Бир жолу чычкандар жыйын куруп, “мышыктан кантип сактаныш керек”- деген маселени талкуулашты.

– Андан сактанууга мүмкүн эмес. Мышык деген баардыгынан куу жаныбар,- деди бир чычкан.

– Ал басканда эч кандай дабыш чыгарбайт, канча тыңшасаң да баары бир эч нерсе уга албайсың,- деди дагы бирөөсү.

– Ал эми ал ушунчалык жакшы жашынганды билет дейсиң, канча карасаң дагы баары бир аны көрө албайсың,- деди үчүнчү чычкан.

Ошондо бул жердеги чычкандардын эң кичинекейи ортого чыга калып чыйпылдады:

– Мен билем, кандай кылышты! Мышыктын моюнуна коңгуроо тагып коюш керек. Качан ал бизге аңчылыкка чыкканда моюнундагы коңгуроосу шыңгырап анын келатканын билгизип койот. Ошондо биз качып кетебиз же жашынып калабыз.

– Туура, туура!- чычкандар аны колдоп кетишти.- Бул балакай жакшы ой айтты. Биз мышыктын моюнуна коңгуроо тагып койобуз дагы, биротоло андан кутулабыз.

Ушундай чечимге келген чычкандар тарамакчы болушканда кайрадан бирөөсү мындай суроо берип калды:

– Бул аябай жакшы кеңеш болду. Бирок коңгуроону мышыктын моюнуна ким илет?

Ошондо чычкандар бул ишти бири-бирине түрткүлөй башташты.

– Сен ил!

– Жок, сен кыйынсың. Сен ил!

– Жок, сен өзүң бар мышыкка!

Ошентип чычкандар чоң талаштын отун тутандырып алышып, ушул убакка чейин аны өчүрө албай жүрүшөт. Ал эми мышык болсо чычкандарды эч тоскоолдуксуз кармап эле келатат.

Ушундай иштер көп болгон үчүн: “Жакшы кеңеш бул иштин жарымы гана” деген сөз айтылып калган экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.