Муа эл жомогу: Дельфиндин этин адамдар эмне үчүн жебей калышкан?

Бир аралда чоң энеси менен бирге бир улан жашаптыр. Чоң эне жыпар жыт чыгаруучу кокос майын даярдоонун өзгөчө ыкмасын билип, аны менен небересинин денесин сүргөн күнү анын кереметтүү жытынан улам дельфиндер жээкке жакын сүзүп келишчү экен. Мындан пайдаланган аралдын жашоочулары дельфиндерди оңой эле торго түшүрүп, ошол күнү олжого туйтунчу болуптур. Дагы бир жолу арал тургундары дельфиндердин чоң үйүрү торго чалынганын көрүп, олжолуу болгонуна сүйүнүшүп жатканда, алардын арасындагы кокос майын сыйпанып жыпар жыттанган алиги уланга бир дельфин сүзүп келип мындай деп […]

Сабыр ИПТАРУУЛУ: Кыргыздын байрагы – Кызыл туу

Ак асаба, кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу. Көк асаба, кызыл туу, Көк жаңырган ызы-чуу. («Манастан») Байыртан эле кыргыздын ар бир ханы өз туусун, урук-уруусу өз желегин, кол-кошуну өз асабасын көтөрүп, алар ар кандай: кызыл, ак, көк ж. б. түстө болгон. Манас бабабыздын колуна да ата-бабасынан келе жаткан кызыл туу мурас болуп тийгендиги жөнүндө эпосто бир нече ирет эскертилет: «Ногойдон калган кызыл туу Оболотуп аштады, Тойду Жакып баштады». Убагында айкөл Манас атабыз мына ушул туунун алдына чабылып-чачылган, кырк уруулуу кыргызды жыйнап, Евразия […]

Аман САСПАЕВ: Ыйык сезим

АҢГЕМЕ Ыйык сезим – бул учуна көз жетпеген бийик чоку! Көз алдымда көк тиреген бийик аска турат. Ага карайм да кызыгам, кызыгам да ойлоном: бул дүйнөдө сени көрбөгөн, сага суктанбаган киши аз чыгар чындыгында. Анткени, сага чыгуу тилеги бар кишинин табиятына бүткөн ширин эңсөөлөрү менен жуурулган. Адатта, кишилердин тунук сезимдери бийикке умтулуп, сени маара кылат. Жердин дал өзөгүнөн өнүп чыккансып, асман көгүнө багыт алган укмуштай залкар болсоң да, сенде байыркы адамдардын жылуу жүрөгүнүн жөнөкөй издери жатат… Эки адам батпаган тар […]

О’Генринин чакан аңгемелери

СҮТ ООЗ — Мындан кийин тажрыйбалуу зергерлердин иши менен жакшы тааныш кызматчы ала турган болдум,— деди кечээ хаустондук зергер досуна. Адатта, Жаңы жыл астында иш көп болгондуктан, бул күндөрү айтканды так аткарган, бирок зергердин жумушу менен анча тааныш эмес кызматкерлерди ала беребиз. Мына ошондой элпек, сылык жаш кызматкердин айынан бүгүн мыкты кардарым менден  кол үздү. — А эмне болду? – деп сурады досу. — Бир жума мурда туруктуу кардарым аялы менен келип, ага майрамга карата белек тандашкан. Аялы чоң бриллиант […]

Тегерек үстөл: Памирлик кыргыздарды апийим талкалап атат…

Искендер Ормон: Кереге кеңешке кош келдиңиздер, урматтуу меймандар. Каникул бүтө элек, коё туруңуз дегенге болбой Олжоке шаштырып, демилгелеп, «РухЭш» сайты менен «Кереге» кеңеш «Боордоштор» аттуу тегерек үстөл уюштуруп тургандагыбыз. Күзгү эшигибиз ушуну менен ачылып атат, буюрса. Калган сөздү Олжоке өзү айтсын, сөз тизгини сизде. Олжобай Шакир: Искендер Ормон уулу бул «Кереге» кеңештин төрагасы. Эки жылга жакындап калды, ушундай маселелерге келгенде колдоо көрсөтүшүп, өнөктөш болуп жүрөбүз. Талкуунун жүрүшүндө козголгон маселелер тегерек үстөлдө эле калып калбай, бийликтин инстанцияларына да жетсе дейбиз. Мени […]