«Айтматология: Жазуучунун көркөм герменевтикасы» аттуу адабий-философиялык этюддардан бир үзүм

«Кыяматта» Авдий менен анын оппоненттери — Городецкий, Координатор-Ата  – ортосундагы талаш-тартыштын өзөгүн да Кудай жана адамдын акылы, аң-сезими жөнүндөгү маселе түзөт. Авдий үчүн «адамдын аң-сезиминен тышкары Кудай жок», ал эми беркилер «Кудай адамдын ой-толгоолорунан жаралбайт», «ой-кыялды Кудайдын кудурети жараткан» деген айныбас ишенимде турушат.

Илимде бу талашка башкача түшүндүрмө берген бир гипотеза бар, ал «Бикамералык аң-сезим»деп аталат.  Анын автору америкалык психолог Жулиан Жейнс 1976-жылы чыккан китебинде байыркы артефакттарды жана тексттерди, алардын ичинде «Илиаданы»( б.з.ч. IX—VIII кк.) анализдеп отуруп, бир жагдайды байкаган: эпикалык поэманын кейипкерлери өз ара сүйлөшө алышат, ымала түзгөндү, сүйгөндү, жаман көргөндү билишет, бирок эмнегедир өз алдынча ой жүгүртүшпөйт, тиги же бул жагдайды талкуулап, талдаганды билбейт, өткөн-кеткенди эстеп, эскере алышпайт. Болгону кыйчалыш кырдаал жаралганда аларга кандайдыр бир үндөр угулат да, ошолордун көрсөтмөлөрүн кынтыксыз кылып аткарганга киришет. Бул үндү алар кудайдын абазы, буйругу жана амири деп эсептешкен.

(Баса, мындай эпизоддор биздин «Манаста» да бар. Манас төрөлө электе эле анын үнү Жакыпка, Чыйырдыга жана Бакдөөлөткө угулат. Буга караганда эпостун уюткусу ошол эле «Илиада» менен жашташ сыяктанат).

Доктор Жейнс «Илиададан» кыйла кийин жаралган Тикулти-Нинуртанын эпосуна (Epic of Tikulti-Ninurta – Ашшурада табылган ассирия падышасы Тукулти-Нинуртанын жазмалары, болжол менен б.з.ч. 1244-1208-жж.) кайрылып, анда биринчи мерте кудайларды «жоголгон адамдар» катары мүнөздөгөн маалыматтар кезигерин белгилейт: «Менин кудайым менден кетти жана жоголду. Менин бүбү кудайым мени таштап кетти жана четтеп калды. Мени  менен бирге жүргөн акпейил периштем менден узап кетти».

Ушул жана башка фактыларды жалпылап, Жейнс  мындан үч миң жылдай мурда эле адамда аң-сезим болгон эмес деген тыянакка келген. Ошо кездеги сапиенстин мээси, бүткүл акылы шарттуу алганда эки бөлүктөн турган: бири – буйрук берген, экинчиси – аны аткарган. Бирок экөөндө тең азыркы адамдагыдай аң-сезим болгон эмес.

Аң-сезим дал ушул эки палаталуу ойлом бузулганда, б.а. адам кулагына угулган белгисиз үн жеке өзүнүн, ички жан дүйнөсүнүн сырткы кырдаалга жасаган реакциясы экенин түшүнгөндө пайда болгон. Ошентип, кудайлар байыркы адамда, тагыраагы хомо сапиенсте аң-сезим жок кезде пайда болгон, адамда аң-сезим жаралганда кудайлар жоголгон. Аларды асманга чыгып кетти деп эсептешкен, мындан болсо биринчи ирет кудай көктө, андан соң Асман менен Жердин ортомчусу деген идея жаралган.

Ортомчулардын ордун оракулдар, пайгамбарлар ээлеп алышкан (Караңыз:  Julian Jaynes. The Origin of Consciousness in the Breakdown of the Bicameral Mind -Происхождение сознания при распаде двухпалатного разума.  1976; Consciousness and Voices of Mind — Сознание и голоса разума. Лекция на симпозиуме Канадской Психологической Ассоциации — Canadian Psychological Association Symposium, 1985).

ИИСУСТУН ИЛИМИЙ ИКАЯСЫ

«Кыяматта» кудайтааным маселесине байланыштуу Авдийдин монологдору менен диалогдорунда, жалпы ой жорумунда кабыргасынан коюлган башка да апаз-андазалар бар. Атап айтканда, баары колунан келген Кудай эмне үчүн жер бетинде баарына бирдей адилеттик орнотуп койгон эмес? Эмнеге адам баласы зарлап жүрүп бир Кудайды жаратып алып, кайра эле ааламдын санаа жеткис кыйырында башка да Теңир-Эге бардыр деп үмүт кылат? Жоктон башталган ушул эсептин башкы себепкери Иисус деген өзү ким? Балким, Городецкий айткандай, аны крест мамыга керип өлтүрүшпөгөндө кудай да болбойт беле?

Америкалык библеист, кудайтааным доктору, бестселлерге айланган отузга жуук изилдөө иштеринин автору Барт Эрманга (Bart Ehrman) ишенсек, Иисус – тарыхый инсан, ал өзүн кудайдын уулумун деп айткан эмес, болгону палестин жериндеги кыштакта – Галилеяда жашаган, кедейдин үй-бүлөсүнөн чыккан, диний үйүтчүлүккө өтүп, кыямат кайым идеясын ташбыйкат кылган, кийин мыйзам бузуп, рим мамлекети аны керме мамыга асып салган.  Ошондон соң анын тарапкерлери Иисусту жөн адам эмес эле деп кеп таратып, адегенде аны кудайдын уулу, анан барып кудайдын нак өзү болгон деп ырасташкан.

Иисустун дал ошол он бир (Иуда аларга кийин кошулган) айылдаш шакирттери –апостолдор оозеки түрдө евангелиени (бир мааниси — Кудайдын падышачылыгы жана адам тукумун куткаруу озуйпасы  башталганы жөнүндөгү жакшы кабар;  экинчи мааниси – Иисустун өмүр таржымалы, анын иштери тууралуу баян)  таркатышып, чиркөө түзүшөт.  Христианчылык ошол чиркөөдөн башталат. Кийин төрт евангелие кат жүзүндө баяндалып, алардын авторлору II кылымдын башталышында макулдашылат, ага чейин алар анонимдүү болгон. XVIII кылымда алардын авторлугунан да биринчи ирет шектене башташат (Дональд Гатри- Donald Guthrie, New Testament Introduction (Leicester, England: Apollos, 1990, pp. 37-40).

Жаңы далилдерге таянып, Эрман Евангелиени жазгандар Иисустун өзүн көргөн эмес, ал тууралуу башкалардан угушкан, болгону ошо ар кимден уккандарын кагазга түшүрүшкөн деп ырастайт.  Атүгүл Жаңы Осуяттын айрым бөлүктөрүн апостолдор эмес, белгисиз авторлор жазышкан.

Адамдын эстеми, эстеги (память –memory) улуу касиет, деп жазат Эрман, эгер ал болбогондо адамзаттын тарыхы да болмок эмес. (Биздин «Манаста», элдик эпостордо да ушундай эмеспи: эстеми кыйын бул элдин, эзелкисин унутпас). Болгону анын бир майып жери бар: ал реалдуу болгон окуяны, ишти бир кишиден экинчи кишиге, муундан муунга өткөндө көп жагынан бурмалап, бузуп салат. Иисустун тарыхы да ушундай болгон. (Jesus Before the Gospels: How the Earliest Christians Remembered, Changed, and Invented Their Stories of the Savior  — Иисус до Евангелий. Как обрывочные воспоминания нескольких человек превратились в учение о Господе, покорившее мир. — М., Эксмо, 2018, с.10-15).

Ошентип, Иисус жөнүндө бир нече кишинин үзүл-кесил эскермелери кийин ыйык китепке айланып, дүйнөгө тараган улуу динге башат болгон. Айтмакчы, ислам тарыхында да ушуга окшош жагдайлар бар. Маселен, ал-Бухари (810—870) Мухаммед пайгамбарды көргөн эмес, бирок анын 700 миңден ашуун хадисин иштеп чыккан. Ал эми Ахмад ибн Ханбалдын (780-855) колунан чыккан хадистердин саны бир миллионго чукулдап барган.

БИКАМЕРАЛИЗМ АЗЫРКЫ ЗАМАНДА

Кандай болгон күндө да жазуучунун чыгармаларынан биз эзелтен келаткан ушу бикамералуу ойломдун өнөкөттөрүн (рецидив), анын трансформацияланган, заманга ылайыкташкан түрлөрүн көрө алабыз. Ошол эле «Кыяматта» нашачылар менен бөкөнчүлөр мунун таасын өнөгөсүнө кирет. Алар башкалардын буйругун гана аткарып көнгөн немелер. Кызыгы — алардын да кудайы бар: биринчилер үчүн ал –Акча. «Эмесе, билип кой, акча деген – бүт баары, — дейт Гришан Авдийге. — Акчанын Кудайы бөлөк бекен сениңче? … Бу жарык дүйнөдө баары, анын ичинде сенин Кудайың да сатылат, сатылып алынат…  адамдарга силер тиги дүйнөдө гана болот деген жыргалды мен бу дүйнөдө берем… Силер үгүт-насаатыңар менен, тайынып-чокунганыңар менен таап бере албаган нерсени адамдарга мен берем… Башкаларга караганда  мен өз кишилеримди Кудайга тез жеткирем». (V том, 2008.153-бет).

Бөкөнчүлөрдүн Кудайы – идеология, Сталин. «Буерде сот мына менмин, — дейт Обер-Кандалов Авдийге. – Сталиндин айтканы эсиңдеби: «Ким биз менен жүрбөсө, ал бизге кас» деген… Сталин көзү жок болсо эле сендей неме жазасыз калат дейсиңби? » (V том, 2008. 253-254).

Бикамералык ойломдун массалык, глобалдык түрүн биз  «Кассандранын эн тамгасынан» көрөбүз. Адамзатты шайтандын, азезилдин апаатынан сактап калгысы келген Филофей менен Боркту бардык саясий борборлордо айыптап, каргап киришет. Баарынын темасы бир, апазы да бир болот: «Жалган илимди жайылткан желмогузду жаткан жеринде жайлайбыз!» «Адам укугун тебелеген өзү тебелендиде калат!» «Биз илимдин террористтерине чыдоого милдеттүү эмеспиз!» «Филофей менен Боркту бир түркүккө таңабыз!» ж.б.ж.б. Аламан топтун бүйүрүн кызытып, илимге каршы айдактаган кыйды саясатчы, президенттикке талапкер Оливер Ордок адамзаттын жаңы куткаруучусу (спаситель, savor), жаңы «Иисустай» болуп көрүнөт.

Кылкылдап көчөлөргө батпай, быкпырдай кайнаган массанын жаалын байкап отуруп, Борк кечээ эле фюрерди көргөндө аянттарда жүз миңдеген алкымдан чыккан үн менен жер-сууну бузуп айкырышкан, анын колу шилтенери менен батышка да, чыгышка да, түндүккө да, түштүккө да тизеден кан кечип агыткан иттей жулунгандарды; кудайындай санаган кишиси каза болгондо аны менен кошо тиги дүйнөгө кеткенге кайыл болуп, Сталиндин табыты алдында бирин бири тебелеп өлтүргөндөрдү; иран шахиншахы ташбараңдан кара жанын алакчылап уча качканда самолеттун шассисине асылып, аны тезинен кайра кондуруп берүүнү Алладан жалынып суранып, акылынан адашкан караламан сүрмө топту эстейт (VI том,2008. 186-бет).

Дегинкисинде илимпоздор туура айтат: бүгүнкү цивилизациянын бардык жетишкендиктерине карабай азыр деле адамдардын көбү бикамералык – эки бөлүктүү — ойломдун өнөкөтү менен жашайт. (А.Анисов. Современная логика. М., ИФ РАН. 2002. с.12. Айтмакчы, бу китепте аталган гипотезага байланыштуу бир катар кызыктуу фактылар бар. 10-19-бб.) Анан калса түпатадан калган бу мурасты ар кандай идеология, ар кандай дин өз максатына пайдаланганга умтулат.

Аң-сезим пайда болгондо «жоголгон кудайлардын» ыйык орду эч качан бош калган эмес, азыр да бош эмес. Бикамерализм алмустактан эле массалык көрүнүш болгондуктан акыл азабын тартпай, даяр ойлор менен жашаган, пир туткан саясий же диний машаяктары өл десе ойлонбой туруп өлүп берген, өзүн эле эмес, башкаларды кошо алааматка салган адамсымал макулуктар көбөйдү.

Буга кошумча болуп, Жан Бодрийяр айткандай, акыл-эс азыр ар кандай илме кайып иштерге ишенген иррационалдуу күчтөрдү биротоло колдон чыгарып жиберди, аларды контролдой албай калды, иррационализм азыркы маданият менен коомдо үстөмдүк кылып алды. Коллективдүү акылсыздыкты эми жер шарынан сырткары турган күчтөр, дүйнөлүк кыяматтар гана ооздуктап, адамзатты эсине келтире алышы мүмкүн.( Jean Baudrillard.  В тени молчаливого большинства, или конец социального. Екатеринбург. 2000; Он же. Фатальные стратегии. М., 2017).

Француз философунун кыямат кайымчыл апазын сынчылар илимий жактан ынанымсыз деп эсептешкени менен (Даглас Келлнер –Douglas Kelnner. «Jean Baudrillard: from Marxism to Postmodernism and Beyond». Cambridge: Polity Press, 1989.p.85). интеллектуалдар арасында мындай маанай жок эмес, бар. Айтматовдо ал саал башкараак кыяпта, тике эмес, кыйыр мааниде, айрыкча  «Кассандранын эн тамгасында» кыйла эле ачык сезилет.  Жазуучунун кайсы бир абройлуу жыйында бу болмуштун түбүнө илим жетиши мүмкүн экенин эскерткен жайы да бар. «Акыр заман бизге асмандан, алыскы галактикалардан келбейт,- деп айткан жазуучу башка бир бир маегинде, — акыр заман биздин өзүбүздө жатат».

СУПРАНАТУРАЛИЗМ ЖЕ ПОСТ-ТЕИЗМ

Эми кеп соңунда бир собол: туткан ишеними жагынан Айтматов ким болгон?

Бир катар интервю-маектеринде жазуучу өзүн атеист деп атаганы бар. Бирок соңку кездери айрым билермандар Айтматов атеист эмей эле, кудайга ишенген, биз сыяктуу эле динге ыкрар кылган ыкыласман болгон деп ырастай башташты.

Жазуучунун макалалары менен интервю-маектерине кайрылсак, бир жерде да динге кескин акаарат же мактал айтканын учурата албадык. Кудайга да ушундай мамиле жасаптыр. Ошону менен бирге диний уламыштар менен экметтерге, анын маселдерине болмуштааным өңүтүнөн карап, аларды жалпы адамзаттын урухий мурас-байлыгы катары баалаган учурлары арбын кездешет.

Жеке менин баамымда, Айтматов атеист болгон, болгону биз көнүп алган советтик же болшевиктик маанидеги атеист эмес, мындан төрт кылым илгерки  француз ойчулу Пиер Бейлдин (Pierre Bayle, 1647-1706) атактуу «парадоксундагы» атеист болгон. Анын жазгандарын окусак мындай: христианчылык адегенде жөнөкөй, жупуну, кой оозунан чөп албаган момун, боорукер, кайрымдуу болуп көрүнгөн. Ушунусу менен ал түркөйлүктөн арылып, абройун кыйла бийик көтөрүп алган.

Анан жетер жерине жеткен соң мурдагы сыйпайыгерчилигин тарс унутуп, баарын баса көктөп зордогонго өткөн, каяша кылгандын аянбай катыгын берген, кресттүүлөр жортуулдары аркылуу буту жеткен жердин баарын майкандап, ташын талкан кылган. Эми болсо ушунун баарын кан төгө элек жерлерде – Кытайда, Японияда, Татарияда ж.б жерлерде жасаганы жатат ( П.Бейль. Исторический и критический словарь. Т.II. М., 1968. с. 305–306).

Өз заманында (XVI-XVII кылымдарда) Францияда ич ара басташкан христиан агымдарынын адамгерчиликсиз, ырайымсыз кагылыш-кармаштарын сынга алып, Бейл алардын арасында бир да атеист жок болгонуна өкүнөт. Эгер алар коомдо көпчүлүктү түзгөндө мындай иштер болмок эмес, эмнеге дегенде атеисттерден турган коом өңчөй динчилдерден турган коомго караганда ыйман жана адамгерчилик жагынан алда канча жогору болмок. Көптөгөн тарыхий мисалдарга (Эпикур, Диагор, Ванини, Спиноза) таянып, кудайга ишенбегендер ар кандай диний агымдарга байистүү (толеранттуу) карап, өздөрү да өрнөктүү өмүр сүрө алмак деген ишеничин билдирет. Анткени атеист аркы дүйнөгө барганда арууланат делинген денеси үчүн эмес, ушу дүйнөдөгү акылына кам көрөт.

Ал боорукердик жана айкөлдүк принцибин бек кармайт, өз ишенимин өзү үчүн, же аны жаман иштерге колдонбой тургандар үчүн сактап, кастарлай билет (Т.I. с. 153.Кошумча караңыз: В.Богуславский. Пьер Бейль. Глава четвертая. Парадокс Бейля.  РАН. Ин-т философии. М., 1995. с.61-74; Философский энциклопедический словарь. М.,1983, с. 47).

Агартуу доору үчүн деле ашкере керойлом (инакомыслие) болуп көрүнгөндөн улам Шарль Монтескье «парадокс» деп атаган ошол атеисттин моделине Айтматов бардык жагынан бап келет.

Жазуучуну кайсы бир жагынан азыркы апатеисттерге да жакын десек болот. Аларга кудайдын бары-жогу маанилүү эмес, ага табынбайт да, танбайт да, буга көп деле баш катырышпайт, андан көрө тирүүлүктө өз арбайын сокконду ийги көрүшөт.

Мындан тышкары бүгүнкү тажрыйбада супранатурализм (лат. suprа — жогорку, naturalis — табигый) позициясында тургандар арбыды. Супранатуралисттер бу жазмышта өзгөчө бир урухий дүйнө бар деп ойлошот жана ошол дүйнөгө ишенишет.

Соңку кездери диний либерализмдин дагы бир формасы – итсизм (нидерл. lets, its – ким бирөө, бирдеме) кеңири жайыла баштады. Бу көз карашты кармангандар динди кабыл алышпайт, бирок аны сындашпайт, тек гана асман менен жердин ортосунда кандайдыр бир белгисиз улуу күч бар экенине ишенишет.

Пост-теизмдин ушул жана башка көрүнүштөрү биздин улуу жазуучуга да мүнөздүү болгону талашсыз.

Айтор, Айтматов, атактуу немец жазуучусу  Эрнест Гофмандын (1776-1822) сөзү менен айтканда, «жасат-жанында алмаз уюп турган» жан эле, аны кайсы кырынан караба, жаркыраганы жаркыраган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.