АҢГЕМЕ

Эртең менен, апрелдин вчык күндөрүнүн  биринде  Харадзюкинин[1] кууш көчөсүнөн мага жүз процент жаккан кызды жолуктурдум.

Ал чүрөктөй сулуу  дегендей деле эмес,  кийингени деле анчейин, айтор өзгөчөлөнгөн эч нерсеси деле билинбейт. Желкесиндеги чачтары уйпаланып – уйкудан кийин толук өзүнө келе элек окшойт. Жашы деле отуздарга барып калгандай.   Ошондой болсо да  жолугушууга элүү метрче калганда эле мен түшүндүм: бул мен үчүн жаралган кыз, жүз процентке. Ошол замат, аны көрөрүм менен, жүрөгүм дүкүлдөп, оозум  кургап калды.

Силерге башка кыздар  – ичке белдүү, чоң көздүү,  колунун манжалары акылдан адаштыргандай сулуу кыздар жагар. А балким тамакты  жай чайнап жеген кыздарды жактырарсыңар. Арийне, менин да табитиме жакканы бар. Мисалы, ресторанда, кошуна столдо отурган кыздын мурду жагып калса кечке суктанып карай берем.

Ошентсе да идеалду, жүз процент жаккан кыз кандай болорун  эч ким аныктай албайт. Анын  келбети кандай болушу керек. Мен ошол эртең менен мага карата келаткан кыздын мурду тууралуу деле эч нерсе айта албайм. Эмнесин айтайын:  Ал эмес деги анын мурду барбы, жокпу – ал деле эсимде  жок. Бирден бир так айтала турганым, ал чүрөктөй сулуу деп айта тургандай эмес. Таң каласың.

Кийин бирөөгө көчөдөн мага жүз процент жаккан кызга жолуктум дейм.

— Чын элеби? – дейт ал. — Татынакай бекен?

— Анчейин деле эмес…

— Анда, демек, сенин табитиңе төп келе тургандай го?

— Анысын деле билбейм.  Эч нерсеси  эсимде жок. Анын көзү кандай экендиги, төшү кандай – чоңбу же кичинеби, эстей албайм.

— Мен сени түшүнө бербейм.

— Мен өзүм да түшүнбөйм.

— Анан эмне кылдың? – дейт ал көңүл кош. – Сүйлөштүңөрбү? Артынан жөнөдүңбү?

— Эч нерсе кылган жокмун, — дейм мен. — Кайчы өтүшүп кеттик.  Болгону ошол.

Ал кыз батышка, мен чыгышка бара жаткам. А таң болсо укмуштай ажайып болучу. Сүйлөшүш керек эле. Эч кур дегенде жарым сааттай. Ким экендиги сурап, өзүм жөнүндө айтып берип. Экөөбүздү ушул 1981-жылдын апрелининин  ажайып таңында Харадзюкинин кууш көчөсүндө жолуктурган тагдырдын жазмышы тууралуу маектешип. Анда Жер шарында бейкуттук орноп турган мезгилде, мастердин колу менен жаралган эски механизимдегидей, катылган жагымдуу сырлар ачылмак.

Маектешип, биз бир жерден түштөнмөкпүз, анан Вуди Аллендин катышуусундагы фильмди көрмөкпүз,  бардан бирден коктейл ичкенге  жолдогу бир отелге кайрылмакпыз. Бардыгы ойдогудай болсо бул күн экөөбүз үчүн төшөктө соңуна чыкмак.

“Балким ошондой болор”,  — деп жүрөк дүкүлдөйт.

Ангычакты арабызда он беш метрдей калды.

Аны менен кантип сүйлөшсөм? Эмнеден баштасам?

— Саламатсызбы. Сиз мага жарым саат убактыңызды бөлө аласызбы?

Келесоолук!  Жөн эле камсыздандыруу агенти болуп кеткенсип.

— Кечиресиз, Сиз жакын жерде күнү-түнү иштеген кир жуугуч жайды билесизби?

Бул дагы болбойт. Менин колумда жууп алууга кир салынган пакетим да жок.

Же кандай болсо ошондой эле урдуруп калсамбы:

— Салам. Сен мага жүз процент жагасың деп айтайын дедим эле.

Жок,  менин сөзүмө ишенбейт ко. Ишенген күндө да, сүйлөшкүсү келер бекен?  Балким:  “Сага жүз процент жагармын, а сен мага – жакпайсың”, -деп айтар. Анда эмне кылам? Мен үчүн бул төбөгө койгондой эле кеп. Жашым отуз экиде. Демек, жаштыгым калган жок.

Гүл саткан күркөнүн жанынан  кайчылаш жолуктук.  Сыдырым соккон жылуу толкунду сезем. Нымдуу асфалттан розанын жыты келет.  Тилим буулат. Ал ак свитерчен, оң колунда — али марка чаптала элек  ак конверт. Кимдир бирөөгө кат жазса керек.Түрү  ыкшоо – түнү бою ошол кат менен алек болгондой. Балким ошол конвертте анын бардык сыры катылгандыр.

Бир нече кадамдан кийин артыма кылчайдым, бирок ал көпчүлүктүн арасына сиңип кетиптир.

*     *     *

Азыр эми, албетте,  ага эмне деп айтыш керектигин билем дечи. Окуя өтө узарып кетмек, бирок мен аны дааналап айтып бере  алмак эмесмин. Менин башыма дайыма  ишке ашыру  кыйынчылык жараткан оор ойлор келе берет. Кандай болсо да “илгери- илгери” деп баштап, “кейиштүү окуя бекен”,- деп бүтүрмөкмүн.

*     *     *

Илгери-илгери бир жигит жана кыз жашаган экен. Жигит — он сегизде, кыз болсо он алтыда экен. Ал — жөнөкөй эле сымбаттуу жигит, кыз деле супермодел дегендей эмес. Кадимки эле жаштардай, андай жаштарды бардык жерден эле жолуктурса болот. Болгону алар экөө тең жалгыз болучу. Бирок алар   Жер шарынын бир жеринде бири бирине жүз процент төп келген кыз жана жигит жашап жүргөндүгүн так билишүчү.

Күндөрдүн бир күнүндө, алар  күтүүсүздөн көчөдөн жолугуп калышты.

— Кандай керемет! — деди жигит. —  Мен сени канча издедим. Ишенесиңби, сен менин идеалымсың — жүз процентке.

— А сен – менин. Мен сени так ушундай элестетчүмүн. Түш көргөндөй болуп турам.

Алар парктагы отургучка отуруп көпкө-көпкө сүйлөшө беришти. Эми алар жалгыз эмес эле. Абдан жакшы болду.

Бирок алардын сезиминде кичинекей,  деги эле кеп-кенедей болгон шек турду: кантип эле өмүр бою көксөп жүргөнүң ушундай жөнөкөй чечилсин?

Сүйлөшүү бир саамга үзүлө түшүп, жигит айтты:

— Кел,  текшерип көрбөйлүбү? Эгерде бири бирибизди жүз процент сүйүп, сен мен үчүн, мен сен үчүн жаралган болсок, демек, кандайдыр бир жерден, дагы бир жолу  сөзсүз жолугабыз.   Ошондо бири  бирибиз үчүн жаралганыбызга ишенебиз, токтоосуз үйлөнүп алабыз. Кандай дейсиң?

— Макул, —  деди кыз.

Ошентип ажырашып кетишти.

Чындап келгенде, бул текшерүүнүн кенедей да зарылчылыгы жок болучу, анткени бул экөөнүн ортосундагы чыныгы сүйүү эле, жүз процентке. Бирок эми тагдыр буларга кайрымсыз болуп, жазалап койду.

Кышында экөө тең ооруп калышты – ошол жылы  катуу грипп каптап жаткан. Бир нече жумалап созулган өмүр менен өлүмдүн ортосундагы оорудан кийин сүйүшкөндөр өткөндү таптакыр унутуп калышты. А качан өздөрүнө келип көздөрүн ачканда баштарында, Д.Г.Лоуренcтин[2] жаш чагындагы копилкасындагыдай эч нерсе калган эмес.

Бирок буларда акыл да, чыдамкайлык да жетиштүү болучу. Кыз да, жигит да билбегендерин билгенге, жаңы сезимдерин өстүргөнгө күчтөрүн аябай аракет кылышты жана мурдагыдай эле коомдун толук кандуу мүчөсү болуп калышты. Метронун бир тармагынан экинчи тармагына өткөндү, кат жана бандерол жибергенди  үйрөнүштү. Ал эмес  сүйүүнүн даамын да татышты —  жетимиш беш, а балким сексен беш процентке.

Убакыт болсо закымдап өтө берди: жигит — отуз экиге, кыз — отузга келип калды.

Анан, апрелдин жылымык күндөрүнүн биринде, эртең менен бир жерден кофе ичип алганы Харадзюки көчөсү менен, батыштан ь – чыгышка карай жигит бара жатты. Кыз болсо конвертке чапташ үчүн марка сатып алганы ошол эле көчө менен чыгыштан батышка бара жаткан. Алар көчөнүн так ортосунан жолугушту,  эки жүрөктө тең унутулуп калган элестер кыска убакытка зырп эте түштү.

“Бул менин кызым да, жүз процентке!”

“Бул менин жигитимдин өзү, жүз процентке!”

Бирок зырп эткен эскерүү абдан алсыз эле, алардын сезими мындан он төрт жыл мурдагыдай таза жана тунук эмес болучу.

Алар бири бирине бир да сөз айтпастан ар тарапка ажырашып, көпчүлүктүн арасына сиңип кетишти. Түбөлүккө.

Кейиштүү окуя, чынбы?

*     *     *

Ушуну ошол кызга айтыш керек эле.

Орусчадан оодарган Марсел ИСАКОВ

[1] Жаштар көп чогулуучу, мода көрсөтүлүүчү бутиктери, дүкөндөрү жана күркөлөрү арбын Токионун  бир району.

[2] Давид Герберт Лауренс XX кылымдагы англис жазуучусу. Жаштыгы кедейчиликте өткөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.