Ак мөңгүлүү аска тоолор, талаалар,
Депутатка акча менен барабар.
Сатып, тоноп тешкиле деп бериптир,
Биздин байкуш тээ илгерки бабалар.

Кайырма:
Аалгалай бер кыргыз эл,
Алдым-жуттум заманда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Карыз калсын балаңда.

Байыртадан жүз жыйырмасы баштаган,
Билбесе да билем дешип качпаган.
Ар-намысын бекем кармап колуна,
Адабият китеп бетин ачпаган.

Кайырма:

Догурунуп кытайлар,
Доолап келсе карызын.
Уктап жатып ойгонбой,
Бер кыргыздын намысын.

Кытайларга бере салып төрүңдү,
Корейлерге сат, сатып ий көрүңдү.
Тенти кыргыз, сатып ийбей бир гана,
Теңир берген – соодалабай өмүрдү!

Кайырма:
Тур, турагой кыргызым,
Жата бербе ойгонбой!
Маңкурт болуп тынасың,
Улут үчүн толгонбой!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.