Ата-тек канында жашаган айкөлдүк, кечиримдүүлүк, сезимталдык же уккан адамды таңданткан, ойлонткон жана турмуштук белги-жышааны тагдырды ээрчиткен сырдуу көрүнүштөр…

Чыке өзү: “Жарыкчылыкта санжыралар болбосо, өтүп кеткен убакыт жана муундар жөнүндө кандай көңүлсүз эскерме каларын көз алдыга элестетип көрүңүзчү… Санжыраларда философия жана фантастика, поэтика жана убакыттын символу бар. Мындан тышкары, санжыра — бул элдин улуттук эн тамгасы жана анын таануу белгиси”, — деп жазганы бар эле.

Санжыра боюнча сүрүштүрө келгенде, Улуу калемгердин уруусу Кытай болуп, Кытайдан — Түлкү, Түлкүдөн – Байтике, Буудай, Бөгөжү, Байтикеден — Төнтөгөр, Кыйра тукумдары уланып, азыр атын дүйнөгө белгилүү куттуу айыл алып жүргөн Шекер деген уруу башчысы ошол Төнтөгөрдүн насилинен тарайт.

Шекерден — Кудайназар, андан — Кончужок, Кончужоктон — Кимбилди, Кимбилдиден — Биримкул, Айтмат, Биримкулдан — Алымкул, Өзүбек, Керимбек, Айтматтан — Төрөкул, Рыскулбек, Төрөкулдан — Чыңгыз, Ильгиз…

Роза Айтматова “Тарыхтын актай барактары” деген китебинде (Бишкек, 2013) түпкү бабалары эмне үчүн “Кытай” атыгып калганы жөнүндө кызык версияларды келтирет. Ал маселен, минтип жазган: “…Санжырага таянсак, кыргыздар үч чоң топко бөлүнөт: оң канат, сол канат жана ичкилик. Оң канат менен сол канаттын негиздөөчүлөрү Дөлөн бийдин Ак уул жана Куба уул деген эгиздери болгон. Кытай кыргыздардын Куба уулунан тараган сол канатка кирет. Куба уулдун чөбөрөсү Каранай бир күнү согуштан чоң жеңиш менен келет. Ал кыргыздарга көп жылдар бою күн көрсөтпөгөн – малын уурдаган, чаап кеткен, тынчтык бербеген кошуна жашаган кытайларды жеңип келет. Бул жолу Каранай душманын көпкө чейин эси-көөнүнөн чыккыс кылып жеңип келет.

Сансыз малын кошо тартып келет. Олжосу менен ал элине кечинде кирип келет. Ай жарык, айылга жакындаганда, анын алдынан тосуп чыгып, аялынын эркек төрөгөнүн сүйүнчүлөшөт. Ал өзүнүн жеңишинин урматына уулунун атын Кытай коёт.

Кытай аталышы тууралуу дагы башка маалымат бар. “Кут” жана “Ай” деген сөздөрдүн биригиши деп айтылат. Бардык жакшылыктар ушул күнү Айдан түштү. Ошондуктан, балага “Кутай” аты берилген. Кийин бул айтылыш өзгөрүп, “Кытай” делинип калган. Кытай тууралуу дагы бир уламышты мага Чыңгыз акем айтып берген. Мында кытайлар эмес, кыргыздар кытайларга күн көрсөткөн эмес. Кыргыздар тоолуктар болгон соң, ат үстүндө шамалдай ойноп, тоо шартын мыкты билген.

Алар кошуна кытайларга кокусунан кол салып, малдарына тийип, анан тоолорго барып жашынып калышчу. Канчалык артынан кууса да, кытайлар аларды кууп жете алган эмес. Куугундар тоонун чокусуна чейин жетип да, аларды табышкан эмес, анткени кыргыздар тоо койнунда бекингенди мыкты билишкен. Кытайдын императору күн сайын кыргыздардын кол салганы тууралуу уга берип, акыры, тажайт да, жан-жөкөрлөрүн чакырып, кыргыздын ханы менен мени сүйлөштүргүлө деген буйрук берет. Император менен хан сүйлөшүп, кепке келишет. Кыргыздар кытайларга кол салганын токтотот, император кыздарынын бирин ханга аялдыкка берет. Кытай принцессасынан хан уулдуу болот.

Хандын башка аялдарынан төрөлгөн балдардан айырмалаш үчүн аны “кытай аялдан төрөлгөн бала” деп аташат. Кийин аны бара-бара “кытайдын баласы” же “кытай” деп эле атай башташат. Ошентип, андан уланган тукум “кытай” деп аталып калган…”

Ал эми Төнтөгөрдүн уулу Шекер согушуп — кан төгүп, кырылышууну жаратпаган, андан көрөкчө: жоо менен да элдешип, таттуулашып, ок-кылыч ордуна — ак дасторкон четинде, сепил-чеп ордуна — ак боз үй ичинде ынтымак-достукту данакерлеген сый алмашууну жөн көргөн абдан тынч мүнөз, акылгөй адам болгон экен. Анын азанда коюлган аты башкача болуп, кийин ошондой “жай мүнөздүүлүгү”, доско да, каска да жаккан сыйкорлугу, жайыл дасторкондуулугу, ага кошумча: айкөлдүк, кечиримдүүлүгү үчүн Шекер атыгып кетиптир.

Айтууда, сыягы, бул 18-кылымдын экинчи жарымында болсо керек, кыргыздар менен казактар кырчылдаша согушуп, казактын азуусун айга жаныган Абылай ханы таластык кыргыздарга көп бүлүк түшүрүп, кыйла жерин басып алып, малын — малдай, туткунун — туткундай айдап кетет. Буга катуу ызаланган кыргыздар жабыла көтөрүлүп Абылай хандын акесин таанытып, тарттырып ийген жерлерин кайра кайтарып алып, казактарды чегинен ашыра кууп, кыйласын туткунга түшүрүп, мал, мүлктөн олжого тунушат. Мына ушинтип турганда, ортодон үчүнчү күч — калмактар чыгып, казактарга барып — бирди айтып, кыргыздарга келип — бирди айтып, ансыз да кансырап турган эки элди кайра жаңы согушка көкүтүшөт.

Мурда капарсыз жатып жоого бастырып жиберген кыргыздар андан “сабак” алып, кичинесинен чоңуна чейин курал-жарак даярдап, күн-түндөп уктабай, мерчемдүү жерлердин баарында каз-катар сепил кургандай ат-жабдыктуу турушат. Мына ошондой кырдаалда… Мына ошондой кырдаалда, Төнтөгөрдүн бир уулу гана жалпы эл жүргүзгөн согуш камынын бирине да катышпайт. Өзү менен өзү болуп, эртең куда же дос-катыш тосо тургансып: керилте ак боз үйлөрдү тиктирип, кемегелерди каздырып, башта көчмөн журту билбеген тандырларды жасатып, Анжыяндан кашкар казандарга аш басчу атактуу ашпозчуларды чакыртып, он эмес, жүз эмес, а миңдеген кишиге жеткидей өрүк-мейиз, жаңгак-курма, набат-бал, шекер-канттарды кап-каптап ташыта берет, ташыта берет…

Көпчүлүк “урушту унуткан” анын бул жоругуна биресе “кан кайнап” нааразыланса, биресе эмнени ойлоп жатат деп таңдана карайт. Босогодо — жоо, эл башында — тобокелдүү күн турса, Төнтөгөрдүн уулунун курал-жарак камдоонун ордуна: тамак-аш — дасторкон түйшүгү менен “күрөшкөн” бул эмне кылганы? Чынында, адаттагыдан башкача мындай жорукка көпчүлүк түшүнө да, чын сырына жеткире баа коё да албайт.

Ошентип, аңгыча жоо туш-туштан найза-кылыч көтөрүп камаган күн да келет. Кыргыздар менен казактар жайык жерде тирешип, “Жекеге! Жекеге!” — деп кыйкырган айбаттуу үн эки тараптан тең угулат. Найза башы кылкылдап, кылыч мизи жаркылдап, көккө атылып учууга дапдаяр жаа жебелери булак-булак болуп агылчу кан, боо-боо болуп түшүүчү өлүктөр алаамат — шумдугун элестетип, андан асмандан кактаган күн да, астыда көтөргөн жер да сүрдөнүп, согушчан пенделерин аяп да, акылга чакырып да тургандай сырдуу-аяндуу шек берет. Бирок аңгыча… Бирок аңгыча, кыргыздар тараптан жекеге сайышка түшүүчү баатыр ордуна… аппак сакалчан, аппак кийинип, ак аргымак ат минген сөөлөттүү карыя алдыга чыгат. Ал — Төнтөгөрдүн алиги уулу дайындап, атайы сүрөп чыгарган аксакал эле. Карыя казак колуна жакын бастырып келип:

– Боордошторум! Бир туугандарым! Өрүштө малы бир, төшөктө башы бир кыргыз, казак калкынын бөлүшө турган, талаша турган эч нерсеси жок. Бул жерде калмактар көкүткөн араздашуучулуктун айынан бөөдө кан төгүлүп, бөөдө көп адам набыт болгону турат. Муну коёлу, акылга келели, сабыр туталы да, ынтымак жөндөйлү! – дейт.

Казак арасы кандайдыр сыйкыр күч даарыгандай дымый түшөт.

Карыя сөзүн дагы улантат:

– Калмактар биздин талкаланып, кызыл кыргын түшүүбүздү гана каалап турат. Анан алардын Манас-Атанын ак кар, көк музу нурланткан Ак-Сай менен Көк-Сайды кайрадан басып алгысы бар. Келгиле, калмактын кара тилегин таш каптырып, кыргыздар менен казактар бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ынтымактуу бололу. Баарыңар аттан түшүп, сый көргүлө, мен баарыңарды ак даам татууга чакырам!..

Калдайган калың кол ушундай акылман сөздөн кийин аттан түшүп, найза-кылычтарын дөбө-дөбө кылып жерге тизип, баягы Төнтөгөрдүн уулу тиктирген ак өргөөлөргө киришет. Кыргыздар менен маңдай-тескей отуруп, эзели эстен чыкпаган укмуш жакшы сый көрүшөт. Дасторкон үстүндө: жылкынын, уйдун, топоздун, койдун, эчкинин, кайберендин, куштун… этинен жасалган бешбармак, көргөн адамдын ичтейин ачтырып, табитин ойготкон палоо-аш, шишкебек, мантуу, кымыз-бозо, көк жана кара чай, түркүн-түс жемиштер, шекер-бал…

– Бизди даамга чакырган бул жигит – ак өргөөлөр ээси акылга дыйкан, сөзгө чечен, баарыга жакшылык гана каалаган боорубуз болбостон, колу өзгөчө берешен, жоомарт да турбайбы. Башкасын айтпайлы, дасторконго койгон таттууларын эле карагылачы: шекер, шекер жана шекер!.. – деп кетишет ыраазы болгон казактар.

Ошондон кийин, Төнтөгөрдүн ал уулунун азан чакырып, молдо койгон өз ысымы өчүп, Шекер аталып калат. Анын акылы, сөзүнүн күчү, жай мүнөздүүлүгү, берешен-жоомарт пейили бир тууган эки элдин ынтымак-ырашкердигине узак-узак мезгилдер бою ошентип жарык нур чачып, данакер болот. Санжырада ушинтип айтылат.

Ошол Шекер атанын урпагы, Чыкенин бабасы Кимбилди заманында абдан бай, мартабалуу адам болгон экен. Уулдары Биримкул менен Айтматты медреседен окутуп, ар өнөргө маш кылып өстүрүп, бирок өзү дүйнөдөн жазмыштын буйругу менен эртерээк өтүп кетет.

Төрөкул Айтматовдун кийин архивден табылган — кызматкер кезинде өз колу менен жазган “Кыскача өмүр баяным” аттуу документте ушул жагдайда: “Менин атамдын атасы Кимбилди, т.а. менин чоң атам абдан бай болгон дешет. Бирок анын эки уулу — Биримкул менен Айтмат — атасы эртерээк өтүп кеткенине байланыштуу ал байлыкты сактай албай калышыптыр. Мен кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккам”, — деп айтылган жери да бар. Эл-журт ичинде сабаттуулугу, бүйрөлүгү, күндөлүк тиричиликке тыңдыгы менен айырмаланган эки бир тууган — Кимбилдинин балдары комузда кол ойнотуп чертип, балдарга арнап тамаша ырларын ырдап, кези келгенде, бири-бири менен айтышып да ырдаган сезимтал көкүрөк – музыка жандуу адамдардан болушуптур.

Анан ушул жерде “Зингер” тигүү машинеси жана өрттөнгөн тегирмен таржымалына тийиштиги бар эки окуя.

Жазуучу өзү деле көп жолу айткандай, чоң атасы Айтмат: кийим бычканды, тиккенди билген, ээр, комуз чапкан, сөйкө, билерик, чач учтук ж.б. зер буюмдарын жасаган, өтүк, маасы ултарган чебер кол уста адам болуп, немистин “Зингер” тигүү машинесин сатып алып, бала-чака, кыз-кыркындан тартып, улуу жаш — сыйлуу курактагыларга чейин түрлөнтүп кийим тиккендиктен, мүлдө Талас өрөөнүнө: “машинечи Айтмат”, “машинечи аке” атыгып, анан мурду коңкоюп чоң болгондуктан, келиндери “чоң мурун аке” деп да тергешчү экен.

Мына ушул немистин “Зингер” тигүү машинеси анын болочоктогу укум-тукуму үчүн кандайдыр жазмыш-тагдыр жылоолоткон жышаан болгонбу, кийин уулу Төрөкулдун үй-бүлөсү, айрыкча, атактуу небереси Чыңгыздын турмушунда дегеле немис улутундагы ар кандай жаш, ар кандай кесиптеги адамдардын эң зарыл учурда көрсөткөн жакшылык-жардамы, тийгизген жарыгы чечүүчү мааниде – өзгөчө роль ойноптур.

Айталы: Нагима апа төрт баласы менен Шекерге келип, жашоо-шарт кыйындыгынан иштейм деп кызмат издесе, кызмат чыкпай, чыкмак турсун, “эл душманынын” жубайы болгон себептүү, нечен бир кыргыз чоңдордун жүрөк өрттөп, көңүл чөгөргөн сөздөрүн угуп ыза болгондо, өз жоопкерчилиги менен аны эсепчинин кызматына алып, райондук борбордон барак түрүндөгү үйдөн турак-жай да берип – баа жеткис жардамын көрсөткөн райондук даярдоо мекемесинин башчысы — Отто Зюдерман деген боорукер немис жетекчи болгон экен; Чыке Жамбылдагы зооветеринардык техникумда окуп жүргөндө, анын көркөм китеп окууга дилгирлигин, андагы көп кыргыз-казак жаштары сыяктуу эле ыр жазууга (!) дил төшөп, катуу аракеттенгенин байкап калып, ал жазгандарын сурап алып окуп, анан ага ыр эмес, а кара сөз жазууга кеңеш берген Алексей Васильевич Штубендорф деген акылман немис мугалим болгон экен.

Ушул А.В.Штубендорф агайы жөнүндө жазуучу өзү 1980-жылдын 31-январында “Ленинчил жаш” гезитине чыккан макаласында: “…Менин мурунку таалимчилеримдин бири — Алексей Васильевич Штубендорф эсиме түшөт. Анын адабият сабагына эч кандай катышы жоктугуна карабастан, мен үчүн жана менин техникумдагы курдаштарым үчүн ал адабияттагы багыттоочу компас болду. Класска келет да, сабак башталаардан мурун: “Өтө кызыктуу китеп окуп чыгууга кеңеш беремин”, — дээр эле. Эки ооз сөз менен анын маанисин айтып берчү. Ал муну өтө берилүү менен айтат. Биз ал китепти окуп да чыгабыз. Оюбузду байытабыз”, — деп ыраазычылык менен жазганы да эсте.

«Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?» аттуу Мундузбек Тентимишев менен Оморбай Нарбековдун китебинен

3 Replies to “Айтматовдун уруусу жөнүндө санжыраны уккансызбы?”

  1. Айтмат атанын атасы Полот деген Кокон хандыгында Кушбеги( маданият министр)
    болгон дешет.Октябрь революциясы болгондо Айтмат бай го Таласка качать Жана Таласка Дарыянын боюнда тегирмен курган дешет.Андыктан тупку теги Ноокаттык тоолостордон болушат экен! Бул маалымат Ноокат райондук гезитине 2007 чыккан макаланы КараБуура районунда банкта иштеген Абдилла деген жигит А.Чынгызга алып барганда жон эле койгулачы- Деген экен.
    Кеп чындыкта!!!

  2. Эми бул жерде Чынгыз Айтматовдун уруусу Кытай эмес, муну Кайдановский алышкан белгисиз.Чыныгы уруусу Доолос(Тоолос), анын Толеман Деген уруусу деп журушот.
    Илгерки Салиева колхозунан- азыркы Тоолос айыл окмотундогу айылдан.Таласта Айтмат
    Деген Ат коюлбайт.Маселен, биздин Герейт Шорон Деген айылда Айтмат Деген ысымдар илгери болгон. Ноокат райондук Гезитке Айтматовдун ататеги жонундо макала чыгып,Аны ага алып барышканда Чынгыз Т.
    Балдар Тим эле койгулачы- ушуну Деген экен!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.