Абибилла ПАЗЫЛОВ: Бешиктен мүрзөгө чейин илимге умтулуу – момун мусулмандардын парзы (3-маек)

1-маек>>>>>>>>> 2-маек>>>>>>>>> – Өткөн жолку маегибизде «молдоке» түшүнүгүнө жакшы басым коюп кеттиңиз эле. Чынында бүгүнкү күндө динятчылардын оң бейнесин канткенде жаратышыбыз керек? Канткенде молдо деген түшүнүк элде жакшы маанайда кабыл алына баштайт деп ойлойсуз? – Молдокелер – аламан журт, аралаш көпчүлүк. Айрымдары алты сабак  арабча билгенине манчыркап жүргөндүр, кээ бирөө эсе “исламдын калканы да, кылычы да өзүбүз” дегенсип батек сакалын сыймыктуу сыласа сылагандыр. Айтор, ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр?! Кандай болгон күндө да аларга атпай жамаат […]

Англис эл жомогу: Аңкоо Питер

Бир кыштакта ак көңүл, илбериңки, күчтүү, бирок аңкоо жигит жашаптыр. Ал эки ондуктан турган энесинин тоокторун араң санап, жыйырма сом карматып, он беш сомдук нанга жиберсе канча сом ашарына акылы жетпей, базарга жиберсе сөзсүз алдатып келчү экен. Эгер ал жалкоо болсо — иштегенге мажбурласа болот эле, жүүнү бош болсо — тамакты көп ичсе күчтөнмөктүр, алеми акылды каяктан алса болот? — Эх апа, — дечү Питер. — Эгер менде анча-мынча эле акыл болгондо сага жеңил болбойт беле! — Ооба Питер, — […]

Лев ТОЛСТОЙ: Ишеним жөнүндө насыйкат

(«Жашоо жолу» аттуу чыгармасынан) 1.Адамга жакшы жашоо үчүн, ал эмнени жасашты жана эмнени жасабашты билиши керек. Ал эми аны билиш үчүн ишеним керек. Ишеним — бул адам деген ким жана ал бул дүйнөдө эмне максат менен жашап жүргөнүн билүү. Мындай ишеним ар бир акыл-эстүү адамда болгон жана боло берет. ЧЫНЫГЫ ИШЕНИМ ЭМНЕДЕ 2.Адамга жакшы жашап өтүш үчүн, жашоо деген эмне жана бул жашоодо эмнени жасаш керек, эмнени жасабаш керектигин түшүнүш керек. Байыртадан, бардык элдерден чыккан акылмандар ушинтип окутуп келишкен. Бардык […]

Маданият – алысты жакын кылат

Кытай окумуштуусунун Кыргызстанга сапары «Чыгыш адабияты жана искусствосу» Басма компаниясынын ачылып иштеп жатканына эки жылга жакындап калды. Мына ушул убакыт ичинде биздин компания кытай адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн 50гө жакын китептерин кыргыз тилине которуп, жарыкка чыгарды. Кытай адабияты дегенде жарытылуу деле билбесибиз анык. Мунун өзүнүн объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Мына ушул кенемтенин ордун толтурган биздин компания болмокчу. Жакында, тактап айтсак, 7-9-сентябрда Бишкек шаарына Кытайдан Пекин педагогикалык университетинин профессору, маданият таануучу, Пекин педагогикалык университетинин маданияттагы инновация жана таратууну изилдөө институтунун директору, […]

Мар БАЙЖИЕВ: Жайсаң-эне жана өлүмдөн сактаган Андрей

АҢГЕМЕ — Кара жылаан көрсөң өлтүр–  деди Жайсаң-эне. Мен муну кезектеги насаат катары кабыл алып, эки көзү алма, өрүк какка толтурулган куржунду, куураган дарактай картаң кемпирди араң көтөрүп бараткан арык аттын түлөгөн куйругун кармап келе бердим. Согуш башталганда колхоздун аттарын фронтко алып кеткен, айылда картаң чобур менен майда-чүйдө кулун-кунандар гана калган. — Өлтурсөң буга салгын–  деп Жайсаң-эне оозу гезиттен оролгон тыгым менен кептелген бир литрлик кара бөтөлкөнү берди. — Ичиндеги эмне? — дедим. — Кашкулактын майы–  деди кемпир.- Сендей балдар […]

Эшек менен карышкыр талашкан акыйкат

ТАМСИЛ Бир күнү эшек менен карышкыр чөптүн түсүн талашып айтышып калышат. Эшек чөптүн түсү сары десе, карышкыр жашыл дейт. Экөө бир топ талашып, чечише албай, акыры аң падышасы арстанга келишет. Сот башталат. Ар кайсысы өз далилдерин көрсөтүп, өз пикирлерин айтышат. Соттун өкүмү чыгар кезде бардыгы калыс чечим күтөт. А арстан болсо, алардын үмүтүн суу сепкендей өчүрүп, карышкырды бир айга абакка жаап, эшекти бошотуп жиберет. Карышкыр таң калып: — Мырзам! Чөптүн түсү жашыл эмес беле? — деп сурайт. Арстан: — Албетте! […]

Александр КУПРИН: Демир-Кая (Чыгыш уламышы)

АҢГЕМЕ Үлп эткен жел жок. Биз бүгүн жээкке жетпей деңизде кала турган болдук окшойт. Жээкке чейин дагы отуз чакырымдай аралык бар. Эки мачталуу кичинекей кемебиз эки капталына чайпалып бир орунда жылбай турат. Мачтада суу болгон парустар шалбырайт. Айланабызды бозоргон туман жылчыксыз каптап, асман да, жылдыздар да, деңиз да көрүнбөйт. От жакпай караңгынын кучагында отурабыз. Кеменин жылаң аяк, кир баскан картаң капитаны Сеид-Аблы өзүнүн жумшак, коңур, ишенимдүү үнү менен бизге болуп өткөн бир эски окуяны баяндап берип отурду. Үнсүз караңгы түн, […]