Балаңыз же башка жакыныңыз трансгендер экенин кабыл алып, аны түшүнүп мамиле кылууга даярсызбы? Башына ушундай иш түшкөн ата өз башынан өткөндөрүн баяндап, кандай болгон күндө да, адам караңгылык менен эч ким кулак салбаган ачуу жымжырттыкта жалгыз калбашы керек деп эскертет.

Баарыбызды жараткан күч адам расасына карап тандаган эмес. Адам ынды кара болобу же ак түстүүбү, анын баары Жараткандын эркинде. Ошол сыңары трансгендер чөйрөсүндөгү адамдар деле Жараткандын амири менен жарык дүйнөгө келерин медицина илими эбак аныктаса да, бирок диний түшүнүктөгү чектөөлөр менен бирге катардагы карапайым адамдар арасында жеткиликтүү маалыматтар жок.

Ошондон улам өз жанын өзү кыйган, б.а. суицид себептери эмнеден чыкканы туурасында анализдик изилдөөлөргө керектүү тема болгондуктан, бул актуалдуу көйгөйдү «Азаттык» аркылуу коомчулукка жеткирүүнү эп көрдүк…

Эң өкүнүчтүүсү: трансгендерлик көйгөй тууралуу Кыргызстандын бүгүнкү медицина чөйрөсүндө эмгектенгендер деле кеңири түшүнүк ала электиги төмөн жактагы баяндан дайын болот. Арийне, соңку жылдарда трансгендер чөйрөсү жөнүндө үзүл-кесил маалыматтар Кыргызстанда да жайыла баштады. Ошондон улам атайын адистердин көмөгү менен даярдалган бул материал мүмкүн өз жанын өзү кыюуга баргандар үчүн кырсыктын алдын алууга көмөк болот деген ишенимдебиз.

Максат: баламдын башкача экенин байкабаптырмын

– Баламдын өмүрүнө башкалар кол салып же өзүмдүн айланамда жагымсыз окуялар болуп кетпесин деп кооптоном. Ошон үчүн аты-жөнүмдү шарттуу түрдө Максат Кайратов деп жазышыңызды суранам. Анткени азырынча эң жакын туугандарым арасында деле бул кепти ооздон чыгара элекмин. Тек гана коомчулук арасында трансгендер түшүнүгү калыптана электигинен улам, биз элден корунган үй-бүлө болуп калдык…

Башында төрөтканадан кыз деп төрөлүп, кийин жынысы деген жерге да кыз деп жазылган баламдын тагдыры мындай болуп калары үч уктасам түшүмө кирген эмес. Кызым он эки жашында келинчегим оорудан каза болуп калды, ошондон тарта өзгөрө баштады. Албетте, мурда апасы тирүү кезде деле баламдын кулк-мүнөзүндөгү өзгөрүүлөр байкалчу. Маселен ал там-туң басып, эс тарта баштаганда эле эмнегедир жүрүм-туруму эркек балдардыкындай болчу. Короодо темир-тесек менен ойноп, көчөдө жалаң эркек балдар менен ойночу. Мушташчу. Кийин колуктум каза болгондон кийин кескин өзгөрүп кетти. Мен мунун баарын апасынан айрылгандагы психологиялык жабырлоодон көрүп келдим.

Бир күнү чыкты, «ата, чачымды кыркайынчы» деп. Макул болдум. Себеби аны күнүгө эртең менен мектепке жөнөтөрдө чачын апасындай болуп тарап-сылап, бантик байлап берүүдө мен дагы, ал дагы жүдөп жүргөнбүз. Мүмкүн кызым мени аяган үчүн эле чачын кырктырып алгысы келгендир дедим. Анда ал 7-класска келип калган. Кийин 8-класста окуп жүргөндөн баштап, мектепке баргандан заарканчу болду, бирок себебин айтпайт. Мугалимдерине барып жөн жайын териштирсем, эч себеби деле жок, бирок үйгө келсем эле кызымдын кабак-кашы ачылбай, таптакыр чүнчүп кетти. Айлам куруганда балдар психологуна алпарып жүрдүм. Психолог деле жарытылуу жардам кыла алган жок.

Ошентип жүрүп кызым 9-класска чейин моюндан байланган иттей болуп, мектепке араңдар-зорго барып жүрдү да, бара-бара аны мектепке бар деп мажбурлоо оорлоду. Бир күнү ал мага таптакыр мектепке барбай турганын айтып, ботодой боздоп ыйлады. Жанында туруп чыдай албадым. Же себептерин айтпайт. Мүмкүн мектептеги бейбаш кыздар арасында коркутуп-үркүтүүлөр барбы дейин десем, баары жайында…

Өспүрүм үйдө жалгыз камалганда…

Акыры, кызымдын мектепти токтотуу тууралуу чечимине аргасыз макул болдум. Бирок ал мектебинде эң жакшы окугандардан эле. Ичим ачышып калды. Кыз баланын билим албай калган тагдыры жанымды жай койбоду. Бирок ал өз алдынча билим алууга жан үрөп, үйдөн түрдүү адабияттарды окуган эрмек таап алды. Мен да ага өзүнчө компьютер сатып берип, системалуу билим алуусуна бардык шартын түзүп бердим. Үйгө Интернетти кеңири колдонуу мүмкүнчүлүгүн түздүм. Бирок балам эч жакка чыкпайт десең. Өзүн өзү үй камагына отургузуп койду.

«Курбуларыңа бар, туугандардыкына барып кел» десем да сөзгө көнбөй көгөргөнү көгөргөн. Же бир жакка ээрчитип барууга көндүрө албас болдум. Кээде гана театрга барганы болбосо, коомго аралашканы азайды. Ошентип бир-эки жыл үй күчүк болду. Кабагы ачылбайт. Айлам куруду. Бир күнү чыкты, өзүнчө квартирага жашайынчы деп. Анда-санда шаар аралап келчү болду. Бирок анын квартирага өзүнчө жашайм дегенине караманча көнгөнүм жок. Себеби үйүм кенен, баламдын өзүнчө бөлмөсү деле бар. Эмне себептен өзүнчө жашоону каалаганын түшүнбөй жүрдүм.

Анан акыры балам экөөбүз чечилип сүйлөшүүгө туура келди. Анын да чоң себеби бар, баягы үйдөн чыкпай жүргөн кызым түн ортосунда келе баштады. Бир-эки жолу оозунан ичкилик жыттанып келгенин байкап, тынчым кетти. Балама какшай баштадым, бузулуп кеткен чөйрөдөн алыс бол деп. Бир күнү мас абалында келди, үйдө муну катуу сөз кылдык. Кичүү балам болуп үчөөбүз отурдук, кызымды суракка алып баштаганда эле, «Ата, мен кыз эмесмин!» десе болобу. «Сени бирөө-жарым зордуктадыбы? Мынча болду айт!» деп кыстай баштадым. «Жок, эч ким мени зордуктаган жок, менин денем өлүү дене…» – муну укканда эмнени түшүнөт адам?!

«Жакшылап айтчы, бул эмне дегениң?!» — дедим чебелектеп. «Ата, эгер менин эмне айтканымды түшүнгүң келсе, эртең психотерепевтке мени менен чогуу барууга макулсузбу?» дебеспи. Эмне дейт элем. Жиндиканага ээрчишип бардык. Өмүрүмдө психотерепевтке барам деген эч оюм жок эле…

Барсак, улгайып калган курактагы орус аял экен. Аны менен көпкө отуруп, баарын ачык сүйлөштүк. Ошондо гана түшүндүм – трансгендер проблемасы бизде союз кезинде деле болуп келгенин. Тек гана Совет доору жабык режимдеги өлкө болгондуктан, мындай маселелер ачыкка чыкпай келиптир. Ал эми Батыш өлкөлөрдүндө трансгендер чөйрөсүндөгүлөр эмнеге нааразычылык акцияларына чыгып, өз укуктарын коомчулукка ачык билдирет деп жүрсөк, көрсө трансгендер проблемасы адам баласы жаралган күндөн эле бар турбайбы.

Эски заманда негрлерди ак расадагы элдер жек көрүп, кодулап келгендей эле, трансгендер тагдырына кабылган адамдарга болгон мамиле деле ошондой экен бүгүнкү заманда. Тажрыйбалуу психотерепевт менен жолугушкандан кийин гана баламды толук түшүнүүгө мүмкүн болду. Ошондон кийин гана балам менен баарын ачык сүйлөшүүгө өттүк.

Түшүнүү, кабыл алуу — баарынан оор

Көрсө, ал кургурум деле өзү менен өзү күрөшүп келиптир. «Мүмкүн муну өткөөл курактагы проблемадыр деп ойлодум, ата. Бирок андай эмес экенин билгенден кийин сиздин көңүлүңүздү биротоло оорутуп, сиз мени жек көрсүн үчүн кээде жүрөгүңүздү оорутканга канча аракет кылдым?! Мен үйдөн биротоло кетип калыш үчүн көңүлүңүздү калтыргандын жолун көп издедим. Далай жолу өз жанымды кыйгым келди, бирок апам өлгөндөн кийинки жоготуу сиз үчүн кандай оор болгонун эстеп, өзүмдү аргасыз токтотуп келдим…

Эгер мен өз жанымды кыйып өлсөм, сизге баарынан оор болорун сездим. Эгер сиз менин күйүтүмө чыдабай өлүп калсаңыз, кенедей бөбөгүм кимдин колунда каларын ойлогон үчүн гана далай жолу өз жанымды кыйуудан баш тарттым», — деген кебин уккандан кийин, баламдын тээ кенедей кезинен берки жүрүм-турумуна ошондо гана анализ кылып түшүндүм.

Көрсө бул балекет адам баласында өтө сейрек көрүнүш болгондуктан, буга баарыбыз түшүнбөйт экенбиз. Жаратылыш мыйзамын билбей туруп, биз муну жаштар арасындагы обу жоктук деп карайт экенбиз. Мен сизге өз тагдырымда болуп өткөн эң оор сыноонун чекесин гана айтып отурам…

Уулкан Итикулова

Каарманыбыздын айткандарын ушул жерден үзө туруп, өспүрүмдөр менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп келаткан республикадагы Психикалык саламаттык борборунун адиси, врач-психиатр Уулкан Итикулованын айткандарына көңүл төшөйлү. Соңку кездери коомчулукта жаштар арасында трансгендер тагдырына кабылгандарды айрымдар Батыш маданиятынан келген моданын таасири же болбосо идеологиялык үгүтү деген божомолдорду жокко чыгарган Уулкан Итикулова буларды баса белгиледи:

– Биздин коомдо трансгендер түшүнүгү кеңири тарай электигинен улам, бул маселеге терс көз караш менен карагандар четтен табылат. Муну жаштар арасындагы Батыштан келген бир обу жок моданын таасири катары санагандар да жок эмес. Ушунун өзү чоң адашуу. Трансгендерликке тушуккан адамдар бүтүндөй Жер шарында атамзамандан бери болуп келген жана боло берет. Бул көрүнүш бүгүнкү күндүн эле көйгөйү эмес. Буга 20-кылымдын соңунан баштап гана медицина илиминде олуттуу көңүл бурула баштаган. Себептерин изилдешкен. Көрсө, бул феномен кайсы бир улутка, мамлекетке же байга, же кедейге гана мүнөздүү көрүнүш эмес экен. Тилекке каршы, жалпы адамзаттын көйгөйү экени аныкталып чыга келди.

Аныгында, трансгендерлик – адамдын өздүк жынысына төп келбеген түшүнүк. Ал адам төрөлгөндөгү каттоого алынгандагы ургаачы же эркек деп жазылганына көз каранды эмес. Муну биологиялык түшүнүктөр менен да карабашыбыз керек. Ал эмес генетикалык мүчүлүштүк дегенге да болбойт. Муну психиатриялык рубрикада караганыбыз туура.

Учурда КМШ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да так ушул маселе боюнча атайы иштер жүрүүдө. Биз азыр GSM-4 чарасын колдонуу деңгээлинде турабыз. GSM-4 – бул психикалык жабыркоо дегенди билдирбейт, аныгында гендерлик иденттүүлүк дегенибиз туура. Бирок биз бул жерде психиатриялык рубрика жөнүндө сөз кылганда кээси ойлошу мүмкүн, бул – психикалык жабыркоо, демек андай адамды коомдон бөлүп, дарылоого алуу керек деген туура эмес, мындай түшүнүктөргө жол да бербешибиз керек. Бул – адамдын кадыресе, жөнөкөй гана абалы. Мындай адамдар эч кандай дарылоо жолуна муктаж эмес. Бирок кайсы бир деңгээлде коомдук колдоолорго муктаж. Себеби бул адамды депрессия, тынчсыздануу абалына кептеген эң оор абал.

Андыктан бул адамдарга медикаментоздук дарылоо жолу менен гана көмөк көрсөтүүбүз абзел. Биринчи кезекте ошол трансгендерлик пенделер өздөрүнүн эң жакын чөйрөсүндөгүлөрдүн психологиялык-моралдык колдоосуна муктаж. Демек, ошол трангендерлерди шылдыңдагандан, келекелөөдөн алыс болушубуз керек. «Сен андайсың, сен мындайсың» деп кемсинтип, чүнчүтүүнүн ордуна, анын абалын биринчи кезекте ата-энеси, биртуугандары, айтор, эң жакын адамдары түшүнүү менен кабыл алып, кайра ага психикалык-моралдык жактан көмөк көрсөтүүсү маанилүү. Себеби бул трансгендер феномени – адам тагдырындагы эң оор сыноо. Мындай сыноону ар бир адам көтөрө албайт.

Бул жерде жаратылыштагы кемчилик катары карап: күйөөсү аялын же аялы күйөөсүн күнөөлөбөшү керек. Үй-бүлөдө бул проблеманын себебин териштирип кереги жок. Ата-энелер «биз кетирген жаңылыштыктан улам балабыз ушинтип калды» деп өздөрүн өздөрү күнөөлөгөнү да туура эмес. Ошол эле учурда трансгендерлик тагдырга тушуккан баланы же кызды күнөөлөп болбойт. Бул тирүү жандар кетирген кемчиликтен келип чыккан көйгөй эмес…

Соңку учурда социалдык тармактарда айрым бейөкмөт уюмдардын жактоосу да Батыш өлкөлөрүнүн финансылык колдоолору күч болгон үчүн трансгендер чөйрөсүндөгүлөрдү ачык колдоого алууда деген түшүнүктөр айрым учурда медицина кызматкерлеринин дарегине айтылып келет.

Гүлнара Абдиева

Трансгендер категориясындагы өспүрүмдөр менен тыгыз иштешип келаткан Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы республикалык балдардын психотерапия бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлнара Абдиевадан мындайча жооп алдык:

– Бул эч кандай финансылык колдоодон улам бүгүнкү күндүн жайылып бараткан көйгөйү эмес. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлиги да Кыргызстандагы трансгендер коомунун башын бириктирип жүргөн «Лабрис» уюмунун аракеттери менен биргеликте иш жүргүзүп келатат. Медицина илиминде аныкталгандай: транссексуализм – бул эч кандай оору эмес. Эгер адамдын тынчсыздануусу, депрессиялык же неврологиялык ал-абалы оор болбосо аны дарылап кереги жок. Адам төрөлгөндө кандай мүчүлүштүк менен жарыкка келсе, мамлекеттик Саламаттык сактоо министрлиги ага сөзсүз түрдө жардам берүүгө милдеттүү. Трансгендер өкүлү деле башка адамдар сыяктуу бардык укукка, эркиндикке ээ. Алар да башка адамдардан эч айырмасы жок камкордукка алынууга тийиш.

Коомчулук алардын эркиндигин чектебеши керек. Аларды кодулап, четке кагып, кандайдыр бир жарлыктар менен басынтууга жол берүү туура эмес. Тескерисинче, аларды колдоодо өзгөчө адис врачтар аяр болууга тийиш. Ак халатчандарга кайрылган болсо, алар трансгендер өкүлдөрүнө өзгөчө мамиле кылгандын ордуна, тескерисинче, муну галлюцинация же акылдан ажыроо катары карап, трансгендер өкүлдөрүн психиатрга жолдогон фактылар бизде көп болуп келген. Тескерисинче, психикалык жактан сопсоо адамдарга врачтар туура эмес жолдомо берүүдөн сак болууга тийиш.

Тек гана жаратылышта чанда кезигүүчү трансгендер болуп төрөлгөн балдар бара-бара чоңоюп, эс тарткан сайын алар өз тулкусундагы жынысты тааныгылары келбейт. Өздөрүн башкалардын арасында ыңгайсыз сезип жабыркашат. Коомдук жайлардагы туалеттерге киргенден корунушат.

Эгер башында кыз болуп төрөлгөн болсо, кийин ал эркек болгусу келет же тескерисинче, башында эркек болуп төрөлгөндөр, кийин кыз болуп төрөлүүнү каалагандарды жалпы коомчулук да, ошол трансгендер болуп жаралып калгандыгы үчүн күнөөлөп же жек көргөнгө биздин укугубуз жок. Себеби аны кудай ошондой кылып жаратса, ал бечаралар деле эмне кыла алышат? Анткени баарыбыз жараткандын алдында алсызбыз.

Бул пикирге улай трансгендер өкүлү Темир Кубаталиев өз башынан кечирген тагдыры аркылуу мындайча баяндап берди.

– Мен кичинемден эле юбка кийгенди жек көрчүмүн, бирок апам ага болбой мени юбка кийүүгө көп мажбурлады. Аргасыз кийчүмүн, бирок мектепте белгиленген майрам күндөрдө гана, калган күндөрү апам кайра кийгизип салбасын деп эч ким таба албаган жактарга жашырып салчумун. Бир-эки жолу лезвия менен тигишинен да ажыратып салып, апамдан катуу тил уккамын. Анан дайыма эртең менен ойгонуп, көзүмдү ачсам эле эркек бала болуп калсам деп эңсечүмүн. Анткени түшүмдө дайыма эркек бала экениме кубанып, ойгонгондо да ошол бойдон эркек бала болуп ойгонгум келчү.

Кийин үйдөн качып кетип жүрдүм. Өзүмдүн досторума жолуктум, ошолор аркылуу трансгендер чөйрөсүнө аралашып, кенедей кезимден берки өз ишенимимди таптым. Мен азыр мурдагыдай кыйналбайм, эми мен өзүм сыяктуу кыйналгандарга канткенде жардам берүү керектигин ойлонуп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантып келем. Анткени суицидге кабылгандардын көбү мен сыяктуу кыйынчылыкка тушугуп, айланасындагы эң жакын адамдары туура эмес түшүнгөндөн улам ар кандай шылдыңдарга ызаланып жүрүп өз жанын кыйганын билем. Мисалы менин бир досум кийин өз жанын кыюуга аргасыз болду.

Анткени башкаларды айтпайын, өзүнүн энесине сырын айтып коюп, ошол өз апасы кийин кызын бир кишиге атайын зордуктатып, боюна бүтүрүп салганы үчүн досум асынып өлгөн. Мындан башка талкаланган тагдырлар канча? Себеби бизди коомдо түшүнгөндөр абдан аз…

Уландысы>>>>>>>>>>

Даярдаган Сагынбек Жумашев

«Азаттык»

Эскертүү: бул материал боюнча төмөндөгү комментарийлерге кирип өз пикириңизди калтырууда бирөөнү келекелеген же басмырлагандан алыс болуңуз. Эрежени сактабаган окурмандардын пикири жарыяланбайт!

4 Replies to “Коомго батпай жүргөн трансгендерлер Кыргызстанда да бар”

  1. Аллага жакпаган тири шумдук бул! Аста фуралла дейли. Шайтан булар, шайтан

  2. Бул деген ошибка природы. Адашкан жаштардын көбөйүп баратканы десе болот.

  3. Мен эми гана ушул проблемага түшүнүп баштагансыдым. Чынында илгери деле кыргызда кыз теке деген түшүнүктөр болгон да. Менимче, Жаңыл мырза деле эркек болгусу келген деп ойлоймун…

  4. Мындай шумдуктар союз кезинде да болуп келгени чын. Болгону ал кезде баары жашыруун болуп келген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.