АҢГЕМЕ

Өз атасын ал биринчи жолу кинодон көрдү. Анда беш-алты жашар эселек чагы.

Бул окуя тээ кыштактын сыртында агарып турган чоң кашарда жүн кыркууда болгон иш. Совхоздун жүн кыркымы жылыга ушул жерде өткөрүлүүчү. Камыш менен жабылган төбөсү кийин шиферге алмаштырылганы болбосо, чоң кашар азыр да ордунда, адырдан түшө берген этекте, жол боюнда турат.

Мында ал энесин ээрчип ойноп келер эле. Энеси, Жээнгүл, совхоздогу почта бөлүмүнүн телефонисткасы, ар жылы жай башталары менен кыркынчы болуп иштей турган. Аны үчүн Жээнгүл отпускасын алып, ага кошумча кош айдоо, туут маалында эртеден-кечке: «Алоо эле! Алоо!» — деп аллоолоп туш-туштан жабалактаган ашыгыш кабарларды, буйруктарды, кала берсе сен-мен дешкен айтышууларды бирине-бирин токтотпой тезинен байланыштырып, дем алышсыз иштеген күндөрү, түндөрү үчүн убактысын эселеп, кыркын башталары менен аягына чейин күнүн коё бербей келип иштеп жүрчү…

Оңой бекен жан бакмак дегендей, жалгыз бой жесир аял ушуну менен эптеп түзүгүрөк оокат кылуунун далалатында. Жүн кыркуунун акысы — иштеген эмгегине жараша эмеспи. Көп иштесең — көп, аз иштесең — аз аласың. Кышкы камын Жээнгүл чынында ушул жерден таба турган. Бир үйдө эки жан болсо да, отун-суу, кийим-кечек сыяктуу үй тиричилигинин эсеби бүтөбү… Баласын таштаар кишиси болбогон соң, Жээнгүл аны кыркынга ала барар эле.

Ал эми Авалбек үчүн бул мезгил чексиз эркиндиктин доору. Мындай жыргалды ким көрсүн! «Кой-ай» деген киши жок, күн жылуу, алардан короо-короо кой биринин артынан бири айдалып, «Ай, бала! Кайры, тос!» — дешсе шилтеген жакка тызылдата жүгүрүп, араба, машина деген бири келип, бири кетип, ыгы келгенде араба артына жармаша да калып, айтор бака-шака дүйнөнүн кызыгына батып, керээли-кечке өзүнө окшоп ээрчий келген балдар менен карала-торала болуп ойногону-ойногон.

Мына ушундай күндөрдүн биринде чоң кашарга көчмө кинонун машинасы келип калса болобу. Аны элден мурун эле Авалбек көрүп, өпкөсү жарылып кете жаздап:

— Кино келди! Тигинекей кино келди! — деп балдардан мурда озунуп, кыркынчыларга кабар салды.

Кино жумуштан кийин башталды. Ошого чейин эч бир чыдамы жетпей, күн кеч кирбей, качан эми деп зарыкты, думукту. Качан болот деп кыңкылдап, энесин да тажатып бүтүрдү. Ушунусуна жараша кино анын тилегин ойдогудай орундатты.

Кино — согуш жөнүндө экен.

Кашардын дубалына илинген аппак кездеменин үстүндө кымкуут салгылашуу жайнап жатып калды. Замбирек снаряддары жер челип, кулак тундура жарылып, удаа-удаа асманга ышкырына сызылган ракеталар түн караңгысын бир оокумга ийне көрүнчүдөй жапжарык тутандыра, боортоктоп жылган чалгынчылар жаткан жерин кулачтай селейип, кара түн, кара жер, кара асман астын-үстүн чатышып, сапырылып жатты. Ал эми пулемёттор жаакташа тытырап ок жаадырчы болсо — баланын жүрөгү алып учуп, аптыккан деми колкосуна тыгылат. Мына согуш деп ушуну айт! Мына согуш десе!

Энеси экөө жүн салынган кендир каптын үстүнө өйдөрөөк чыгып отурушкан эле. Элдин артында болсо да бул тараптан экран жакшы көрүнгөн. Авалбектин өз оюна койгондо, ал сөзсүз так экрандын түбүнө, совхоздон жетип келген өз курдуу балдарга аралашып отурмак. Ошол алдыңкы катарга кетүүгө аракеттенип да көрдү аздап, бирок Жээнгүл анысына көнбөдү:

— Жетет, безерман, керээли-кечке дикилдейсиң, отур жаныма, — деп алдына алып, кучактап отурду.

Киноаппарат лентаны бир калыбында имерип, согуш өз алдынча күчөй берди. Отурган эл көзүн албай дымууда. Так кулак түптө эненин тымызын үшкүрүк тартып, түтөнгөнүн бала сезип жатты. Кээде Жээнгүл селт этип чочуп, алда кайдан чыга келген танканын ок атар оозу аларды көздөй мээлеп бурулганда, уулун бооруна бекемирээк кысып, ок тийип кетчүдөй жалтанып, жымырылып кетет. Жанаша отурган бир аял көргөнүнө ишенбей шыпшынып:

— Кудай сакта э, кудурет, бул эмнеси, кудай сактайгөр! — деп күбүрөнүп, тообасын оозунан түшүрбөдү.

Авалбек деген тигилердей жүрөксүз беле. Түк бир коркуп да койгон жок. Ал түгүл ичтен шаттанып да жатты: фашисттер жалп-жалп этип тоголонгондо. Ал эми биздикилер куласа, алар бир аздан кийин туруп кетчүдөй ишенимде болду.

Жо деги согушта жүргөн кишилердин окко учканы өзүнчө бир тамаша. Куду согуш ойногон балдардын жыгылганындай кулашат. Андай кулаганды ал өзү деле эч кимден кем келтирбейт. Чуркап бара жатып, бутка бирөө тепкендей, оңко-чоңко атып сулап калат. Ырас, жер катуу эле болот, тийген жериң аябай эле ачышат. Анткен менен кайра тура калып, кайра чабуулга кирсең, ооруган жериңди унутуп каласың. Айырмасы — тигилер дароо тура калбай, бүк түшүп жата берет экен.

Авалбек окко учуунун башкача да түрүн биле турган. Мисалы, айталы, ичке ок тийди. Мындай учурда алигидей тапатаңдан кетиш жарабайт. Адегенде ичти мыкчый кармап, анан бети-башыңды тырыштырып, тишиңди кычыратып, кускуң келгендей улам эңкейип, улам теңселе берип, анан шалак этип колдон куралды түшүрүп, ошондон кийин жыгылыш керек. Мындайда өзү бир аз жата түшүп, жо-о мен өлгөн жокмун деп, тура жүгүрүн согушка кирер эле. Тигилер болсо турбай жата берет экен. Айырмасы ошол.

Экрандагы салгылашуу улана берди. Бул сапар көз алдыга танкаларга ок атар замбирекчилер чыкты. Сыягы, алар бир кармашуудан экинчи кармашууга жер ооштуруп жүргөн болуу керек. Замбиректин оозунан түтүнү кетелек, өздөрүн көрсөң, сүрүнөн айбыгасың. Туш-туш тарабында жарылып жаткан снаряддарды аралап, от кечип, солдаттар замбиректи бетме-бет тургузуп танкаларды тике атыш үчүн сүйрөп бара жатышты. Азырынча болжолдуу ордуна жетише элек. Ансайын жан сабалашып, алдыда кездешкен белчеден келген сууга түз эле өтүкчөн, кийимчен жапырт киришип (мен ушунтсем апам мени тилдейт эле го деп Авалбек оюна кетип жатты), замбиректин тыгылганына карабай, аны баардык күчүн салышып: «Давай! Давай! Вперед!» — деп күрөө тамырлары шишигенче бакырып жатып, акыры, сүйрөп чыгарышты.

Андан ары тик кеткен бет экен. Терең сайдын капталы асмандын жарымын калкалагансып жатты. Ошол чалкыган боз капталга тырмышып, солдаттар замбиректи өргө сүйрөштү. Капталдын бети тигинден-мындан бурк-бурк этип ок жарылып, уюган кара түтүндөн замбирекчилер бирде көрүнүп, бирде көрүнбөйт. Замбиректи тегеректеп бир жумуру болуп, замбиректин туш-туш жагын ыйыкка салып, колго салып, аны эртерээк сайдан түртүп чыгарууга далбас уруп жатышты.

Алардын ушул чамынган көрүнүшү, каардана тиштенген заардуу түрлөрү, алардын баардык кыймыл-аракети Авалбектин жүрөгүн гүүлдөгөн кызуу канга толтуруп, намысын, жаалын козгоп, кандайдыр бир зор даңазалуу жана коркунучтуу окуянын жакында башталарын билдиргендей, аны эрдентип да, сестентип да, ичин бирде ысытып, бирде муздатып жатты.

Замбирекчилер жети-сегиз адам экен. Арасында кебете-иреңи кыргызга окшогон бирөө (а балким, ал тек гана кандаш элдерден чыгар), экранда улам көрсөтүлүп көзгө жылуу учурай берди. Атам экен деп бала аны эч убакытта ойлобос беле, мындай ишти өзү капарына да албас беле… кандай десе болот… Энеси. Баарын энеси кылды.

— Тигиногу сенин атаң, — деп койду ал бир убакытта, баланын кулагына шыбырап.

Ушундан баштап жанагы замбирекчи Авалбектин атасы болду. Ушундан баштап кино анын атасы жөнүндөгү киного айланды. Совхоздо эле жүргөн жигиттер курдуу атасы жапжаш неме экен. Тыгырчыгынан келген, тоголок жүздүү, курч тиктеген көздөрү, көө, кир болгон бетинде жалт-жалт этип чагылат. Бала анын ачуулуу кабак-кашын, кашкайган тиштерин, башындагы темир каскасын, ыйыгындагы погондорун — баарын тең байкап отурду. Атасы мышыктай чапчаң экенине да баа берди. Мына азыр эле замбиректин дөңгөлөгүн карысына сала тирей берип, өзү артына чап кайрылып, алда кимге катуу кыйкырды: «Снаряддарды токтотпогула! Тез! Тез!»

— Апа, менин атам ушубу? — деди бала. Жээнгүл түшүнө бербей:

— Тынч отур. Алаксытпа, — деп койду.

— Менин атам дебедиңби өзүң.

— Ийи ошол. Жөн отурчу деги. Кишилер урушат.

Аттиң десе, эмне үчүн ушинтип айтты болду экен? Көңүлү миң бөлүнүп, согушта мерт болгон теңин эстеп, ошого кайра күйүп, кайра санааркап, оозунан кокус чыгып кетти бекен? Же анчейин эле кайдыгер сүйлөп койду бекен? Же алда кандай кылт эткен оюна алданып, «Тигиногу сенин атаң» дегени, атасы аскерге кеткенде боюнда калып, дүйнөгө көз жарганы, ата дегенди билбеген, укпаган чунак бала кинодон көрүп болсо да элестетип жүрсүн дегениби?

А тиги эси жок энесинин айтканына ошол замат ишенди. Ошол замат сүйүнүп, ошол замат жүрөгү дүкүлдөп, ошол замат атага деген мээрими делебесин козгоду. Жоокер атасы менен кайсы уул мактанбасын. «Мына менин атам!» — деп көңүлүндө мактана кетти. Мына, ата деген ушул! Атасы жок жалгыз деп кордогон балдар эми көрүп алсын! Эми алар тийип гана көрсүн! Ушунда отурган чабандар да билсин, көрсүн. Булар деген кыштыр-жайдыр тоодон түшпөй, совхозго келгенде кимдин баласы ким экенин эч бир тааный койбойт.

Кыркынга айдап келген коюн кайрышып, шилтеген жагына жүгүрүп, иттери тиштеше кетсе, иттерин арачалап, ушинтип жардамдашып жүрсө, качан болбосун кармап алып сен кимсиң, кайдансың, кай уруктансың дешип, суракка алып жүдөтүшөт. Кайсы гана чабандын көзүнө түшпөсүн кыя өтпөйт. Ал сөзсүз аны токтотуп алып, сурай баштайт:

— Баракелде, жигит, атың ким!

— Авалбек.

— Кимдин баласысың?

Бул суроого жеткенде Авалбек чекчейип туруп жоопту так айтат:

— Мен Токтосундун баласымын!

Чабандар ийин кысышып, адегенде аңкайып калышат.

— Токтосундун? Коё турчу,- ээрден жакындаша эңкейип кайра такып сурашат. — Кайсы Токтосун?

— Мен Токтосундун баласымын! — деп тиги дагы да кайталайт. Кишилер сураса ушинтип айтып жүр деп үйрөтүшкөн. Жээнгүл да,- өзгөчө эки көзү көр чоң энеси бар эмеспи,- ал анын кулагын чоюп жатып: «Атаңдын атын унутпа, айтып жүр!» — деп абдан дайындаган. Кемпир ачуулуу өзү…

— А-а, туратур, туратур, сен алиги почтодо тилипон урган келиндин баласы эмессиңби? Айтам да. Ошондой эмеспи, туурабы?

— Жок мен Токтосундун баласымын! — деп тиги кайра кайтпай көгөрөт.

Ошондо чабандар бир нерсени туйгандай өз ара жылмайышып:

— Туура, сен Токтосундун баласысың. Бали, атанын уулу деген ушул. Аман бол, — дешет. — Биз сени кантер экен деп, сынап жатпайбызбы. Таарынба. Жыл он эки ай тоодобуз, силер болсо мындай чөптөй шуудурап чоңоёт экенсиңер. Бала-чаканы тааныбай да калат экенбиз, иши кылып аман болгула.

Ушундан кийин алар дагы өз ара шыбыраша калып, бир аз өткөн соң бала тигиндей ойноп кетти го деген кыяс менен угуза-угуза сүйлөшүп, анын атасы Токтосунду кеп кылышат. Ким эле, кайдан эле, көпкө чейин кабак чытышып, анан барып эстешип, анан барып баш ийкешип, кайран жигит дешип, чырактай жапжаш кетпеди беле фронтко…

— Эмеси бирөөгө тийип албайбы, жесир отура береби, жаш башы менен…

— Ал өз иши да. Аны тергеп кереги эмне. Үмүтү бардыр. Кайдан деп болот. Бул кыяматта өлдү дегендер тирүү калып, келип жатпайбы четинен.

— Ошону айт. Баласы да тестиер болуп калыптыр. Эне имерчиктейт эмеспи мындайда… Кичинесинен шагы сынбасын дейт ко…

— Эмнеси болсо да артында туягы бар экен. Мына, а-бу дегенче адам болот. Мен баланчанын баласымын деп такылдап турбайбы. Бул да болсо ырыскы, пешенедеги… А бойдок кеткендерибиз канча эле. Канакей, кетти, аты өчтү, изи жоголду…

Чоң кишилердин бул кептерин бирин түшүнсө, бирин түшүнбөй өз алдынча бүдөмүк ойго батып, ата деген кандай болду экен, ал эмне үчүн келбейт деп, ошого ызаланып, туюк санаа көңүлүн оорута турган.

Мына эми ал да аталуу болуп чыкты. Энеси: «Тигиногу сенин атаң»,- дегенден бери, экрандагы солдат анын атасы болду. Ушуга эч шек койбой ишенип, бала атасына чын дили менен жан тартып эреркеп отурду. Мурда билип көрбөгөн аталуу балалыктын даамын ал эми оозанды. Атасынын баардык жүргөн-турганын жактырып ичи элжиреп, аны үйдөгү айнектин астында илинип турган өз атасынын сүрөтүнө айнытпай окшоштуруп жатты. Мурду, кашы, көзү — бүт эле өзү…

Жан ынтаасы менен тигиле, баланын азыр карап отурганын билгендей, анын атасы да кинодогу учкундай кыска өмүрүндө, өзүн эч убакта эстен кеткистей, кийин баласы сыймыктана тургандай жоокер кайратын кан майданда, эл алдында көрсөттү. Авалбек согуштун оюнчук эмес экенин эми сезди, окко учкан адамдын кулаганы тамаша эмес экенине да көзү жетти. Жоонун түрү каардуу, айбаттуу болуп бара жатты. Азыр эле тапкан атасы кантер экен деп, мына ошондо жакын кишиси үчүн мурда баштан өтпөгөн коркунуч тууп, ал коркунуч баланын жүрөгүн камады.

Киноаппарат чыртылдап, согуш жүрө берди. Нары жакта каптап келе жаткан кылка танкалар көрүндү. Шакылдаган чоюн каз тамандары удургута топурак шилеп, ок атар тумшуктары алдыга сунулуп, өңгүл-дөңгүл аңызда өйдө-төмөн килеңдеп, болот кийген кара күчтүн күркүрөп келе жатканы сүрдүү да, шаңдуу да. Танкалар көтөргөн чаң алардын артынан ээрчип, кайнап келе жатты. А биздин үркөрдөй болгон топ аскер жалгыз замбирегин сүйрөшүп, ал кезде сай кырына чыгууга жакын калышкан. Аз эле жер калган экен. Аны көрүп Авалбектин дити качып: «Ата, бол эртерээк! Бол. Биртике эле калды. Биртике эле. Карачы танкалар келе жатат. Танкалар!» — деп атасын шаштырып сүрөп жатты.

Мына замбирек да кырга чыкты. Замбирекчилер аны майда бадалдын четине бура тартышып, танкалардын жолун тороп, ок ата башташты. Бир аздан соң танкалар да ок кайрышты. Алар көп экен. Танкалардын суук түрүнөн үрөй учат…

Атышуу кызыды. Өз кыялында Авалбек атасы менен кошо өрт жалынды аралап, салгылашууда жүргөнсүп жатты. Немецтин танкалары кара түтүнгө чулганып, каз тамандары быркырап, эки көзү оюлган дөөдөй албууттанып, ордунан жылбай калганда, энесинин алдына отурган бала кубанганынан тыбырчылап, туйлап жатты. Ал эми биздин замбирекчилер жарылган снаряддардын сыныгы тийип жыгылганда, бала боюн жыйрып, томсоруп калып отурду. Замбирекчилер четинен кулап, азая берди. Эненин бети ысык жашка нымданып, күйүп чыкты.

Киноаппарат бир үндө чыртылдап, согуш жүрүп жатты. Кармашуу күчөгөндөн күчөдү. Танкалар улам жакындап сүрүп келе берди. Замбиректин калканына далдаланып Авалбектин атасы телефондун трубкасын кош колдоп, алда-эмнелерди заардуу кыйкырып, бакырып жатты. Бирок анын эмне деп жатканы бул алааматта кулакка илешпейт. Балким, ал жардам сурап жаткандыр, балким, жардамга келчү замбиректер мына-мына жетип да келишер, согушта кандай деп болот… Аңгыча дагы бир солдат замбирек четинде жалп этти. Мүдүрүлүп кайра турууга умтулуп, жүз төмөнүнөн жерге жыгылды.

Замбиректин жанында эми эки эле киши калды. Авалбектин атасы менен дагы бир солдат. Алар замбиректи токтолбой октоп, бир жолу, анан эки кайтара атууга үлгүрдү. Танкалар аларды кысмакка алды. Замбиректин тушуна жана бир снаряд келип жарылды эле, топурак, таш, кесектерди абага омкоро бүркүп, заң этти. Жерден эми бир гана замбирекчи өйдө турду. Ал Авалбектин атасы: замбирекке жулуна жетип, өзү дүрмөттөп, өзү мээлеп, өзү атты. Бул анын акыркы атышы болду. Жана да келип тийген снаряд, замбиректи талкалап жайлады.

Кан жайылган бир жак ныптасын кармана, Авалбектин атасы теңселип жерден зорго турду. Үстүндөгү кийими түлөп, заарканткан түрү бир шумдук. Жакындап келе жаткан танканы көздөй гранатаны колго алып, ал тайманбай бет алды. Алдан тайып, кансырап, жыгылып кете жаздап, Авалбектин атасы гранатаны шилтөөгө камданып, бир оокумга кулачын кере туруп калды.

Экран анын бул көрүнүшүн көз алдыга жүгүртүп алып келип такады. Өлүмгө баш койгон жоокердин айбат чачкан ажарынан, жалтанбас кудуретинен, «токто фашист!» — деген таш жарган бакырыгынан кино көрүп отургандар дүр дей түштү. Жээнгүл баланын колун бекем мыкчып жиберди. Бала атасына жетүүгө умтулуп, атасын көздөй жулунду. Дал ошол учурда танканын пулемет атар оозунан шалактаган ок төгүлүп, Авалбектин атасы кыйган теректей сулады. Ал эки-үч ала-сала оодарылып, турууга жуткунуп, анан чалкадан түшүп, эки колун эки жагына таштап жатып калды…

Киноаппарат токтоду, согуш да үзүлдү. Бул бир бөлүктүн аягы эле. Жаңы лентаны аппаратка коюш үчүн киномеханик электрди күйгүзө салды. Кашардын ичи жапжарык боло түшүп, отургандар көздөрүн жумуп, алакан менен басып, кинонун дүйнөсүнөн, согуштун майданынан өз дүйнөсүнө, азыркы өз абалына кайтышты. Ушинтип ал эсин жыялекте кимдир бирөөнүн сүйүнүчтүү кыйкырыгы тынчтыкты жарды:

— Балдар, менин атамдын өлгөнүн көрдүңөрбү? Ал менин атам болчу! Көрдүңөрбү, менин атам…

Кишилер жапырт кайрылып, эмне болуп кеткенин аңдабай айраң-таң болушту. Отурган каптын үстүнөн тоголоно жүгүргөн Авалбек, экрандын жанында, алдыңкы катарда жайланган орток балдарына шаттанып чуркап бара жатты. Алардын пикири ал үчүн баарынан да кымбат болчу. Бир топко чейин кашардагы көпчүлүктүн арасын оңтойсуз жымжырттык басты. Отургандар дале эмне болуп кеткенин туя бербей, бул эси жок баланын эмнеге мынча сүйүнгөнү кишилерге жетпей жатты. Өмүрү атасын көрбөгөн балага бул учурда атасынын өлүмү да (мейли кинодо, мейли кандай жагдайда болсо да) анын атасы бардыгын далилдеген майрам эле.

Муну эч ким түшүнбөй, баары тең ийнин кагышып, кыжалат. Киномеханиктин колунан лентанын тунике кутусу жерге түшүп кетип, каңгыр этип экиге бөлүнүп тоголонду. Эч ким ага көңүл бурган жок, киномеханиктин өзү да туникелерди ала койбоду. Алардын көзүн кадаганы — Авалбек. Бул Авалбек деген, майданда окко учкан баатырдын баласы, атанын эрдигин, таламын жактап:

— Силер көргөн жоксуңарбы, ошол менин атам болчу! Аны пулемет менен атпадыбы, ал өлбөдүбү! — деп кишилер унчукпаган сайын күчөп, алардын үн катпаганына ызаланып, булар эмне үчүн менин атамды жактырышпайт, эмне үчүн аны макташпайт деген ой менен кайта-кайта: «Ал өлбөдүбү! Ал өлбөдүбү!» — деп жатты.

Кимдир бирөө жактырбагандай чырт этти:

— Тек, антип айтпа, оозуңа таш!

— Ал эмнеси экен! — деди анда ары жактан мойнун созгон чал. — Эмнеси бар экен. Атасы согушта ноопат болгону жалган беле? — анан унчукпай калып, ылдый карап кобурады: — Атасы эмей, атасы да…

Ошондо мектепте окуп калган балдардын бири чындыкты бетке айтты:

— Ал сенин атаң эмес. Эмне кыйкырасың? Түк да сенин атаң эмес, ал артист. Ишенбесең, тигиногу киночунун өзүнөн сура.

Иштин жайын сезе калган эстүү-баштуулар атасыз баланын жасап алган таттуу да, ачуу да алданмасын бүлдүргүсү келбей, жок, ал сенин атаң эмес, башка дегенге ооздору барбай, балдардын талашына аралашпады. Кантсе да чындыкты кино алып келген чоочун жигит өзү айтсын дегенчелик кылып, баары тең киномеханикке бет алып, күтүп калышты. Тигил да кийлигишпеди. Аппаратын оңдомуш болуп жатты.

— Жок, ал менин атам болчу, менин атам! — дей берди ызага туталанган Авалбек.

— Кайсынысы эле сенин атаң? Айтчы, кайсынысы эле? — деп алиги окуучу бала да тилин тартпады.

— Сен көргөн жоксуңбу? Менин атам гранатты алып танкага минтип… Анан минтип жыгылбадыбы! — Авалбек боюн жерге таштап, атасынын кандайча окко учканын көрсөттү. Дал өзүндей келтирип, эки-үч ала-сала оодарылып, анан чалкадан түшүп, экрандын алдында эки колун эки жакка таштап, өлгөн жоокердей жатып калды.

Отургандар айласыздан дуу жарылып күлүп жиберишти:

— Ой бул артист турбайбы!

— Ой жоругуң түшкүр!..

Бирок Авалбек күлгөн жок. Былк этпей, баатыр атасынын кейпин кийгендей, ошол калыбында экрандын бери четинде сулап жатты.

Күлкү тыйыла калып, кашардын ичин дагы да жүрөк өйүткөн дым басты.

— Э, Жээнгүл, — деди баягы «тообалап» кино көргөн аял. Анын үнү каргылданып, титиреди. — Эмне шал болуп отурасың? Карабайсыңбы тетиги балаңы!

Эми элдин баары Жээнгүл жакка бурулду. Анын көзүнө жаш алып, унчукпай эрдин бек кымтып, түз басканын узата карашты. Жээнгүл баланын жанына келди да, аны өйдө тургузуп:

— Жүр, балам, жүрөгой. Ошол сенин атаң,- деп акырын айтып, аны колунан жетелеп тышка чыгып кетти.

Ушинтип алар кинону да аягына чейин көрүшкөн жок.

Ай өйдөлөп калган экен. Төбөдө да, капталда да бейкут жылдыздар бейкут бетбагып, бул дүйнөдөн эч бир кабары жоктой — алыста. Бозомук түндүн аралыгында тээ бийикте тунарыңкы агарган зор тоолор да суз. Бери четте совхоздун оттору үлпүлдөп, андан ары өлчөмсүз чоң талаа туңгуюктанып, караңгы көл сыяктуу көшүлүп жатыптыр.

Алар үйүнө кайтып бара жатышты. Энеси унчуккан жок, ал да унчукпады. Бул саатта энеси эмне ойлоп бара жатканын бала билбеди. Тек гана жана көргөн атасын эсинен чыгаралбай, кичинекей муштумдарын кекене түйүп, жанында басып бара жатты. Бүгүнтөн баштап ал ата жолуна түшкөнүн билелек эле, атадан калган жалгыз туяк экенин билелек эле…

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.