Бир жолу куу түлкү тоокканага кирип, тоок көтөрүп чыгып келатып боёк куюлган тепшиге түшүп кетет. Мурдунун карасынан бөлөгү бүт башка өңгө кубулган ал эртеси алдынан жолуккан жаныбардын баары анын алдына жүгүнүп таазим эте баштаганын байкап, алгач таңгалат, анан мунун чоо-жайын түшүнүп, ичинен кымыңдайт. Көрсө, өзү түшүп кеткен боёк тибетте ыйык эсептелген бирюза ташынын ачык жашыл өңүндө экен.

Мындан улам ушундай түскө кубулган түлкүнү да башка жаныбарлар ыйык санап жатышыптыр да.

— Мен баардык жан-жаныбарлардын ханышасы Цзасамын! Мен асман императорунун буйругу менен жерге түшүрүлдүм! – деп жарыялайт ал өз буйругун аткарууга даяр турган жаныбарларга.

Ошентип куу түлкү бир заматта бүт айбанаттардын падышасы болду да калды. Жейм дегенин жеп, ичкиси келгенин ичип, каалагандай эркелеп, өзү жер баспай токой-тоо балбаны деген аюуларга жүгүн көтөртүп, пилге минип, айбанаттардын баатыры жолборсторго кайтартып, карышкырларга кызмат кылдырат. Айтор, чыныгы ханышалык өмүр сүрө баштайт.

Бир жолу ал өзүнүн апасын көргүсү келет. Буга өзүнүн кандай даражага көтөрүлгөнүн көрсөтүп, бир мактанып койгусу келгени себеп болот. “Көрсүн кызы кандай экенин! Анын жардамысыз эле ханышалыкка жеттим, — деп ойлогон түлкү:

— Мындан тогуз тоо ашып, тогуз суу кечип барсаң булак боюндагы ийинде менин апам жашайт. Ага менин алдыма келүүсүн буюр, — деп куу түлкү жумшаганга жараша жумшайын деп токойдогу эң чоң жолборсту жиберет.

Ошол замат жолго чыккан жолборс ханыша айткан түлкүнү таап караса, кадимки эле катардагы түлкүлөрдүн бири болуп чыгат. Ханышанын энеси башкача болуш керек деп ойлогон жолборстун дароо эле шеги күчөп, артка кайтып келери менен жаныбарларга муну жарыялайт:

— Биздин ханышабыз асмандан түшпөптүр! Ал арабыздагы эле жөнөкөй түлкү экен! Мен анын энесин көрүп келдим. Алдамчыны кармагыла! Сойгула!

Бирок буга далил керек болчу. Куу түлкү жөнөкөй түлкүдөн деле ханыша тууларын, алардан деле асман ээси башкаруучуну өзү тандаарын далилдөөгө аракеттенет. Чынында анын алдамчылыгы тастыкталбагандыктан, жазалаш кыйын болчу. Жолборстун куу түлкүгө каршы чыгууга эрдиги жеткени менен акылы жетпейт. Ушул учурда куу түлкүнүн боёнуп алганынан шектенип жүргөн ачкүсөн өз акылын айта салды:

— Мен түлкүлөрдүн сууда кыйын сүзөрүн көрүп жүрөм. Дарыяга барып сууга сүзүү боюнча жарыш уюштуралы, эгер ханыша баарынан ашып келсе, тактыда кала берсин. Артта калса, бийликтен кетсин.

Буга баары макул болуп, мелдеш уюштурушту. Катышуучулар сууга секиргенде түлкүнүн айланасындагы суу – жашыл түскө боёлду. Качан гана ал суудан чыкканда кезде кадимки кызыл түлкүгө айланып, шүмүрөйүп ортодо турду.

Баардыгы түшүнүктүү болду.

— Мындай ханыша сөрөйлөргө бизде орун жок! – деп ачууланган картаң пил түлкүнү узун мурдуна ороп туруп күч менен катуу ыргыткан экен, түлкү дарыянын аркы өйүзүндөгү башка падышачылыктын аймагына барып түшүп, качкын падыша кебетесин кийип, туулган жерине экинчи келгис болуптур.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.