Бейиш эмне? Тирүүлүктүн таттуу балын татканың,
Аба жутуп, жер үстүндө басканың.
Жүрөк согуп эртеңкиге умтулуп,
Улам жаңы күн барагын ачканың..
Бейиш эмне? Сайрап турса булбул куш,
Ачык болсо чалкып турган асманың…

Бейиш эмне? Күндө тоссоң ак таңды,
Ырыскыңды, таап жесең ак нанды.
Жакыныңдын жакшы сөзүн тыңдасаң,
Жандай сүйүп сыйлап алсаң атаңды…
Көздөрүңдөн күндө сүйүп кубанган,
Бек кучактап боорго бассаң апаңды…

Бейиш эмне? Жер үстүндө жүргөнүң,
Көңүлүң ток жайнап карап күлгөнүң.
Сүй, сүйдүргүн тирүүлүктүн доорунда,
Бейиш ошол жытта жыпар гүлдөрүн…
Ырыскылуу очонуңдун жанында,
Эң бактылуу өткөн таттуу түндөрүң…

Бейиш эмне? Алты саның аманың,
Тарта көрбө кесел-оору азабын.
Кең пейилден, ыйман, нысап тайбаса,
Ырдап өткүн тирүүлүктүн казалын.
Эч пендеге көргөзбөсүн кудайым,
Бактысыздык, азап менен казабын…

Бейиш эмне? Наристеңди жыттасаң,
Узун түндө боорго кысып уктасаң…
Сүйгөн жардын, ата-энеңдин барында,
Сый урматта, барктап жашап жыргасаң –
Бейиш ошол, кере жутуп абаны,
Айлуу түндө жылдыз санап уктасаң.

Бейиш эмне? Жайнап турган карегиң,
Баалап, баркта жараткандын белегин.
Кош карегиң жайнап турса маңдайда,
Термелегин тирүүлүктө керегиң,
Алты саның аман болуп жаралсаң,
Ошол бейиш, ошол сенин желегиң.

Өлгөндөн соң бараарыбыз кара жер,
Аттиң менен акпасынчы көздөн сел.
Күн бүткүчө тирүүлүккө сыйынып,
Адам сымал жашайлычы бери кел.
Жараткандын касиетине сыйынып,
Бейиш үчүн бар аракет кыла бер…

Бейиш ошол, күндө күндү көргөнүң,
Жарыкчылык, жер үстүндө жүргөнүң.
Кере жуткун, мөлтүр булак, абадан,
Кооздукка көңүл коюп бөлгөнүң.
Тирүүлүктөн өткөн ыйык бейиш жок,
Тирүүлөр да барктап көмөт өлгөнүн…

Бейиш ошол, топуракты басканың,
Ким бирөөгө, сүйүү мээрим чачканың..
Өлгөндөн соң кайдан кайра көрмөкпүз,
Бакыт чачкан ачык тунук асманын…
Насип кылсын ар бир аткан таңыбыз,
Жеп өтөлү тирүүлүктүн ак нанын.

Ачык болсо чалкып турган асманың,
Бейиш ошол, аппак атса ак таңың..
01.06.2018.

Кундузбү МАМАТОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.