Коомго батпай жүргөн трансгендерлер Кыргызстанда да бар

Балаңыз же башка жакыныңыз трансгендер экенин кабыл алып, аны түшүнүп мамиле кылууга даярсызбы? Башына ушундай иш түшкөн ата өз башынан өткөндөрүн баяндап, кандай болгон күндө да, адам караңгылык менен эч ким кулак салбаган ачуу жымжырттыкта жалгыз калбашы керек деп эскертет. Баарыбызды жараткан күч адам расасына карап тандаган эмес. Адам ынды кара болобу же ак түстүүбү, анын баары Жараткандын эркинде. Ошол сыңары трансгендер чөйрөсүндөгү адамдар деле Жараткандын амири менен жарык дүйнөгө келерин медицина илими эбак аныктаса да, бирок диний түшүнүктөгү чектөөлөр […]

Нивхи эл жомогу: Эки кыйындын мелдеши

Эки кыйын киши жашаптыр. Алардын кыйындыгы акыл эмес, күчтүүлүгү, эр жүрөктүүлүгүндө экен. Булар бири-бирине өз эрдиктерин айтып мактанып, көп атаандашып, ага жараша көп урушчу болуптур. Бир күнү алардын бирөөсү экинчисине мындай деди: — Андай кыйын экенсиң, элдин баарын коркуткан желмогуз жашаган токойго барып түнөп келели, ошондо билинет кимибиздин эр жүрөк экенибиз! — Жарайт! – экинчиси ойлонбостон макул болуп, ошол эле күнү кеч кире түнт токойго жөнөп кетишти. Алар жандарына эч кандай курал албай, жалгыз гана эки кулачка жеткидей жип алышты. […]

Азис НЕСИН: Кофе жана демократия (шедевр)

АҢГЕМЕ Биздин өлкөдө эки нерсе жетишсиз: ал кофе жана демократия. Бул экөө тең бизге чет өлкөдөн келет. Биз өз жерибизде кофени өндүрө алган жокпуз. Ага биздин жаратылыш шартыбыз  туура келбейт окшойт. Ал эми демократияга келсек… Чынында, анын бизде гүлдөп өсүшү үчүн күчүбүздү аяган жокпуз. Тарыхка кайрылсак, анын уругун алып келип сепкенибизге жүз жыл болуптур. Жүз жыл!!! – О кудай! Биздин демократия тамыр алып, бүр ача баштады. – Биздин жаш демократиябыз… – Демократиянын бүчүрлөрү… – кубанычыбыз коюн-кончубузга батпай, тынымсыз ахалап, охолоп […]

Эмиль СУЛТАНАЛИЕВ: Как Кыргызстан стал полем битвы Эрдогана против Гюлена в сфере образования

Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган договорился об открытии сети школ «Маариф» в Кыргызстане — это часть его борьбы против идеологического противника, проповедника Фетхуллаха Гюлена, с которым была связана сеть турецких лицеев «Себат» в Кыргызстане. Эрдоган прибыл в Кыргызстан 1 сентября и сразу обозначил свою повестку во время визита — борьба против сторонников гюленовского движения «Хизмет» в Кыргызстане. В своей речи на встрече с кыргызским президентом Сооронбаем Жээнбековым он заявил, что не хочет, чтобы «Кыргызстан пережил события 15 июля». Под этим […]

Мурза ГАПАРОВ: Аялдардын деңизи

АҢГЕМЕ Жолон Мамытовдун арбагына арнаймын. Она пришла залитъ водой мой огонъ, Когда мой прах развеялся по ветру. (Ахмад Мирза Нийази ) Саратандын айлуу түнүндө аягы суюк аялдардын аралынан алты аял качып чыгышты. Алтоо бир кайыкка тыгылып отурушуп, шашып-бушуп жанталпезге түшүп, деңиздин алыскы жээгин көздөй сүзүп жөнөштү. Арадан жарым саат өтүп-өтпөй алдыларынан жыныс оорусу менен ооруган аялдардын аралы көрүндү, кийин жин тийген аялдардын аралын жандап өтүштү, гулгуна оорусу менен күн кечирген аялдардын аралын, кылмыш кылып кесилген аялдардын аралын аралап артка калтырышты. […]

Василий ШУКШИН: Көөдөк

АҢГЕМЕ Костя Жигунов крайдын борборуна командировкага барып, жердеши Сашка Ковалевдукуна кирип калды. Сашка курулушта иштечү. Жатаканадагы эки кишилик бөлмөдө жашачу… Сашка меймандын келишине аябай кубанды. Үчөө аркы-беркиден кеп салышты, айлык акы жөнүндө сөз болду. — Орто эсеп менен канча болот? — деп сурады Костя. — Ашып кетсе жүз элүү… Андан көп беришпейт. — Койгула, туугандар!.. Уятыңар барбы деги. Мен техникумду бүттүм, гараждын башчысы болуп иштейм, ошондо да айлыгым силердикинен аз. — Салыштырдың! — дешти куруучулар. — Шаар деген шаар. — […]