ТАМСИЛ

Бир күнү эшек менен карышкыр чөптүн түсүн талашып айтышып калышат. Эшек чөптүн түсү сары десе, карышкыр жашыл дейт. Экөө бир топ талашып, чечише албай, акыры аң падышасы арстанга келишет.

Сот башталат. Ар кайсысы өз далилдерин көрсөтүп, өз пикирлерин айтышат. Соттун өкүмү чыгар кезде бардыгы калыс чечим күтөт. А арстан болсо, алардын үмүтүн суу сепкендей өчүрүп, карышкырды бир айга абакка жаап, эшекти бошотуп жиберет.

Карышкыр таң калып:

— Мырзам! Чөптүн түсү жашыл эмес беле? — деп сурайт.

Арстан:

— Албетте!

— Эмесе меники туура болсо, эмнеге мага каршы өкүм чыгарып, мени абактыга жаптыңыз?

Анда арстан:

— Эшек менен бирге эшек болуп, талашканың үчүн! — деп жооп берген экен.

Тамсилден алган түшүнүк:

«Эч качан маселени толук түшүнбөгөн, билбеген, ары бир жактуу кыңыр адам менен айтышпа! Пайдасы жок ишке убактыңды кетирип, өмүрүңдү бекерге өткөзбө! Гүлдөрдү өстүргөн чагылган эмес, жамгыр экенин унутпа!»

Которгон: Б.Дүйшөбаева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.