Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мечиттердин саны мектептерден көп болгонун жакшы көрүнүш катары сыпаттаганы – журт башынын ой жүгүртүү деңгээлин дадил жылаңачтады. Агер президенттин турмушта тутунган философиясы ушул болсо, сыягы, Кыргызстанды жакынкы жылдарда прогресс эмес, регресс күтүп турат.

Президенттин айтканын ким кандай кабыл алды, билбейм, жеке мен, С.Жээнбековдун бул айтканын – мектептердин ролун төмөндөтүп, билимдин кутуна шек келтирип, а мугалимдердин абыроюн чала молдолордун алдында басынткандай кабыл алдым! Ансыз да өлкөнүн эгемендик жылдарында мугалимдердин беделине доо кетип, кадыры кемип, эмгеги бааланбай калган бүгүнкү заманда президентибиз илим-билимдин зарылчылыгын туйгандын ордуна, тескерисинче, караламан калкты караңгылыкка оп тартып бараткан диний жайдын маанисин мектептен жогору коюп сүйлөгөн сөзү – билимди сыйлаган журт башынын сөзү эмес!

Ансыз да эл арасында «Аллахтын буйругу ушундай, биз аллахтын гана буйругуна баш ийебиз» деген диний ишенимдеги Ысык-Көл районундагы бир катын өзүнүн көчөт кызын да дал өзүндөй ороп-чулгап кийинтип, мектепке берүүдөн баш тарткан окуясына жалпы коомчулук күбө. Арийне, президентибиз дал ошондой түркөй түшүнүктөгүлөрдүн чырагына май тамызып сүйлөгөнүн өзү аңдадыбы, жокпу?!

Болуптур, президентибиздин көңүлү сүйгөндөй мечит, медреселердин саны арифметикалык жактан арбый берсин дейли, бирок бүгүнкү күндөгү диний окуу жайлардын акыбалын көрүп атпайбызбы: диний сабаттуулук жетишпегени аз келгенсип, медреселердин көбүндө билим берүү жагы мамлекет тарабынан эч кандай көзөмөлгө алынбай келатканы туурасында жакында эларалык Булан институтунун изилдөөлөрү көрсөттү.

Медреселерде билим берүү мүшкүлү өтө оор абалда экенине карабай, мындан ары да мечит, медреселердин саны мектептерден арбып баратканына президентибиз шүгүр келтиргенинин өзү ичиңден башыңды чайкатат. Муну мурдунан алысты көрбөгөн киши гана айтат… Себеби, мектептен тартып жогорку окуу жайлардагы билим берүү абалыбызды оңдой албай келатканыбыз аз келгенсип, эми саны көп медреселердеги жаштар кандай билим алып жаткандыгын мамлекет өзү көзөмөлгө алууга чама-чаркы жетпей атканы кимге жашыруун?!

Кыргызстанда бүгүн күндө 2647 мечит расмий каттоодон өткөнү дайын, а өтө электери канча дейсиз?.. Ал эми мектептер саны республика боюнча болгону – 2262. Мектеп тартыштыгынан улам бир класста 40-50дөн бала сыгылышып билим алып жатканы эмнеге өлкө башчыны тынчсыздандырбайт?!

Кыргыз өкмөтү болсо 600дөй жаңы мектепке муктаж экенибизди белгилеп келет. А капчыктуу ура-патриоттордун канчасы сооп табам же тиги дүйнөгө барганда бейишке чыгам деген түшүнүк менен мечит медреселерди куруп келет, алар бала бакча, мектептерди курса сооп иш болбойбу?! Же билимкана кургандар тозокко түшөбү?!

Дүйнөлүк интеграция заманында адамзат илим-билимге умтулуп жатса, биздин өлкө башчы мектептерге караганда мечит, медреселердин саны арбып баратканын даңазалаганы – ал өзүнүн илим-билимден өтө алыс адам экендигин көрсөтүп койду. Ириде адам акылына жарык шоола чачкан билимди даңазалоо зарылчылыгын оозангандын ордуна, коомчулукта мечиттен жутап аткан муктаждык бардан бетер, бул айтканы кандай?! Бизде бүгүн диний окуу жайлардан мурда кесиптик окуу жайларды ачуу зарылчылыгы маанилүү экенин эмнеге айтпайт?

Кыргызстанда бала бакча, мектептер тартыштыгы алдыңкы планда сөз боло турган жерде эле. Ага караганда, борбор калаадагы «Имам Сарахси» мечитинин ачылышы өлкө башчы үчүн ушунчалык ири мааниге ээби? Мектептердин абалын айтпайлы, бүгүнкү күндө Улуттук университетибиз менен Улуттук илимдер академиясынын абалына мамлекет тарабынан эч көңүл бурулбай: ошол куттуу жайлар ат сарайдан айырмасы болбой калган заманда, минтип заңгыраган мечиттердин саны арбыганына өлкө башчы өз терисине батпай кубанып тургандыгы – нонсенс!

Өткөн жолку Курман айтта болсо, ЖК төрагасы Дастан Жумабеков: «…дин башкармалыгынын айтылган жакшы ниеттерин, насаат сөздөрүн жүрөгүбүзгө түйүп, ошол иш-чаралар менен иш кылсак, Кыргызстан мамлекетинин өнүгүшү тездейт» деген дөдөмөл түшүнүгү менен диний даватчы атка конду эле, а бул мерте Президентибиз да диний даватчылыгын расмий шардана кылганы кооптондурат!

Ансыз да диний караңгылыкка жетеленип бараткан караламан калк арасында мечитте беш маал намазга жыгылган робот-таксырлардын жүрүм-турум, ыйманын көрүп атабыз: ээгиндеги сакалы топоздун чолок куйругундай сербейген динчилдердин колуна автомат эле жетпей турган заманга келдик ко!

Ал эми диний чөйрөдөгү ажылык сапар боюнча коррупцияга белчесинен баткан молдокелердин жорук-жосундары шайтандын да алласын оозунан түшүрөр. Эми кыргыз элин ыйманга тарбиялай турган селдечендер эле калдыбы, бурадар?!

Мындан эки жыл мурда бүтүндөй диний коомчулукту жана өзүнүн шакирттерин «мындай инсандын жаназасын да окубаганга чакырам» деген таризде өктөмдүккө үндөгөн Чубак ажы Жалиловдун ЖК депутаты Жанар Акаевге карата айткан сөзү жамы журтка дайын. Ал таксыр былтыркы президенттик шайлоодо да үгүт ишине аралашып, С.Жээнбековду жандай чаап жүргөндөрүн эске алсак, демек, таксырлардын таасиринен чыгалбаган өлкө башчынын айланасындагы вазирлер ким бүгүн? Албетте, молдокелер.

Арийне, «вазир жакшы, хан жакшы» деген кыргыз. Вазирдин акыл-кеңеши ажоого ориентация болбой койбойт. Быйылкы окуу жылдын башталышында да Чубак ажы Жалилов мектептерде балдар менен кыздарды өз-өзүнчө бөлүп окутуу демилгесин бекеринен көтөрүп аткан жок. Кыргызстандын башмыйзамдагы светтик өлкө деген норма сакталган жок бүгүн. Ага КР Президенти өзү баш болуп чыйт түкүрүп койду.

Эскертүү: бул материал боюнча төмөндөгү комментарийлерге кирип өз пикириңизди калтырууда бирөөнү келекелеген же басмырлагандан алыс болуңуз. Эрежени сактабаган окурмандардын пикири жарыяланбайт!

4 Replies to “Олжобай ШАКИР: Дамбалчандарды даңазалаган саясат жүрүүдө”

  1. Исламга, мусулмандарга каршы кандай аргумент ойлоп тапсаңар да ыйман жолуна түшүп, исламга моюн сунган адамды эч качан кайтарып алууга болбойт. Себеби светтик окумуштуулар Кудай тууралуу ойлонууну, динге кирүү же кирбөө тууралуу суроону экинчи же эң акыркы планга калтыргандар. Ал эми диндеги адам, бардык түйшүктү, максат пландарды экинчи планга калтырып, канткенде Кудайга жаккан жол менен жашоону тандап, акыреттик жашоосу үчүн кам коро баштайт. Айырмасы ушул эле. Кудай жолун тандаган адам, жолунан кайтпайт бирок сабатсыз, карапайым болушу мумкун.
    Ал эми светтик адам бир күнү динчил болуп калышы мүмкүн. Ал тургай бир нече илимдин профессор академиктери да өмүрүнүн акырын дин менен өткөргөндүгү тууралуу маалыматтар абдан көп.
    Мени таң калтырган маселе башкада.
    Эмне үчүн бүгүнкү күндөгү интелект, идеология, маданият секторун алып бараткан илимдүү светтик акылмандар (өнүгүүнүн, маданияттын авангарддары ушулар эмеспи) өздөрү дин аалымдарына, диндеги адамдарга абдан сын айтып, жерден алып көргө, көрдөн алып, жерге чапканды эле билесиңер. Өзүңөрдү алардан жүз эсе илимдүү, маданияттуу, интеллектуалдуу, гумандуу деп сезесиңер. Бирок Кудай бар экенин билип туруп, дин, ишеним маселесин акыркы планга койуп алып, анан динди тандагандарга акыл үйрөтөсүңөр?
    Балким силер диндин алчы таасын изилдеп, диндин ичинде болсоңор ошондо гана «арапкул», «сакалчан» дамбалчандарды» бийик интеллектке, маданиятка үндөп, элдин, улуттун чыныгы жол башчылары болмоксуңар.

  2. Биз светтик (динсиз)олкобуз,президенттин мындай айтканы баш мыйзамга туура келбейт,элден кечирим сурашы керек, тез арада.

  3. Көөдөн дилинде эмес,
    денесинин сыртында дамбалы бар қырғыз,
    көөдөн дилинде жана оозундағы тилинде орус қожойуну бар кИргИзден өлсө өлүгү артық эмеспи.
    Адамдын оозундағы тили қайсы улуттун тилинде сүйлөсө, анда анын көөдөнүндөгү улуттуқ дили жана улуттуқ дымағы да ошол улуттуқу болоору талашсыз нерсе.
    Мектептерибиздеги берилип атқан билимдерибиз да орусчадан қоторулуп эле ала қойулған,
    орустун билим огородунан ағып чыққан пәйнәп (сточной) ооқаттар бүт баары.
    Булар тууралуу неге ооз ачпайт урматтуу Олжобай Шакир мырза?
    Сыйағы авторғо улуттуқ қызықчылықтан региондуқ қызықчылық қыйла жоғору турат өңдөнөт.
    Ооба, ажобуздун кечээ жақында ғана бул айтқаны чындығында динди билимден жоғору қойғондой маани берди, талаш жоқ.
    Орусча тил менен орусча дилден көз қарандылықтан чыға албай, ал түгүл чығууну ойлонбой өткөн қанча ажолорубуз өттү эгемен болғон 27 жылдан бери қарай?
    Алардын, орус этностоғу жердештерибиздин тили менен дилинен көз қарандылығы бойунча алардын бири тууралуу ооз ачты бекен бул улутман автор, чындап эле жалпы улуттун қызықчылығына күйгөн автор болчу болсо..?

    1. Абдан туура ой, Олжобай мырза! Бүгүнкү күндө артка карай, тагыраагы караңгылыкка, түркөйлүккө жол чабылып, ал ашынган динчилдиктин айынан келип чыгууда. Өкүнүчтүү, биз окуп жүргөн, тарыхтан улам билген өткөн доорлордогу караңгылык кайрадан калкты жапырт каптап баратканы зээниңди кейитет. Президент да, ЖК төрагасы да ушундай маанидеги сөздөрдү айтпашы керек болчу. Илим-билимге, агартуучулукка чакырышкандын ордуна сакалчандарга жагынып, мечиттердин көбөйүп атканына кудуңдап сүйүнүшөт да, мектептер керектен чыгып, четинен талкаланып атканына кабатыр болушпайт. Кыргыз тили менен адабиятынын камын көрүү, мугалимдердин түйшүктүү ишин жеңилдетүү деген көйгөйлөргө баштары оорубай, диний өкүлдөргө жагынуунун айласын издешет. Оңой менен пикир жазбачу элем, бул жолу президент баш болуп, төрага төш болуп селдечендерге жагалданышканына кейидим.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.