АҢГЕМЕ

Саппородо быйылкы биринчи кар жаап жатат. Жамгырдан пайда болуп, кайрадан жамгырга айланат. Саппородо кар – андай деле романтикалык окуя эмес. Жактыра бербеген тууганыңдай.

23-октябрь, жума.

Токиодон мен жеңил кийимчен эле, Ханэдеден[1] 447-рейс менен учуп, “уокманда” бир жарым сааттык кассетаны көрүп бүтпөй, мына сага – кар.

— Эч нерсе кыла албайсың, — дейт досум. Кар дайыма ушул мезгилде башталат. Анан кыш түшөт.

— Суук  экен!

— Кыш деген абдан-абдан-абдан суук болушу керек. Ошон үчүн кыш да.

Биз экөөбүз Кобэден алыс эмес чакан тынч шаарчада бирге чоңойдук. Үйлөрүбүз бири биринен 50 метрдей аралыкта болуп, мектепте да бирге окудук. Чогуу жүрүп, кыздар менен жолугушканга да чогуу барчу элек. Бир жолу ашыгыраак ичип алып, таксиден түшө албай жыгылып калганыбыз эсимде. Мектепти бүтүргөндөн кийин мен Токиодогу, досум – Хоккайдодогу университетте окудук, мен — токиолук, ал — отарулук[2]  курсташ кыздарга үйлөндүк. Ушундай турмуш. Бардыгыбыз эле шамал учурган камгактай ар кай жерде темселеп жүрө беребиз.

Балким ал Токиодо, мен Хоккайдодогу университетте окуганда турмуш башкача уланат беле. Мен турфирмада иштеп, дүйнө кыдырмакмын, ал Токиодо жашап жазуучу болуп калмак. Бирок  тагдырдын   ар түрдүү чырмалышынан улам ушундай  натыйжа: мен романдарды жазам, ал болсо турфирмада иштейт. А “Орион” театрынын оттору мурдагыдай эле жаркылдап турат.

Досумдун  алты жаштагы баласы бар. Капчыгынын бир бөлүмүндө ар дайым анын үч фотокарточкасы салынып жүрөт. Хокуто Муруямада зоопарктагы козу менен ойноп жатат. Хокуто, балдардын майрамына карата жасалга кийими менен. Хокуто парктагы аттракциондо ракета минип турат. Мен сүрөттөрдү карап досума бердим. Биз тоңдурулган, мупмуздак балык менен пиво ичип отурабыз.

— Р. кандай жүрөт? – дейт ал.

— Жакында эле көчөдөн жолуктук. Күтүүсүздөн. Аялы менен ажырашып, бир кызды  илээштирип алыптыр.

— А Очу?

— Рекламалык компанияда иштеп жүрөт. Бир болбогон тексттерди жазат.

— Түшүнүктүү.

Ушул сыяктуу эле сөздөр.

Эсептешип, акысын төлөп  тышка чыктык. Кар дагы эле жаап жатат.

— Кобэге барып турасыңбы? – деп сурайм мен.

— Көп болду. – Ал башын чайкайт. Алыс да. Сенчи?

— Мен да көптөн бери бара элекмин.  Көңүл деле жок.

— М-м.

— Укмуш өзгөрсө керек.

— М-м.

Он мүнөттөй көчө кыдырабыз. Башка сөзүбүз деле жок. Мен мейманканага кетем, ал өзүнүн үч бөлмөлүү кичинекей квартирасына кайтат.

— Болуптур, саламат бол!

— Сен дагы.

Тиричилик  башка нукка бурулат. Ар бирибиз өз нугубузда, ар тарапка кетебиз. Күндүн эртеңи да болот, биз бири бирибизден жарым миң километр аралыкта, ар кимибиздин өзүнө тиешелүү тажатма тиричилиги менен максатсыз күрөшү уланат.

*     *     *

Мейманканага келип телевизор койдум. Жергиликтүү каналда кандайдыр бир маалымат көрсөтүлүп жатат. Номерге алып келип бергиле деген пивону ышталган семга сендвич менен ичип, кровать үстүнө бутумду чечпей кулап, экранды көңүл кош тиктейм.

Телевизордо кара-көгүш  көйнөк кийген жаш аял. Камера аялды белинен өйдө көрсөтүп, дагы бирдемеден үмүт этип олжосун күтүп жаткан жырткычтай, айнек көздөрү менен тикчие тиктейт. Ракурсун өзгөртпөй, жакындабайт да, алыстабайт. Эски nouvelle-vague[3] кинофильмдердегидей болуп.

Жергиликтүү элдин билинер билинбес  тил өзгөчөлүгүндө, — мен Р шаарынын мэриясынын маалымат бөлүмүндө иштейм, — деп баштайт аял.  Толкундангандыктан үнү кардыгып чыгат. – Биздин шаар чакан шаар – болгону жети жарым миң адам жашайт. Өзгөчөлөнгөн деле эч нерсеси жок, ошондуктан шаар тууралуу деле билбесеңиздер керек.

“Тилекке каршы”, — деп ойлоп коём мен.

— Биздин шаар тургундарынын негизги иш багыты айыл чарба жана сүт өндүрүү. Арийне, негизги багыт — күрүч өстүрүү, бирок акыркы мезгилде айдоо аянтынын тарып жаткандыгынан улам, шаар четинде дан жана жашылча өстүрүүгө өтүү ыкчам жүрүп жатат. Шаар четинде малчарба: эки жүздөй уй, жүздөй жылкы, ошондой эле сандагы меринос койлор бар. Учурда бул тармак жакшы өнүгүүдө, үч жылдан кийин, балким малдын башы эки эсеге көбөйөт деген үмүт бар.

Сулуу деле эмес. Жыйырма бештер чамасында, күчтүү диоптриялуу темир алкактуу көз айнек, өңүндө — катып калган жасалма жылмаюу, эмнегедир мага сынып калган сынган муздаткычты элестетет. Ошентсе да ал бир керемет кыз-ов. Nouvelle-vague камерасы анын эң сүйкүмдүү жактарын баса белгилеп, жакшы өңүттө көрсөтүп жатат. “Телекамера алдында ар кимге, ар нерсени айтканга он мүнөттөй убакыт берсе, – деп ойлойм мен. – Анда, балким, дүйнө мындан да сонун болмок”.

— XIX кылымдын 90-жылдарынын башында шаарчадан алыс эмес, Р. дарыясынан алтын кум табылган экен. Ошентип элдин бары алтын  жууп алуу менен алакеттенет. Кум менен кошо, алтын да түгөнөт. Учурда ал мезгил тууралуу бир нече талкаланган сарайчалар  жана тоо өрдөй салынган кууш жолдор гана эске салат.

Мен сендвичтин акыркы үзүмүн сугунуп, пивону акырына чейин жутам.

— Шаар… кхе… бир аз мурда эле тургундардын саны он миңден ашык эле, бирок акыркы убактарда шаарчадан эл кете баштаганы байкалат, жаштар чоң шаарларга байыр алышууда. Мына ушундай көйгөй. Менин классташтарымдын теңинен көбү кетип калышты. Бирок арийне, шаарчабызды пир туткан адамдарыбыз да бар.

Ал кыз келечекти чагылдыруучу күзгүнү тиктеп жаткансып, объективден көзүн албай сүйлөп жатат. Анын көздөрү телевизордун киноскеопу аркылуу мени тирмие тиктейт. Мен муздаткычтан дагы бир банка пиво алып, шакекчесин тартам, бир эки жутам.

Анын шаарчасы.

Мен ал шаарча кандай экендигин элестете баштадым.

Поездер бир күндө сегиз жолу токтоочу  темир жол станциясы, меши бар күтүүчү зал,  айлампа жолдуу, көзгө болумсуз кичинекей аянтча, иероглифтери өчүп бараткан шаардын схемасы, гүл өскөн клумба,  Четиндүү алеея,  турмуш азабын көп тарткан, шалтактаган куу ит, ченеми ыкташпаган кеңири көчөлөр, коргоо органдарына үгүттөгөн плакат, түркүн буюмдары бар, үч этаждуу дүкөн, “Школдук формалар”, “Баш оорунун дарылары” сыяктуу илинген үгүттөмөлөр, кичинекей рёкан[4], айыл чарба кооперативинин, токойчарба  жана малчарбаны өнүктүрүү ассоциация борборлорунун имараттары, бозомук асманды тиктеген мончонун жетимсиреген трубасы.

Чоң жолдун аягында сол жакка буруласың, ал жакта, көчө  кайчылашкан жерде, кыз маалымат бөлүмүндө иштеген мэриянын имараты. Кичинекей, жарым жылдан ашык кар жаткан, кунарсыз шаарча. А ал кыз отуруп алып өз шаарчасы үчүн ар түрдүү кулактандырууларды жазат. “Баланча айдын түкүнчө күнүндө меринос койлорду дезинфекциялоо үчүн дары таратылат. Каалоочулар баланча айдын түкүнчө күнүнө карата арыз-бланка толтурууңарды суранабыз…”

Байкалбастан  кыз экөөбүздүн тагдырыбыз Саппоронун мейманканасынын ушул кичинекей бөлмөсүндө кошулуп калды. Бирок бир нерсе жетишпей жатат. Мен мейманканада керебетте жатам, мезгил… кудум күрөөгө алган костюм сыяктуу… мен ага ылайыкташа албай турам. Чот балта бутумдун алдындагы арканды улам-улам ургулап жаткандай. Аркан үзүлсө бардыгы үзүлөт, кайра кайталанбайт. Ошондон улам тынчсызданам.

Арийне, аркан үзүлбөйт деңизчи. Мен жөн эле пивону ашыгыраак ичип койдум көрүнөт. Анан да терезенин ары жагында түшүп жаткан кардын таасириби дейм. Арканды аярлай басып, кадимки турмуштун канатынын астына кайтам. Менин шаарчам, менин көчөлөрүм, анын койлору.

Анын мериносторун сонун дезинфекция каражаттары менен дарылап жаткан мезгилде, мен өзүмдүн койлорум менен кышка камдана баштайм. Чөп даярдайм, бакка керосин толтурам, кардуу бороонго туруштук бериши үчүн терезелердин кашектерин оңдойм.

— Бул менен шаарым, — дейт кыз. — Кичинекей шаарча, өзгөчөлөнгөн эч нерсеси деле жок. Бирок ал меники. Мүмкүнчүлүгүңөр болсо – келгиле. Ким билет: балким, биздин сизге кандайдыр бир жардамыбыз тийер.

Анын сөлөкөтү экрандан жок болуп кетти.

Пульттун кнопкасын басып телевизорду өчүрөм, пивону аягына чыгарам. Ойго түшөм: анын шаарчасына барсамбы?  Балким ал кыз мага кандайдыр бир жардам көрсөтөт. Бирок барбайм го. Көп нерседен айрылып калдым.

Тышта кар дагы эле түшүүдө. Жүздөгөн мериностор караңгыда көздөрүн жумуп жатат.

Орусчадан оодарган Марсел ИСАКОВ

[1] Токиологу аэропорт

[2] Хоккайдо аралындагы шаар

[3] Жаңы толкун

[4] Япониядагы салттуу кичинекей мейманкана

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.