Наапет Кучак орто кылымдарда жашап өткөн армян акыны. Туулган жылы белгисиз. 1592-жылы өлгөн деген божомолдор бар.

Сөз кылышат бизди элдин бардыгы,
Сүйүшкөндүн эмне, барбы айыбы?
Көралышпайт неге биздин жыргалды,
Көңүл сүйсө – анын кайсы жазыгы?

Кайда барсак аңдып, бизди сурашат,
Артыбыздан ушак менен уулашат.
Биз эч кимди өлтүрбөдүк, сүйүштүк,
Деги бизден адамдар не каалашат ?

*     *     *
Мактанат толгон Ай көктөгү
Ашык деп көркүмө бүт аалам.
А бирок сенден да көркөмдүү,
Айды мен жатамын кучактап.

Кааласаң көрсөтөм жамалын,
Өпкүлө денесин ак сүттөй.
Коркомун каптайт деп караңгы,
Кокустан ал кызды сен сүйсөң.

*     *     *
Мен масмын, шарап ичпедим,
Өрттөнөм, чокко күйбөдүм.
Сүйүүдөн башым айланып,
Жүрөктүн кара күйгөнүн.

Айласыз чыктың чакырсам,
Түбүнө келип айнектин.
Азгырат бышкан кош алмаң,
Ичинен көгүш көйнөктүн.

Алмаңды келди кармагым,
Сен ыйлап айттың: «Токтосоң!
Адамдар көрөт, түндү күт,
Жарабайт күндүз шоктонсоң.»

*     *
Көкүрөгүң деңиздей жаткан чалкып,
Чардак учкан үстүндө ойкуп-кайкып.
Кайык өңдүү термелип толкунуңа,
Чөмүлсөм дейм деңизге денем балкып.

Толкундарың өрт чачып куйкалады,
Таранчыдай талпынтып, ал курутуп.
Көлөкөлөп жатсамчы кирпигиңе,
Даамын татып эзилген алмуруттун.

*      *     *
Сүйөмүн кызыл өрт болуп,
Күн батар кезде булуттай.
Өрттөнсөм көбү күлүштү,
Күйгүзгөн сүйүү, куруп кал!

Билемин балким бул менин,
Төлөмү чыгар күнөөмдүн.
Не жаздым экен Кудайга,
Болгону сени сүйөмүн!

Сүйөмүн, сүйүүм эң ыйык,
Өзгөнү жүрөк каалабайт.
Кай күнөөм үчүн Жараткан,
Мынчалык мени жазалайт?

Наапет Кучактын ырлары орусчадан оодарылды

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.