Академик Абдыганы Эркебаев 65 жашта

Мезгил деген мерестин өктөм мыйзамы ушундай экен, өмүр билинбей өтө берип, биздин муун да карылыктын карлуу чокусуна келип калыптыр. Адам канча көп жашаса да, артта калган өмүрү бир мүнөтчөлүк сезилбейт дейт. Болбосо, жашообуздун жадыраган көктөмүндө бир курдуу теңтуштар Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде катарлаш окуп, жаштык дооронун сүргөн жаркын учурлар мындан жарым кылымга жакын илгери эмес, кечээ эле өткөндөй, күнү бүгүн да көз алдыда турат.

Мен бул лирикалык-ностальгиялык толгонууга аруу досум Абдыганы Эркебаев 65 жаш деген юбилейлик торколуу куракка толуп атканынан улам кабылып олтурам.

Асыресе өткөн кылымдын 60-жылдары, андан кийиңки 70-жылдар менен 80-жылдар арасында эсил кайран Совет өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда да, адабият менен искусство дүркүрөп өсүп, өзүнчө бир маданий-руханий ренессанс доору өкүм сүргөнү маалым. Ч.Айтматовдун жылдызы жаркырап жанып, «кыргыз керемети» деген ат менен биздин кино өнөрүбүз далайларды суктандырган кездер да ошол учурга туш келет. Андай жагымдуу коомдук-рухий жагдайда кыргыз кыртышында «кыймылдагы эстетика» да кыйла дурус өнүгүп, а жылдарда анын маркум Азиз Салиев баштаган бир топ бараандуу өкүлдөрү илимий-интеллектуалдык чөйрөдө көзгө даана көрүнүшкөн.

Буларды эскерип атканым, XX кылымдын 60-80-жылдары кыргыздын «кыймылдагы эстетикасын» кыймылдатып турушкан муруңку муун өкүлдөрү жана алардын соңунан Абдыганы Эркебаев баштаган жаңы чыкма чыгармачыл толкун кыргыз адабий сын айдыңына мына ушундай ургаалдуу интеллектуалдык-көркөм көтөрүлүү кырдаалында келип аралашты.

Ал убакта республикалык «Ала-Тоо» журналы менен «Кыргызстан маданияты» жумалыгында кыргыз адабиятынын ар кыл жанрлары, алардын ал-абалы жана өсүп өнүгүү өзгөчөлүктөрү жаатында кызуу талкуулар, талаш-тартыштар такай өткөрүлүп турар эле.

Адабий-көркөм процесстин бир дагы буруш же дурус тенденциясы жана урунттуу кубулушу же туундусу «кыймылдагы эстетиканын» көз жаздымында калчу эмес. Алар тууралуу жазылган ар бир кызыктуу макала адатта атпай адабий журтчулукта жана чыгармачыл интеллигенция чөйрөсүндө жандуу резонанс жаратып, автору тез эле дуу этип калың окурман катмарына аттын кашкасындай таанымал болуп кетчү.

Адабиятчы-сынчылардын макалалар жыйнактары жана илимий изилдөө эмгектери мамлекеттик басмалардан байма-бай жарык көрүп турчу. Эң негизгиси, аларга татыктуу калем акысы төлөнүп, айтор, олуттуу адабий-көркөм жана илимий-интеллектуалдык чыгармачылык мамлекет тарабынан материалдык да, моралдык да колдоо тапчу. Ошондуктан алдыңкы илим-билимге жана жаңыча чыгармачылык-руханий изденүүгө умтулуу жигери, сөздүн жакшы маанисиндеги амбициячылдык убагында бизде бир топ күчтүү болду.

Адабий изилдөө жана сын жаатында мына ошондой амбициячыл жаш толкундун топ бузары а кезде Абдыганы Эркебаев болгону талашсыз. Жаңылбасам, 70-жылдардын биринчи жарымында аттуу-баштуу адабиятчы-сынчыларыбыздын бир даары көбүнчө жалаң илимий жана педагогикалык иш жаатында же башка тармактарда алек болушуп, жандуу адабий процесске анча аралашпай калышкан.

Кыргыздын «кыймылдагы эстетикасы» дымый түшкөн дал ушундай учурда «Ала-Тоо» журналына студент Абдыганы Эркебаевдин «Очерк – майда жанр эмес» деген көлөмдүү макаласы жарыяланган. Ал ошол чыйрак макаласы менен дароо чыгармачыл коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, адабий сынга келечегинен көптү үмүттөндүргөн жөндөмдүү автор кошулганын каңкуулаган. Андан кийин Абдыганынын топ жарган макалалары менен мезгилдүү басма сөздө учурдагы кыргыз прозасынын, поэзиясынын жана адабий сынынын актуал проблемаларына арналган канча бир кызыктуу талкуулар өтпөдү.

Анын аркасы менен адабий сын айдыңында Абдыганыга үзөңгүлөш бир катар жаңы ысымдар пайда болду. Абдыганы активдүү чыгармачыл иш-аракети менен бир гана өз айланасындагы шыктуу курдаштарына өрнөк болбостон, ошондой эле айрым аттуу-баштуу коллегаларын да үргүлөө абалынан ойготуп, алардын бүйүрүн кызытты.

Маселен, кыргыз адабий сынынын кырааны ыраматылык Кеңешбек Асаналиев агайыбыз ошол убактарда эмнегедир учурдагы жандуу адабий процесске анча көп катышпай, кыйлага чейин көңүлкош жүрүп калган. Ошондо өзүнүн “Кыргыз романынын контрасттары” деген көлөмдүү макаласы менен “Ала-Тоо” журналында Абдыганы Эркебаев баштаган бир талкуудан улам, адабиятчылык жана сынчылык делебеси кайрадан козголуп, К.Асаналиев агайыбыз ал талкуунун отун андан ары дуулдатканы али да эстен кетпейт.

Жандуу адабий-көркөм процесске катализатор катары жаңы дем-күч берген ошол учурдагы белсемдүү сынчылык иш-аракетинде Абдыганы Эркебаевдин адабиятчылык жана изилдөөчүлүк бир өзгөчөлүгү ачык көрүнгөн. Ал кайсы маселе жөнүндө жазбасын, ошол проблема тегерегинде орун алган жалпы союздук, дүйнөлүк же жергиликтүү деңгээлдеги теориялык ой-пикирлерди сөзсүз эске алууга умтулган.

Көркөм процесс же кубулуш тууралуу сөз козгосо, аны да бүткүл дүйнөлүк жана жалпы советтик адабият контекстинде карашты ар убак көңүлдө туткан. Ошон үчүн Абдыганынын адабий сын макалалары адатта илимий-таанымдык информацияларга молдугу жана курч полемикалуулугу менен айырмаланган. Анын мындай ар тараптуу интеллектуалдык камылгасы жана орус тилинде жазуу маданиятын жакшы өздөштүргөнү кийин ага өз коллегаларынын арасынан биринчи болуп Москвадан чыгуучу бүткүл союздук «Дружба народов» журналында жүргөн советтик роман жанрына арналган чоң талкууга катышууга мүмкүндүк берген.

Кезинде дүйнөлүк, ошондой эле советтик гуманитардык илим-билим мектебинин бай тажрыйбасынан таалим-тарбия алып такшалган Абдыганынын жетик теориялык даярдыгы, кеңири эрудициясы кандидаттык жана докторлук диссертация коргогон монографиялык эмгектеринде айрыкча баамга урунат. Академик А.Эркебаевдин кыргыз прозасы менен роман жанрынын генезисин, социалдык-эстетикалык башат-тамырларын жана эволюциялык-тарыхый өсүп өнүгүү өзгөчөлүктөрүн аңдап ачууга арналган ал эмгектери кыргыз филологиясында кыйлага дейре үлкөн үлгү катары каларында шек жок.

Абдыганынын ар качан жаны жай албаган күрөшчүл күжүрмөн духу асыресе алгачкы демократиялык өзгөрүштөр өнүм алып, Совет коому өз тарыхынын кайра куруу деп аталган тилкесине кирген кезде айрыкча чыйралды.

Ошол учурда ал альтернативалуу негизде жүргөн шайлоого катышып, Кыргыз илимдер Академиясынын тил жана адабият институтуна директор болуп шайланды. Демократиячыл кайра куруу процессинин күүсү менен улуттук аң-сезим ойгонуп, тоталитардык система тушунда басмырланып жаткан Молдо Кылыч, Калыгул, Арстанбек, Касым Тыныстанов сыяктуу кыргыз адабиятынын алгачкы өкүлдөрүнүн асыл ысымдарын кайта калыбына келтирүү маселеси көтөрүлө баштаганда, Абдыганы Эркебаев мына ошол коомдук-патриоттук козголуштун биринчи демилгечилеринен болду.

Бул маселеде ал Ч.Айтматов, кезинде илимдер Академиясын жетектеп, Кыргызстан КП БКнын илим-билим жана жогорку окуу жайлар бөлүмүн башкарган экс КР Президенти А.Акаев, анын ошол кызматтагы орун басары А.Какеев, кесиптеш агайлары К.Асаналиев, С.Жигитов жана башкалар менен ийиндеш иштеди.

Кийин-соң Советтер Союзу 80-жылдардын акырында коллапска туш болуп, улуттук республикаларда өз алдынчалыкка умтулуу күч алган убакта, ушул процесске кошулушуп, алгачкы элдик-демократиялык кыймыл түзүшкөн кыргыз лидерлеринин эң алдыңкы сабында Абдыганы Эркебаев да турганы, айтор, тегин жерден эмес эле. 90-жылы СССР ыдырар алдында Жогорку Кеңеште республикабыздын биринчи жетекчисин шайлоо маселесинде бийлик кризиси келип чыгып, депутаттар туюкка кептелген кезде, А.Акаевдин туңгуч КР Президенти болуп шайланышында А.Эркебаев демократиялык фракция лидерлеринин бири катары айтарлык роль ойноду.

Абдыганы ошондон бери карай Ажонун күжүрмөн соратниги шекилинде анын жанында үзүрлүү кызмат өтөдү. Эгемендик жылдары ичинде Абдыганы Эркебаев республикалык деңгээлдеги ири коомдук жана саясый ишмер иретинде такшалып, адегенде министр, андан соң вице премьер-министр, облус губернатору, Парламент спикери сыяктуу бийик бийлик тепкичтерин басып өттү.

Мамлекеттик масштабдагы чоң жетекчи сыпатында калыптанып, өсүп жетилди. Өз элинин көрүнүктүү уулу жана Кыргызстандын жалындуу патриоту катары журт ишенимине арзып, бир нече жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды.

Баятан берки айтылгандардан улам, адеп караган көзгө Абдыганынын басып өткөн өмүр жолу башынан аягына ураалап шыдыр кеткендей көрүнүшү да мүмкүн. Арийне, турмуштун жолу ар кандай; анда адам баласынын башына келүүчү тагдырдын татаал ташпиштеринен эч кимге кепилдик берилбегени да башынан бештен белгилүү. Абдыганы да алтымыш беш жылдык өмүр жашында жашоо-турмуштун кыйла бир кыйчалыш кырдаалдарын керт башынан кечирди.

Көрө албас ич күйдүлүктөн, түшүнбөс түркөйлүктөн, саясый интригалардан жазыксыз жапа чеккен күндөрү да болду. Ошондой болсо да, ал анын баарын күрөшчүл аракети, таш менен урганды аш менен урган айкөлдүгү, намыскөй көк жалдыгы, наадандыкты жериген жетик акыл-эси аркылуу жеңди.

Адатта бийлик ар кандай адамды бузбай койбойт дешет. Бирок мен Абдыганы досумду карап туруп, бул сөздүн талашсыз чындык экенине ишеңгим келбей кетет. Анткени ал кандай жогорку бийлик мансабына жетпесин, өзүнүн кан-жаны менен кошо бүткөн тубаса адамгерчилик касиетинен: кара кылды как жарган калыстыгынан, убактылуу өмүрдө тагдыры табыштырган жакын адамдарын унутпай, аларга ар дайым жардам берген жароокер жапакечтигинен, карыптарга карамдуу боорукерлигинен, менменсип бой көтөрбөгөн карапайым жөнөкөйлүгүнөн эч жазган жок.

Опоосуз өмүрдүн өйдө-төмөн ой-кырын көп көрүп, дүйнөлүк адабият менен философияны үстүртөн эмес, түпкүрдөн түшүнүп өздөштүргөн, турмушту жана адамды терең аңдаган бийик парасаттуу инсан гана ушундай ыйык ыймандык сапаттарга ээ болот. Ким билет, абалкынын даркан даанышманы атактуу Платон мамлекетти философтор башкарууга тийиш, ошондо гана ойдогудай дөөлөт орнойт дегенде, балким, ушу жагдайды эске алган чыгар.

Айтор, кандай болгон күндө да, азиз Абдыганы досум, азыр сен эл-жериңдин келечек тагдыры чечилээр тарыхый бурулуш учурда өзүң жеткен саясый Олимптен жерге түшүп калганыңа кейибей, (анткени, муун алмашууда), тескерисинче, табиятыңа бүткөн талантыңы, өмүрдө топтогон илим-билимиңди жана турмуштук тажрыйбаңды чыгармачылык ишмердикке жумшарыңа мен терең ишенем.

Бир гана кааларым: “Арым-арым жүгүрсө, аттын чери жазылат” демекчи, калемиң эч качан мокобосун, чыгармачылык иш-аракетиң токтобосун,  а биз болсо, жакын досторуң жана жоро-жолдошторуң, алтын башыңдын амандыгын тилейбиз.

Калык ИБРАИМОВ, философия илимдеринин кандидаты, адабиятчы-сынчы

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.