Санжы ТУЙТУНОВА: Эмнеге азыр молдолордун сөзү өтүмдүү?

Москвада мушташкан кыргыз жаштарына жинденип жатасыңар. Бул жакта деле динчил, сабатсыз жаштардын армиясы турат. Мусулманмын дегени менен атасындай кишини, энесиндей аялды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, интернетте «шер» болуп отурушат. Бирдеме десе эле «теңирчи» деп баса калышат. Өктөм сүйлөп, «мамлекетти биз башкарабыз аз калды, кыздарды бөлүп окуталы» дей баштаганын окуп жатам. Эртең бирдеме болсо «бир элбиз, бир журтпуз» деп аяп койчу түрү жок. Ушулардын баарын көрүп туруп саясатчылардын, депутаттардын дин ишмерлеринен же динзарлардан жалтактап отурганын кандай түшүнүүгө болот? Же бийлик, […]

Кытай эл жомогу: Сыйкырдуу казан

Сокосу жок же сокого кошчу унаасы жок бир кембагал жазда  жалгыз күрөгү менен жер казып атса, анысы кандайдыр катуу нерсеге тийип сынып калбаспы. — Мына кырсык! Бул жерде эч кандай таш жок эле, күрөгүм эмне болуп сынды! – деп наалып-напчыган ал эптеп күрөк сыныгы менен алиги катуу нерсени казса, ал эски бир чоюн казан болуп чыкпаспы. Ачуусу менен аны сындыра жаздаган ал сабыр кармап ойлонсо, бул казанга тамак жасабаса да суу куюп койсо болчудай. Ошентип ал бул табылгасын үйүнө алып […]

Олжобай ШАКИР: Түшүмдө тозокто жүрүпмүн

АҢГЕМЕ Тозок жакты мага. Себеби ага кыйналбай жеттим. Ал эмес кандай жеткенимди да билбей калдым. Эки жагымды карасам эле – гүл багы, жемиши жайнайт. Куштары сайрайт. Көк кашка тунук суулары тияктан мөңкүп, бияктан мөңкүп агып жатат. Йе, дедим, мурдале келбей бу жакка: тозогу ушунча керемет болсо, бейиши кандай болду экен… Көз күйгүзгөн мөмө-жемиштеринен ооз тийсем дейм, бирок колум барбады. Ток пейил тартып, напсиме буюргандын баарына ыраазы болуп, бирине да кол сунбадым. Ансыз да бейишине барганда жээрмин дедим. Дедим да бейишти […]

Салижан ЖИГИТОВ: Өзүбүздөн башканын баарына нааразыбыз (1-сабак)

— Чарба жүргүзүүнүн социалисттик механизми элди эмгек маданиятынан алыстатып койду дегендей ой айттыңыз. Бир аз конкреттештире кетесизби? — Мына, эгинге келели. Кыргыздар согуштан кийин жемди деле, нанды деле өзү даярдап алчу, соко менен айдачу, орок менен оруп, чийне менен ташычу, молоташ менен майкандап басып, данын өзүнчө, саманын өзүнчө бөлүп, анан ар бир айылдын тегирмени же эки үйдүн биринде жаргылчак болор эле, ошого тартып ун кылып алчу. Зыгыр же чемичке айдап, май чыгарчу. Кант менен болсо өзүн түгүл, башкаларды да камсыз […]

Чыңгыз АЙТМАТОВ: Атадан калган туяк (шедевр)

АҢГЕМЕ Өз атасын ал биринчи жолу кинодон көрдү. Анда беш-алты жашар эселек чагы. Бул окуя тээ кыштактын сыртында агарып турган чоң кашарда жүн кыркууда болгон иш. Совхоздун жүн кыркымы жылыга ушул жерде өткөрүлүүчү. Камыш менен жабылган төбөсү кийин шиферге алмаштырылганы болбосо, чоң кашар азыр да ордунда, адырдан түшө берген этекте, жол боюнда турат. Мында ал энесин ээрчип ойноп келер эле. Энеси, Жээнгүл, совхоздогу почта бөлүмүнүн телефонисткасы, ар жылы жай башталары менен кыркынчы болуп иштей турган. Аны үчүн Жээнгүл отпускасын алып, […]

Каныбек Иманалиев «Кыргыздар» үчүн эл аралык 1-сыйлыкты жеңип алды

Жогорку Кеңештин «Атамекен» фракциясынын депутаты, акын жана жазуучу Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» аттуу китеби КМШ мамлекеттери арасындагы «Китеп маданияты» аттуу конкурста «Шериктештик» номинациясында биринчи орунду жеңип алды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 7-сентябрда Москвадагы эл аралык китеп жармаңкесинин алкагында өткөнүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматы таркатты. Аталган конкурсту КМШ уюмунун Мамлекеттер аралык кеңеши тарабынан басма багытындагы кызматташуу алкагында уюштурулганы маалым болду. Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» аттуу  эмгеги англис, немис, орус жана кытай тилдеринде да басылган. Анда кыргыз элинин тарыхы, көп улуттуу Кыргызстандын кооз табияты, жаратылыш байлыктары […]

Эсенбай НУРУШЕВ: Кудай жана аң-сезим

«Айтматология: Жазуучунун көркөм герменевтикасы» аттуу адабий-философиялык этюддардан бир үзүм «Кыяматта» Авдий менен анын оппоненттери — Городецкий, Координатор-Ата  – ортосундагы талаш-тартыштын өзөгүн да Кудай жана адамдын акылы, аң-сезими жөнүндөгү маселе түзөт. Авдий үчүн «адамдын аң-сезиминен тышкары Кудай жок», ал эми беркилер «Кудай адамдын ой-толгоолорунан жаралбайт», «ой-кыялды Кудайдын кудурети жараткан» деген айныбас ишенимде турушат. Илимде бу талашка башкача түшүндүрмө берген бир гипотеза бар, ал «Бикамералык аң-сезим»деп аталат.  Анын автору америкалык психолог Жулиан Жейнс 1976-жылы чыккан китебинде байыркы артефакттарды жана тексттерди, алардын ичинде […]