Чубак ажы мектептерде кыз-балдарды бөлүп окутууну талап кылбаптыр

Мурдагы муфтий, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалилов мектептерде кыз-балдарды бөлүп окутуу тууралуу айтканы туура эмес талданып жатканын билдирди: — Ал жерде медресе жана диний билим жөнүндө эмес, мектептердеги билим тууралуу сөз болгон. Мен бөлүп окутуу тууралуу талап кылып, чакырык таштаган жокмун. Кыргызстанда кыз-балдарды өз алдынча окуткан ыкманы азыр «Сапат» мектептери колдонуп жатканын айтып, илгерки «Кыз-келиндер» институтун мисал келтиргем. Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) 28-августта “Балдардын мектепте билим алуу укугун камсыздоодогу кырдаал: жаңы чакырыктар” деп аталган талкуу уюштурган. Ага […]

Бурят эл жомогу: Куу мышык

Чер токойдо бир каардуу аюу көп жылдар бою падышалык кылып турат. Карылык келип, шайы кеткен чагында ал жашаган үңкүрдүн айланасында чычкандар көбөйүп, күнү-түнү кытыратып, ары-бери чуркап тынчын ала башташат. Акыры чыдамы кетип каарданган аюу: “Токойдогу чычкандар бүт жок кылынсын!” деген буйрук чыгарат. Айласы кеткен жаныбарлар өз ара кеңешип, бир жакшы мышык табышат да аюунун үңкүрүнө кароолчулукка коюшат. Бул мышык  алгыр эле эмес абдан куу да болчу. Өз жумушун ал абдан тырышчаактык менен аткарып жаткандай түр көргөзгөнү менен күнүнө бирден чычкан […]

Салижан ЖИГИТОВ:  «Эки төөсү тең өлдү» (2-сабак)

<<<<<<<<<<<< 1-сабак — Салижан Жигитович, тарыхый шарт ошондой түшүптүр, жол билгендерибиз, кол билгендерибиз, иш билгендерибиз негизинен партократиядан куралыптыр. Байкап атабыз, азыркы демократтарга караганда алардын тажрыйбасы мол экен, иштин көзүн таанып, чарба жүргүзүү ыгын жакшы өздөштүрүптүр. Мындай сапаттарды эске албай эле биз, өзгөчө партократтардан демократка айлангандар, аларды өгөйлөп, колдон келсе түйүндүү иштерге аралаштырбоо аракетиндебиз. Кандайдыр бир партиянын идеяларын жактырганы үчүн кодулоо, биринчиден, демократия принцибине жатпайт, экинчиден антип отурсак, 2,5 миллион кыргыздын канча кадр таза каларын эч ким билбейт. Анын үстүнө партократтар […]

Александр ГРИН: Оюнчук

АҢГЕМЕ Француздардын чек арага жакын, немистер басып алган шаарында, Альваж аттуу, өткөн жашоосу белгисиз, ал кандайдыр бир сырлуу жагдайды жашырып жүрөт деген мааниде эмес, болгону анын өткөнү менен эч бир жандын кабары жок адам жашачу. Альваж бул дүйнөнүн түйшүктөрүнөн чарчаган адам эле. Бул жашоо аны тажатып бүткөн. Ал элге аралашпай өзүнчө турчу; бул дүйнөдөгү жалгыз эрмеги да, бактысы да оюнчуктары эле. Анын өз колу менен картондон жасап алган фермалары, уйлары, шаарчалары, чептери, буурчак менен октоп аткан замбиректери, жыгачтан жасалган солдаттары, […]

Улут коркунучу: мектеп курбасак, түрмө курабыз

Кыргызстандын билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору жана мектептердеги окутуу шарттары тууралуу көйгөй… Сөз мындай. Кайсы бир артисттин үйлөнгөнү, мушташканы же ажырашканы тууралуу бир канча күн бою сөз кылып жатып калабыз. Чынбы? Ал эми коомдун келечегин аныктаган олуттуу билим берүү же мектептер маселеси кимди кызыктырат? Күз келип, бир депутат айткандай, көпкөндөрдүн той сезону башталды. Өзүбүз уюштуруп, өзүбүз эле катышып, өзүбүз эле жеңип, өзүбүз эле мактанган мамлекеттик деңгээлдеги алты күндүк чоң тойду байлардай өткөрдүк. Эми сизге тааныштарыңыздан тойлорго чакыруу келе […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: «Альуф… альуф» жана вертолет

Айтылуу төкмө акын Жылдызбек Алыбаев менен обончу Бакыт Капаров экөө аябай тамашалашышат. Жаштары тең, бизден “картаңыраак” досторубуз. Бакыттын көзүнүн көгүнөн улам “Көк көз” деген каймана аты бар. Ысык-Көлгө бардык достор чогулуп. Анан экөө өзүнчө ээрчишип жүргөн. Бир убакта бассейнге барышат. Түбү тунук болуп турса, көгөргөн көзүнө тайыз көрүнсө керек. Шымаланып чечинет да, шарт эле сууга секирет. Өзүнүн бою калпагы менен 1.60 см келген досум 2 жарым метр терең бассейнге чөгүп баштаптыр. Жыкең да Ат-Башынын Ак-Моюн айылында арыктан башка сууга түшпөсө […]

Калык ИБРАИМОВ: Султан Раевдин Адам-Аалам модели жана жан жазасы

(Идея, модель, образ) Мезгил биз үчүн ар кандай жомок-мифтерди, аңыз-уламыштарды, тарых-таржымалдарды, икая-идеяларды, окуя-окууларды муундан-муунга сактап, саралуу мурас катары калтырды. Алардын айрымдары адамга жарык маанай тартууласа, кай бирлери кайгыртып, кабыргаңды кайыштырат. Ошолорду окуп, адам затынын азыркы жашоо жагдайы менен салыштырган сайын: “Тарых дайыма кайталанат, абал трагедия түрүндө, анан фарс шекилинде”,- деген сөздүн эскирбес чындык экенине эрксизден ишенесиң. Көрсө, муун алмашкан сайын өткөндөрдүн сабактары унутулуп, улам кийинки урпак мурункулардын жашоо тажрыйбасын кайра баштан жаңыртып кайталай берет тура. Эмне дейсиң, Кудай жашоо-турмушту, адам […]