КЕЧИКПЕЙ БАР КОНОККО
Көңүлү шат ыр ырдап,
Келе жаткан кыбырап.
Ташбакага коёнек
Салам айтып бурулат:

— Аппак кылып жакасын,
Кийип көйнөк тазасын.
Айтчы, Таке, таң атпай
Кайда бара жатасың?

— Тигил көчө тарапта
Чакырды эле курдашым,
Кечки сыйлуу тамакка.
— Анда неге жөнөдүң,
Азыр жаңы таң атса?

— Жүрсөм сени эстүү деп,
Сүйлөтөсүң сөздү көп.
Мен жеткиче үйүнө
Күн да батып, кеч кирет.

ӨТКҮН
Булут алыс түртүлүп,
Көктө турат күн тийип.
Ошол булут күн бетин
Жаап калса үңкүйүп,
Күн мындайды жактырбай:
— Далдоо кылбай кеткин,- дейт.
Кабагыңды бүркөбөй,
Жерге жашың төккүн,- дейт.
Булут “ыйлап” басылган –
Бул учурду “өткүн” дейт.

ТАҢКЫ НУР
Ааламдын бүт жандыгы
Таңды тосот чыгыштан.
Кандай сүйкүм таңкы нур,
Көңүлүңдү жылыткан.

Саламдашып таң менен
Кучактагам, жыттагам.
Көрбөйт такыр таң нурун
Күн чыкканча уктаган.

КАР ТИЛЕГЕН КАРГАЛАР
“Каак” этип каргалар
Кар жааса дейт.
Жер бетинде кара түс
Калбаса дейт.

Кара түстү каргалар
Жаман дейби?
Кар көп жааса агарып
Калам дейби?

ЖАЗ ЖАНА ЧЫЙЫРЧЫК
Кардын суусун жүгүртүп,
Ташты дагы “тирилтип”.
Эмгек сүйгөн дыйканга
Эки жеңин түрүнтүп.
Жаз келиптир жергеме,
Жашыл көйнөк кийинтип.

Мукам ырын куюлтуп,
Жаз келгенин туюнтуп.
Колтукташып жаз менен,
Кошо келди чыйырчык.

Колго тактай, арааны,
Балка, мыкты алалы.
Чыйырчык дос жашасын,
Чыкыйтып үй салалы.

БАКАЛАР
(А.Шибаевдин идеясы боюнча)

Туш тарапка чачырап,
Жамгыр жааса шатырап,
Шаша чуркап баардыгы
Далдаа жерге жашынат.

Жээктеги бакалар
Жаан жааганын сезишти.
Суу болот деп киймибиз
Көлгө чөмүп кетишти.

МЕН ТАРТКАН КҮНДҮН СҮРӨТҮ
Мээрим төгө жылмайтып
Күлүңдөтүп көздөрүн.
Тарттым Күндүн сүрөтүн
Жалындаган көктөгү.

— Каш, кирпиги каякта?
Чачы жок,- деп талашпа.
Эгер тартсам аларды
Куйкаланып калат да.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.