Памирлик кыргыздарды апийим талкалап атат…(2-бөлүк)

<<<<<<<<<<< 1-бөлүк

Ү.Култаева: Мен Салтанаттан көп үмүт этип турам. Жанагы фонд ишин алып барса иш жылганы турат. Мен бир бала алганга даярмын.

С.Бараканова: Эмне үчүн ушундай бир структура болушу керек дегенде, мисалы, жанагы өкмөттөн бөлүнгөн 10 млн. кошулганда азыркы келген кыргыздарга 5 жылга жете турган каражат түштү. Нарын областы туура эмес пайдаланды. Булардын өздөрүнүн үйү жок. Тендер жарыялашты, тендер менен очойгон, очойгон баага ар бир үйгө эмерек, тиричилик техникасын алып беришти.

Өздөрүнүн үйлөрү жок да, аларды пайдаланганды билбесе, эмнеге алып беришет. Жөн эле самын алып бере туруш керек эле, кирлерин жууп алышат. Ат-Башыдагы ферманын сарайына барсам, уктоочу эмерек, суу болгон сарайдын ичинде турат, матрацы менен. Муну эмнеге колдонбойсуңар десем, батпайбыз дейт. Баарыңар батпайсыңар албетте, балдарыңарга салып бергиле дедим. Эки үй-бүлө да. Бирөө ошол жерде экен, бирөө гана десем, фермердин үйүндө экен. Булар урунбайт экен, сакталып турат дейт.

Ошончо акчанын баарын өкмөт каякка кетирди, тендерди кандай өткөрүштү. Силер угуп аттыңар, тиги район келди; муну берди, бул район келди; аны-муну берди деп. Ар бир мекеме, атургай жөнөкөй айдоочулар мага чалышты, эже биз акча топтодук, каякка, кантип алпарабыз деп. Эт менен келип атты, картошка, макарон менен келип атты жардам.

Өткөндө барып карап, акимчиликке кирип сурадым, баарынын алуу-берүү актылары (акт прием/передачи) барбы деп. Областтык администрациянын жетекчиси айтып атат, болсо керек, катташса керек деп. Өздөрүнөн сурасак, балдарына жөлөк пул алышат, ошол акча менен жашап атышат. Башка киреше булагы жок.

С.Кайыпов: Жөлөк пул да жок азыр, берилбей калды.

С.Бараканова: Эмнеге, азыр алар кантип жашап атышат анан? Мына, минтип таштап койгон болбойт. Алар балдары менен келсе да, калабыз десе, мына мыйзам турат, биз аларга жардам беришибиз керек. Азыр жанагы тендерди текшерип чыгышсын. Жергиликтүү калк айтып атат, мобу сатып берген үйүн ошол райондун акиминин орун басары сатып бериптир. Эки үй келе тургандай баага сатып берди дейт. Каражатты туура эмес колдонуп атышат.

Муну жазып ийбегиле анан, баягы Бараканова чуулдатып атат дешпесин…

Жетиген Асанбек: Так ушул жазылыш керек ко дейм. Эми мындай нерселерди эрөөн-төрөөн көрбөй,  кымырып-кыспай, ачык эле жасап атса, сиз айтпаганда да жашыруун болуп атабы мындай иштер? Кашкайып турса деле, жөн эле көрмөксөн боло беребизби? Так ушул мамлекеттик структурада кылынган иштердин башаламандыгы апогейине жетип, президенттин сөзү деле сөз болбой калган учур. Айтылып эле атат, жедеп ашмалтай болуп калыптыр. Мына, аттиштин 600 доллар болгонуна коомчулук дендароо болуп атсак, көрсө ал мындай иштердин чекеси эле экен да. Ага коомчулуктун уу-дуу болуп нааразыланганынан бир нерсе өзгөрдүбү?

Өзгөргөнү ушул – шаар дегенди жаза албаган адам шаардын мэри болуп отурат. Ошону тил комиссиясынан аты белгилүү эле кишилер, башты жерге салып, “бул жерде калыс болбош керек, макул болуш керек” деп, оозу-мурду кыйшайбай өткөрүшпөдүбү!

Муну биздин атыбызды айтпагыла деп, жашыруун кылышкан жок. Коомчулукту каратып туруп, чыйт түкүрүп туруп кылышты. Шылтоосу мектепти орусча бүттү дейт. Мектепти орусча бүткөн көп эле жетекчилерди билебиз. Шаар дегенди жазганды билбегендери бар беле? Ошентсе да, айтканды токтотпошубуз керек. Укчуулар угуп, көрчүлөр көрөт. Чындык менен жалганды айырмалай алчулар билишсин. Унчукпай, жаап-жашырып койбош керек деп ойлойм.

С.Бараканова: Жанагы Алайдан берилген 20 га жерди трансформация кылып беришсин. Мына ушуну көтөрүш керек. Мен ал жерди да барып көрүп келдим, бул маселе мага тиешеси жок болсо дагы. Чоң жолдун боюндагы Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү жакшы жайык жер экен. Ары жагында суу, суунун ары жагы жайыт болот дейт. Ал жерге бүт инфраструктураны тартып келиш керек, анын баары акча.

Берки Сарымоңолдогулар туугандары. Ал жерде жаңы чоң мектеп бар. Ошол Сарымоңолдун айыл өкмөтү менен сүйлөштүм да, буларды кабыл алып алсаңар кандай болот десем, ал жер Тажикстандын жери болчу, арендага кийин өткөрүп берди. Жакында эле жарандыгын алып бүтүштү алар. Азыр эми пенсия маселеси болуп атат. Аны чечсе болот, болгону… билбейм, же өкмөт, же депутаттар ошого маани бербей отурушат. Айыл өкмөтү айтып атат, аларга ошол жерди берсе болот дейт. Трансформация кылып берели дейт. Алар ошондо пенсия ала баштайт, анткени жери бар

С.Кайыпов: Чоң Алайда Кызыл-Эшме деген жер бар имиш. Аманбек Карыпкулович экөөбүз иштегенбиз илгери. Анын ары жагында Каздын талаасы деген жер бар. Ошол жер ушуларга абдан ылайык, ошол жерде мал чарбачылыгын жүргүзө турган болсо, Кыргызстанды эт менен камсыз кылат деген да пландар болгон. Сөздүн ачыгы жакшы негизи. Кийин бул такыр башкача болуп кетти, демократиялык саясатка таянып, ал жакка 3000 кишини алып келип койгондо, ансыз деле эли көп түштүк андан бетер көбөйүп кетет деген дагы саясат болду. Ошон үчүн жок, райондорго эле чачып ийиш керек деген саясат ошол 2006-жылы болгон.

Сунуш айтып коёюн. Биринчиден кыргыз өкмөтү, дегеле Кыргыз мамлекети президент баш болуп, өкмөт, парламент мынабу улуттук саясат, анын ишинде диаспора саясатын жолго коюш керек. Ушунун философиясын жакшылап иштеп чыгып, керек болсо мигранттар менен кошуппу, иши кылып кыргыздын диаспорасы тууралуу мыйзам кабыл алса болот.

С.Бараканова: Бар да мыйзам.

С.Кайыпов: Мыйзам болмоюн, уюм да, бюджет да болбойт да. Мыйзам болуш керек, сөзсүз. Андан кийин Тышкы иштер министрлигинде Афганистан менен, бардык эле кыргыздар жашаган өлкөлөр менен мамилени туура жолго коюш үчүн атайын кызмат болуш керек. Себеби алар ошону жүргүзүш керек. Диаспоралар тууралуу мыйзам болсо, анан ал Тышкы иштер министрлигинде коомдук жана мамлекеттик эки линия менен иштеши керек. Афганистан менен Кыргызстандын достук коому деген барбы, жокпу?

О.Молдалиев: Бар.

С.Кайыпов: Ошол достук коом аркылуу, анан кийин министрликтер аркылуу иштесе, ошондо дурус болот. Кийинки сунуш, афганистандык кыргыздарга, алардын мыйзамында бар кош жарандык, биздики жок. Көйгөйдү бизден чыгарышат. Афганистан көйгөй чыгарбайт. Алар менен расмий деңгээлде жакшылап сүйлөшүп, ошол кыргыздарга Кыргызстандын да жарандыгын берүү маселесин караш керек. Ошондо алардын Тажикстан аркылуу бизге келип-кетип туруу мүмкүнчүлүгү ачылат.

Андан кийин Афганистан менен Кыргызстандын мамилесин аябай жакшы келтирип, достук мамилелерди түзүш керек. Ошол Вахан коридорунда кыргыздын жайгашып турганынын өзү чоң пайда. Адамдын өмүрү жетимиш жыл болсо, элдин, өлкөнүн өмүрү түбөлүктүү. Ошол жагы туура жолго коюлса, бардык структуралар өзүнчө коюлат. Вахан коридорунда сөзсүз түрдө… ал жактан келген кыргыздарга айтыш керек, силер Афганистандын жаранысыңар, Афганистандын байрагын бекем кармагыла. Андан кийин кыргыз экениңерди, албетте, унутпайсыңар деп туруп эле, ошол жактан өнүктүрүш керек. Жашоо шарт деле өздөрү үчүн жакшы эле.

Нарындан бир аял айтат. Аялдар менен көп сүйлөштүрбөйт деп. Мен кокустан учурап калып анан сурап атпаймынбы, кандай, бул жердин суусу, абасы жагып атабы десем, бул жердин кузгунунун үнү деле бир башка экен, эртең менен каркылдап атыптыр, кулагыма бир жаман угулат дейт. Азыр бир термин чыккан, экосистема деген. Адам дагы, чөп дагы ошол системанын бирине бири байланышып, таасир эткен бир компоненти да. Турган жеринде аларга жакшы. Бизге жаман болуп, биз дем ала албай аткан жерде алар ээн-эркин жүрөт.

С.Бараканова: Дагы бир маселе. Биз мурда барганда ал жерде кыргыздардан башка эч ким жок болчу. Киши кийиктей болуп, ошол жерде кыргыздар гана жашаган үчүн Карзай аларды кетирген эмес. Алар ошол жердин корукчусу, ошол жерди кайтарып, сактап турган адамдар болчу. Азыр болсо Афганистан, Тажикстан, Кытай үчөө биригип, чоң бир база түзүп атат. Кытай Кичи Памирге жакын жерге чоң бир аскер базасын салып атат. Кичи Памирдин жолдору салынып, чоң аскер машиналары жүрөт, аскерлер жүрөт.

Мурдагы кароолчу болуп иштеген Эгембердилер азыр бош калган. Өздөрүнүн афган чек арачыларын алып келген. Кытайлар болсо толуп алыптыр, чоң аскер машиналары менен жүрүшөт. Биздин кыргыздарга 5 койго кичирээк мотоцикл, сегиз койго чоңураак мотоцикл. 15 койго дагы бир укмуш мотоцикл берет экен. Биздин жапжаш балдар Кичи Памирде мотоциклди чымылдатып айдап жүрүшөт. Мына, цивилизация чекесинен келип атат. Чоң Памирдин бир плюсу, Турдакун ажы, раматылык, өтүп кетиптир, ошол Карзайга барып жүрүп, мектеп анан медпункт салынган. Фарсча окуйт. Мугалим жок.

О.Молдалиев: Булар ойлойт окшойт, тилдерин түшүнөт деп. Эки тажик мугалим жиберишиптир. Эки тажик дарыгер жиберишиптир.

С.Бараканова: Эки тажик дарыгер, фельдшер болуп иштеп атышат. Мугалимдер дагы убагы менен келет экен. Бирок кыргыздар тилибизди жоготобуз деп, балдарын бербейт экен.

С.Кайыпов: Айтайын деп айтпай калдым эле, айта берейинчи. Ай арасы болуп, моминтип ар кимдин колун карап турганда, Америка тетигинтип жүдөтүп турганда, 2000 кыргызыңды айландырып кетишпесинин камын ойлош керек. Кыргыздын да өзүнүн бүт кыргызга таандык акмакчылыгы бар, жерди сата бермей, мынамынча апийимге мынабу жерге үй салып ал дей берип, башка  элдер барып, айыл кылып алыптыр. Эми ошонун жарымын алышыптыр жакында, бул биздин жер болчу, чыккыла деп. Жарымы калыптыр дейт. Кыргыз ушу жерин бере бергенди өнөр кылып алган да. Ал жердеги кыргыз, бул кыргыз – баары эле бир кыргыз.

Ү.Култаева: Буга чейин менин көз карашым башкача болчу. Сулайман акенин сөзү көз карашымды өзгөрттү. Маалымат ушундай берилген да, булар байкуштар куурап атат, көчүп келишти, андай-мындай деп. Бул жерден жакшы бир нерсени сезип атам. Баягы кыргыздын биз жоготкон менталдуу жакшы нерселери ошол жакта сакталып калышы мүмкүн. Бул өтө баалуу нерсе.

Мисалы мен кечээ Кытайдан келбедимби. Бээжинден Адыл үйүнө чакырды. Адыл, мен куру келип калдым, башка убакта барайын десем, аялы тепилдеген аябай бышык кыз, «Эже, сиз куру келген жоксуз, Кыргызстанды төбөңүзгө көтөрүп келдиңиз» деди. Мен ушул сөздү табат белем, таппайт белем, билбейм. Анткени кытайлык кыргыздарды оозеки речь абдан өнүккөн. Алардын жазуу речи начар, түшүнбөйсүң. Жалаң жазуу речинен азап чектик да, мен эстен танып жыгылгам. Мен ойлоп калдым, Сулайман аке, кыргыздын оозеки речинде чоң касиет бар экен.

С.Кайыпов: Оозеки маданият – негизги маданият да.

Ү.Култаева: Оозеки маданиятта чоң касиет, чоң кыргыздык дүйнө тааным бар. Биз ошону жоготуп алыптырбыз. Калем берип атат, эски иероглиф менен, “калем найзадан өткүр” деп жазылыптыр. Бул сөз бизде жок. Ошон үчүн жанагыдай ордунда жардам берсе, чын эле кыргыздын менталдуу накта дүйнө таанымына тиешелүү нерселер сакталып калышы мүмкүн. Бирок сөзсүз түрдө алар биз менен аралашыш керек. Акчасын жакшынакай төлөп жибериш керек жаштардан.

Жаш жубайларды ар бирине айына 1000 доллардан – 2000 төлөп жиберсе, барышат эле. Тетиги тарых музейине койгон атты кыргызга эле берсе, 28 миң доллар эмес, эшектей кылбай, чыныгы жоргону жасап койбойт беле. Эң негизгиси кадр, кадрды бул жактан акчасын төлөп жибериш керек ал жакка.

С.Кайыпов: Маданият материалдык жана рухий болуп, экиге бөлүнөт да. Рухий маданиятын, фольклорун 20 томдук кылып жыйнагам. Дүйнөнүн эч бир жеринде бир айылдан андай материал болбойт. Памир кыргыздарынын материалдык маданиятын айтайын. Тамак-ашты эмнеге мен 3-4 том кылып жазып атам? Ажерде ушундай нерселер бар, мен бирөөгө айттым, сен мени менен келишим түз, Кыргызстандын сырткы карызын мен төлөйм деп, анан кийин мына мобу китептен окуп ал деп, мен сага сырын айтам дедим. Булардын кызык тамактары бар, себеби өтө бийик жерде жашагандан кийин, климаты өтө татаал. Ал жерде жашаш үчүн, көп нерсени иштеп чыгыш керек.

Булар сүттөн продукция жасагандын эң мыкты жолдорун иштеп чыгышкан да, азыр унутуп калган. Азыр апийим баарын жууп кеткен. Бир «ширине» деген тамагын изилдеп жүрүп араң тапкам. Патентин да алгам. Ошол ширинени кыргыздын байыркы тажрыйбасын, дүйнөгө модернизациялап туруп азыр жая турган болсо, быштактын суусу бар эмеспи, каякка төгөрдү билбей атышкан, заматта сырьего айланат. Ал миллиондогон валюта болот. Ал үчүн чөнтөгүңдө акчаң, аркаңда өлкөң болушу керек. Акчасы жок, анан өлкөсү жок киши жасай албайт, китеп кылып жазып коёт, жыйып коёт. Анан бир күнү бирөө жасайт.

Ширине – атын айтып коёюн. Патентин да алгам, бирок мен аны жасай албайм. Мына ошол денеден өлүү клеткалардын бардыгын сүрөт. Ошол үчүн алар аман калган, болбосо кырылып калбайбы. Ошону жасабаган үчүн азыр 40 жашында өлүп атат. 114 жаштагы киши өлгөн экен мен барганда, 106 жаштагы Тажыбай деген кишиден сүйүү ырын жазып алгам. Алар кантип 114 жыл, 106 жыл жашайт? Эмне үчүн азыркы 40та өлөт? Себеби баягы тамакты жебей калды. Баягы оюндарды ойнобой калды. Оюн да иш да, элдик спортту ойнош керек. Ошол Памирдин тамагын жеш керек. Азыр Кытайдын макаронун жеп атпайбы, анан өлөт да эй. Ошон үчүн  түшүндүрүш керек, мобу тамагыңарды жегиле деп.

О.Молдалиев: Буларга «Ага хан» фонду тамак-аш алпарып берет экен. Маргарин тиги-буга көнүп алып, кой-эчкини баягыдай саабай калышыптыр. Карабайсызбы, цивилизациянын терс таасири. Маргарин жегенден көрө накта оокат жакшы да, аны түшүндүрсөңүз, э кой дешет.

С.Бараканова: Менде 2008-жылы алып келген нан бар. Токоч анан, чий боорсоктор. Бузулбайт. Чий боорсогун кетип жеп көрсөң, ошол даамында турат.

С.Кайыпов: Алардын психологиясы башка, бизге окшоп таңк-туңк сүйлөбөйт. Бирөөнү айтып берейин, мисал кылып. Аблес, Чак деген эки бир тууган бар экен. Чак дегени улуу экен, ал бир күнү жазга маал айтат: Балдар ай, мобу көл үшүп атат, кийизди алып барып, жапкылачы», — деп. «Көл үшүйбү, жапса болобу…» дешсе, «жап, жап, мобу кийизди алпарып жаап кой» дейт. Алпарып жабат. Кайра келип, кантти десе, билбейм, чөгүп кетти дейт. Анда дагы үшүп титиреп атат, мынабуну сыйырып барып жапчы, тиги үйдүкүн алпар, тиги үйдүкүн алпар деп отуруп, бүтүн айылдагы кийизди көлгө жаптырып ийиптир. Бирок сырын айтпайт. Ал эмнеге ошенткен? Кээ бирлер апенди, келесоо болчу дейт да. Келесоо эмес ал. Себеби койду кыркат, анын жүнүн жууйт, кийиз жасайт. Үйлөрдө жаңы кийиздер пайда болот. Баягы вирустуу эски кийиздин баары кетет, эпидемия токтойт. Анан адамдар коллектив болуп иштейт да, иштегенде достошот, бири-бирин таанышат, куда-сөөк болушат. Анан тиги карап, күлүп отура берет экен, бечаралар деп.

Көрдүңөрбү, эгерде ал айтса, эй, үйүңөр эскирип кетти, алпарып өрттөп жаңы жасагыла десе, жасабайт да кыргыз. Көл үшүп кетти, алпарып жаап койгула деп сырдуу унчукпай отура берет, беркилер иштей берет күзгө чейин. Шумдук да бул. Анан апийим келгенден кийин бүт жууду да. Апийим ачык айтылбай жүрдү көпкө чейин. Мен деле ачык айткан жокмун. Анан кийин ачык айта баштадым. Өздөрүнөн да сурадым, апийимиңерди айта берейин, силерди өлтүрө турган ошол деп.

Ж.А.: Алардын негизги көйгөйү апийим экен да.

С.Кайыпов: Негизги көйгөйү – апийим. Орозке, Рахманкул хандын көчкөнүнүн себеби ушул болгон. Рахманкул хан социализмден коркуп көчкөн, мен деле ушинтип жазып жүрөм. Объективдүү себеп ошол дейбиз да. Бирок иш жүзүндө Рахманкулдун көчүшүндө жеке мотиви биринчи планда болгон. Себеби бардыгы апийим чегип кеткен. Рахманкул каршы болгон ага. Анан бирөөнү алып келип асат да, жигиттер кармап келет, апийим чегиптир деп. Ошондо жанагы киши айтып атпайбы, хан, сен сурайсыңбы же сурабай эле токмоктой бересиңби деп. Хан, ии, нени айтасың десе айтат. Сен хандык кылсаң тегиз кыл. Сенин Мария ажы деген сулуу карындашың бар. Эл сенден коркот, сен Мария ажыдан коркосуң. Ошо сенин Мария ажы деген сулуу карындашың кимдин тизесине башын коюп алып апийим чегет, билесиңби, мына менин тиземе башын коюп алып апийим чегет дейт.

Сенин жакшы көргөн балаң Абдывакил кимди акелеп аркасынан жүгүрүп жүрүп сурап чегет, мынча топоз берем деп, мына менин артыман жүгүрүп жүрөт. Сен өзүңдүн үй-бүлөңө ээ боло албайсың дагы, мени эмнеге сабайсың, чечтирип кой дейт. Ошондо хан сөзгө жыгылат. Ошо күнү Рахманкул хан болбой калат, көчөм дейт. Көчкөндө да, өзүм көчөм дейт.

Эки аялын алып алып көчмөк, балдарын таштап. Анан элге угулуп кетип, апийимге мас болгон эл ханыбыз жок кантип жашайбыз деп, ата-энесин журтка таштап коюп, ээрчип көчүп кетип калат. Ушинтип көч пайда болот. Барып туруп кичине жашагандан кийин Абдырашит хан 40 үй менен кайра Памирге көчүп келет. Кичи Памирдегилер азыр ошолордон түзүлүп калды. Эки үй-бүлө калат, ошо эки үй-бүлө калган жанагы Абдывайит менен Нурулхак, ошол Нурулхактын атасы көчпөй калган.

Искендер Ормон уулу: Каягынан алсак деле, көйгөй көп болуп турат. Ар бир адистин өзүнүн көзү менен эле каралбай, агай айткандай орток бир философиясы белгилүү болуп, ошого жараша кадамдар ташталып, ким эмне иш кылса, ошону толуктоочу иш болгон болсо, бир натыйжа чыгат окшойт. Бир жагынан баягы эскилер калып кетти дегенибиз менен, азыр сактап калуу үчүн болгон агайлардын мээнети эртең билинет эми. Эртең булар деле калбайт да.

Глобалдашкан дүйнөдө же булар кырылып жок болушат, же ассимиляция болуп жок болот. Биздин бир туугандарыбызды кызы интернет аркылуу вандык кыргыз менен табышып алышыптыр. Баш кошушту, бул жакка келишти, кыргызча бир 10-15% эле сүйлөшөт экен, түркчө сүйлөп калышыптыр. Ошондой боло электе, балким биз дагы, ошолордун улуту болуп кетсе, ошолордун тили сүйлөп калса деле, кыргыздык ичиндеги сүйүнүчүн, түшүнүгүн, ынанымын, өзүндө болгон улуттук идентификациясын жоготпой тургандай эмне кыла алабыз деген бир суроо документтин ичинде болуш керекпи дейм да.

Дүйнөдө өрнөктөрү бар да, жакынкы жерде деле, казактарда “Оралман”, түрктөрдө министрлик бар, ошондой кыргыз мамлекетинин дареметине жараша, узун мөөнөттүк көз караш менен бир документ болуп, же атайын бир концепциябы, таяна тургандай чет өлкөлүк кыргыздар боюнча бир документ болуш керек экен. Ал документ ичинде фонд кайрадан жанданса, бир эле мамлекеттик бюджеттен эмес, сырттан да жардам алса.

Эң эле сактай турган нерсе, билим берүү окуу жайлары окшойт. Ар бир өлкөнүн өзүнчө мыйзамдары бар. Үмүт эже айткандай, кайсы жерде кыргыз болсо, ошол жерлер үчүн квота бөлүнүп, бул жерде окутулса. Окутканда да, фонд аркылуу стипендия берилип, жатаканалары да жакшыртылып дегендей.

Американын бир университетине барып калдык, ал жерде адаптация жана социалдык иштер бөлүмү бар экен. Анан ар бир чөлкөмдөн келген: индустар, кытайлар, пакистандыктар ж. б. өздөрүнүн клубдары, өздөрүнүн кураторлору бар. Алар менен жумасына сөзсүз түрдө өздөрүнүн тамагын жасашып, өздөрүнүн ырларын ырдашып, кыскасы, сагынган турмушун жашап алышат экен. Ошондой усулдарды иштеп чыгып, ЖОЖдорго сунуштап же мажбурлап дегендей, муну программа түрүндө коюп, программанын ичинде каралбаса, бир эле Сулайман агайдын китептеринде калчудай эртең.

О.Ш.: Бул темага биз тийди-качты мамиле кылбайбыз. «РухЭш» негизи – интеллектуалдар альянсы. Бүгүнкү талкуу жарыялангандан кийин башка авторлордон да суранам, аталган теманы коомдук талкууга салууга. Бу жерде отурган Абдывахап мырза парламенттен да өкмөткө коңгуроо какса, иш ордунан жылар дейм. Муну менен катар жерге-талдык кыргыздардын тагдыры жөнүндө сөз кыла кетсек болот эле. Гуманитардык багытта жазында барып келгенбиз. Китеп жеткирип барабыз деп, бир тоннадан ашуун китеп чек арада калып калды. Өкмөттөн эч кандай аракет болгон жок. Бул боюнча азыр Жолдош байкебиз да кошумчалаар. Памирлик кыргыздарга караганда жерге-талдык кыргыздарга жардам берүү оңой деп ойлойм. Ал жерде 21 кыргыз мектеби бар экен, бирок кыргыз мектеп деген аты эле болбосо, тажикче билим берүү. 18 аралаш кыргыз-тажик мектеп бар дешти…

Ал жактагы бүтүндөй бир райондун эли – кыргыз этносундагылар. Жокем бу жагына да кенен токтолуп өтөр, муну да талкууга койсок азыр…

О.Молдалиев: Сулайман Кайыповичтин айтканына ырастоо болуп атат. Сиз Жерге-Тал деп айтып атасыз. Азыр ал жер Лахш болуп калган. Тажик окумуштууларынын китептерин карасаңыз, тээ 15-16-кылымдан бери эле кыргыздар жашаган деп турат. Ошого карабай, Лахш деп коюп салды. КМШ боюнча чогуубуз, Азия боюнча бир тууганбыз.

Жолдош Турдубаев: Жерге-Тал боюнча Олжобайдын сайтында турат, бир эмес эки макала жазды, ырын да кошуп. Мен да бирди жаздым. Аларды кайталап отурбайлы, убактыңыздар болсо, карап, тереңдеп таанышсаңыздар болот. Ток этер жери, Жерге-Талда абал акыркы жылдары татаалдашып, оорлошуп кетти. Өкмөт бул жаатта атайын программа түзүп, ырааттуу иш жүргүзбөсө, эртең кеч болуп калат.

Мурда, 90-жылдары эски болсо да бул жактан алып барылган, өздөрү ар кайсы жактан алган СССР маалындагы китептерди колдонушчу. Кийин бара-бара жокко эсе болуп калды. «Жаңыл Жусупжандын «Каратегинден кат» деген документалдуу фильми бар, эл аралык сыйлыктарды да алды». Ошондо мугалим сабак өтүп атат, мен тажикчеден тишимдин өтүшүнчө бүгүнкү темага ылайык айтып берип атам, силер дептериңерге жазып алгыла да, кийинки сабакта айтып бересиңер деп атат. Жагдай дал ушундай.

Биздин Билим берүү министрлигинин эл аралык байланыштар бөлүмүндө иштеген Бегимай деген келин айтат, биздеги квота боюнча Тажикстандан келген балдардын билими ушунчалык начар, таптакыр билбейт экен дейт. Ушул бөлүмдүн мурдагы жетекчиси Сонун Адрешева тияктан окууга өттү делген балдар ноябрь-декабрда келишет, анткени ата-энелери картошкасын сатып, параны төлөгөндөн кийин гана жиберилет экен деген эле. Андай болсо абитуриенттерди Кыргызстандын адистери тандап алсын деп сунуштадык эле, бирок баары бир жагдай жакшырбаптыр.

Жайылган деген айылдан мектеп директору быйыл эмне Кыргызстанга студент албай калдыбы дейт. Эмнеге десем, бүтүндөй эки-үч айыл өкмөтүнөн бир да абитуриент кеткен жок, эч ким айткан жок дейт. Маалымат берилбептир. Көрсө, тымызын эле тандап-тандап кетирип атыптыр. Этникалык кыргыздар кирүү тестин бул жактан тапшырат экен, демек, маалыматты алдын ала жарыялап, тестке катышууну каалагандардын баарына бирдей мүмкүнчүлүк бериш керек.

Кыскасы, квотаны көзөмөлдөө өзүнчө чоң маселе. Бул жакта окуп аткандардын канчасы окуйт, терең билим алып атышабы, бүткөндөн кийин барабы, жокпу деген суроолор бар. Мамлекеттин бюджетинен кеткен каражат акталып атабы – бул маселени да министрликтин, Душанбенин, Жерге-Талдын өкүлдөрү менен чогуу талкуулап, системалуу чечиш керек.

Мына биз Олжобай, IT технология боюнча Чоробек Сааданбек деген жигит барган, окутуунун заманбап усулдарын үйрөтүүчү Асылбек Жоодонбеков жана Билим берүү жана илим министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлү Сейит Жаанбаев болуп мугалимдерге эң керектүү нерселерди айтып берсин деп бардык эле. Бирок ала барган китептерибизди өткөрбөй, мугалимдерге жолуктурбай коюшту.

О.Ш.: Аким чочулап туруп алды.

Ж.Турдубаев: Душанбе жактан буйрук ушундай экен да. Китептерди Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигине көрсөтүп, уруксат алып анан алып келесиңер деди. Бул эми шылтоо эле, Душанбеде кыргыз тилин жакшы билген адис жок да. Жерге-Талдагыларга эле комиссия түздүрүп, өткөрүп койсо болот эле. Жарагандарын тандап алгыла деп койсо болмок, анткен жок. Үч ай бою маселе чечилбей, бул жактан биздин Билим берүү жана илим министрлиги жазган кайрылууларга жооп беришпей, акыры чегарадагы китеп түшүрүлгөн кампаны бошотуш керек, китептерди алып кеткиле дегенде, Чоң Алайга ташып келдик, азыр Чоң Алайда жатат. Абдувахаб мырза, Орозбек агай, Сулайман агай сиздер, саясий болобу, кызматтык, моралдык болобу, кимдин кандай мүмкүнчүлүгү, кадыр-баркы болсо, ушул маселени чечүүгө кол кабыш кылыңыздар. Баарыбыз биргеликте иштешибиз керек. Президенттин деңгээлинде, Эмомали Рахмон менен Жээнбековдун сүйлөшүүсү аркылуу болобу, өкмөт аркылуубу кепке келишсе болот эле.

Бизде 55 миңдей тажигибиз бар, этникалык кыргыздар Тажикстанда бар. Келгиле, биз бул жактагы тажиктерге кам көрөлү, өздөрүнүн аракетине тоскоолдук кылбайлы, тыюу салынбаган китептерди, аудио-видео сабактарды алып окуйбуз десе, окуй беришсин. Силер Тажикстандагы кыргыздарга мүмкүнчүлүк бергиле, маданият, тил жагынан болушунча эркиндик берели деп келишсек болот эле.

2006-жылы Тажикстандын билим министри менен биздин министр Каныбек Осмоналиев агай эле ал кезде, аябай жакшы меморандумга кол коюшкан. Сонун пункттары бар. Андан бери да бир топ макулдашуулар түзүлгөн. Мугалимдерге методикалык жардамды уюштуруу, окуу китептерди, методикалык иштелмелерди биргелешип түзүү, которуу, квота ж. б. каралган. Бирок квотадан башкасы бүт бойдон ишке ашпай калды. Квотада деле жанагындай кемчиликтер бар.

Дагы бир нерсени айта кетейин. Мургабдан бир жигит келди. Ал райондо 12 кыргыз мектеп бар, 4-5 жылдын ичинде ошолордун бирин гана калтырыш керек, калганы бүт тажик мектеби болушу керек деген программа бар экен. Быйыл 1-класстан баштап, толугу менен тажик класс кылып атат дейт. Муну жергеталдыктар да айтып жатат.

Айтмакчы, кечээ жакында Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигинен эки өкүл келип, биздин Билим берүү жана илим министрлигиндеги кесиптештери менен сүйлөшүп кетишти. Алар мени менен да кездешип, кыргыз мектептери кыскартылат, быйыл бардык класстар тажик тилдүү гана болот деген маалыматты төгүндөштү. Эми биздин министрликтен да атайын өкүлдөр барып, жагдайды жеринен иликтеп келиши керек.

С.Кайыпов: Башкалар ошондой кылат. А биз оозду ачып жатабыз.

Ж.Турдубаев: Бул жактагы тажик диаспорасын катыштырып, Равшан Сабировго айтыш керек. Биздеги тажик мектептердин жетиштүү карала элек маселелерин чечип, мына, бизде мындай шарттар түзүлүп, камкордук көрүлүп атат деп, элдик дипломатиянын механизмдерин колдонуу менен иш алып барылса, парламент дагы өзүнүн линиясы менен иш жүргүзсө жакшы болор эле бул жаатта. Ушул жана башка маселелерди комплекстүү түрдө чечиш керек.

С.Бараканова: Китептерди жеткириш үчүн гуманитардык экспедиция уюштуруш керек. Жазуучуларды, артисттерди, окумуштууларды тартып, алар тигилер менен алака түзүшү керек. Анан аларды чакырып, ушундай байланышты күчөткөндө жакшы болмок.

Кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссия бар. Мен бир жылда мүчө болгом, ошол комиссияда иштегендер болбогон эле бир маселелерди көтөрүшөт дагы, улутка тиешелүү, гуманитардык багыттагы маселелерди көтөрүшпөйт. Өкмөт аралык комиссия Өзбекстан менен бар, Афганистан менен бар, бардык өлкөлөр менен бар. Ошолор пландарына коюш керек. Алар алмак-салмак жыйналышат. Бир жылы Кыргызстанда жыйналышат, бир жылы Тажикстанда жыйналышат. Кыргызстан этникалык кыргыздарга 75 эле квоталык орун берет. Келип окуп аткандардын көбү өздөрүнүн акчасы менен, контракттык негизде окуп атышат. 75 орун көбүнчө мугалимдик кесипке берилет. Буга көп келишпейт. Салык, экономика, юридика тармактары боюнча кесиптерге орун жок.

Ж.Турдубаев: Медакадемияга, университеттердин экономика, юридика ж.б. факультеттерине да бирден-экиден орун бөлүнгөн болчу. Ошол орундар да туура пайдаланылбай атпайбы.

С.Бараканова: Министрликтердин өз ара байланыштары бар да. Ошолор ушул маселелерди көтөрүш керек, ошолорго жеткириш керек.

О.Ш.: Тажик-кыргыз мамилесине келгенде элдик дипломатиянын чоң бир жүйөсү бар, биз таяке-жээн элбиз. Эки райондо жашаган кыргыз эмне деген кыргыз. Ошолор бүгүнкү күндө эне тилинде билим ала албаса, 10-20 жылдан кийин баш көтөрбөй калат, тажиктештирүү саясаты жүрсө. Паспортуна тажик деп жазса эле, кыңк этпеген эл болуп калат, улуттук сезими өчүп.

Ү.Култаева: Кыргыздын накта эр мүнөз сапатын жоготуп атат булар.

С.Кайыпов: Биз ошондон сабак алышыбыз керек. Биз жайып эле коёбуз да, башыбызга чыгып кетип атпайбы. Албетте, кекчил болбошубуз керек, эч ким кодуланбашы керек. Бирок ошолорго карап биз дагы кичине улуттук саясаттын бурамаларын бекемдей турган жердебиз.

Ж. А.: Бизде кайсы саясаттын бурамасы бек? Ички  саясат деле шалкылдайт, тышкысы андан бетер.

С.Бараканова: Бир жагынан ошол Өзбекстандан, Тажикстандан келген кыргыздарды жергиликтүү эле кыргыздарыбыз кандай кодулайт, билесизби?

С.Кайыпов: Билем, билем.

Ж.Турдубаев: Эси жоктор бар тийишкен, бирок бул маселени бир жактуу карабай, келгендердин элге аралашуусуна башкача кам көрүш керек.

С.Бараканова: Чүйдүн боорунан күрдүнө, түркүнө, Өзбекстан кубалаган месхед түрктөргө жердин баарын берип койгонбуз. Ар биринин 200 га кем эмес жери бар. А биздин кыргыздар ошолорго мардикер болуп иштеп, эптеп жашашат.

О.Ш.: Биз өкмөттүн кемчилигин айтып атпайбызбы. Чынында өзүбүздүн элдин да каршылашуу менталитети күчтүү болуп, улуттун өзүндө да чоң мандем бар… Башка жактан келген боордошторубузду боорго тартуу, улуттук баалуулуктарды аздектөөгө келгенде аң-сезимибиз жетиле элек калкпыз!..

А.Ж.: Эл деген сүйрөгөн жакка эле кетет экен. Ошол сүйрөгөн киши аз болуп атпайбы.

С.Кайыпов: Улуттук консолидация процесси болуш керек да. Ал капитализмде болот. Бизде социализмде болгон улуттук консолидация аягына чыкпай калган. Ошон үчүн эмдигиче мени түндүктүк бирөө жалал-абаддыксың, сарт дейт. Биз деген ошондой элбиз да.

О.Молдалиев: Сарт деген бөлөк да.

С.Кайыпов: Мен эмесмин, ээ? (Баары күлүп калышты)

О.Молдалиев: Алматыда талкуу болуп, Өзбекстандын окумуштуулары айтып чыкты. Мен өзбектерге таң калдым, эркин сүйлөп калышыптыр. Биз адилетсиздик кылдык дейт, сарт деген бүтүндөй элди жок кылып салдык деп. Азыр алар маселени көтөрүп чыгып атышат.

С.Кайыпов: Бир аз чар-жайыт болуп калды, атаң көрү. Айта турган сөзүм көп эле. Мен үчүн бул – көкүрөктүн жарааты. Үзүп-кезип, чөп башылап, чөп башылап айтып койдум, баарын айтып бере албайсың да. Геосаясатын айтканда илимий кылып, фактылары менен айтыш керек. Маданиятын, тарыхын айтканда, тизип айтыш керек да. Бул жерде тизилбей калды, тойгон жокмун мен.

О.Молдалиев: Бу киши убакыт таап келип калганда бир конференция уюштуруп, доклад окутуп, дагы башка окумуштууларды чакырып талкуулай турган маселелер булар. Коомчулукка жарыялап көрсөтө турган маселелер булар. Бу «кишинин эки макаласынан» башкасын окуй электер бар (баары күлдү), анүчүн да аларды күнөөлөбөш керек. Бул чоң маселе. Улуттук сезимибизди ойгото турган маселе ушул жерде. Мына депутатыбыз отурат, абдан жакшы депутат өзү, ырас чакырыпсыңар. Жакшы маселени козгоп атасыңар. Кийинки талкууну сунуштардын долбоорун даярдап, күн тартибин коюп өткөрөлү. Сиз кетип калат экенсиз, Сулайман Кайыпович, бирок байланышта болуңуз, электрондук дарегиңизди таштап кетиңиз.

А.Нурбаев: Мындай сунуш бар. Биз Салтанат эже менен муну даярдап, соцкомитет менен отурум өткөргөнгө аракет кылалы. Ошонун негизинде Жогорку Кеңештин токтомун даярдайлы. Эки-үч депутат болуп комитеттин күн тартибине киргизели. Диаспора саясаты боюнча аракет кылалы. Квота боюнча да, ж.б. маселелер боюнча чогуу аракет кылып, чогуу иштешели.

Жазып алган Жетиген АСАНБЕК

Эскертүү: бул материал боюнча төмөндөгү комментарийлерге кирип өз пикириңизди калтырууда бирөөнү келекелеген же басмырлагандан алыс болуңуз. Эрежени сактабаган окурмандардын пикири жарыяланбайт!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.