Урматтуу туруктуу окурмандар! Эгерде «РухЭш» сайты өз ишмердигин токтотпой уланта берүүсүн кааласаңыз, аталган сайт буга чейин карапайым окурмандардын колдоосу менен гана рухий коом агартуу багытында өз аракеттерин улантып келатканын унутпаңыздар!

Буга чейин канчалаган туруктуу окурмандарыбызды тапканыбыз менен, арийне, эч кандай туруктуу финансылык булагыбыз жок үчүн улуттук рухий-дөөлөт, мурастарыбызды жапатырмак түптөөгө ар бириңиздерди чакырып келебиз. Андыктан «РухЭш» сайтынын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине айына бир жолудан болсо да өз мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша тыйын которуп турууну эске ала жүрүңүз!

Ал эми чет өлкөлөрдөн жардам кылууну каалаган тилектеш окурмандарыбыз 4172210079305594 VISA эсебине акча которо алышат…

«РухЭш» сайты – интеллектуалдар альянсы

Аталган сайт 2016-жылдын 1-октябрь айында рухий коом агартуу багытында негизделген.

Багыты

♦ Улуттук рухий-мурастар дөөлөтүн түптөө

♦ Коммуникация талабына шайкеш электрондук адабиятты өнүктүрүү

♦ Өрнөктүү чыгармалар аркылуу окурмандардын көркөм эстетикасын тарбиялоо

♦ Профессионал адабияттын салттуу жолун улантууда – адабий сын, рецензия жана адабий изилдөөлөр боюнча конкурстарды байма-бай уюштуруу

♦ Өз эне тилинде ою жетик, тили жатык келечек муунду тарбиялоо

♦ «РухЭш» сайтын интеллектуалдар чөйрөсүнүн диалог аянтчасына айлантуу

♦ Адабият, илим-билим, тарых багытындагы монографиялык илимий-популярдуу эмгектерди үзгүлтүксүз жарыялоо

♦ Дүйнө адабиятын кыргыз тилине түпнускадан которгон жана кыргыз тилиндеги мыкты чыгармаларды дүйнө тилдерине оодарган адистер менен кызматташуу

♦ Үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу жана үй-бүлө институтун калыптандыруу

♦ Кыргыз тилиндеги тандалма чыгармалардан турган аудио китептерди кеңири жайылтуу

♦ Бөбөктөр үчүн кыргыз тилиндеги видео-жомокторду даярдоо

♦ Жалпы адамзаттын орток баалуулуктарын кыргыз коомчулугуна кеңири таанытуу

♦ Ислам дөөлөтүнүн (салтуу диндин) асыл баалуулуктарын жана накыл казынасын жайылтуу

Буга чейин уюшулуп келген конкурстар

♦ Балдар адабиятын өнүктүрүү боюнча акын-жазуучулар арасындагы конкурс – 2016-17-ж.ж.

♦ «Сен кимсиң, Аялзат» аттуу үй-бүлө темасына арналган публицистикалык макалалар жана журналисттик иликтөөлөр боюнча конкурс – 2017-ж.

♦ 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата балдар чыгармачылыгы боюнча конкурс («Менин айылым», «Менин мекеним» аттуу темада дилбаян) – 2017-ж.

♦ Дүйнө адабиятын кыргыз тилине түпнускадан которуу боюнча аңгеме, новелла жанрынын конкурсу – 2017-ж.

♦ Кыргыз адабиятынын күнүнө карата (ар жыл сайын 12-декабрь Ч.Айтматовдун туулган күнү жана А.Осмоновдун өлгөн күнү белгиленген дата) адабий сын, рецензия жана адабий изилдөөлөр үчүн конкурс

«РухЭш» сайты тарабынан уюшулган сыйлыктар

♦ Туруктуу окурмандар арасында бөбөктөр үчүн ар дайым жомок окуп берген активдүү окурмандар арасында «Мыкты Эне» номинациясы (Бул сыйлык демөөрчүлөрдүн колдоосу менен «РухЭш» сайты негизделген күндөн бери мезгил-мезгили менен уланып келет)

♦ Коомдук ишмер, адабий сынчы жана окумуштуу Салижан Жигитов атындагы «Улут абийри» номинациясы – 01. 08. 2017-ж.

Бул сыйлыктын эң биринчи лауреаты – белгилүү журналист Нарын Айып (Сөз эркиндиги кысымга алынган мезгилде өз позициясын туруктуу коргогондугу үчүн)

♦ Мамлекеттик жана коомдук ишмер, белгилүү дипломат Ишенбай Абдуразаков атындагы «Руханий эш» номинациясы – 01. 08. 2017-ж.

Бул сыйлыктын эң биринчи лауреаты – география илиминин доктору, биология илиминин кандидаты, орнитолог, сүрөтчү, философ жана эколог Эмил Шүкүров (Учурдагы экологиялык көйгөйлөр туурасында өз позициясын ар дайым ачык билдирип келаткандыгы үчүн)

P.S. С.Жигитов жана И.Абдуразаков атындагы сыйлык ээлери жыл сайын интеллектуалдар альянсынан түзүлгөн «РухЭш» сайтынын «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу аныкталат жана бирден гана талапкер сыйланат. О.э. сыйлыктын ар бир лауреатына атайы статуэтка, диплом жана 100 000 (жүз миң) сомдон ыйгарылат.

♦ Ар жыл сайын республикалык олимпиадада биринчи орундун жеңүүчүсү деп табылган мектеп окуучуларына «Мыкты окуучу» номинациясын ыйгаруу

♦ Мектеп окуучулары арасында кадыр-баркка ээ болгон мугалимдерге «Мыкты мугалим» номинациясын ыйгаруу…

Кызматташтыкты каалаган мекендештер үчүн «РухЭш» (ruhesh.kg) сайты менен түз байланыштар

Биздин электрондук почтанын дареги: ruheshsaity@gmail.com

Ватсаптык байланыш (WhatsApp): +996 555 100 502

Моб:. +996 0558 08 08 60

Аталган сайттын рухий коом агартуу ишмердигин колдоону каалагандар үчүн биздин банктык эсептер: 4172210079305594 VISA; 0558 08 08 60 ЭЛСОМ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.