кичинекей балага алар айына эки жолу гана келип турушчу. Мындай катаал шартка Отордун энеси чыдай албай, тез эле каза болуп калды. Анын аркасынан узак убакыт бою ооруп келген чоң атасынын да көзү өтүп кетти. Ушундан соң, Отордун бир топ жылдардан кийин билгенине караганда, атасын да камакка алышып, атып салышкан. Атасы буудайды кампага ташычу, бир жолу ал ташыган буудайдан болгону бир нече килограмм жетпей калган. Ошол каардуу мезгилде адамды жок кылуу үчүн ушундай болор-болбос шылтоо жетиштүү болчу.

Отор 5 жашка чыкканда бир кездеги чоң үй-бүлөдөн чоң энеси Ханшайн (Канышайым болушу мүмкүн) гана калган.  Чоң энеси карып калгандыктан небересин бага албай калган. Ошондо кичинекей бала чоң энеси тамак ичпесе аны жоготуп алаарын сезип, өзүнө бала бакчадан тийген нанын алып келип бере баштаган. Алардын үйүндө  башка тамак жок эле.

Тилекке каршы, бала баары бир жалгыз калды. Сырт кийим жана бут кийим жок болгондуктан, карыган чоң эне кыштын күнү жылаңайлак жүрүүгө аргасыз болгон. Ал бутун суукка алдырып жибергендиктен, бутту кесүүгө туура келип, чоң энени Киевге жөнөтүп жиберишкен. Кичинекей Отор чоң энесин салып кетишкен машинаны кубалап жетпей кала берген. Ошондон кийин ал чоң энесин көргөн эмес. Баланы бир нече күндөн кийин балдар үйүнө өткөрүп беришкен.

Жашоо Оторду сыноону андан ары уланта берди. Ал согуштун алгач кантип башталганын, бомбалоолорду көрдү. Бир нече жолу өлүмдөн аман калды. 1943-жылы кандайдыр бир жакшы шарттардан улам, ал өз мекенине, Кыргызстанга кайтып келген. Алгач ал бир тааныш кыздын туугандарыныкында жашап жүрдү. Анткени өзүнүн туугандары бар беле, болсо кайдан издөө керек экендигин билген эмес.

Бир жолу ага бейтааныш бир киши басып келип, “Сен кайдан келдиң? Кимдин баласы болосуң? Атаң ким?” деп сурай баштады. Кыязы, өспүрүм баланын кебетеси ага тааныш көрүнгөн окшобойбу. Баланын аты-жөнү Отор Садыков экенин билгенден кийин, аны кучактап көздөрүнөн жаш куюлуп, атасын тааный тургандыгын айткан. Ал адам Отордун атасы менен түрмөдө чогуу болгонун, акыркы жолу аны алып кетишкенден кийин кайра көрбөгөндүгүн айткан. Садык ошондон кийин түрмөгө кайра келген эмес. Атасы кайда көмүлгөндүгүн Отор ушу күнгө чейин билбейт.

Отор Садыковдун башынан өткөн тарыхын толугу менен “Слово Кыргызстана” гезитинен окууга болот. Ал жашы улгайган куракка жетип, жакшы үй-бүлө күттү: үч уул, үч кыздын атасы болуп, 14 небере, 18 чебере көрдү. Бир гана азаптуу бала чагы менен жазыксыз каза болгон адамдар гана ага тынчтык бербей келген. Отор бул кайгылуу тарыхтын барагын ачып, ушул тууралуу маселе көтөргөн адам чыгаар бекен деп күтүп жүргөн. Анткени чоочун жерде аты-жыты белгисиз болуп көмүлгөн адамдардын жаны жай алаар бекен деп ойлоп жүрчү. Мындай адам табылып, ал академик Аскар Какеев болуп чыкты. Ал кулакка тартылып, сүргүнгө айдалып кеткен адамдардын бала-чакасын таап, алардын эскерүүлөрүн чогултуп, изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Андан кийин тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү процедурасын демилгелеп чыгып, ага Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилиги кошулган. Отор Садыков репрессиянын азабын тарткан башка кыргыздардын үй-бүлөлөрү сыяктуу эле бир кездеги мекендештер курман болгон жерлерге эстелик обелиск коюлгандыгын, мусулман көрүстөнүнүн тегерек чети тосулуп жакшы абалга келтирилгендигин билгенден кийин, жаны  жай алды.

“Атам үчүн бул абдан маанилүү, — деди “Слово Кыргызстана” гезитинин редакциясына келген Отордун кызы Назгүл Садыкова. – Ал азыр обелиск орнотулгандыгын билип, куран окуду, ата-энем ошондон кийин гана тынч алышты. Туугандардын атынан Украинадагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчи Улукбек Кожомжарович Чиналиевге, обелиск коюуга катышкан бардык адамдарга терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин мекендештерибиз унутта калбагандыгы эсте каларлык иш”.

Жардам берип, колдогондорго баш ийип таазим кылабыз!

Кыргыз Республикасынын элчилиги эстеликтерди орнотуу боюнча иштерди даярдап жана өткөрүүгө жардам берген, катышкан  бардык адамдарга терең ыраазычылыгын билдирет. Жергиликтүү бийликтин аракетинин аркасы менен обелисктер жакшы абалда кармалып, алардын тегереги көрктөндүрүлүп турат. Виноградово айылындагы көрүстөндүн аймагын курчай тосмолор орнотулган, алардын узундугу 312 метрди түзөт.

Ал эми ООО “Качур” фирмасынын директору Владимир Качурга өзгөчө ыраазычылык билдиребиз, анткени анын фирмасы Виноградово айылындагы мусулман көрүстөнү үчүн тосмолорду жасаган. Ошондой эле Виноградово айылдык кеңешинин депутаты, аны менен бирге токойчу Виктор Михайлович Коваленкого да ыраазыбыз. Виктор Михайловичтин жардамы менен биздин мекендештер көмүлгөн жерлерге 700дөй сосна отургузулган. Эми бул бактар бир кезде жер үстүндөгү бейпил жашоодон ажырап, ушул жердин алдында жаткандарга тынчтык тартуулап шуулдап турса экен…

2014-жылдын 8-октябрында элчиликтин делегациясы Цюрупинск районунун Виноградово айылына келип, айылдык кеңешке оргтехника белек кылды. Сергей Шматенко менен сүргүнгө айдалган кыргыздар көмүлгөн жерди көрктөндүрүү боюнча биргелешип иш  алып баруу боюнча сүйлөшүлдү. Ушул эле жерден элчиликтин көрктөндүрүү иштерине зарыл болгон каражаттарды жыйноо боюнча фонд түзүү чечими кабыл алынды.

Көрүстөндүн аймагына бак отургузуу учурунда. 08.10.2014-ж.

Бул фонд түзүлгөн убактан бери колунан келген жардамдарды берип келе жатат. Өзгөчө кыргыз диаспорасынын өкүлү Тимур Айталы кошкон салымды белгилеп кеткибиз келет, ал фондго 500 доллар өлчөмүндөгү өз каражатын берген. Элчиликтин делегациясы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге Советтер Союзунун Баатыры Александыр Соценко атындагы орто мектептин педагогикалык жамааты менен да жолугушуу өткөрдү. Мектеп абдан жакшы таасир калтырды. Андагы тазалык, тарбия иштери жогорку деңгээлге коюлганы сезилип турат. Элчиликтин өкүлдөрү мектеп мугалимдерин окуучуларды башка улуттар менен ынтымакта жашоого тарбиялап жаткандыгы жана кыргыздар көмүлгөн жайды иреттүү, таза кармап турушкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аларга да оргтехника тапшырышты. Мектеп мугалимдери элчиликтин делегациясы менен бирге барып обелискке гүл коюшту.

Херсон шаарына келгенден кийин облустун губернатору Андрей Путилов менен сүйлөшүүлөр болуп, элчиликтин өкүлдөрү Виноградово жана Крестовка айылдарына барып келгенден кийинки жакшы таасирлери менен бөлүштү.

Өзгөчө белгилей кете турган нерсе, облустук, райондук жана айылдык бийлик өкүлдөрүнүн жардамы жана моралдык колдоосу болбосо, элчилик өз алдынча тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирип, жазыксыз курман болгондордун алдындагы парзды аткаруу мүмкүн эмес эле. Украиналык тарап бул иштердин жүрүшүндө дайыма колдоо көрсөтүп турду. Уюштуруу иштери аягына чыгып калганда да алар жардам бергендерин токтоткон жок. Сүргүнгө  айдалган жазыксыз адамдар көмүлгөн жай, обелиск орнотулган жерлер жыл бою көзөмөлгө алынып, тазаланып турат. Мезгили-мезгили менен ал жерлер сугарылып тургандыктан, соснанын жаш көчөттөрү бир кездеги каралбай калган аймакты көрккө бөлөп, бой тиреп келе жатышат.

Иш, жашоо уланып жаткандыктан, мүрзөнүн тегерегин жашылдандыруу, аны тосуу иштери аяктап калды. Эми болгону тигилгенине эки гана жыл болгон жаш көчөттөрдү көзөмөлдөн чыгарбай көз салып туруу гана калды. Элчиликтин ушул кездеги курамы бул жашыл токойдун келечегин көрүп турат. Бу дүйнөдөн көзү өткөн адамдардын урматы үчүн өстүрүлгөн, бирок аларды эч качан унуттурбай турган жакшы эстелик. Арадан көп жыл өтсө да, бир кезде көзү өтүп кеткен адамдардын жаны жай алышы үчүн жасалган иштерден чоң канагат алгандык сезилип турду…

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.