Москвада мушташкан кыргыз жаштарына жинденип жатасыңар. Бул жакта деле динчил, сабатсыз жаштардын армиясы турат. Мусулманмын дегени менен атасындай кишини, энесиндей аялды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, интернетте «шер» болуп отурушат. Бирдеме десе эле «теңирчи» деп баса калышат. Өктөм сүйлөп, «мамлекетти биз башкарабыз аз калды, кыздарды бөлүп окуталы» дей баштаганын окуп жатам. Эртең бирдеме болсо «бир элбиз, бир журтпуз» деп аяп койчу түрү жок.

Ушулардын баарын көрүп туруп саясатчылардын, депутаттардын дин ишмерлеринен же динзарлардан жалтактап отурганын кандай түшүнүүгө болот? Же бийлик, мандат аталарынан калган энчисиби? Өктөм сүйлөп, «өз ордуңарды билгиле» деп айтууга билими, эрки жетпейби? Мамлекеттин тагдыры буларга оюнчукпу? Эмнеге интеллигенция, журналисттер «альхамдуллах мусулманмын» деп актанат? Мусулман эмес атеисттер, агностиктер ж.б. динди туткандар Адам эмеспи? Мусулман болбой коюу күнөөбү? Жаштарды динге сугаруунун кесепети кандай болот?

Эмнеге азыр молдолордун сөзү өтүмдүү? Эмне үчүн алар эки метр көрдү кызганып, жашырып койгон сөөктү сыртка чыгарышат? Эмнеге жума күндү дем алыш кылууну сунуштап, ага сын айткандарга «жаназа окулбасын» деп буйрук берет. Эмнеге сабакка жоолукту чечип кел деп айткан мектеп директоруна иш козгоону кыйыткандар чыга баштады?

Деги буларга ким мынчалык дем берип, ким тирөөч болуп жатат?

Менин жеке түшүнүгүмдө: Ыйман түшүнүгүн динге байлабаш керек. Уурдаба, бирөөнү өлтүрбө, кыянаттык кылба…Жаратылышка забын келтирбе. Сылык, маданияттуу бол. Мамлекеттин салыгын төк, ага жардам бер. Эң башкысы, күн сайын Адам бол! Бүгүнкү кыргыз коомунун урааны ушул болушу керек эле. Тилекке каршы, мамлекеттик аткаминерлер материалдык кызыкчылыкты гана көздөп калды.

Мамлекет толтура албаган боштукту диниятчылар ээлеп, өздөрү «мыйзам» чыгара баштагандай туюлат. Азыр алар үй-бүлөлүк маселеге, билимге, медицинага, маданиятка, адабиятка да кийлигишип жатат. Бүгүн намаз окуган ырчылар менен намаз окубаган ырчылар бир жерде ырдабай калган деңгээлге жетти. Кезекте армия, күч органдары, Коопсуздук кызматы турабы?

Сөз акырында айтсам, мамлекет азыртан чара көрүп, абалды оңдоого аракет кылышы керек. Болбосо Иран революциясы жакынкы 10-20 жылда бизде да кайталанышы ыктымал.

Мен аялды Куранга акаарат келтирди деп жүз эркек сабап өлтүргөн коомдо жашагым келбейт. Мен 12 жаштагы кызды чыркыратып ыйлатып элүүдөгү адамга күйөөгө берген адамдардын арасында бир мүнөт тура албайм. Мен улуттук дөөлөт саналган «Манас» эпосун шылдыңдаган, дегеле китеп бетин ачууну «күнөө» деген муун менен сүйлөшүүдөн заарканам. Мен мамлекеттик ишке диниятчылардын аралашып турганына каршымын!

Мен билимдүү, маданияттуу, театрга, музейге тынбай барган, саякатты сүйгөн, бир жылда 10 китеп окуган жарандары көп, спорттон, илимден алдыга кеткен, коррупция десе ийне сайгандай чочуган, балдарга, карыларга кам көргөн, Адам укугун биринчи орунга койгон, экономикасы кубаттуу, келечеги кең Кыргызстанды көргүм келет!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.