Жакыпбек Абдылдаевдин балдар үчүн жазган ырларынан

КЕЧИКПЕЙ БАР КОНОККО Көңүлү шат ыр ырдап, Келе жаткан кыбырап. Ташбакага коёнек Салам айтып бурулат: — Аппак кылып жакасын, Кийип көйнөк тазасын. Айтчы, Таке, таң атпай Кайда бара жатасың? — Тигил көчө тарапта Чакырды эле курдашым, Кечки сыйлуу тамакка. — Анда неге жөнөдүң, Азыр жаңы таң атса? — Жүрсөм сени эстүү деп, Сүйлөтөсүң сөздү көп. Мен жеткиче үйүнө Күн да батып, кеч кирет. ӨТКҮН Булут алыс түртүлүп, Көктө турат күн тийип. Ошол булут күн бетин Жаап калса үңкүйүп, Күн мындайды […]

Мамат РАИМЖАНОВ: Карга (шедевр)

АҢГЕМЕ Кар балбалактап жаап атты. Бири-бирине тийишчүдөй көк тиреген эки зоонун ортосунда, ашуунун тик түбүндөгү кошулушунда, алакандай тектирчедеги бал челектей үйдү кар такыр көөмп салган. Айлана жымжырт. Кулак тунган жымжырттык коргошундай басып, нылдай оор туңгуюк өкүм сүрөт. Тегеректе гана кар астынан сороюп, ар кайсы жерден чачылган темир-тезектин: арматуралардын, калтектелген зымдардын, рельстердин, дагы кандайдыр бир техникалардын чачылган тетиктери — какжыраган сөөктөрдүн үйүлгөн дөбөсүндөй болуп, асканын дүпүйгөн таштарынын арасында кунарсыз көрүнүштү элестетет. Жымжырттык. Өлүү дүйнө өкүм сүрүп, «как» эткен карга, «кук» эткен […]

Азис НЕСИН: Мен – резина союлмун

АҢГЕМЕ Мен – резина союлмун! Мен Америкадан келгем. Мага чейин бул жакка Америкадан демократия, «джип», андан кийин резина союлу, башкача айтканда, мен келгем. Биз, «джип» жана мен, бизге чейин демократия салып, даярдаган жол менен келе жатабыз. Мен – резинка союлмун!  Мен эң алгач америкалыктардын берешендигинен жаралып, силерге американын жардамы менен келгем. Жаңы жерге келгенде бир азга эле буйдалдым, бат эле өлкөнүн ишенимдүү атуулуна айланып, башкарууну өз колума алдым. Кыйынчылыктар ар дайым жана бардык жерде болуп келген. Кыйынчылык чыккан жерге мен […]

Армян адабиятынын классиги Наапет Кучак Азамат Төкөровдун котормосунда

Наапет Кучак – орто кылымдарда жашап өткөн армян акыны. Туулган жылы белгисиз. 1592-жылы өлгөн деген божомолдор бар. Сөз кылышат бизди элдин бардыгы, Сүйүшкөндүн эмне, барбы айыбы? Көралышпайт неге биздин жыргалды, Көңүл сүйсө – анын кайсы жазыгы? Кайда барсак аңдып, бизди сурашат, Артыбыздан ушак менен уулашат. Биз эч кимди өлтүрбөдүк, сүйүштүк, Деги бизден адамдар не каалашат ? *     *     * Мактанат толгон Ай көктөгү Ашык деп көркүмө бүт аалам. А бирок сенден да көркөмдүү, Айды мен жатамын кучактап. Кааласаң көрсөтөм жамалын, […]

Дооронбек САДЫРБАЕВ: Куугунчулар

АҢГЕМЕ Жай күндөрү эле. Отпускелеп, айылда жүргөм. Бир жолу нары тууганчылыгы бар, теңтуштугу андан да калың Абдрасул келип: — Келдибектин кенжеси келинчек алып келатыптыр. Жүр, барып көрүп келели! — деп көнбөгөн оюма койбой ээрчитип алды. 0, бир оокумга дейре Келдибек карыянын эшигинде опур-топур түшкөн элге аралашып жүрдүк, анан шашке маалда Келдибек карыянын үйүнүн тушуна келип токтогон таксиден: Кенжебек менен береги эле өзүбүздүн айылдык Акматаалы майрыктын Ырысбеги тим эле куурчак өңдөнүп опокшош кийинишкен татынакай эки кызды колтуктап түшүрүштү. Ырысбек менен кыздардын […]

Леонид КАГАНОВ: Дүйнө эл жомоктору (сатира)

Чоң эне жана бирдей кийим кийинген жаштар тууралуу, жаштардын элдик жомогу Буратино токой аралап баратып бир алачыкка туш болду. Алачыкта көздөрү бакырайган, мурутчан  кемпир жаткан экен. «Чоң эне, айтыңызчы, көздөрүңүз эмнеге мынчалык чоң?» — деп сурайт андан Буратино. «Сени жакшыраак көрүш үчүн» — дейт анда кемпир. «А эмне үчүн мурутуңузду өстүрүп алгансыз? — дейт Буратино. «Аны менен сенин ишиң болбосун, Кызыл топу!» — деп жооп берет кемпир. «Өзүң топусуң, — Буратино таарына түштү, — бул деген модалуу чий калпак!» Кемпир […]