Бир кыштакта ак көңүл, илбериңки, күчтүү, бирок аңкоо жигит жашаптыр. Ал эки ондуктан турган энесинин тоокторун араң санап, жыйырма сом карматып, он беш сомдук нанга жиберсе канча сом ашарына акылы жетпей, базарга жиберсе сөзсүз алдатып келчү экен.

Эгер ал жалкоо болсо — иштегенге мажбурласа болот эле, жүүнү бош болсо — тамакты көп ичсе күчтөнмөктүр, алеми акылды каяктан алса болот?

— Эх апа, — дечү Питер. — Эгер менде анча-мынча эле акыл болгондо сага жеңил болбойт беле!

— Ооба Питер, — деп улутунчуу энеси. — Акыл жактан Кудай сага айтпаса да сенин жүрөгүң таза, күчүң экөөбүздү бакканга жетет. Андыктан сен көп кайгырба. Андан көрө базарга барып үч топчу сатып кел, күрмөңө кадап берейин. Унутпа, эки эмес, төрт дагы эмес, үчтү!

Бирок Питер баары бир макоолугуна тынчсызданып, энесинен кантип акылдуу болуш тууралуу сурай берди. Тажаган апасы акыры чыдабай кетип мындай деди:

— Мейли эми, сен ошончолук эле акылдуу болгуң келсе, тээтиги дөбөнүн ары жагындагы акылдуу кемпирге барып кел. Аны чындап акылдуу дешет. Сыйкырлуу китептери, ар кандай дары чөптөрү бар имиш. Баарын билсе, анда балким сага дагы жардам берер.

Питер өз жумушун бүтүрүп, апасы айткан дөбөнүн артына жөнөдү. Дөбөнүн чокусуна чыгып нары эңкейгенде эле кемпирдин үйү көрүндү.

Морунан түтүн булап, босогосунда кара мышык жатыптыр.

“Жакшы белги”- деп ойлогон Питер эшикти какты. Бирок эч ким жооп берген жок. Көпкө туруп акыры эшикти түртсө ачык экен, башын салып үй ичине көз жүгүрттү. Очок боюнда ары карап отурган кемпир чоюн казанда кайнаган бирдемени аралаштырып атыптыр. Ал арт жагына карап да койгон жок, бир дагы сөз айтпады. Питер ага болбой үйгө кирип учураша кетти.

— Кутман күнүңүз менен чоң эне! Бүгүнкү күн кандай жакшы болуп турат ээ?..

Кемпир эч кандай жооп кайтарбай, казандагысын аралаштыра берди.

— Балким эртең жамгыр жаар, — сөзүн улантты Питер.

Бирок кемпир лам деп оозун ачпады.

— А балким жаабай калаар, — деп кошумчалады ал андан ары эмне дээрин билбей.

Кемпир казандагысын үзгүлтүксүз аралаштырып, эч нерсе укпагандай отура берди.

— Аба ырайы тууралуу мен баарын айттым, эми иш тууралуу айтсам, — деп Питер эптеп чыгынды. — Мен көрүп турганыңыздай анча-мынча макоомун. Ошон үчүн мага бир аз акыл кошуп бере алар белеңиз? Анткени…

— Акыл? — деп ал биринчи жолу ооз ачып, аралаштырганын токтотуп, алгачкы ирет Питерге карады. — Билсем болобу, сага кандай акыл керек? Эгер генералдыкка же мугалимдикке жеткидей акыл сурасаң менин жардам берерим арсар. Анда айт, сага кандай акыл керек?

— Ээ кадимкидей эле, — деди Питер. — Чоң эмес, кичине эмес, мындай элдикиндей эле.

— Болуптур, — деди кемпир. — Андай акылың болот, бирок алдын ала сен бул дүйнөдө кимди баардыгынан артык сүйсөң ошонун жүрөгүн алып кел. Түшүндүңбү? Анан алып келгениңден кийин сага мен сураганды алып келгениңди билиш үчүн табышмак айтам. Эми бара берсең болот!

Кемпир жооп күтүп отурбастан казанды көтөрүп сыртты карай жөнөдү, андыктан Питерге кеткенден башка арга калбады. Ал дөбөдөн башын салбыраткан бойдон ойго батты. “Бул дүйнөдө баардыгынан артык кимди сүйөм? Оңбогон кемпир кимдин жүрөгүн сурап жатат?”

Питер эч качан минтип терең ойго баткан эмес.

Үйгө келгенде Питер апасына баардыгын төкпөй-чачпай айтып берип, өзүнөн бетер катуу ойго баткан энеси бир кезде мындай деди:

— Менимче, сен бул дүйнөдө баардыгынан чочконун майлуу этин жакшы көрөсүң. Кел, биз карыган чочкобузду сойолу да, этин өзүбүз жеп, жүрөгүн бакшы кемпирге берели.

Ошентип карыган чочкону союшту да, кийинки күнү кечинде Питер анын жүрөгүн алып, дөбөдөгү үйгө келди.

Кемпир очок боюнда чоң китепти окуп отуруптур. Баягысындай эле Питерге баш көтөрүп карап да койгон жок. Питер чочко жүрөгүн үстөл үстүнө койду.

— Мына, сиз сураган. Мен дүйнөдө баардыгынан артык сүйгөн жандын жүрөгү ушу. Жарайбы?

Кемпир ошондо гана китебинен алаксыды.

— Кана, жооп берчи, — деди ал Питерге тигилип. — Эмне буту жок жүгүрө алат?

— Эмне буту жок чуркайт? — деп кемпирдин суроосун кайталап, желкесин кашыган Питер башы ооруп чыккыча ойлонду. Кемпир болсо китебин окуп отура берди.

— Мен… Мен билбейт экенмин, — деди Питер акырында.

— Анда сен мен талап кылганды алып келбепсиң да! — деп Питерди бакшы акырая карады. — Мунуңду ал да жолуңа түш!

Байкуш Питерге чочконун жүрөгүн алып кетүүдөн башка арга калбады. А бирок аны андан да жаман кырсык күтүп туруптур. Үйгө келсе энеси төшөктө жатыптыр. Эч качан оорубаган ал Питерге бир гана сөз айтканга жарады:

— Эми… Эми менин жүрөгүмдү бакшыга алып бар… А-акылдуу болсоң жакшы жашайсың…

Мындан башка сөзгө жарабады энеси, аздан соң анын дем алганы да угулбай калды. Ал энесинин жанында тизелеп күнү бою отура берди.

Энесинин өзүнө кандай мээримдүү мамиле кылганын, кандай камкордукка бөлөгөнүн, колуна тикен киргизип алса өзүнүкүнө киргендей кейигенин, жакасына кир жугузбай, курсагын ачырбай бакканын, айткан акылдарын, жалынгандарын көз алдынан өткөрүп эстеп отурду.

Ал эми апасынын акыркы сөзүн эстегенде ал:

— Жок, мен эч качан андайга барбайм! — деп кыйкырып жиберди. — Апамдын денесине кол салбайм!

Бирок ал андан ары жашашы керек эле. Ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп эртеси энесинин жүрөгүн албастан, анын сөөгүн бүтүн бойдон көтөрүп бакшыга бармай болду. Ошондой кылды. Анткени ага азыр энеси өтүп кеткенден кийин акыл абдан зарыл эле да.

Ал өз жүгү менен кемпирдин үйүнө кирип мындай деди:

— Эми чындап сиз талап кылган нерсени алып келдим. Бул менин энемдин денеси, көөдөнүндө сиз сураган жүрөк бар.

— Сен анда мага айтчы, — деди кемпир ордунан козголуп койбой. — Сары, жаркырайт, бирок алтын эмес?

— Сары, жаркырайт, бирок алтын эмес? — желкесин кашып ойлоно түштү Питер. — Бул… бул…

Бирок Питер өзү бирөө өлтүрөм десе дагы, башын ташка ургуласа да бул табышмакты таба алмак эмес.

— Билбеймин, — деди акыры.

— Минтип жүрсөң сага акыл кирбейт. Кебетеси, сен тубаса кемпай болуп туулган окшойсуң. Бара берсең болот.

Питер бул жолу да бакшыдан кур алакан кайтты. Апасын жашырган соң ал үйүнө кайтып баргысы келген жок. Үйү апасы бар үчүн гана үй болуп жүргөнүн эми араң түшүндү. Ал жол боюна отуруп өңгүрөп ыйлап кирди. Бир кезде бирөөнүн жароокер үнү угулду. Питер баш көтөрө берип маңдайында жылмайып турган татынакай кызды көрдү.

— Сага эмне болду? — деди ал. — Чоң эле бала ушинтип да ыйлайбы?

— Мен макоомун, — деди Питер. — Мага акыл жетишпейт. Акыл сураган апам дагы мени жапжалгыз калтырып өлүп калды. Эми мен кантип жашайм? Ким мени багат, ичинтет, кийинтет, мен үчүн базарга барат? Ким мага мээримдүү сөздөрдү айтат, ыйласам сооротот?Азапка туулган байкуш мен!

— Болду эми, анча кайгырба,- деди кыз. — Сендей маңыроо балдарга камкордук керек. Менин атым – Женни. Каалайсыңбы, мен сени менен барып, сени багайын?

— Анда… Өзүң каршы болбосоң… Ме-мейли. — деп таңгалган Питер мукактанып араң жооп берди. — Бирок сен эртең эле мен кандай макоо экенимди билесиң. Мендей кемпайлар сейрек. Мени Кудай ушундай жараткандан кийин ушундай бойдон калат окшоймун…

— Бул эч нерсе эмес! — деди Женни. — «Акыл канча аз болсо, күч ошончо көбөйөт» деген сөз бар. Мени аялдыкка алгың келеби?

— А сен үй жыйнаганды билесиңби? — деп сурады Питер.

— Албетте!

— Жамаганды, тиккендичи?

— Билбегендечи!

— Жумуртка санаганды. Соода кылганды, акча майдалагандычы?

— Билем, билем!

— Анда эмесе сен мага турмушка чыккың келсе, — деп кубана сүйлөдү Питер. — Мен сени алам!

Ошентип экөө ээрчишип Питердикине келишти. Көп өтпөй экөө үйлөнүү үлпөтүн өткөрүштү.

Питер жашоодо акылдан жолу болбосо дагы аялдан жолу болгонуна көзү жетти. Женни апасынан кем эмес өзүнө камкордук кылбады. Ал баардык үй жумушун мыкты жасагандыктан Питердин үйүнө береке менен жагымдуулук уялады, ыңгайлуулук байырлады.

Питер өзү деле жөн жатып албай көңүлдөнүп иштеп, эркектик милдеттерин аткарууга далбастады. Ага мээсин ооруткан жумуштар менен суроолорду беришпесе эле болду. Жаш жубайлар ошентип бактылуу өмүр сүрүп жатышты.

— Билесиңби, Женни? — деди ошондой ажайып кечтердин биринде Питер. — Мен сени бул дүйнөдөгү баардык кымбат нерселерден алда канча артык сүйөрүмдү чындап түшүндүм.

Бирок ушинтип айтарын айтып алып селейип туруп калды.

— Уксаң, — деп улантты сөзүн ал. — Жанагы мастан кемпир кантип менден сүйгөн адамымдын жүрөгүн талап кылды? Анын айтканын аткаргыча дүйнөдөгү өз атын унуткан маңкурт болгонум жакшы эмеспи.

— Мен ойлоп жатам, — деди Женни.- Ал сени жөн гана ойлонсун деп ошондой тапшырма берсе керек. Эгер ал сени акылдуу кыла алаарына ишенсең, менин жүрөгүмдү алып бар…

— Оозуңа таш! — Питер аялынын сөзүн аягына чыгарбай кыйкырып жиберди. — Айтып жатпаймынбы, андан көрө дүйнөдөгү акыркы акмак болгонум жакшы?

— Сөздү аягына чейин укчу. Сени эч ким мени же башканы өлтүр деп айтпайт. Сен жөн гана мени согуп турган жүрөгүм менен тирүү эле ээрчитип бар.

— Сен муну туура айттың! — сүйүнүп кетти Питер. — Ушул ой башыма эмнеге келбейт? Бакшыга экөөбүз ээрчишип барса баралы. Бирок биринчиден, сен буга жооп берчи: эмне буту жок чуркай алат?

— Суу да! – деди Женни — Оор деле табышмак эмес.

— Суубу? — деп таңгалды макоо. — Чын эле эй! Ушуну кантип билбей калдым? Ал эми сары, жаркырайт, бирок алтын эмес. Бул эмне?

— Күн! — деп жооп берди Женни ойлонбой туруп.- Муну бакчадагы кайсы бала болбосун таба алат.

— Күнбү? — деп кайра сурады Питер макоо. — Ооба, ал сары, жаркырайт бирок алтын эмес. Сенин башың эмне деген баш, Женни! Бүткүл Англия боюнча сенден акылдуу аял жок. Эртерек баралы, балким бакшы кемпир сага татыктуу болушум үчүн мага аз-маз болсо да акыл киргизип калгысы бардыр.

Ошентип алар дөбөгө чыгып келишип, бакшыны үйүнөн чыга берерде кармашты.

— Акыры мен сизге баардыгынан артыкча сүйгөн адамымдын жүрөгүн алып келдим. Ал мына бул кыздын көөдөнүндө согуп жатат. — деди Питер. — Эгер эми сиз мага акыл бере албасаңыз, анда сиз өзүңүз акылман аял эмес, жөн гана алдамчы бирөөсүз!

— Кана, экөөңөр жанаша отурсаңар! — деди кемпир эч нерсе укпагансып.

Алар анын айтканын аткарышканда, кемпир Питерге кайрылды:

— Эми менин табышмагымды ук. Ким бутсуз төрөлүп, алгач эки бут, андан соң эки бут өстүрөт? Бул эмне?

Байкуш Питер канча ойлонсо дагы баары бир эле жооп таба албады. Бир кезде ага Женни шыбырады:

— Көнөкбаш! Баканын көнөк башы…

— Көнөкбаш, — деп Питер барк этти.

— Туура, — деди кемпир. — Эми менсиз деле сенин акылың жетиштүү болуп калыптыр. Сен бир гана аялыңдан кеңешти көбүрөк сура!

Питер кемпирдин кеңешине абдан ыраазы болду да өмүр бою ошондой кылды.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.