Эфиоп эл жомогу: Жакшы кеңеш

Бир жолу чычкандар жыйын куруп, “мышыктан кантип сактаныш керек”- деген маселени талкуулашты. – Андан сактанууга мүмкүн эмес. Мышык деген баардыгынан куу жаныбар,- деди бир чычкан. – Ал басканда эч кандай дабыш чыгарбайт, канча тыңшасаң да баары бир эч нерсе уга албайсың,- деди дагы бирөөсү. – Ал эми ал ушунчалык жакшы жашынганды билет дейсиң, канча карасаң дагы баары бир аны көрө албайсың,- деди үчүнчү чычкан. Ошондо бул жердеги чычкандардын эң кичинекейи ортого чыга калып чыйпылдады: – Мен билем, кандай кылышты! Мышыктын […]

Касым КАИМОВ: Кутман чоң ата

АҢГЕМЕ Мезгил чоң шашке. Үйдө чал менен кичинекей бала гана калган. Чал капшыт жактагы керебетте катар-катар жаздыкка башын коюп, үңүрөйгөн бүркүт кабагынын алдындагы айбаттуу көзүн шыптан айырбай ойлуу жатат; кызылы өчө элек иреңи нурланып, кээде кабагын түйгөндө үксүйгөн узун каштары кирпинин найзасындай бириндейт. Төрдө үч дөңгөлөктүү велосипедин тазалап отурган кичинекей бала жумушун токтотуп коюп, чоң атам шыптан эмне кызыкты көрдү экен дегенсип, бакырайып тамдын төбөсүнө көз чаптырат. Ышка саргайган чоң устун, анын бир жак капталындагы кара так болуп көрүнгөн бутактын […]

Харуки МУРАКАМИ: Апрелдин ачык таңында 100 процент жаккан кызга жолукканым тууралуу

АҢГЕМЕ Эртең менен, апрелдин вчык күндөрүнүн  биринде  Харадзюкинин[1] кууш көчөсүнөн мага жүз процент жаккан кызды жолуктурдум. Ал чүрөктөй сулуу  дегендей деле эмес,  кийингени деле анчейин, айтор өзгөчөлөнгөн эч нерсеси деле билинбейт. Желкесиндеги чачтары уйпаланып – уйкудан кийин толук өзүнө келе элек окшойт. Жашы деле отуздарга барып калгандай.   Ошондой болсо да  жолугушууга элүү метрче калганда эле мен түшүндүм: бул мен үчүн жаралган кыз, жүз процентке. Ошол замат, аны көрөрүм менен, жүрөгүм дүкүлдөп, оозум  кургап калды. Силерге башка кыздар  – ичке белдүү, […]

«РухЭштин» туруктуу окурмандарына кайрылуусу

Урматтуу туруктуу окурмандар! Эгерде «РухЭш» сайты өз ишмердигин токтотпой уланта берүүсүн кааласаңыз, аталган сайт буга чейин карапайым окурмандардын колдоосу менен гана рухий коом агартуу багытында өз аракеттерин улантып келатканын унутпаңыздар! Буга чейин канчалаган туруктуу окурмандарыбызды тапканыбыз менен, арийне, эч кандай туруктуу финансылык булагыбыз жок үчүн улуттук рухий-дөөлөт, мурастарыбызды жапатырмак түптөөгө ар бириңиздерди чакырып келебиз. Андыктан «РухЭш» сайтынын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине айына бир жолудан болсо да өз мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша тыйын которуп турууну эске ала жүрүңүз! Ал эми чет […]

Эсенбай НУРУШЕВ: «Айтматология: Жамийла жана улуттук эрос»

АТТУУ АДАБИЙ-ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭТЮДДАРДАН ҮЗҮНДҮ ЭЛДИК ЭЙДОС ЖАНА «БУЗУКУ» ИШТЕР Өйдөдө айтканыбыздай, алтымышынчы жылдардын башталышындагы адабият эңгезерлери, айрыкча алардын «корифейлер» катмары бул чыгарманы «улутту шылдың кылган, кордогон» факты катары кабыл алышкан. Алардын бири повестке, атап айтканда, мамындай баа берген экен: «Жамийла менен Данияр адамдын жакшыларын таап сүйгөндү билбеген… эгоисттер. Сараң сараңды сактагандай, эгоист эгоистти гана мактап сүйөт. Алар учуру келгенде коомдон безип кете беришет. Эмне үчүн Жамийла менен Данияр башка тарапка качып кетет? Дал ушунун өзү натуура – ушак. Акырында «жаным, […]

Кундузбү МАМАТОВА: Бейиш эмне?

Бейиш эмне? Тирүүлүктүн таттуу балын татканың, Аба жутуп, жер үстүндө басканың. Жүрөк согуп эртеңкиге умтулуп, Улам жаңы күн барагын ачканың.. Бейиш эмне? Сайрап турса булбул куш, Ачык болсо чалкып турган асманың… Бейиш эмне? Күндө тоссоң ак таңды, Ырыскыңды, таап жесең ак нанды. Жакыныңдын жакшы сөзүн тыңдасаң, Жандай сүйүп сыйлап алсаң атаңды… Көздөрүңдөн күндө сүйүп кубанган, Бек кучактап боорго бассаң апаңды… Бейиш эмне? Жер үстүндө жүргөнүң, Көңүлүң ток жайнап карап күлгөнүң. Сүй, сүйдүргүн тирүүлүктүн доорунда, Бейиш ошол жытта жыпар гүлдөрүн… Ырыскылуу […]

Ишенгүл БОЛЖУРОВА: Мектеп жана мечит соодасы

Кылган тартуусунан кыйынын чыгарган данаялыктардан корк! Сентябрь айынын алгачкы жумасы Саясаттан; Спорттон; Билим берүүнүн; Соода-сатыктын; Диндин; — айрым мамлекеттердин башчыларынын биздин өлкөгө жасаган визити жана башка көптөгөн көйгөйлөрдөн куралган чыгырык жипти элестетти. Бул көйгөйлөрдүн чечилишинен биздин өлкөнүн эгемендиги чын же кагаз жүзүндө эле экендиги аныкталат. Анда эмесе, ар кыл жагдайларды өз ичине камтыган чыгырык жиптин учугун бир четтен баштап чубап көрсөк. 1-ЖАГДАЙ: Көчмөн элдин эркин майтаруу оңой эмес Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда биздин кайратман спортчулар эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин күчү […]