Жогорку Кеңештин «Атамекен» фракциясынын депутаты, акын жана жазуучу Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» аттуу китеби КМШ мамлекеттери арасындагы «Китеп маданияты» аттуу конкурста «Шериктештик» номинациясында биринчи орунду жеңип алды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 7-сентябрда Москвадагы эл аралык китеп жармаңкесинин алкагында өткөнүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматы таркатты. Аталган конкурсту КМШ уюмунун Мамлекеттер аралык кеңеши тарабынан басма багытындагы кызматташуу алкагында уюштурулганы маалым болду.

Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» аттуу  эмгеги англис, немис, орус жана кытай тилдеринде да басылган. Анда кыргыз элинин тарыхы, көп улуттуу Кыргызстандын кооз табияты, жаратылыш байлыктары даңазаланат.

«РухЭш» сайтын ар дайым колдоп келаткан тилектеш, санаалаш калемдешибизди аталган сыйлыктын жеңүүчүсү деп табылгандыгы үчүн биз дагы чыгармачыл жамаатыбыз менен куттуктайбыз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.