АТТУУ АДАБИЙ-ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭТЮДДАРДАН ҮЗҮНДҮ ЭЛДИК ЭЙДОС ЖАНА «БУЗУКУ» ИШТЕР

Өйдөдө айтканыбыздай, алтымышынчы жылдардын башталышындагы адабият эңгезерлери, айрыкча алардын «корифейлер» катмары бул чыгарманы «улутту шылдың кылган, кордогон» факты катары кабыл алышкан. Алардын бири повестке, атап айтканда, мамындай баа берген экен: «Жамийла менен Данияр адамдын жакшыларын таап сүйгөндү билбеген… эгоисттер. Сараң сараңды сактагандай, эгоист эгоистти гана мактап сүйөт. Алар учуру келгенде коомдон безип кете беришет. Эмне үчүн Жамийла менен Данияр башка тарапка качып кетет? Дал ушунун өзү натуура – ушак. Акырында «жаным, гүлүм» деп Сейиттин жеңесине ашык болушу барып турган чуж! » (К.Бобуловдун эскерүүсүнөн. IV том. 2016).

Азыр эми мындай көз караштын, ой жорумдун өзү «чуж» (чушь) болуп угулушу мүмкүн. Бирок ал бизди башка бир маселеге алып чыгат. Атап айтканда, Жамийланын жоругу жалпы улуттун эл караган жүзүн жер караткыдай ушунчалык эле ойротто жок осол иш беле? Ак никелүү күйөөсүнүн башын аттап, башка бирөөнүн колуп кармап кеткен келиндер кыргыз болмушунда ага чейин дегеле болгон эмес беле?

Албетте, болгон, андан да кызыктары болгон. Атактуу Курманжан датка биринчи күйөөсүн таштап баса бергенде, маселен, улутту мындай койолу, мунгуш бузунун (бузун –племя, народ одного рода. М.Кашгари), жалпы алай журтун уят кылды деп ким намыстанып, айгай салды эле? Болочоктогу «алай канышасы» атасынын үйүндө үч жыл турат, анан Алымбек датка анын башын ачып, өзүнө нике кыйдырат.  Бул – уламыш же жортоктото токулган жомок эмес, реалдуу турмушта болгон окуя эмеспи.

Андан ары барсак, Олжобай менен Кишимжан эске түшөт. Муну да чыныгы турмушта, болжол менен XVI кылымда болгон иш дешет. «Жамийланы» жабыла төө бастыга алган биздин адабий авторитеттердин ой жорумуна салганда, аларды да «адамдын жакшысын таап сүйгөндү билбеген эгоисттер» деп атаса болмок, анткени жээн-таеже экенине карабай эч ким табылбай калгансып бир-бирине жалындап ашык болуп калып жатышпайбы.

Ал эми Аксаткындын «жоругу» андан ашат. Башы байланган жери бар туруп ал атасынын төрүндө эле үй-бүлөлүү эркекке төшөгүн ачып берет: «Капталдай басып жол салдың, досум, капшыттан кирип кол салдың, досум». Барпы апыз айткан вариантта Аксаткындын ынтыгы Кулмурзанын аялы болот. «Алганың үйдө билбесин, досум, алоолоп ичи күйбөсүн, досум… Кыз алганың бар туруп, досум, кызыгышып ойнодуң, досум, кыйналганың койбодуң, досум. Өз алган жарың бар туруп, досум, өзөлөнүп ойнодуң, досум, өрттөнгөнүң койбодуң, досум».

Же, мына, карт кайнага менен жаш келиндин ысык ымаласын алалы. Кайнагасы: «Секелек келин, сен бала, серлентпей келчи, садага! » – десе, келини:  «Сүйөрүм аке, жан дилим, сакадай болгон боюңа, садагасы келиниң, жатчы жай бу койнума»,  — деп «жараткандын алдында бардык айып-күнөөнү жалгыз мойнуна алат».

Алар керек болсо кыргыз менен казакта, дегеле адам аттуу бу дүйнөдө «ойноштук кылган жеке эле, сени менен мен бекен? » маселесин да тикесинен коюшат. («Кайнага-келин». Молдо Кылыч. 2017). 

Акындын экинчи бир ырында – анысы «Кыз-жигит» деп аталат – жаштык кездин азгырык шайтандары сөз болот. «Азгырмайын койбогон, кызды жигит тушундай, алып түшөт асмандан ак карчыга кушундай. Жүздөн бири эсен-соо эрге кетет бузулбай».

Акындын алдагыдай «статистикасына» кепил өтүш кыйын, арийне, бирок карабайсызбы, кыргыздын элдик эйдосу – «акыл-эстүү идеялар дүйнөсү» (мир разумных идей — Артур Шопенгауэр) өзү ушундай «шерменде» иштерди жекирип-жээрибей, кайра аларды ырга салып, дастанга айлантып даңазалап, муундан-муунга мурас кылып, сактап келген.

Эмнеге минткен? Деги бу фактыны кантип түшүндүрсө болот жана ал эмнени билдирет? Же Жамийланын жалкы жоругун жалпы улуттук мааниге көтөрө салган адабий мудааристерди туурап, кыргыз дегениң жолой-жосуну жагынан «бузуку» иштерге ынтаасы жакын эл болгон дегендей тыянак жасаса болобу?

Кайсы доордо болбосун, албетте, кыргыз биринчи кезекте адам пендеси болгон; ургаачы жана эркек деген «акылдуу эки айбанга» биологиялык кандай насил атаа болсо, ошону менен жашаган. Башкача айтканда, биздин кыргыз деле байыркы рим комедиографы Теренцийдин (б.з.ч. 195—159-жылдар) бир каарманы – абышка Хремет  —  өңдөнүп:  «Мен адаммын, андыктан адамдагы бардык касиет мага жат эмес» (я – человек, и ничто человеческое мне не чуждо  — homo sum humani nihil a me alienum puto ),- деп айтканга толук акылуу болгон.

Анын ичинде ургаачы менен эркектин ортосундагы «сүйүү» деп аталган сүмүрөн калгыр сезимдин ар кайсы түрлөрүн, көп кырдуу көрүнүштөрүн башка элдер сыяктуу, айталы, байыркы гректердей, кыргыз жакшы эле билген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.