Жекшенбай Курмановдон балдар үчүн базарлык

БИЗДИН БАКЕН Бакен тентек бир далай, Баткак сууну ылгабай. Баса берип көп жүдөйт, Батинкеси кургабай. Кургаганда баштары, Көктү карап чүйрүйөт. Батыра албай эртеси, Баарыбызды күлдүрөт. Акыл айттык көнбөдү, Ал адатын койбоду. Кыйла кичүү өзүнөн, Кымбатбекче болбоду. КӨПӨЛӨК МЕНЕН ЧЫМЫН Көпөлөк: — Дың-дың этип үйүңдөн, Чыкпай эле жүрөсүң. Жүрү жыргап келели, Гүлдүн соруп ширесин. Чымын: — Ал жагыңда эмне бар, Ачпайт деле курсагым. Тоюп алам анткени, Мурдунан эле Ыйсанын. Ушул сөздүн маанисин, Баарыбыз тең ойлойлу. Башкалардан сын угуп, Биз да Ыйсадай […]

Харуки МУРАКАМИ: Анын шаарчасы, анын койлору

АҢГЕМЕ Саппородо быйылкы биринчи кар жаап жатат. Жамгырдан пайда болуп, кайрадан жамгырга айланат. Саппородо кар – андай деле романтикалык окуя эмес. Жактыра бербеген тууганыңдай. 23-октябрь, жума. Токиодон мен жеңил кийимчен эле, Ханэдеден[1] 447-рейс менен учуп, “уокманда” бир жарым сааттык кассетаны көрүп бүтпөй, мына сага – кар. — Эч нерсе кыла албайсың, — дейт досум. Кар дайыма ушул мезгилде башталат. Анан кыш түшөт. — Суук  экен! — Кыш деген абдан-абдан-абдан суук болушу керек. Ошон үчүн кыш да. Биз экөөбүз Кобэден алыс […]

Элди аралап кеткен жаңы гимндин тексти (пародия)

Ак мөңгүлүү аска тоолор, талаалар, Депутатка акча менен барабар. Сатып, тоноп тешкиле деп бериптир, Биздин байкуш тээ илгерки бабалар. Кайырма: Аалгалай бер кыргыз эл, Алдым-жуттум заманда. Өркүндөй бер, өсө бер, Карыз калсын балаңда. Байыртадан жүз жыйырмасы баштаган, Билбесе да билем дешип качпаган. Ар-намысын бекем кармап колуна, Адабият китеп бетин ачпаган. Кайырма: Догурунуп кытайлар, Доолап келсе карызын. Уктап жатып ойгонбой, Бер кыргыздын намысын. Кытайларга бере салып төрүңдү, Корейлерге сат, сатып ий көрүңдү. Тенти кыргыз, сатып ийбей бир гана, Теңир берген – […]

Россия представила В ООН террористическое досье на Эрдогана

Сеть Вольтер известного французского исследователя в сирийском изгнании Тьерри Мейсана начала публикацию засекреченного досье об участии Турции в формировании ИГ[1] в Сирии. Оно было представлено постпредом РФ в ООН Виталием Чуркиным ещё 10 февраля. Однако вероятность того, что турецкое досье будет когда-либо публично рассмотрено на заседании Совета безопасности ООН, как того требует Устав Объединённых Наций, маловероятна. Прежде всего, потому что представленные в нём факты могут засветить теневых союзников Турции по сирийской войне, грозя санкционированием главу VII Устава по силовому подавлению […]

Памирлик кыргыздарды апийим талкалап атат…(2-бөлүк)

<<<<<<<<<<< 1-бөлүк Ү.Култаева: Мен Салтанаттан көп үмүт этип турам. Жанагы фонд ишин алып барса иш жылганы турат. Мен бир бала алганга даярмын. С.Бараканова: Эмне үчүн ушундай бир структура болушу керек дегенде, мисалы, жанагы өкмөттөн бөлүнгөн 10 млн. кошулганда азыркы келген кыргыздарга 5 жылга жете турган каражат түштү. Нарын областы туура эмес пайдаланды. Булардын өздөрүнүн үйү жок. Тендер жарыялашты, тендер менен очойгон, очойгон баага ар бир үйгө эмерек, тиричилик техникасын алып беришти. Өздөрүнүн үйлөрү жок да, аларды пайдаланганды билбесе, эмнеге алып […]

Амирбек АЗАМ уулу: Полот хан жашынган үңкүр

Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы баш каармандардын бири Исхак же Полот хан. Ал 1876-жылы февралда колго түшөр алдында, Чаабай тоолорундагы үңкүрдө бир нече күн жашырынат. Бул эмне болгон үңкүр? Ал азыр барбы? Исхак молдо Хасан уулу. Теги кыргыз. 1873-жылы Кокон ханы Худаярга каршы башталган көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири. Ал 1875-жылы 27-сентябрда Анжыяндын Ботокара кыштагында Полот хан деген ат менен экинчи жолу хан көтөрүлүшкө чыгат. Ушул окуядан соң, тарыхчы Ташманбет Кененсариевдин жазышынча, “көтөрүлүштүн башында кайрадан чыныгы жетекчи катары Исхак-Полот хан туруп калган”. […]

Айтматовдун уруусу жөнүндө санжыраны уккансызбы?

Ата-тек канында жашаган айкөлдүк, кечиримдүүлүк, сезимталдык же уккан адамды таңданткан, ойлонткон жана турмуштук белги-жышааны тагдырды ээрчиткен сырдуу көрүнүштөр… Чыке өзү: “Жарыкчылыкта санжыралар болбосо, өтүп кеткен убакыт жана муундар жөнүндө кандай көңүлсүз эскерме каларын көз алдыга элестетип көрүңүзчү… Санжыраларда философия жана фантастика, поэтика жана убакыттын символу бар. Мындан тышкары, санжыра — бул элдин улуттук эн тамгасы жана анын таануу белгиси”, — деп жазганы бар эле. Санжыра боюнча сүрүштүрө келгенде, Улуу калемгердин уруусу Кытай болуп, Кытайдан — Түлкү, Түлкүдөн – Байтике, Буудай, […]