Кылган тартуусунан кыйынын чыгарган данаялыктардан корк!

Сентябрь айынын алгачкы жумасы

  • Саясаттан;
  • Спорттон;
  • Билим берүүнүн;
  • Соода-сатыктын;
  • Диндин;

— айрым мамлекеттердин башчыларынын биздин өлкөгө жасаган визити жана башка көптөгөн көйгөйлөрдөн куралган чыгырык жипти элестетти.

Бул көйгөйлөрдүн чечилишинен биздин өлкөнүн эгемендиги чын же кагаз жүзүндө эле экендиги аныкталат. Анда эмесе, ар кыл жагдайларды өз ичине камтыган чыгырык жиптин учугун бир четтен баштап чубап көрсөк.

1-ЖАГДАЙ: Көчмөн элдин эркин майтаруу оңой эмес

Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда биздин кайратман спортчулар эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин күчү менен кубатын жалпы адамзатка жар сала алышты. Төрөпейилдик менен чечкиндүүлүк, рухтун бийиктиги менен күчү, коюлган максатка умтула билүүчүлүк менен аброй, көз карандысыздык менен өзүнүн байыркы көрөңгөсүнө таяна билүү… Тээ алмустактан бери эле көчмөндүктүн руху менен беделдин бийиктиги көчмөн элине чоочундардын кордугуна чыдоого жана алар таңуулаган эрежелерге баш ийип жашоого мүмкүндүк берген эмес. Мындай өзгөчөлүк күнүмдүк жана утурумдук турмушта эмес, элдин түпкү маңызында, анын гендик аппаратында, башкача айтканда, каны менен жанында жашайт.

2-ЖАГДАЙ. Мектеп менен мечит соодасы

Түрк тилдүү элдердин даңкы тарых барактарын дүңгүрөткөн байланыштарынан сырткары, сентябрь айынын башында соода-сатык чөйрөсүнө таандык окуя болуп өткөнүн байкай алдыңыздарбы?

Бир аз мурдараак, көлөмү анча чоң эмес псевдоевропалык өлкөдө президенттин ак сарайын ремонттоп, анын наркы катары — ушул «европалык» делген өлкөдөн саясый баш паанек сураган 7 адамдын, башкача айтканда, демөөрчүлөрдүн «душманы» сыяктанган 7 адамдын башын суроо түрүндөгү соода-сатык мүнөзүндөгү окуя ишке ашкан. Имараттын ремонту адам өмүрүнөн кымбат экен, көрсө…

Прецедент бар. Эми бизге да ошол нерсени: «Мына, силерге мечит куруп бердик. А силер болсо, анын ордуна 130 адамды, алардын ичинде, светтик педагогдорду бергиле! 13 кишини токтоосуз түрдө жана ыкчам мөөнөттө бергиле!» деген таризде таңуулап жатышат…

Анан «Бизге имараттарды кайтарып бергиле да, жаңы «Сапат» лицейлерин ачпагыла! Биз аны каалабайбыз! Анын ордуна жаңы фондду сунуш кылабыз» деген каңкуу өтүнүч…

3-ЖАГДАЙ. Элдин башын маң кылган «Маариф» фонду

Жогорудагы каңкуу өтүнүч жогоруда белгиленген көйгөйлөрдүн 3-жагдайынын маңызын түзөт. Кимдир-бирөө урматтар-сыйлаган адам тарабынан түптөлгөн бул фонддун

  • Сапатын да;
  • Максаттарын да;
  • Билим берүү стандарттарын да эч ким билбейт.

Натыйжада, биздин жарандар бул фондго пикир билдирүү боюнча бир нече топторго  бөлүнүп калышты.

Айрым жарандар «бул фонд — көз боочу «сүфүлөп», ичинен татынакай куш учуп чыккан сыйкырлуу жашикпи? Же грек мифологиясындагы ичинен адамдын үрөйүн учурган алааматтар учуп чыккан Пандоранын жашигиби?» — деген суроолорду адилет коюп жатышат.

Бул дүйнөдө эч ким түбөлүк жашабасын эске алсак, анда эгерде бир нече убакыттан кийин, айталык, 10, 15 жылдан кийин жаңыланган тарап азыр бизге белгисиз болуп жаткан фонддун кызматкерлерин атайы тизме аркылуу дисквалификациялоону жана депортациялоону талап кылбаса, анда биз өз «жүзүбүздү» сактап кала алабызбы?

Башка топтогу жарандарыбыз цыгандардын төмөнкүдөй икаясын эске түшүрүүдө: табор чогулуп, алдыда боло турган иштерди пландап калат. Бул план боюнча аялдар төлгө ачып, эркектер болсо аттарга така кагып, жылкыларды үйрөтүп, көп акча тапмай болушат. Ал акчага уй сатып алып, уй болсо аларды музоолуу кылат деп кыялданышат. Дал ушул учурда тармал чачы сеңселген кичинекей бала «Музоону минип, мен жыргайт экенмин да» деп кир колдору менен «шуу» тарткан мурдун аарчыса, чоңдор аны кыялдагы «музоонун белин сындырасың» деп ур-токмокко алып калышкан экен. Байкасаңыздар: бизде деле ушундай эле кыялдан кыр ашкан кырдаал.

Үчүнчү топтогу адамдар «тузакка түшүп калбасак экен» деп беймаза. Анткени, түштүк жактагы ири коңшудан тартып, алыскы чет өлкөлөргө чейинки мамлекеттер берген насыялар республикабызды жөргөмүштүн желеси сымал каптап, өзүбүз эле эмес, төрөлө элек балдарыбыз карызга белчесинен батууда.

Тарыхта «кылган тартуусунан кыйынын чыгарган данаялыктардан корк!» деген сөз тегин жерден айтылган эместиги эсибизден чыкпасын!

Эгер айтылган көйгөйлөргө олуттуу көз караш таштасак, анда биз төмөнкүдөй тоом жолдо калганыбызды түшүнөбүз:

— Же биз өзүбүздүн Башмыйзам болгон Конституциябызды, адамдын укугу жана эркиндиктери тууралуу эл аралык конвенцияларды бек тутуп, светтик жана эгемендүү өлкө боюнча калуу менен демократиялуу мамлекетти курууну андан ары улантабыз,

— Же бизге мечиттерди куруп берип, өз көйгөйлөрүн бизге оодарган мамлекеттердин вассалитетине (күн карама букарасына) айланабыз.

Жаркын келечекке үмүт жана ишеним артып, профессор И.С.Болжурова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.