АҢГЕМЕ

Костя Жигунов крайдын борборуна командировкага барып, жердеши Сашка Ковалевдукуна кирип калды.

Сашка курулушта иштечү. Жатаканадагы эки кишилик бөлмөдө жашачу… Сашка меймандын келишине аябай кубанды.

Үчөө аркы-беркиден кеп салышты, айлык акы жөнүндө сөз болду.

— Орто эсеп менен канча болот? — деп сурады Костя.

— Ашып кетсе жүз элүү… Андан көп беришпейт.

— Койгула, туугандар!.. Уятыңар барбы деги. Мен техникумду бүттүм, гараждын башчысы болуп иштейм, ошондо да айлыгым силердикинен аз.

— Салыштырдың! — дешти куруучулар.

— Шаар деген шаар.

— Биздикилер кандай жатышат. Сашка сурап калды.

— Көптөн бери көрө элекмин… Карындашыңы эки курдай көрдүм. Алынча турушат окшойт. Отпускага келесиңби?

— Билбейм. Жүр сайрандап келели.

— Анысы кандай?

— Кандай болмок эле?.. Менин тааныш кызым бар, ага айтсак курбусун ээрчите келет. Эптеп күндү кечкиртиш керек да. Кеттик.

Костя беш жыл илгери үйлөнгөн, ошондон бери аялынын көзүнө чөп салып көрө элек, ал жөнүндө оюна да келген эмес. Ылайыктуу шарт да болгон жок.

— Хм…

— Эмне? Кеттикпи?

— Жок, мен жөн эле… Кеттик.

Жөнөштү. Жапжакын экен. Бөлмөлөрү эки адамга ылайыкталган жатакана. «Турмуш болбосоң коё кал деп ойлонду Костя. — Алыс барып да убара болбойсуң».

Сашканын жолдошу башка бир жакка кетип, Сашка менен Костя дермантин капталган каалганы такылдатышты.

— Каалганы жылчык койбой каптап салышып — темирди койгулай берип, колдон кол калбас болду,— Сашка нааразылыгын билгизди. — Каалганы каптадыңбы — коңгуроосун кошо өткөз! Мен ошондой деп түшүнөм. Жок, коңгуроого акча коротуп кереги эмне. Келген кишилер манжаларын канжалатып жүрө берсин.

— Келсе эле көйрөңдөр келишет да…

— Ыя?

— Кишилер эмес, көөдөктөр.

— Булардыкына көөдөктөр эле келишпейт.— Сашка жана такылдатты.

Үйдөн жооп жок.

— Балким, үйүндө жоктур.

— Үйүндө. Жылаңач жүрүшөт.— Сашка каалгага кагылган темирди дагы каккылады. Кабагын чытыды.

— Ким? — Үйдөн чыйылдаган үн угулду.

— Би-из! — аны туурап, Сашка да чыйылдап жооп кайтарды.

— Азыр!

— Айттым го, жылаңач жүрүшөт деп.

— Эмне үчүн жылаңачтанып алышкан?

— Жумуштан келишти… Кийим алмаштырып, жуунуп жатышат.

— Булар да курулушта иштешеби?

— Ооба.

— Бейубак келип алдык ко дейм?

— Баары жайында. — Сашка жооткото сүйлөдү. Кыйкырып койду: — Качан бүтөсүңөр?

Каалганын илгичи ачылып, көөдөктөр үйгө киришти. Бөлөк үйдүн босогосун аттаганда эле Костянын жүрөгү туйлап чыкты.

— Нинон? — Сашка таңдана калды — келип калдыңбы?

Нинон — узун бойлуу, кара каштуу, көкүрөктүү кыз. Костянын тынчын алган дал ошонусу.

Бөлмөдө эки кыз — Нина жана Валя жашашчу. Костянын ою башкада: Нинанын келиши Сашка үчүн жаңылык болгон соң, демек анын жактырган кызы Валя экен да. Валя да сүйкүмдүү кыз, бирок Нинон… Костя кара каштууга алдыртан көз кыйыгын таштап, тагдыр дегениң бекерден бекер эле суйкайган сулууну тартуулап саларына ишенгиси келбей калды. Бирок антиши да ыктымал: Сашка көз кысып, Нинаны көргөзүп койду.

Сашка болсо тили-тилине тийбей, кургак чечен болуп чыга келди.

— Нина, кандай дем алдың?

— Сонун, Саша. Эң сонун. — Нина «О» тамгасына бир аз басым жасап, сөздөрдү созо таштап, айткан-дегени дегеле укмуштуу чыгып жатты. — Сууга түштүм… Ох, кандай жакшы!

— Кайдан эле жакшы болсун? Зериккендирсиң?

— Мага эмне керек, кудай тобо? Кино көрдүм, үч жолу бийге бардым — көңүл чаппайт. Короодон эле чыккан жокмун. Жер-жемиш тергени бардым.

Костя кыздын сөзүн угуп жатты. Оюна койсо уга эле бермек, уга эле бермек — түк жадамак эмес. «Кайдагы эле шайтандуу көйрөңдүк» — деп ойлонду.

«Мындайга үйлөнүп алгандан өтөрү жок».

Валя болсо шамдагайыраак, тили менен буудай кууруган, бирок сөзүнүн маңызы жок.

— Биздеги жаңылык болсо… Зинка Хромованы билчү белең? Шыргыйдай болгон неме эле го, чачын буурулданткан.

— Ии.

— Валерка Семеновго турмушка чыкты. Бригадир болуп иштечү…

— Анын аялы бар да!

— Ажырашып кетиптир. Тигиге көзү түшүп!.. Ширидей болгон неменин эмнесине кызыгарына көзүм жетпейт?

— Балдары бар беле? Валерканын?

— Жок, баласыз болчу. Ал басып-туруп эле төрөттөн калган болчу, ошондуктан ажыраштым деп аялын жамандап жүрөт дейт. Ой!.. Көрөбүз, укуруктай болгон неме чубуртуп төрөп бергенин! Уялганына чыдабай, ошентип оозуна келгенин оттоп жүрөт да.

«Аялдарга ушинтип келип койгондоруна эле корстон болуп жүрө беришеби? — деп таң калып жатты, Костя, Сашка, кыясы, шыпыртып салды окшойт, мактанайын деп. Булар андайларга окшобойт… Кадимки кыздардан айырмалары жок, ой-пикирлери деле кадимки аялдардай».

Сашка окуяны тездетти.

— Кандай дейсиңер? — Ичели! — деп сунуш киргизди кайраттуу жигит.

— Себеп дегенде досум келди…

Кыздар кой-айы жок эле макул болушту, Костя буга да таң калды.

— Валяха, биз —- магазинге, Нинон Костя экөөлөп картошка аарчышат. Тез. Жаным, чыдабай баратат.

Нинон жана Костя жалгыз калышты.

«Эми мен эмне кылышым керек?» — Костя абдырай түштү. Кайсы бир анекдоттон кеп салып берсемби?»

Өзү билген анекдотторду эстеп көрдү эле — айтууга жарары жок экен.

Нина үйгө кире бериш жерге газета жайып, картошка аарчып кирди.

— Командировкага келдиңиз беле? — деп суроо салды Нинон.

— Ооба. Зарыл иш менен…

Унчукпай калышты.

«Мендей да көөдөк болорбу! — Костянын итатайы тутулуп жатты. — Оозуман сөзүм түшүп. Көпкө унчукпай калышты.

— Зинкаң түшкүр! — деди Нина капысынан. —Эрге чыкканын карап кой. — Башын чайкап жылмайып койду.

«О-о! — Костянын үрөйү учту. Мен кашында отурсам… Өзү менен өзү сүйлөшөт да. Ушу да болдубу? Мени киши ордуна санабайт тура».

— Бизде жакында мындай бир окуя болду,— деп сөз баштады ал.— Катындар малина теребиз деп аралга барышат… Теришет. Аралдын ар жагында жайында аябай эле тайыз болуп калчу суу акчу. Аюу андан өтүп келет.

— Аюубу?

— Аюу. Өтүп келет да жакшы көргөн тамагы — малинага келет. Бизде кызыктай бир катын бар!.. Мөмөлүү малинага кирип алып кош колдоп терип кирет. Тиги тараптан кимдир-бирөө жакындап келгенин кулагы чалып калат… Өтө эле чоң түп болгондуктан эч нерсе көрүнбөйт. Катын болсо: «Сенсиңби Нюра?» — дейт. Тиги тараптан курдашы келген экен деп ойлойт. Аюу арр! — деп айкырганэкен дейсиң!.. – Костя күлүп калды. Нина угуп отурат. —Аюу арр деп беттен алат! — Аюу айкырганда эле катын чакасын таштай качат. Качып баратып, жер жаңырта чаңырат: — «Мишенька, менин жаш балдарым бар!!» эси чыккан аял аңды-дөңдү карабай качып баратканын элестеп алып, Костя дагы күлдү.

— Эмне, аюу аны кубалаптырбы?

— Аюубу? Жок, аюу болсо өзү өтүп келген суу тарапка жүгүрүптүр. Коркуп кетиптир. Тиги катын болсо аюу кууп келатат деп ойлоптур. Ошондон улам балдарын эстеп кыйкырыптыр…

— Кыйкырбай анан. — Нина жылмайып да койгон жок. —Аюу менен беттешет деген эмне шумдук! — Картошка аачыганын уланта берди. — Жок, бизде аюулар жок. Бизде жылан көп.

— Уу жыланбы?

— Ооба. Аябагандай чоң жыландар! Жер-жемиш терип жүрүп: «Мына чагат, ана чагат»,— деп эле ойлой бересиң.

— Кирпичеченди көбөйтүш керек. Кайсы бир өлкөнүн, Болгарияда бекен ай, бир жеринде жылан быкбырдай жайнап кетет. Аябагандай кооз жер экен — курорт салса болчудай. Алар эмне кылышат, кирпичечендерди коё беришет.

— Алар эмне, жыланды жейт бекен?

— Жебей анан! Кирпичечен жана чочколор жыланды тим эле апылдатышат да. Жапайы чочколор да жейт. Кавказда армияда кызмат өтөгөн бир иним мындай бир окуяны жазып жибериптир. Чочколор жөнүндө. Демек, бир колхоз чочколорду… айылдын чет жагына багып семиртмек болушат. Күндүз жайыла оттоп, кечинде кашаага өздөрү келчү экен. Бир күнү кашаага келбей калышат. Көрсө алар кайсы бир жерден жапайы чочколор менен кезигип калышат да, аларды ээрчип баса беришет. Үч сутка жоголушат… Издеп суй жыгылышат, алыс кетип калышкан болот. Кийин келет, бирок баары эмес. Миң чочконун беш жүздөйү гана келиптир.

— Калгандары келбей калыптырбы?

— Теңи келбей калыптыр. Бирок келгендери шатырата төлдөгөн экен, колхоз төлгө карк болуп жатып калыптыр.

Нина күлүп калды.

— Ачтын тогу, арыктын семизи бар деп бекер айтылбайт да.

— Ооба. Жаман болбой жакшы жок деп да айтышат. Менин жездем макалды оозунан түшүрбөй жүрүп өлдү.

— Каптип?

— Эмнегедир эле бир күнү анын башы ооруп калат… Башы ооругандан ооруйт, врачка баргандан эринет, басылып калар деп. Акыры эс-учун билбей жыгылат. Аны ооруканага алып келишет. Сестра аял айтып берди: «Аны көрөйүн деп барсам, мага мындай дейт: «Жаман болбой жакшы жок» деген чын окшойт. Эми сакайгыча дарыланып алайын».

Ооруканага жатканына сүйүнүптүр. Көңүлү куунак эле экен… Кийин жан таслим болду. Алар Новосибирскиден бир топ алыс жашоочу. Аларга барууга туура келди. Өзү биздин айылдык болчу, Сашка таануучу. Денесин өз жерине коюш керек эле. Жолго чыктым, ноябрдын башы, суу жаңыдан тоңо баштаган кез. Калкып жүрмө көпүрөбүз боло турган, кышында аны жыйнап салышчу. Алашалбырт. Мен ал жакка моторлуу кайык менен баргам, аркы өйүздө төрт күн жүрүп, кайра тарттым. Суу тоңуп калган экен. Жөө өтсө болот, тактай салып. Табытты канттик? Карындашымды балдары менен тактай төшөп өткөздүм да, кайра барып чана жалдап суу башына жөнөдүм — ал жакта муз катуу дешкенинен. Чана айдаган киши экөөбүз оңтойлуу эле өткөөл тапкандай болдук. Атты аябай чапкылап, өзүбүз чанадан мындай чыга бердик. Муз кычырайт, биз болсо эки жактан атка кыйкырабыз… Ансыз деле жээкке жетсек дегенде аттын эки көзү төрт. Кантип өтүп жеткенибизди өзүм да билбейм. Жездем жакшы киши эле. Аянычтуу. Отуз үчтө эле болучу. Эки баласы калды…

Бул кайгылуу окуяны бекер айтканын Костя кийин барып түшүндү. Унчукпай калды. Бир саамга Нинаны да, өзү мында эмнеге келгенин да унутуп койду — Дмитрий жездесин эстеди. Жээндери эсине түштү… Уяты бетине чыкты. Тамеки тартты.

Аңгыча Сашка жана Валя да келип калышты. Көңүлдүү. Сашка калжыңдаганын койбойт.

— Мелдешелиби? — деп кыйкырат. — Кел, мелдешели!

— Силерге эмне болду? — Нина сурап калды.

— Бөтөлкөдөгү винону кол тийгизбей туруп ичип салам десем ишенбейт.

— Мелдешкен киши…

— Аны укканбыз! Мас болгум келбейт, болбосо көрсөтөт элем.

— Кантип ичесиң?

— Мына бу чайнекпи? Мен буга вино куймакмын да, чоргосунан тиштеп алып…

— А-а.

— «А-а» деген ошондой болот. Силерде эмне жаңылык?

— Мен картошканы жаңы эле аачып бүттүм,— деди Нина.

— Об-бо, жолдоштор!.. Бу силер эмне кылып отургансыңар, билбейм. Билбейм. Нинон, эмне кылып жаттыңар?

«Дөөпөрөс — Костянын жини келди. Чоргосунан тиштеп алып…»

— Картошкага кеткен кайран убакыт,— деди Валя. Шайтан алсын, ошо картошканы. Бирдеме шам-шум этсек болду да…

— Идея! — Сашка жиреп кетти. — Ичебиз да, бийге барабыз.

— Эмне кылдык?

— Костя эмне дейт?

— Мага баары бир, кудайым!.. Картошканы көргүм да келбейт.

— Картошка бышырып убара болбойлу, — дешти. Столго отурушту.

Эки стакан винодон кийин Костянын көңүлү кушубак болду.

— Бийиңер кайда? Алыспы?

— Паркта.

— Баралыбы, Нина?

— Эмнегедир көңүлүм чаппай турат. Барса баралы, бирок мен бийлебейм.

— Эмне үчүн?

— Башкалардай бийлей албайм, уялам.

— Болбогон кеп!— деди Костя, куру дымакка салып.

— Мен алардан кем бийлебейм.

Паркка чейин жөө бармак болушту.

Валя менен Сашка алдыга чыгып, Нина жана Костя артта калышты.

Барган сайын Костянын шайдооттугу азая баштады. Канчалык өзүн-өзү демиктирип, бейгам болууга жанын үрөсө да, өзүн олдоксон сезип, кысынып туруп алды. Ал Минаны колтуктап баратты, үндөбөстөн. Алдыда бараткан Сашанын жаагы түк тынбайт, пулеметтун огундай болуп. Валя улам-улам каткырып коёт. Костя жердешине суктанды, мындай учурда кулактын кужурун алып оозу менен орок оргондон өтөрү жогун түшүндү. Андан өтөрү жок.

Өзү антейин дейт, бирок дагы эмнени айтып салам деп жүрөк заада болот. Жанараак эле табыт жөнүндө балп эттирип салганы аздык кылбас!..

— Бирдемелерден кобурап бербейсиңби,— деп Нинадан суранды.

— Эмнеден баштасам?

— Көңүлдүү бирдемеден… Болбосо мени менен бассаң зеригип бүтөсүң.

— Мен басып баратып адамдарды караганды, алардын ким экенине ичимен төлгө салууну жакшы көрөм.

— Сен эмне төлгөчүсүңбү? — Костя каракүчкө каткырды, бирок күлкүсү орунсуз чыгып калганына чыдамы кетти.

— Төлгөчү деле эмесмин, —деди Нина олуттуу — жөн эле басып баратып ой жоруганды жакшы көрөм.

— Мынабу адам кайгырып бараткан экен, бу болсо иштеп суй жыгылып, төшөккө жетип тырп этпей жыгылсам деп баратыптыр… Дагы бирөөнө эч нерсенин кереги жок: баш ооган жакка кете берет…

«Калыбы, мени айтып жатат окшойт».

— Ии, баса,— деди Нина капысынан токтой калып. — Өзөнгө эле баралычы, жакшы жер.

— Тигилерчи?

— Эмне экен?

— Калтырып кеткенибиз кандай болор экен?..

— Эч нерсе болбойт. — Нина өзүнүн жигитине карап койду. Костяга күлүмсүрөп койгондой сезилди.

«Кана, анда Костя,— олуттуу ойго батты ал,— ашынган кейбир боло көрбө, кыз өзү кыйытып жатса. Кой болсоң да эмне болду?»

— Ал жерде менин орундугум бар… Отуруп алып ойго батасың… Жакшы. Кээде түн киргиче отура бересиң.

— Жалгыз элеби? — Костя өзүн шайкелең адамдай кылып көрсөткүсү келди.

— Жалгыз.

— Эмне жөнүндө ойлойсуң?

— Билбейм.

— Кеп эмес бекен! Ошо кантип болсун? Отуруп алып ойго чөмүлүп, эмне жөнүндө ойлондуң десе — билбейм дегениңе жол болсун.

— Билбейм. Олтурганда ойго чөмүлгөнсүйм, сага окшоп сурап калышса — эмне жөнүндө ойлонгонумду билбей калам. Балким, эскерермин… Кичине кезимде шамдагай болчумун, мектепте окуп жүргөндө тентек элем…

— Азырчы?

— Азыр өзгөрдүм.

— Эрге чыгыш керек,— деп балп эттирди Костя.

— Эрге тийгем,— деди Нина бейкапар.

— Тийдиң беле? Кайдан, ушээрденби?

— Ушээрден. Эрим менен бир жарым жыл жашадым…

— Анан?

— Азыр боймун. Бийге барып жүргөнүмдү көрбөдүңбү.

— Эмне үчүн?

— Ажырашып кеттик.

— Кантип?

— Эмне?

— Эмне үчүн ажыраштыңар?

— Аны билиштин кажаты жок,— деди Нина. — Эмне, ажырашкандар аз бекен?

Анын жайбаракат чыккан үнүнөн кейип-кепчигендиктин же аза тарткандыктын белгиси билинген жок, бирок чарчагандык сезилип турду. Суунун аркы өйүзүнөн кыйкыра берип акыры угулбай койду,— деп өзүнө өзү шыбыраган адамдын үнүндөй болду.

Бир аз унчукпай, суу бойлой басышты. Нина сууну тиктеп, Костя болсо Нинаны алдыртан карап баратышты. Карап баратып уят-сыйытты жыйыштырып коюп, кыздын колун өзүнүн ыптасына бекем кысып койду. Нина бурула карады.

— Эмне үчүн ажыраштыңар? — Костянын оозунан чыгып кетти. Антип сурайын деген деле эмес. Заманы куурулуп, кыйкырып ие жаздады. Нина күйөөсү менен кай себептен ажырашканын билүүгө кызыккан деле эмес. Мээримдүү, кулакка жагымдуу бирдеме айтайын деген эле, бирок… тьфу!

Нина мыйыгынан жылмайып тим болду… Жооп да кайтарган жок.

Нина жакшы көргөн орундукка да келип калышты. Отурушту.

Суунун аркы өйүзүндөгү үйлөрдүн ары жагынан күн батып баратты. Асманды ымырт басып, түнөрүп турду, суу да ылайланып агып жатты… Күн батып бараткан жерде гана шооланын алсыз нурлары жылтылдап турду. Эки жээктеги устундарда от жаркырап, суунун как жарылган жери ичке жарык нурга бөлөндү… Суудан муздак шамал уруп турду. Костя күрмөсүн чечип, Нинага жапты. Жаап жатып Нинаны кучактап алгысы келип кетти. Нина жай гана ийнин тартып алып кайдыгер гана:

— Антпе, – деди.

Күрмө менен жакшылап кымтыланып алды да, суудан көзүн албай отура берди. Костя тамеки тартты. Көпкө унчугушкан жок.

— Үйүңө кетип калганың оң болбос беле? — деди Костя.

— Баары бир,— Нина бир аздан кийин жооп кайтарды. Унчукпай калды да, кайрадан сөз катты: — Эмнегедир чарчап жүрөм.

— Үйүңө барышың керек,—деди Костя кайрадан.

— Үйгө жетеби? — Нина макул болду.

— Канчадасың?

— Жыйырма үчтөмүн.

Дагы эмне айтарын Костя билбей койду. Унчукпай калды. Эмнегедир унчукпай калганына мурдакыдай азаптанган жок.

«Сөзсүз эле кучакташыш керекпи?» — деп ойлоду кыжырланып.

Суунун аркы өйүзүндөгү алсыз нур өчүп калды. Аркы өйүздүн асманы гана бозомук тартып турду. Суу түнөргөндөн түнөрүп, орто чени гана мелмилдеп агып, жээк тарабы калың гранитти жемирип, шарпылдап жатты.

— Үйгө баралы,— деди Нина. Ордунан турду. —Күрмөсүз үшүгөн жоксуңбу?

— Жок.

— Анда менде болсун. Чыйрыгып турам.

— Суук тийген жокпу?

— Жок, жөн эле.

Жатаканага дейре жай басып келишти. Костя да бирдемелерди ойлоп, эскерип келаткансыды. Дегинкиси кейиштүү эле.

— Келдик,— деди Нина.

— Сашканы күтө албайм го…

— Алар көптө келишет.

— Мени жатаканага кетти деп кой. Эртең үйгө кетем.

— Жакшы бар.

Костя кыздын чымыр колун кыса кармады. Колун бир аз коё бербей турду. Нина жылмайып койду, колун тартып алды да:

— Жакшы бар, — деди.

Басып кетти. Подъездге кирди, бурулган жок.

Костя чолок көчөлөргө салып, чоң жолго чыкканда мейманкана кайда экенин билип алармын деп бет келди басып баратты. Нина жөнүндө ойго чөмүлдү… Аны аягысы келгендиктенби, кандайдыр бир аёо сезими тыз дей түштү, анын турмушунда кандайдыр бир кубаныч болсо экен деп тиленди.

«Баарыбыз тең эле кандайдыр бир»,— деп ойлоду өзү жөнүндө да. Оюнун аягына чыккан жок.

Короодонбу же кыска көчөдөнбү — чыккан жаш кыздардын ырына кулак төшөдү:

…Менин ка-паам, менин ка-паам.
А мен деген, сенден калбай.
Кайда болсо ээрчип барам.
А мен де-гээн…

— Барасың, барасың,— деди Костя үн чыгарып. Бүгүнкү кечтеги аңкоолугунан уялып, жети өмүрү жерге киргендей эле болду,— аюу жөнүндө, табыт жөнүндө айткандарын эстеди… — Тьфу!

Которгон Сагын НАМАТБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.