Эркеайым БОТАЛИЕВА: Думана болуп жер кезип кетчү көрүндүм

ЖАРДАМ СУРАП ЖАЛЫНЫП Карда жатты роза гүлү кубарып, Жалбырагы шамал урса ыргалып. Абайлабай түшүрдү экен кимиси? Жардам сурап жаткансыды жалбарып. Балким шашып жаш периште жолунан, Түшүргөндүр байкабастан колунан? Жолугууга кечикпейин деп чуркап, Жоготкондур абайлабай… кокустан. Аалам бүтүн бир адамга биригип, Жалгыз өзү бактылуудай сезилип. Кубанычтан жүрөк туйлап кулундай, Беймаал кезде сүйгөнүнө кезигип. Же болбосо таарынгандан бирөөсү, Ыргыткандыр, мүмкүн ушу – күнөөсү. Ыйлагандыр жамгыр болуп көз жашы? Талкаланган махабаттын күбөсү. Ыза болуп балким, сүйгөн адамдан, Ыргыткандыр жан эзилип санаадан. Күнөө кимде […]

Арымың арыбасын, канатың талыбасын, азиз досум

Академик Абдыганы Эркебаев 65 жашта Мезгил деген мерестин өктөм мыйзамы ушундай экен, өмүр билинбей өтө берип, биздин муун да карылыктын карлуу чокусуна келип калыптыр. Адам канча көп жашаса да, артта калган өмүрү бир мүнөтчөлүк сезилбейт дейт. Болбосо, жашообуздун жадыраган көктөмүндө бир курдуу теңтуштар Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде катарлаш окуп, жаштык дооронун сүргөн жаркын учурлар мындан жарым кылымга жакын илгери эмес, кечээ эле өткөндөй, күнү бүгүн да көз алдыда турат. Мен бул лирикалык-ностальгиялык толгонууга аруу досум Абдыганы Эркебаев 65 жаш […]