1-маек>>>>>>>>>

2-маек>>>>>>>>>

– Өткөн жолку маегибизде «молдоке» түшүнүгүнө жакшы басым коюп кеттиңиз эле. Чынында бүгүнкү күндө динятчылардын оң бейнесин канткенде жаратышыбыз керек? Канткенде молдо деген түшүнүк элде жакшы маанайда кабыл алына баштайт деп ойлойсуз?

– Молдокелер – аламан журт, аралаш көпчүлүк. Айрымдары алты сабак  арабча билгенине манчыркап жүргөндүр, кээ бирөө эсе “исламдын калканы да, кылычы да өзүбүз” дегенсип батек сакалын сыймыктуу сыласа сылагандыр. Айтор, ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр?!

Кандай болгон күндө да аларга атпай жамаат жардамга келүүгө тийишпиз. Адабиятта, искусстводо, асыресе, динятчылардын оң бейнесин сүрөттөөнү  коркпой-үркпөй колго алуу абзел.

Совет жылдарында  сахнада, теле-радиодо  эшен-кожону, диний жөрөлгөлөрдү кордогон, шылдыңдаган   шакабалар, интермедиялар жыш эле. А түгүл төкмө акындардын термелеринен, эпостордон динибизди келекелеген  саптарды кезиктирчүүбүз. Ошорекидей  чыгармаларды  илгеркинин жомогун, өлөңүн   тыңдоого куштар  чоң атама, чоң энеме өзгөртпөй так окугандан тартынып, аттап-буттап жүдөгөнүмдү эстегенде ичимден аргасыз күлөм.

Болливуддун көп сандаган фильмдеринде, маселен, дин, мүлдө диндер терең ызаат-урматка бөлөнүп көрсөтүлөт. Элге кеңири сиңген башкы кейипкерлердин ысымдары – Кришна, Радха. Индостандын киносунун айтылуу “жылдыздары” Амитабх Баччан менен Редха “Мате Сарасватиге” сыйынуу ырын созгондо сай-сөөгүң сыздайт эмеспи.

Баягыда таланттуу кинорежиссёр Каран Жохар тарткан “Менин атым Хан” деген көркөм тасма Манхэттендеги эгиз мунара кулагандан кийин Батышта мусулмандарга каршы өөрчүгөн жектөөнүн  демин  басаңдатууга тикелей көмөктөшпөдү белем?! Андагы негизги каармандын “Менин атым Хан, бирок мен террорчу эмесмин” деп кайта-кайта кайталаган кеби  ар бир бейкүнөө мусулмандын ураанына айланган чыгаар. Баса, береги ролду ушу таптагы  Болливуддун ислам ишениминдеги аттын кашкасындай таанымал актёру Шахрукхандын аткарганы да жышаналуу көрүнүш.

– Байкасаңыз, социалдык тармактарда ислам дининин терс жактарын айыптаган пикир айтсаң эле жаалаган топтор пайда боло калат. Ошондон улам диний эксперттердин айтканында чындык үлүшү арбын экенине ынадым. Диний эксперттердин айтымында: соцтармактагы диний кайым айтыштар атайы сырткы күчтөрдүн финансылык колдоосу менен атайы уюшулат экен. Ушунун өзү диний агымдардын иш-аракеттери мамлекет тарабынан тыгыз көзөмөлгө алынбай келатканынан болуп жүрбөсүн?..

— Ислам – далай кылымды карыткан, мезгилдин катаал, талапчыл   сыноосунан тайгылбай  өткөн диний окуу. Ырас, анын жактоочуларынын баарын эле идеалдуу кишилер, кебелбес динаятчылар дегенибиз жарабас. Андыктан исламдын терс жактарын эмес, берегинин алып жүрүүчүлөрүнүн терс жактарын – кемчиликтерин, мүчүлүштүктөрүн, аша чабууларын айыптасак.

Азыр дүйнө жүзүндө исламбы, христианбы, кыскасы, салттуу диндерди түгөл бузуп-жарууга жутунган  секта сыяктуу уюшма  топтор арбыды. Андай үйүң күйгүрлөр адамзаттын тынч, камыр-жумур тиричилик кечиргенин  эгерим көрө албайт. Чыр-чатактан, тирешүүдөн пайда издейт, бизнес жасайт. “Шайтандар” деп коёбуз го, кудум ошолор. Кудай сактасын?! Жаш мамлекетибиз, жарандык коомчулугубуз тигиндей тили ширин таасирлерден калас жашоого, коргонууга жарамдуубу  дегенчелик  санаа чеккен сааттарыма салабат.

– Учурда дин агартуу ишине караганда дин жайылтуу аракеттери абыдан күчөп баратканы кооптондурат. Сиздин оюңузча, дин агартуу аракетин канткенде күчтөндүрө алабыз?

— Диндин жайылганына эмес, жанагы текши жайылган окуунун күч-каркынын өз кызыкчылыгына бурууга ниеттенген карамүртөздөрдөн кооптонууга туура келет. Калкынын дээрлик токсон пайызы исламды тутунган Кыргызстанда дин саясаты, албетте, кылдат жүргүзүлүүгө тийиш.

Ий-е, басма сөздөгү, социалдык тармактардагы диндин учурдагы абалы жана болочогу туурасындагы талкуулар агымдагы  агартуучулук аракеттерге азыноолак салым кошпой койбостур. Некин, булар мага, көбүнесе,  кечээ кырмызы  жагоо, комсомолдук төш белги тагынгандар менен бүгүн шалбар кийип, селде чалынгандардын кызыл кекиртек  кайым айтышууларындай сезилет.

Диний жааттагы нагыз агартуучулук, дегеле агартуучулук жумурай журтка кундуу китеп, нарктуу билим аркылуу жугат. Ириде, ушу тейдеги ишмердүүлүгүбүздү илгерилетмегибиз ийги бейм. Бешиктен мүрзөгө чейин илимге умтулуу – момун мусулмандардын парзы.

– Жер-жерлерде мечит курдуруу максатында финансылык колдоо тапкандар көп, ал эми бала бакча, мектептерди оңоп-түзөө ишине финансы издеген диний фонддор абыдан аз болууда. Мунун себебин эмнеден көрөсүз?

— Эми, шүгүр, мечитке чукак убактар артта. Диний жамгармалардын (фонд) жетекчилери, чет өлкөлүк сүрөөнчүлөр чогуу,  түзүлгөн кырдаалды таразалап түшүнүүгө милдеткер. Заңгыраган мечиттердин аңгырап бош турганы кимге кызык?!

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорттон  демөөрчү катары аянбаган  азаматтарыбыз   деле нар көтөргүс сооп табат. Талашсыз табат.  Алла Тааланын ичи болсо  кенен. Алигидей кадамды, айтмакчы, базар артынан базар, чайкана соңунан чайкана курган уул-кыздарыбыздан да күтөбүз. Нетсе да, ата-мекендик меценаттардын, филантроптордун институту бара-бара түптөлөт түрдөнөт.

 – Дегеле кыргыз кыртышына ислам дөөлөтүн кандай жолдор менен жайылтуу туура болмок?

— Ислам – кыргыз кыртышындагы орун-очоктуу дин. Ата-бабаларыбыздын тандаган жолу, арзуусу. Өмүр көчүнүн узактан узак бир узак сапарында тенирчиликтен аста-аста мусулманчылыкка көчкөнүбүз чын. Азан чакырып, кулагыбызга ысымыбызды угузгандан баштап мусулманбыз. Арылай сүннөт, никелешүү, куран окумай, намазга жыгылмай… Шарыят эрежелерине  байыркы ырым-жырымдарыбыз жалгашып, жуурулушкан мисалдар  да  учурайт.

Мындан ары, буюрса, динибизди чанып, көкүрөккө түртпөшүбүз  жөн. Ансыз деле атеисттик заманда эчен-эчен мечиттерди куп гана талкаладык, ыйык конуштарыбыздагы  динге түз же кыйыр байланыштуу  археологиялык эстеликтерибиздин күлүн көккө сапырып,  жерпайын  кетмендеп көөмп таштадык.

Америкалыктар, жакында билдим, акча бирдигине – долларга кыйын-кыстоо маалда “Биз Кудайга ишенебиз!” деген сүйлөмдү чегелеп чийген турбайбы.  Андан улам  алдыңкы  мамлекет асти зыян тартпады. Арийне, АКШнын миллиондогон жарандарын ашепке динчил дешке тек  ооз барбайт.  Анын сыңарындай, Эр Манастын тукумдары эркин турмушта эпсиз элирбей, Алла Тааланын амирине  айныксыз  баш ийгенибизден жазбасак экен,  “кудай, кесир сүйлөсөм кечир, чектен чыксам  кечир?” деп жакабызды мыкчый кармаганга көнсөк экен?!

– Диний жаатта абыдан калыс пикирди айткан маегиңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.