Калык ИБРАИМОВ: Султан Раевдин Адам-Аалам модели жана жан жазасы

(Идея, модель, образ)

Мезгил биз үчүн ар кандай жомок-мифтерди, аңыз-уламыштарды, тарых-таржымалдарды, икая-идеяларды, окуя-окууларды муундан-муунга сактап, саралуу мурас катары калтырды. Алардын айрымдары адамга жарык маанай тартууласа, кай бирлери кайгыртып, кабыргаңды кайыштырат. Ошолорду окуп, адам затынын азыркы жашоо жагдайы менен салыштырган сайын: “Тарых дайыма кайталанат, абал трагедия түрүндө, анан фарс шекилинде”,- деген сөздүн эскирбес чындык экенине эрксизден ишенесиң.

Көрсө, муун алмашкан сайын өткөндөрдүн сабактары унутулуп, улам кийинки урпак мурункулардын жашоо тажрыйбасын кайра баштан жаңыртып кайталай берет тура. Эмне дейсиң, Кудай жашоо-турмушту, адам табиятын башынан ушундай жаратып коюптур. Эге эмне үчүн ушундай иш жасаганын азыр эми бизге эч ким түшүндүрүп бере албайт. Боолголоп божомол кылгандан башка жол жок.

Ошондой олуттуу бир гипотезаны кибернетиктер сунуш кылышкан. Алардын ою боюнча, Кудай Адам аркылуу бар болгону өзүн өзү, башкача айтканда, өз моделин жасаган. Анан калса, алгачкы Адамды Кудай өз бейнесине окшоштуруп жаратты деп “Библияда” ачык эле айтылып атпайбы. Ага чейин ал Адам жашай турган айлана-чөйрө, жагдай-шарт, айталы: кургак жер, аба, күн, бак-дарак, жан-жаныбар дегендерди да белендеп койгону ошол эле Ыйык китеп аркылуу жалпыга белгилүү.

Ар нерсенин жасалышы адатта адегенде жөнөкөйдөн татаалды карай ишке ашары аксиома. Эгерде ушуну эске алсак, анда кудуреттүү Кудай алгач айбанаттарды жаратып, ал эксперименти аркылуу өз чыгармачылык ишмердигинин эң бир кыйын милдетин аткарууга – Адам аттуу ашкан татаал аппаратты жасап чыгарууга даярдык көргөн деп боолголосок болчудай. Атап айтканда, Адам – Кудайдын модели, а айбанаттар – Адамдын моделдери катары кызмат аткарышкан.

Айтмакчы, Адамга чейин анын башка моделдери – периштелер да жаратылган. Аларды адамдан артык аруу санаган ой-пикир эмнегедир ушу убакка дейре өкүм сүрүп келет. Бул болбогон кеп! Эмне дегенде: алар Адамдан мурда жаратылган, демек, жасалыш жасаты ага караганда жөнөкөй, примитивдүү; ошон үчүн Кудайга да анча көп окшошо беришпейт. Логикалуу ойлосок, ушундай тыянак келип чыгат. Анан кайдан жүрүп периштелер адамдан мыкты боло калсын. Баса, дагы бир маанилүү жагдай: Кудай периштелерге Адамды сыйлап, ага баш ийгиле деп буйрук кылганы “Библиянын” өзүндө даана жазылган. Люцифер ошон үчүн Эгенин бул буйругун аткаруудан баш тартып, анын эркине каршы чыгып атпайбы.

Ушу логиканы улай ой жорусак, шайтан адам үчүн эмес, тескерисинче, адам шайтан үчүн модель болгон деп тастыктасак да чындыктан анча алыстабайбыз. Анткени, адам затынын айрым эркек-ургаачылары кийин соңку жашоо-турмушунда көп учурда тубаса мүйүздүү шайтанга окшоп өздөрү мүйүздүү болуп калары эмне калппы. Маселенин маңызына келсек, Кудай өз моделин эмне үчүн жасаган деген табигый суроо туулат? Ага жооп бериш үчүн дегеле адатта моделдер эмне үчүн жасаларын эстейли. Моделдер демейде алардын түп нускасын (прототибин) таанып билүү үчүн жасалат. Демек, Адамдын мисалы аркылуу Саваоф аксакал өзүн өзү аңдап билгиси келген. Ал адам пендеси аркылуу өзү жөнүндө азырга чейин эмнелерди гана билип-билбей атканын элестете бериңиз…

Ырас, моделдер жаратуу кудуреттүү Кудайдын көнүмүш ишмердиги болгон соң, ал адат демек Адам менен анын бүткүл укум-тукумуна да өткөн. Иш жүзүндө дегеле адамзаттын дээрлик мүлдө маданияты, адабияты, искусствосу ириде жашоо-турмуш көрүнүштөрүн тууроо жана жалпылоо жолу менен аларды моделдер аркылуу типтүү кырдаалдарында типтештирип кайра жаратуунун натыйжасы болуп саналат. Чын-чынына келгенде, адамдан баштап чексиз аалам-галактикаларга чейин – бүт баардык нерселер бири-бири үчүн модель катары каралары жана ошондой боло алары айныгыс чындык.

Султан Раевдин “Жанжаза” жана “Топон” романдары дал ошондой жалпы адамзаттык маанидеги орошон руханий моделдердин мозаикасы аркылуу адам менен дүйнөнүн азыркы абалын интеллектуалдык-философиялык маанайда көркөм аңдап-билүү аракетинен улам жаралган эксперименталдык мүнөздөгү жаңыча чыгармалар. Аларда биз жанатан бери айтып аткан жаратуучу Кудай, ал жасаган Адам, шайтан, периште сыяктуу уңгулуу универсал образдар менен маанилик моделдер бир топ. Алар аркылуу туюнтулган турмуштук маани-маңыздар кудум калейдоскоптогудай улам кубулуп, окуган адамды оомал-төкмөл опоосуз дүйнө тууралуу ой-санаа океанына чумгутат.

Чыгармаларда мээ талыткан көптөгөн көйгөйлөр менен татаал маселелер козголгон. Алар чакырган албан ассоциация-аналогиялар менен тарыхый параллель-символдордон башың адашат. Романдардын аянты дүйнөлүк адабият менен философиядан, диний-мифологиялык экзотерика менен ар кандай акроматикалык окуулардан алынган орусча-кыргызчасы аралаш кыйма-чийме шилтеме-цитаталарга жык толгон.

Эгерде биз адабиятты – күзгүгө, ал эми аны жаратуучу авторду —  Нарцисске салыштырсак, бул чыгармалары аркылуу Султан Раев чындыгында да өзүндөгү болгон-толгон интеллектуалдык-эстетикалык байлык-дасмияны жана жазуучулук дараметти чыпчыргасын калтырбай чынга чыгарууга аракет кылганы байкалат.

Аны үчүн алгачкы романына Моисей еврей калкын Египет туткунунан кантип куткарганы тууралуу “Библияда” айтылган кадимки аңыз-уламышты моделдик негиз катары алат. Уламышта Моисей өз улутташтарын көздөн учкан ыйык Ханаан жергесине баштап барыш үчүн аларды 40 жыл бою эрме чөлдө ээрчитип жүргөнү жөнүндө баяндалган го. Ал эми “Жанжаза” романында болсо жиндикана камагынан качырып, Император Ыйык жерге алып барам деп азгырып алты шеригин 40 күн бою какшыган какыр чөлдө каңгытат.

Аңызда Моисей Ханаанга жетпей дүйнө салса, С.Раевдин чыгармасында да Император Ыйык жерди көрө албай, ара жолдо көз жумат. Бу жерде Император илгерки «Библия» аңызында Моисей кандай роль аткарса, романда ал да ошондой роль ойноп атканы айдан ачык. Ыйык жерге зыярат жасап, Жараткан алдында арууланып актанууга бел байлаган жинди чалыштар өздөрүнө жабышкан айтылуу тарыхий инсандардын ысымы менен аталышып, чыгармада кайсы бир өлчөмдө ошол прототиптердин тагдыр таржымалын кайталашат.

Алар жетөө: Император, Таис Афинская, Лир, Чыңгызхан, Клеопатра, Искендер Зулкарнайн жана Козучак. Бул ысым да жөн жеринен коюлган эмес. Кудайга кулдук уруп берилгенин далилдеш үчүн анын амири менен уулу Исаакты курмандыкка чалмакчы болгон Авраам жөнүндө айтылган эртеги аңыз-уламышты эске салат. Аңызда Кудай акыркы көз ирмемде Авраамды андай кадамдан токтотуп, баласынын ордуна Козучакты садага чабууга уруксат берет эмеспи. Ушуга окшош окуя ымыркай чагында Козучак аттуу кейипкердин башынан да өтөт. Өз атасы менен өгөй энеси поюз жолго таштап өлтүрө турган болушканда, кудайдын парманы менен аман калып, кийинки турмуштук тагдыры жиндиканага туш кылат.

Анын үстүнө, бул ысымдын башка да ыйык маанилери бар. Козу-кой деген жаныбар жаратылышынан жообу жок жоош-момун жандык ко. Турмушта курмандык керек болду дегиче, демейде эң биринчи эле ал байкуш садага чабылары турган иш. Ошондуктан, христиан салтында адам затынын бүт күнөөсүн өз мойнуна алып, жазыксыз курмандыкка чалынган Иисусту да Кудайдын Козучагы деп атап калышкан. С.Раевдин Козучагы да ошо сыяктуу айыпсыз аруу каарман.

Чыгармада калган кейипкерлер да ар кимиси өз ысымына ылайык ыйгарылган тиешелүү ролдорун ойношот. Буддизм баштаган бир катар диний доктриналарда орун алган “реинкарнация” жана “карма” мыйзамы боюнча, денелерине өздөрү атын алып жүрүшкөн тарыхый персонаждардын жаны оошуп, ошого жараша тагдыр ташпиштери да алдын ала аныкталып калган. Тамырына ийне сайылып, канга тараган психотроп препараттын таасири мээсине сиңген сайын – алар эс-мас абалга келип, ар кайсыны жөөлүп, түштөрүнө тарыхый прототиптерине байланыштуу окуялар кире баштайт. Автор тарабынан билгичтик менен жасалган мындай модель ага чыгарманы мазмун жана форма жагынан айтаарлык байытып, адабият-маданият таанууга  М.Бахтин тарабынан киргизилген айрыкча маанидеги абдан масштабдуу “хронотоп” түзүүгө мүмкүндүк берген.

Ошон үчүн, романда тарыхий окуялар менен азыркы учурда болуп аткандар будуң-чаң аралашып, ролдор окурмандын көз алдында кудум “абсурд театрындагыдай” “перипетия-немезис” калыбында ойнолот. Чыгарманын акырында ар бир кейипкер өз пейил-куюна, кылган-эткенине, кандай жашаганына жана прототибинин “кармасына” жараша тийиштүү жан жазасын тартат.

Улуу чөлдүн Библияда “Енном”, грекче “Геенна”, башкача айтканда,  “Өлүм өрөөнү” же тозоктун ордосу деп аталган чөлкөмүндө романдын финалдык трагедиясы болуп өтөт. Козучак менен Клеопатрадан башка кейипкерлер бүт бойдон жыландын чаккан уусунан өлүм табышат. Тарых барактарында да жана “Жанжаза” романында да Клеопатранын прототиби өзүн жыланга чактырып өлгөнү, аны ошондой чечимге аргасыз кылган турмуштук-саясый, ыймандык-психологиялык кырдаалдар жетиштүү жазылган.

Анда азыркы Клеопатра эмне үчүн тарыхий түп нускасына анча окшобой, тагдыр таржымалы башкача чечмеленген, экөөнү жакындаштырган айкын параллелдер жокко эсе деген суроо туулбай койбойт? Экинчи Клеопатра С.Раевге биринчи Клеопатранын тарых-таржымалы жана тагдыр ташпиши тууралуу өзүнүн оригиналдуу автордук аңгеме баянын жазуу жана аны романдын жалпы тулкусуна ойдогудай туташтырыруу үчүн көп жагынан шарттуу кейипкер, көркөм-образдык каражат катары гана керек болгон.

Окшоштуктары элдир-селдир, үстүртөн гана. Айтсак: сулуулугуна карап жиндиканадагылар жабыштырып койгон аты; сүйүүсү, жаштык тагдыры бийлик төбөлдөрү менен байланыштуу болуп калганы; ийне сайылганын жылан чакканга окшоштурганы, — мындан башка аны тарыхтагы Клеопатра менен байланыштырган эч кандай деле бекем бир түйүн жок. Тескерисинче, ал андай эркек жандуу жалап эмес, адеп-ыймандуу жароокер жан; чындыгында жинди деле эмес. Аны бийлик башчысынын өкүмү менен психканага тыгып, сульфазин сайдырып, атайлап акыл-эсинен айнытышат.

Романдын тарыхий пландагы сюжеттеринде С.Раев Чыңгызхан менен Искендер Зулкарнайндын кантип каза болгону жөнүндө буга чейин жазылып калган версиялардан айырмалуу өз вариантын сунуштайт. Экөөнүн тагдыр таржымалы тууралуу автор тарабынан жазылган жаңыча тарыхий-көркөм баяндарда алардын жылан аркылуу ажал тапканы кыйла кызыктуу жана оригиналдуу чечилген.

“Жылан” – бул дүйнөнүн баардык диндери менен мифологияларында айрыкча орун ээлеген анималистик символ. Анын амбиваленттүү маанилеринин арасында көзү өткөн ата-бабалардын жаны көбүнчө жыланга көчөт, ал ажал-өлүм менен акыр замандын аян белгиси, жана ошондой эле, жаны-дили аруу адамдардын колдоочусу деген да көз-караш, ишенимдер бар. Автор чыгармасында жыландын образын дал ушул маанисинде колдонгон.

“Жанжаза” романынын Ыйык жер көксөп узак сапарга чыккан үркөрдөй зыяратчы тобу ага жетүүдөн жадеп үмүтү үзүлгөндө өлүм көздөрүнө көрүнүп жиндей башташат. Адам сыягы калбай калган жиндилер көркоо жырткычтарга айланышып, өлгөн жол башчысынын сөөгүн кордоп, заараларын ушатып чыркатып сийишет. Шуркуя Таис Афинская шагыраган сөөк үстүндө шаа мүйүз шайтандай тактеке болуп так секирип бийлейт. Козучакты аңгидей баса калып, жылаңач аласы менен опоң-чычаң накыштап, айбандык кумар-ышкысын кандырат. Катынпоз Лир Клеопатра сулууну көтөрө качып, аз жерден зордуктап койо жаздайт. Аны Козучак куткарып калат. Ал эми каардуу тарыхий өкүмдарлардын атын алып жүрүшкөн Искендер Зулкарнайн менен Чыңгызхан сөөк өчтүү кастардан бешбетер бирин-бири өлтүргөнчө урушуп-мушташышат.

Бу шойком акыр кыяматтын болор алдын эске салгансыйт…

Кутурган жиндилердин ушул вахканалиясы чыгарманын соңунда кулак угуп, көз көрбөгөн тири шумдук көрүнүш менен аяктайт: күндүзү кумдуу чөлдүн куйкалаган ысыгынан коңулдарда жашынып жатышкан азар түмөн айбан-макулуктар түнкү түнөгүнөн жабыла келишип, ар кайсы жерде тырайып калган жиндилердин өлүктөрүн таң атканча тарпын чыгара кемиришет. Алардын сүлдөрүнөн кашкайта мүлжүлгөн куу сөөктөрү гана калат. Бирок эң эле кызыгы: бу жандыктар эки адамдын — Таис Афинская менен Лирдин эң аёолуу жерине эмнегдир тийишпейт. Муну автор чөл жандыктары эч кимге белгисиз сыр бойдон калтырды дейт…

Экөөнүн эң эле эротикалуу жана ашкан сексуалдуу пенде экенин эске алсак, анда алар бу жагынан албетте айбандарга көбүрөк жакын болушат да. Алар ошо жакындыкты сезген үчүн экөөнүн чурайын аяп, тийишкен эмес чыгар. Экинчи жагынан, дүйнөлүк философияда “ааламды акча эмес, Эрос менен Танатос башкарат” деген да ой-пикир бар. Менимче, Султан Раев да ушул ойго кошулат окшойт. Голливуддун айтылуу ужас-фильмдерин элестеткен мына ушул үрөй учурган сцена-эпизоддор автор тарабынан Э.Золянын натурализмине татырлык дегидей деңгээлде абдан астейдил сүрөттөлөт.

Түндө болуп өткөн ал апокалипсистен эч кабары жок обочодо кучакташып уктап калышкан Козучак менен Клеопатра эртеси бул көрүнүштөн селт катып, кудайлап кан-какшап турушканда Императордун куу баш сөөгүнөн өздөрүн таң атканча айландыра курчап кайтарып жаткан чоң жылан жыйрылып чыгат. Жылан ашыктардын аягына оролуп, экөөнү айкаштыра сыга баштайт. Ал бул жоругу менен дили таза, жаны аруу эки ашыкты эзилишип-жуурулушуп сүйүшүүгө чакыргансыйт.

Ушундан улам, жылан образынын дагы бир урунттуу мааниси – ал “фаллостун” да символу экени эске түшөт. Айтмакчы, жатыны жинди тарыхий Клеопатра такай жылан менен кучакташып жатып жүрүп, акыры ошого чактырып о дүйнөгө узаган эмес беле. Ушу саам Козучак менен Клеопатранын көкүрөк-дилинде өлүм коркунучу, ургаачы менен эркектин эротикалык кошулуу лаззат-ырахатын күсөө сезими, анан ал жыргалды татпай, бу жашоодон кантип көзү ачык бойдон өтүп кетебиз деген өкүттүү арман гана күйүп-жанат. А Козучак болсо Эрос менен Танатос бетме-бет келген ушул көз ирмемде Клеопатра менен түшүндө кантип ышкы-кумар ырахатында чабак урганын, анан ошол жыргалга мас болуп, денесинен ”бырс” этип атылып чыккан “бел суусун” эстейт…

Өлүм менен өмүрдүн, ажал менен сүйүүнүн ушул арбашкан айкашында акыры келип өмүрдү түбөлүк өчүрбөй улап туруучу түпкү кумарлуу кудурет — сүйүү күчү жеңет. Бул улуу сезимди жаны уулуу жыланга оошуп, жылан болуп келип Козучак менен Клеопатранын бутуна оролгон Император ойготот. А Императорго болсо ал ата-бабасынан, демек, түпкүлүгүндө Ыйык китепти асмандан түшүрүп, анан жерде аны Моисей уланткан Кудайдын өзүнөн жана башка пайгамбар-саабалардан оошкон.

“Жанжазанын” соңунда кумдуу чөлдүн ортосунда жалгыз калышкан Козучак менен Клеопатрага төөчөн Кызыр чал жолугат. Ал силер издеген Ыйык жер – бейишиңер таман астыңарда, демек, жан-дил, ыйманыңарда деп, экөөнө ушуну тиккиле деп эки көчөт берип кетет.

Бул жерде да баягы эле архетип-моделдер: Ыйык жер – Бейиш, Козучак менен Клеопатра – Адам менен Ева, Көчөт – Жашоо дарагы. Абышканын көчөт тиккиле дегени – жашоо-өмүр көчүн улагыла дегени. Төөсүнүн мойнундагы коңгуроо зың…зың…зың… деп тынбай кагылганы – акыр заман апаатын эскертип, акыл-эсиңер менен болгула деп коңгуроо кагып атканы. Архетип-моделдердин ичинен бир айырмасы – Библия аңызында “Жылан” азгырык шайтан болуп келсе, мында Кудай муздак жыланды да өз мээрим-сүйүүсү менен жылытып, жакшылыктын жышааны кылып жиберген. Бул эми, албетте, “казанчынын өз эрки – кайдан кулак чыгарса” дегендей, автордун чыгармачылык трактовкасы.

Чыгармада ар бир жаман иш жасалар алдында же андай жорук-жосун болуп кеткен учурда дүйнөлүк адабиятта кеңири кездешүүчү “Акыр заман-Акырет” сот жөнүндө эскертип, аян берген жышааналуу белги-символдор жыш учурайт: күн тутулат, ай тутулат, асмандан жылдыз учат, көктөн метеорит түшөт, жылан чыгат, коңгуроо кагылат, курт-кумурска, карга-кузгун каптайт, жана башка дагы ушу сыяктуулар…

Ошону менен бирге эле, автор романдын идеялык мазмунун ого бетер көп кырдуу-төп сырдуу кылыш үчүн 7-33-40-666 сыяктуу сакралдык сандардын семантикасын колдонот: Ыйык жер издеп чыккандардын саны – 7. “Жетинин бири Кыдыр” дегенди эстесек, анда Кыдыры – жол баштаган, ошо азаптуу жолдо башкалар үчүн керт башын курман кылган – Император. Ал бу жагынан Моисей менен Иисуска да окшошуп кетет.

Христиан мифологиясында «7» санынын башка да мистикалуу маанилери бар: 7 – жети сырдын, жети жакшылыктын, жети күнөөнүн символу. 7 — адамдын дээр-десиндеги жана жаамы жан-жаратылышка деген мамилесиндеги кайталаңгыс гармонияны каңкуулайт. Адам тагдыры 7 жылдызга байланыштуу. Дүйнө кудайдын кудурети менен 7 күндө жаралып бүткөн. Акырында, ааламдын аялуу гармониясы адамга Григорий музыкасынын 7 авазы аркылуу аян кылынат.

Иудаизм ыйык санаган сандардын бири – 40 саны. Жети жиндинин 40 күн жолдо жүргөнү – бул эми Моисейдин еврей элин 40 жыл чөлдө ээрчиткенин эстетет. Анан дагы акыр кыямат “Топон суу” 40 күнгө созулганынан кабар берет. Романда ошондой эле көзү ачык аалым тарыхий Чыңгыз ханга экинчи жашооң, рух-жан жашооң узак болот. Бирок 40-тукумуңа барганда ал бузулат. 40-тукумуң жин оорусуна чалдыгат деп эскерткен жери бар.

Дагы бир сырдуу сан – 33. Бу сан романдын тарыхтагы Чыңгыз хан таржымалы тууралуу баяндалган сюжетинен кезигет. Анда Темүчүн 12-13 жашка карап, жаңыдан бой жетип калган кезде ата-энеси эркектаналыкка үйрөт деп койнуна жаш тунгут жуванды салып беришкени айтылат. Ошондо биринчи жолу Темүчүндүн бел суусу “бырт-бырт” атылып, а айкашып жаткан жаш сулуунун мойнундагы мончок шурусу чачылып кетет. Сулуу чачылган шурусун терип чогултуп, кайра-кайра түгөлдөп санай баштайт. Маржан таш мончоктордун саны – 33 болот.

Кийин бели катып картайган чагында Чыңгыз ханга өзү тукумун курут кылып, таш талканын чыгарган Тунгут өкүмдарынын жанда жок сулуу өгөй кызын төшөгүнө салып беришет. Ошондо Чыңгыз хан кыздыгын алган тунгут чүрөктүн мойнундагы шуру мончогунун саны да – 33 болуп чыгат.

Чыгарманын автору бу санга эмне үчүн мынчалык маани берип жатат? Анткени, нумерология боюнча, 33 саны кишиге жакшылык кылуунун, ага таалим-тарбия, насаат берүүнүн, үлгү-өрнөк көрсөтүүнүн, адамга ыраазылык, ырахат-ышкы тартуулоонун, башкача айтканда, альтруистик баалуулуктун белгиси болуп саналат. Бул сандын ээлери ашкан адилетчил жана жан күйөр боорукер болушат. Кор болуп, ыза көргөндөргө жардам берсек деп турушат.

Андай инсандардан адатта айтылуу акылман даанышмандар, пайгамбар-саабалар, агартуучу окумуштуулар, акын-жазуучулар жана башка асылзат адамдар чыгат. 33 саны дүйнөнүн көптөгөн рухий окууларында эзотерикалык маани-маңызга ээ. Христиан дининде 33 рух жагынан гүлдөп өсүүнүн жана анын туу чокусуна жетүүнүн символу; ошон үчүн, 33 – Христтин жаш курагы.

Чыңгызхан тарых-таржымалында 33 саны эмне үчүн эки тунгут бийкечтин эн тамгасы  катары баса белгиленип атат? Анткени, алар Чыңгыз хандын жашоо маңызы, жан-тен кызыгы, өмүр өзөгү, көңүл көксөөсү болгон – анын ашынган эротикалык-сексуалдык ышкы-кумарынын жазыксыз курмандыктары. Чыңгыз хан тууралуу айтылган аңыз-уламыштарда жана жазылган адабий эмгектерде ушуга байланыштуу мындай бир окуя баяндалат: Чыңгыз хан бир жолку узак сапар жортуулунда ат жалында казан асып баратышып жан-жөкөр нойондорунан: “Бу дүйнөнүн эң кызыгы, ырахат-жыргалы эмнеде?”- деп сураган дейт. Ошондо бири аң уулап куш салганды, экинчиси эрегиште эрдик көрсөтүп намыс алганды, дагы башкасы аргымак минип алчыланганды, айтор, ар кимиси өз көөнүнө жакканын айтканда, Өкүмдар: “Силер адашып атасыңар. Бу жашоодо касыңдын канын төгүп, калтардай кылтылдаган катын-кыздарын койнуңда буралтып басып жатып, кумарыңды каалаганыңдай кандыргандан өткөн ырахат-жыргал жок!”- деген экен.

С.Раев өзүнүн Чыңгыз хан жөнүндө аңгемесинде дал ушул версияны карманган. Аңгеменин акырында Чыңгыз хан кумарын кандырып катын кылган жаш сулуу баягы тестиер кезинде аны төшөк жыргалына үйрөтүп эркек катарына кошкон аялдын ошол түндө экөөнүн сиңишкен урук-насилинен бүткөн перзенти, демек, Чыңгыз хандын өзүнүн кара чечекей кызы болуп чыгат. Аны Өкүмдар кыздын мойнундагы өзү Тунгут хандыгын чапканда мерт болгон энесинен калган 33 мончоктуу шурудан улам тааныйт.

Өзүнүн кызы менен сексуалдык катнаш жасап, эротикалык кумарга батуу — бул деген азыркыча айтканда – инцест делет. Ырас, койнундагы жаш селки өзүнүн кызы экенин Чынгыз хан аны менен төшөк ишин бүтүргөнгө чейин билген эмес. Бу жагдай кайсы бир өлчөмдө ал үчүн алиби да болуп бере алат. Автор ошондой эле Чыңгыз ханды инцест үчүн жан жазасы катары өз тукумунун колунан жыланга чактырып өлтүргүсү келсе, аны бекемирээк негиздеп, өз кызы экенин билип туруп эле ошол иттик ишке баргандай кылып койсо кырдаал бир кыйла курч чыкмак экен.

Азыр андай жоруктар биздин реалдуу жашоо-тумушубузда деле көнүмүш көрүнүш го. А бул жерде Софоклдын “Эдип падыша” трагедиясы сыңары баарына тагдырдын тамашасы күнөөлүү сыяктуу болуп калган. Дал ушундай эле кырдаал чыгарманын Лир аттуу жинди тууралуу сюжетинде да бар. А дагы карыса да катынпоздугу калбай секелек сойку менен жатса – анысы жаш чактагы актриса ойношу экөөнүн ортосунан жаралган өз кызы болуп чыгат. Чыңгыз хандан айырмасы – карыган Лир жаш кызга жарай албай коёт.

Ал эми 666 санына келсек, а тууралуу романда: “О, кырсыктуу күн! Качан гана жер жүзүндөгү адам баласынын саны алты миллиард… алты жүз алты миллион… алты жүз миң… алтымыш алтыга жеткенде кара жин уйкусунан ойгонуп… Акыры заман башталат… адамдар жансыз төрөлө баштайт… Алардын көкүрөгүндөгү шайтан сезими ойгонуп, бу дүйнөнү шайтан жетегине салып беребиз…Ойгон!..”- деп айтылат.

Бул үзүндүдө алты саны алты жолу кайталанып, ошондо 666 саны эки эселенте көбөйтүлүп күчөтүлгөн. Эмне үчүн? Дүйнө – жиндиканага, адамдар — анын пациенттерине айланып, Акыр кыяматка аз калганы үчүн. “Библияда” бул сан төрт жолу колдонулган. Анын ичинен бир ирет «Жаңы осуятта” 666 саны качандыр деңиз түпкүрүнөн чыгып келүүчү жети баштуу, он мүйүздүү апокалиптикалык желмогуздун белгиси катары эскерилет. Бул жети баштуу желмогуз жер жүзүндөгү баардык калктардын үстүнөн бийлик жүргүзүп, аларды каалаганындай калчап башкарып аткан дүйнөлүк саясый системанын символу болуп саналат.

“Жанжаза” китебинде айтылган идеялар С.Раев тарабынан анын “Топон” роман-притчасында кайрадан интеллектуалдык-эстетикалык интерпретациялоонун жана философиялык-көркөм жалпылоонун жаңы баскычына көтөрүлүп, универсал онтологиялык маанидеги ошол ой-санаалар логикалык жактан андан ары карай улантылат. Бу сапар автор планканы абдан бийик коёт. Жер шарына алыскы галактика ааламынан көз чаптырат. Ошондой “оптикада” Жер адам баласынын териси сыйрылып, мээ тамырлары сыртка тээп чыккан жумуру башындай көрүнөт. Ал баш муштумдай түйүлүп, чытыраган мээнин кан тамырларындай жарылганы турганын эч ким билбейт… Аны алгач туюму күчтүү айбанат-макулуктар гана сезет.

Бул образ чыгарманын акырында персоналаштырылып, ал баш каарман Кхэнин башына айланат. Түшүндө анын азаптуу башы кабыгы сыйрылган кабактай тарс жарылып, ар кайдан жамырап каптап келген чегирткелер мээсин чукуп, тамырларын чубап, кырсылдатып жеп аткан болот. Жүрөктүн үшүн алган бул көрүнүш алдыда болуучу ааламдык апааттын аяны эле…

… Ошентип, Жер бүткөндү улуу топон суу каптап, дүйнө кургур чабалактап чалкыган суу астында жатып калат. Чалкыган Улуу суунун чок ортосунда алакандай кургакта бир үй-бүлө: атасы – Кхэ, апасы – Ман, уулу – Этих, кызы – Дуна, адам аттудан ушу төртөө гана аман калат. Аралда төртөөнөн башка аларды түнү-күнү уктатпай, кактабай канын соргон биттер гана жашайт. Айтор, жалгыздык “Робинзонада” жагдайын эске салып, тарыхтагы топон суу, андан аман калган Ной жана анын үй-бүлөсүнүн таржымалы сыяктуу эксперименталдык-экстремалдык кырдаал түзүлөт.

Үркөрдөй үй-бүлөнүн башчысы Кхэ өздөрү турган жайды “Ной жери” деп атап алат. Анда “Библиядагы” Эдемди элестеткен “Бадам багы” да бар. Кхэ да өзүн ар качан Нойго салыштырып, ошого окшошо берет.

Ырас, автор роман-притчасына архетип-модель катары абалкы “Топон суу” аңыз-окуясын алып аткан соң, чыгарманын андан аркы сюжетикасын жана мазмундук маани-маңызын аңдап түшүнүү үчүн мына ошол түпкү негиздин чоо-жайына бир аз баш багалы. Ал кандай? Жараткан Адам менен Эваны жасаган жазыгы үчүн Жаннаттан айдап салгандан кийин, ал экөөнүн күнөөсү бүт Жер жүзүнө жайылып, кишилердин сөөгүнө сиңип, кан-жанына тамырлап тарай баштайт. Сифтин уруктары (эркектери) Каиндин тукумдары (ургаачылары) менен сиңишип, пенде заттардын жан-дилиндеги ыйман-руху куурап, пейил-куйлары жалаң дене кумарына байланып калат. Алар бузулуунун жер-жеберине жеткен ченде Жараткан Топон суу алааматын жиберет. Бул Кудайды унутуп, кумардын кучагында кутурган адам затынын үстүнөн болгон жараткан Эгенин жаза соту эле.

Мына ушундай жазадан соң, Адам урпактары андан сабак алып, эсине келдиби? Жок. Ошон үчүн С.Раевдин романында Кудай аларды кайрадан Улуу сууга каптатып олтурат. Кудайдын кудурети жана автордун чыгармачыл эрки менен Топондон соо чыгып, эксперимент үчүн дагы бир жолу кал басымдай кургакта атайын калтырылгандардын жашоосу жана тагдыр таржымалы кандай болот?  “Топон” романы мына ушу жөнүндө баян курган көп маанилүү философиялык-көркөм притча.

Өзүн Ной деп, кай бир учурларда Христ сыңары сезген кейипкер Кхе топонго чейиңки жашоосун “аркы дүйнө”, андан кийиңкисин “берки дүйнө” катары аңдайт. Аркысында ал – жер жүзүндөгү акыркы дин адамы. Аялы Ман – илим менен иришкен ген инженери. Топон суу алааматынын башкы себеби да дал ушу генетикага байланыштуу келип чыгат. Миңдеген жыл мезгил аралыгында адамдын ички ресурстары эскирип, азыркы шартка ылайык келбей калды деген жүйө менен профессор Ян Вильмут баштаган генетиктер жаңыча жасалма адам жасоо идеясын көтөрүп чыгышат. Гениалдуу ген инженери Вильмут акыры жаңы адамдын генетикалык кодун ойлоп таап, өркүндөтүлгөн “хомо сапиенстерди” генетиктер конвейердик жол менен өндүрө башташат.

Жасалма адамдар дүйнө калкынын жарымынан көбүн түзүп, чыныгы адамдык касиет-сапаттар, ыйык ыймандык түшүнүктөр кедерине кетет. Коомдо бүт бийлик жасалма адамдардын колуна өтөт. Аларга каршы чыккандар аёосуз куугунтукталып, сот жообуна тартылат. Кхэ да ошондой тагдырга туш болуп, ыйыгы Христке окшоп крест жыгачка мык менен кагылганда кайдан-жайдан Топон суу тополоңу башталып, Кудайдын колдоосу менен өлүм жазасынан кутулат. Эми аялы экөөнүн алдында жарык дүйнөгө жаңы эле көз жарып келген чүрпөлөрүн чыныгы адам кылып тарбиялап өстүрүү милдети турат. Бирок канча аракет кылышса да анысынан анча майнап чыкпайт. Кызы да, уулу да улам эсейген сайын эротикалык ышкы-сезимдери ойгонуп, сексуалдык кумар-каалоолору күч алат.

Этих энеси айтып берген жомоктогу Суу перисин эңсесе, Дунасы аңыздагы Суучул жигитти күсөп күтө берет. Ал ортодо Этих бир күнү Суу перисинин ордуна деңиз жээгинен толкун менен кошо сүрүлүп келген резина аялдын кебин таап алат. Атасынын үйрөтүүсү боюнча аны үйлөп, ошону менен күнү-түнү кутурган кумар-черин жазат. Анысы ашыкча кыйноодон жешилип-тешилип, жели чыгып ишке жарабай калат. Күткөн Суу перисинен күдөрү үзүлүп, резина аялдан айрылып, айласы куруганда кан дүргүткөн эротикалык каалоо-ышкысына ээ боло албай, Этих энеси Манды баса калып зордуктап салат. Ал андан боюна болуп калат. Ошентип, жаңы киши сымактардын эмбрионунан түйүлүп бүткөн бакма баласы – Этих, жасалма адамдарды уруктандыруу боюнча адис ген инженери —  Ман  энесинин өзүн уруктандырып коёт.

А абийир-уят эмне экенин билбеген Дунасы болсо этек кири келгенин атасына аласын ачып көргөзүп, ал заара ушатып атканда артынан аңдоосуз анын эркектик аспабын кармалап эсин эки кылат. Мунун акыры Этих менен Дунанын эрди-катын болуп эзилишкен эротикалык-жыныстык катнаш лаззаты менен аяктайт. Алдагыдай кордукка чыдабай Ман деңизге чөгүп, өз өмүрүн сууга берет. Ал эми Этих менен Дунанын эротикалык ышкы-кумарынан мүйүздүү бала көз жарат.

Идея боюнча, Топондон тирүү калган бул үй-бүлө – жалпы адамзаттын микро модели. Чакан үй-бүлө Улуу сууда упат болгон Адам уругун улантууга чакырылган. А иш жүзүндө инцестин айынан Адам эмес, Шайтандын тукумун уланта турган мүйүздүү уул туулат. “Инцест” – дүйнөлүк мифологиянын универсал мотиви. Анда урук-тукумдун башталышы адатта инцест менен байланыштырылат. Урук-тукумду негиздеген алгачкы ата-баба адамдар бир тууган ага-карындаш же эже-ини болушат. Кийин урук уланып, канат-бутагы жайылганда инцестке тыюу салынат.

Агерде инцест болчу болсо, анда табигаттын тартиби бузулуп, дүйнө будуң-чаң түшүп, ааламдык апаат-кырсыктар келип чыгат.

С.Раевдин “Топонунда” да дал ушул архетип-модель менен мифологиялык универсал мотив кайрадан кайталанат. Аялынан айрылып, балдарын чыныгы адам кылалбай кыйналган Кхэ акырында жалгыз калат. Уул-кызы, шайтан небереси уруп-сабап, Ыйбадатканасын, Ыйык Китебин, Иконасын өрттөп, өзүн ыйыгы Христке окшотуп Улуу суу боюна, жардын кырына Крест даргага асып коюшат. Ал ошондон копшолгон Крести менен кошо жардан ылдый кулап, Топон суу кучагына кетет. Өлүп-өчүп бараткан кыялында Ной сыяктуу жердеги айбан-макулуктун баарын жуп-жубу менен кемесине салып, деңиз жандыктарын, бүт аалам жан-жаныбарларын баштап алып жаңы туулган нурлуу дүйнөгө сүзүп бараткансыйт…

А реалдуу дүйнөдө ал үркөрдөй үй-бүлөсү менен жашаган алакандай аралды, өзү атаган “Ной жерин” көп өтпөй көлкүгөн Улуу Топон Суу көөмп калат. Ошону менен адамзат тарыхында “Топон” алааматы үчүнчү жолу кайрадан кайталанат. Тилекке каршы, Жараткандын кишилер менен түзгөн түбөлүктүү келишим шартын эскерткен жышааналуу Асан-Үсөн көк желе бу сапар Асмандан көрүнбөйт. Ал анткени – Кудай өзүнө окшоштуруп жасап алган Адамынан, демек, өзүнөн өзү да түбөлүккө түңүлгөнсүйт…

Ушундан кийин биз эми баарын билип, баарын жаратуучу Эгебизге эмне дейбиз. Колунан  келбей турган эч нерсе жок. Кудай – бул чексиз кудурет. Ошентсе да, мен бул эки жаратуучуга – Султан менен Эгеге – Кудай өзү көтөрө албай тургандай оор таш жарата алабы? – деп суроо узаткым келет. Султан да, Кудай да кийиңки чыгармачылыгында ушул идеяны ойлонуп көрүшсө, биз, карапайым кишилер жана окурмандар абдан ыраазы болот элек…

Адам, анын табияты, купуя табышмагы – бул кишини жакшы ниет жана жаркын үмүт-тилек менен жараткан кудуреттүү Кудайдын өзү үчүн да көкөй кести көйгөйгө, түбөлүктүү түйшүккө айланды. Адам – бул кичинекей аалам деп төгүн жерден айтылбайт да. Акыл-эсине кирген кезден тарта Адам баласы өзү да тарыхтын баардык кезеңдеринде өзүн-өзү таанып билүүгө кезерип аракет кылып келет. Бүт дүйнөлүк адабият менен маданият ушу маселеге арналган. Кыязы бул процесс адамзат өзү жоголгончо боло берчү нерсе окшойт. Ушуга байланыштуу Гарсиа Маркестин бир айтканы эске түшөт: “Бүгүн жазылып жаткан ар бир баяндын артында адабияттын он миң жылы турат. Өзүбүздүн кай куракта экенибизди, адамзат тарыхынын кайсы чекитинде турганыбызды билиш үчүн, Библиянын мезгилинен бери жасалып келе жаткан ушул ишти улантыш үчүн биз ошол байлыктын баарын билип өздөштүрүүгө тийишпиз”.

“Жанжаза” жана “Топон” көркөм-философиялык притча-романдарынын автору Султан Раев дал ушундай убаралуу чыгармачылык изденүү жолунда экени талашсыз. Бул романдардын идеялык-көркөмдүк курамында дүйнөлүк адабият менен маданиятта эмне болсо, ошонун баары бар: хаос, архетип, миф, апокалипсис, эсхатология, өмүр-өлүм, сүйүү, зомбулук, азап-тозок, жалгыздык, инцест, түш, аллегория, метафора, символ, семантика-модель, айтор, санай берсек, оголе көп.

Асыресе, ХХ кылымдагы Батыш адабияты менен маданиятынын абсурд философиясы, абсурд адабияты, абсурд театры, экзистенциализм, сюрреализм, магиялык реализм, концептуализм, З.Фрейд менен К.Г.Юнгдун аналитикалык психологиясы сыяктуу авангарддык-модернистик агымдарынын идеялары, дүйнөлүк мифология менен диний доктриналардагы жана эзотерикалык окуулардагы моделдик мотив-образдар абдан жыш учурайт; алардан узун-узун шилтемелер келтирилет.

Кейипкерлерин жинди чалыш кылып, алар кыялында өздөрүн адамзат тарыхындагы айтылуу персоналарга, атактуу пайгамбар-саабаларга окшоштуруп жөөлүп-дөөрүп, эс-мас болуп, түш көрүп, реинкарнация мыйзамы боюнча жандары бири-бирине оошкон аллегориялык-метафоралык модель жасап алганы — авторго мезгил менен мейкинди чектебей, ошол образдарга, окуяларга байланыштуу эмне билсе, ошонун баарын романдарынын жалпы көркөм философиясына жана идеялык-эстетикалык концепциясына ылайык каалагандай экчеп-калчап эптүү колдонууга мүмкүндүк түзгөн.

Андай адаттан тыш оригиналдуу каармандарынын ички жан дүйнөсүндөгү илме кайып интуицияларды, купуя психикалык кубулуштарды, ассоциацияларды, сезим-туюмдарды, баянчынын өзүнүн ой-толгоолорун, элес-түшүнүктөрүн жана фантазияларын автор дүйнөлүк адабиятта иштелип чыккан “аң-сезим агымын” туюнтуу ыкмаларын ийгиликтүү пайдалануу аркылуу ишке ашырат. “Аң-сезим агымы” термин-түшүнүгүнүн автору америкалык философ Уильям Жеймстин ою боюнча, аң-сезим – бул агып аткан дарыя сыяктуу. Анда ой-туюмдар, баам-сезимдер, элес-эскерүүлөр, күтүүсүз ассоциациялар такай бири-бирин адаштырып-чаташтырып, түш сыяктуу кыйма-чийме чатышкан абалда болот.

Аларды реалдуу чөйрө менен байланыштыруу оңой-олтоң иш эмес. “Аң-сезимдин агымы” – бул аны бөгөп турган тосмо жырылып кеткендей процесс. Ал эми мындай психикалык-эмоциялык абалдарды сөз менен туюнтуп берүү абдан кыйын маселе. Ошон үчүн бул процесс айрым учурларда адабий-көркөм чыгармада фабула менен сюжетти да алмаштырып, алардын ордуна жүрө алат. “Аң-сезим агымы” багытындагы классикалык чыгармаларда (М.Прусттун, В.Вулфтун, Ж.Жойстун романдарында) адамдын психикасындагы купуя кубулуштарга айрыкча көңүл бурулуп, салттуу баяндоо калыптарын бузуу, мезгилдик-мейкиндик байланыштарды чакчелекей кылып чаташтыруу карандай формалдык эксперимент мүнөзүнө өтөт.

Адабияттагы “аң-сезим агымынын” негизги чыгармасы – Жойстун “Улисс” (1922) романында адамдын ички турмушун иликтөөгө өтө эле үңүлүп үзүлүп түшүү кейипкердин мүнөзүн бүдөмүктөнтүп, психологиялык анализ көп учурда карандай максатка айланганын көрүүгө болот. “Аң-сезим агымын» сөз менен туюнтуу үчүн баяндоо, шилтеме берүү, ички монолог сыяктуу адабий формалардан тышкары автордун ошол ойдон чыгарылган персонаждардын эмоциялык-психикалык абалына байланыштуу өз ой-сезимдери да түз жана кыйыр түрдө кошо чагылдырылат. Бул адабий формада жазылган текстти толук түшүнүү эң эле оор. Аны үчүн окурман үзүл-кесил сүйлөм-сөздөрдүн ортосундагы туңгуюк ой-сезимдерди туюна ала тургандай «вербалдык эмес инсайт» абалына жетиши керек.

Айтылган өзгөчөлүктөрүнөн улам андай проза же поэзия искусствонун эң бийик интеллектуалдык формаларынын бири катары эсептелет. Ушул белгилердин көбү С.Раевдин сөз болуп жаткан романдарына да мүнөздүү.

Автордун романдары аалам менен адамзаттын азыркы учурдагы абалын рухий универсал мотив-моделдер аркылуу аңдап билүүгө арналган. Азыркы дүйнө – жиндикана, адамдар анын айныган пациенттери сыяктуу. Адам өзү да, анын жашоосу да абсурдга айланып калгандай. Абсурд философиясы жана абсурд адабияты адатта адам жашоосун эч кандай маани-маңызы жана максаты жок бир маң дүйнө сыңары аңдап сыпаттайт.

Адамдын жашоо-турмушундагы демейки көрүнүштөр жана шарттуу эреже-жоболор күлкү келтире тургандай парадоксалдуу, беймаани, кур бекер бир нерселер экенин ачып көрсөтөт. Абсурд адабияты адам турмушунун психология, социум, маданий нарк-дөөлөттөр, мамлекеттик-идеологиялык тоталитаризм, руханий кризис, инсандын ички жана тышкы дүйнөсүнүн онтологиясы сыяктуу ар кыл чөйрөлөрү менен көйгөйлөрүн козгойт. Султан Раевдин романдарында ушулар менен бирге эле, асыресе, акыркы “Топон” притчасында адамзат цивилизациясынын мурунку-кийинки топондон эч кандай сабак албаган абсурддук абалы үркөрдөй социум-моделдин ашмалтай тагдыр-таржымалынын мисалында абсурд театрынын сахнасында фантасмагория жанрында коюлган траги-комедия сыяктуу ойнотулат. Ал аркылуу азыркы адамзатты “Акыр заман” алааматына алып бараткан дүмөктүү аян-белгилер чагылдырылат.

Арийне, “фантасмагория жанры” эскерилгенден улам, бул романдар реалдуу жашоо-турмушка таптакыр жанашпаган жалаң жасалма окуя-образдардын, ойдон чыгарылган обу жок элес-түшүнүктөрдүн, чар учкандай чаржайыт фантазиялардын, үрөйү бузук гротеск-көрүнүштөрдүн, баш-аягы жок илме кайып идеялардын башаламан үймөгүнөн куралган абракадабра эмеспи дегендей эки анжы күдүк ой да туулбай койбойт. Арийне андай эмес. Алардагы ар бир сүрөттөлгөн кырдаалдын, окуянын, образдын тарыхта жана бүгүнкү реалдуу турмушта тастыкталган бизге “тааныш бейтааныш” үлгү-моделдери бар. Баарын терип-тепчип териштирбей, бир-эки эле мисал келтире кетели. Тарыхый түп нускалар жана алар жайында С.Раев жазган жаңыча версиялар жөнүндө азын оолак айтылды окшойт.

Азыркы учурубузга келсек, айталы, Лирге байланыштуу окуяларда анын монологун айткан актёр, ал жаш кезинде ойнош болуп жүргөн, кийин авто кырсыктан каза таап, сөөгү таанылбай, өлүкканада бир канча күн кармалып калган атактуу актрисанын кайгылуу тагдыры бизге тааныш таржымалдай сезилет… Же өлкө башчысынын уулу карапайым ата-эненин сулуу кызын сүйүп, экөө баш кошкону жүрсө, мажнундун коңшу мамлекеттин президенти менен куда-сөөк болгусу келген  калың каш, кашка баш ата-энеси кашая каршы чыгышып, Клеопатраны психканага каматып салган мисалды алалы. Мында да биздин жакындагы эле жашоо-турмушубузда болгон кайсы бир жагдайлардын белгилери каңкууланып тургансыйт…

Дагы бир аяндуу деталга көңүл бурсак, бүгүнкү цивилизациянын “Топондогу” аралчага толкундар шилеп алып келген “резина аялдын” кеби сыяктуу толгон-токой жасалма таштандылары үйүлүп отуруп, азыр океанда чоңдугу Австралия континентиндей болгон акыр-чикир материгине айланып калганы, минте берсе адамзат ушуга окшогон экологиялык апааттардан акыры түп орду менен жоголору жомок эмес, реалдуу чындыкка айланып баратат.

Кыскасы-нускасы, “Жанжаза” жана “Топон” роман-притчалары тууралуу талдообузду аяктай келип, сөздүн ток этер жерин жалпылап айтсак – алардын идеялык-эстетикалык мазмун-маңызынан жана көркөм-интеллектуалдык концепциясынан: Адам жетер жерине жетти; ал Кудайын тааныбай калды; аны кусур урат! Акырет соттун сурагына аз калды! Акыр кыямат алааматы жакында башталат! Топон суу каптайт! — деп эскерткен эсхатологиялык резюме-корутунду келип чыгат.

Султан Раев жасалма адам, генетика маселесинде Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасындагы” “Крыльцов-Филофей” сызыгына таянган, ошол эле учурда өзүнүн автордук концептин башка бир өңүттө – көркөм инверсияда адабий трактовка жасаган.

Султан Раевдин “Топон” китебине аты уйкаш романына кошо автордун “Кашаба” аттуу повести да киргизилген. Повесть Чынгыз Айтматовго арналганы белгиленген. Кезинде Ч.Айтматов да өзөк сюжетин В.Сангиден угуп жазган “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” чыгармасын ага арнаганын эске алсак, С.Раев да “Кашабада” адабий-көркөм модель катары Ч.Айтматов жазган Акбара менен Ташчайнардын тарых-таржымалына таянганын көрүүгө болот.

Повестте ошондой эле Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романындагы Жаабарс илбирсти картайган чагында жаш ургаачы жан шериги чанып, башка өзүнө теңтуш дөбөттү ээрчип кеткен кайгылуу эпизодду кайталаган кейиштүү сцена да бар. “Кашаба” повестинде да эрли-катын эки бөрүнүн ибарат икаясы баяндалат. Эркегинин аты – Чоңтаман, а ургаачысынын ысымы – Окжетпес. Булардын ата-жотосу бүт бойдон киши колдуу болуп өлүшкөн. Тотемдик көз караш боюнча, “Бөрү” уруусунун ата-бабалары  түпкү тегинде карышкыр менен уялаш тууган экенин түшүнүшкөнү үчүн аны адатта “Кашаба” деп тергеп келишкен.

Генеаологиялык аңызда киши баласын канчык карышкыр эмизип бакса, азыркы жашоодо бөрүнүн жети бөлтүрүгүн “Бөрү” уруусунун адамдары өлтүрүп, бирөөсүн  бирөөсү кулагына “Кашаба” деп жазылган бирка тагып асырап алган болот. Ал адам жаш баласын жара басып, анысы такыр айыкпай койгондо, карылардын акыл-кеңеши боюнча аны бөлтүрүк менен бир желинден сүт ичирип, коюндаш-моюндаш жаткырып айыктырат.

Бул жерде албетте, түпкү Бөрү-Эне эзелде бир эмчектен сүт ичкен өз урук-тукумун колдоду деген ишарат-идея жатат. “Бөрү баласы ит болбойт”, андан көрө өз тукумунун табигый мыйзамы менен жашасын деп кийин Кашабаны коё беришет. Ал өзүнчө үйүр баштап, бөрүнүн сырттанына айланат. Эр жетип, аңчыга айланган эмчектеш моюндашы бир курдай оор кышта ал баштаган үйүргө кез келип, сөөгү сөпөт болордо, аны Кашаба кандаш карышкырлары менен кармашып атып аман алып калат. Кашаба — 7 бөлтүрүктөн тирүү калган бирөөсү – жетинин бири Кыдыр болуп, калган алты карышкырды качырат.

Мындан 7 санынын сакралдык мааниси “Кашабада” да колдонулганы байкалат. Касиеттүү Кашабанын ушундай “адамгерчилигине” “Бөрү” уругунун эмчектеш урпактары кантип жооп беришет? Алар адегенде карыган Кашабанын көз алдында анын сүйүктүү “көк көз” жаш канчыгы өзүнүн теңи менен лаззат-кумар кучагында эришип-чакышып турган учурунда экөөнү бирдей как чыкыйга атып өлтүрүшөт. Анан картаң Кашабанын жаш чактагы “көк көз” сүйгөнүнүн терисин тескери сыйрып бөктөрүп кетишет. Ит кушка жем болбосун деп, Кашаба “көк көз” көрөр көзүнүн кызыл эт сөөгүн жонуна артып келип, агыны катуу сууга таштайт. Суроо туулат, эмне үчүн жаш канчыктын көзү көк? Эмне үчүн автор ага айрыкча маани берүүдө? А көк түс абалкынын мифологиялык аң-сезиминде түбөлүктүү асман менен ассоциация түзүп, аркы маанисинде түпкүлүктүү Көкө Теңирди түшүндүрөт.

Асман, айталы, моңгол-түрк тилдеринде адатта «көк» деп аталат. Анын үстүнө, архаикалык аң-сезим тээ алмустактан эле «жер» менен «көктү» өз ара оппозицияда аңдап, жер бетиндеги жашоонун опоосуз агымына арбактуу обонун ажайып касиетин каршы коюп келгени белгилүү. Ошо себептүү, тиги жаш канчыктын “көк көз” болуп атышы – бул анын тегин жаныбар эмес, Теңир жалгаган төтөн көйкашка айбанат экенин астыртан каңкуулап турган жышааналуу энтамга сыяктуу сезилет. Башкача айтканда, “көк көз” канчык абалда аңыз-миф боюнча “Бөрү” уруусуна негиз салган карышкыр эненин өзү-көзү сыяктуу көрүнөт. Демек, “Бөрү” уруусунун бүгүнкү урпактары чын-чынына келгенде көк көз канчыкка ок атуу аркылуу эзелдеги өз энесин өлтүргөн болуп чыгышат.

Ушуга байланыштуу, Ч.Айтматовдун Акбарасы да “Кыямат” романында жөн гана бир катардагы канчык карышкыр кыязында эмес, бүтүндөй бир калайык журттун түпкү “көк көз” тотеми сыңарында сыпатталганы эске түшөт. “Кашаба” чыгармасындагы карышкыр үйүрү жөнүндө баяндын уңгусунда да ушундай уюткулуу маани-маңыз бар.

“Жанжаза” жана “Топон” романдарынын идеялык-эстетикалык мазмун-маңызы жана көркөм философиясы көп жагынан “Эрос-Танатос” көйгөйүнө көгөндөлгөнүн биз жогоруда көрдүк. Бул тема “Кашаба” повестинде да орчундуу орунда. Ошон үчүн, повесттин бир кекеч кейипкери: “Дүйнө эки учурда токтоп турат — оокат жеп атканда, анан секс учурунда, -” деп атпайбы. Бул арийне бекеринен айтылган бейчеки сөз эмес. Маселенин төркүнү кыйла тереңде.

Ушуга байланыштуу эскерте кетчү бир учур: З.Фрейд өзүнүн айтылуу психикалык аналитика окуусунда жандуунун баарын жашоого умтултуп, урук-тукумун улантып турган ышкы-кумар инстинктин эзелки грек дүйнөсүнүн сүйүү кудайы Эростун, ал эми ага карама-каршы кара күчтү өлүм кудайы Танатостун ысымы менен атап, ар кандай жаныбардын жашоо-турмушу мына ушул эки күчтүн күрөшүнөн турарын тастыктаганы белгилүү. Атургай ал өз концепциясын “ар кандай өмүрдүн максаты өлүм” деп, кыска-нуска жумгактаган жайы да бар.

Дээринде эростун да, танатостун да түпкү табияты сексуалдуулук ышкы-сезимине барып такалат. Өмүр менен Өлүмдүн, башкача айтканда, Эрос менен Танатостун эрегишкен эрөөл жолунда жолугуучу эң оор сыноо – бул адатта “сүйүү үч бурчтугу” деп аталуучу көйгөй. Бул нерсе Танатостун негизги куралы. Ошондуктан ал көп учурда “өлүм үч бурчтугу” деп да аталат.

“Кашаба” баянында башкы үч карышкыр тең дал ушул “сүйүү үч бурчтугунан” улам курман болушат. Кашабаны көрөр көз “көк көз” ойношунан кызганып, адегенде жети бөлтүрүгүн өлтүрүп, андан соң өзү да сууга бой таштап Окжетпес канчыгы о дүйнөгө узайт. Көрөр көздү жаш дөбөтү менен эростун сексуалдык туу чокусунда жыргап турган жеринен “Бөрү” уругунун аңчылары атып өлтүрүшөт. Акырында, жаншерик канчык жарынан, жети бөлтүрүгүнөн, көрөр көз жаш ургаачысынан айрылып, жашоодон аша кечип калган Кашаба да каза тапкан жакындары сыяктуу өзүн сууга таштап, өмүр менен кош айтышканы бараткан жеринен баягы бала кезинде коюндаш-моюндаш өсүп, ажалдан аны бир эмес, эки ирет өзү сактап калган адамдын аткан огунан мертинет. Кулагындагы “быркасынан” улам аны аңчы да тааныйт. Ошондо кайран Кашабаң нуру өчүп бараткан кареги менен тигиге тигиле карап: “Мен бөрү эмес, сен бөрү экенсиң, Адам!..” деген көз карашта жардан ылдый сууга боюн урат…

Үлкөн үч бөрүнүн тең сууга бой урушу байыркы грек мифологиясындагы Стикс дайрасын эске салат. Мифте ал дайра аркылуу кайыкчы Харон өлгөндөрдүн жанын аркы дүйнөгө ташыйт эмеспи. Ал эми С.Раевдин повестинде болсо “бөрүлөр бейишке ушул суу менен барары” айтылат. Анткени, алар өз табигый мыйзамы менен татыктуу өмүр сүрүштү. Табигый мыйзам чегинен да чыгып, мыкаачылыктын мыкчегерлерине айланышкан адам пенделерине караганда повестте  карышкыр алда канча гумандуудай сүрөттөлөт: боз үйдө секс кумарына батып балкып жатышкан ойноштор менен күнөөсүз наристе балага ал тийбейт. Ошо кишилерге окшоп өзү да жаш канчык менен сүйүү балын татканын, өзүнүн да адамдын жаш баласындай бөлтүрүктөрү болгонун эстеп боор ооруп, аларды кадыресе аяп коёт…

Праксеология менен этологияны баштоочулардын бири — француз социологу Альфред Эспинас мындан жүз жыл ашуун илгери «Жаныбарлардын социалдык жашоо-турмушу» аттуу эмгегинде: «Жаныбарлар жамааты дегенибиз эмне?- деп собол таштап, анан ага кайра өзү минтип жооп берген эле,- Бу суроонун муну менен байланыштуу болгон «адамдар жамааты дегенибиз эмне?» деген суроонун тарых-таржымалынан башка тарых-таржымалы жок» деп.

Акыйкатта да, адам затынын бу жер үстүндөгү жашоонун ашкан бир ажайып үлгүсү катары жаралып калышынын өзү эле эсепсиз жаныбар формаларынын эволюциялык өсүп өөрчүшүнүн өктөм натыйжасы. Ошон үчүн, биологиялык жагынан алганда адам менен жаныбар органикалык жаратылыштын чындыгында да бир боор перзенти. Ал эмес социологиялык аспектен сарасеп салып көргөндө деле адамдын абалтан берки жашоосун жан-жаныбарсыз элестетүү эч мүмкүн эмес. Жашоо үчүн жан үрөгөн машакаттуу турмушунда жаныбар адамга ар убак азык да, кийим да, унаа да, убайым-мүшкүлүн бөлүшкөн жаншерик да болуп келген. А бирок жаныбарды жалаң гана жей турган эт же кыңк этпей кызмат кылуучу карандай кара күч катары эсептеш таптакыр туура эмес.

Ошону менен бир катарда зилинде ал деле адам баласы сыяктуу жакшы мамилеге жанын аябай жароокер жооп берген, таш боор зомбулуктан тамыры сыздап азап тарткан табигаттын бир тирүү макулугу. Айтса-айтпаса, бул акыйкаттын буруу-терүүсүз чындыгын адабият менен искусствонун абалкы мифологиядан азыркы күнгө чейиңки өнүгүү жолунда жаралган жаныбар турмушу туурасындагы албан түркүн кызыктуу көркөм баяндардын көп кылымдык тарыхы талашсыз тастыктайт. С.Раевдин “Кашаба” повести да ошондой анималистик притча чыгармалардын катарына кирет.

“Анна Каренинаны” аңдап түшүндүрүүгө аракет жасаган адабиятчы-сынчылардын дарегине улуу жазуучу Л.Толстой эгер мен аны ошончолук эле чечмелеп түшүндүргүм келсе, анда ошол романдын өзүн кайра жазып чыкмакмын деп айткандай, биз да С.Раевдин соңку жаңы чыгармаларын зерттеп талдаган ушул узун сабак чечмебизди Ч.Айтматовдун: “…бул өтө терең философиялуу чыгарма, өтө күчтүү, өтө эмоционалдуу… Окурман мындай мүнөздөгү чыгарманы кабыл алууга даяр болушу керек…, ”- деген акыл сөзү менен аяктамакчыбыз…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.