Англис эл жомогу: Сыйкырчынын шакирти

Англиянын түндүгүндөгү Йоркшир графтыгында илгери бир сыйкырчы жашаптыр. Ал дүйнөнүн баардык тилдеринде сүйлөп, ааламдын бүткүл сырларын билчү. Анын калың кайыш менен сыртталган, кадимки каалга сыяктуу кулпталган чоң китеби болуптур. Караңгы дүйнөнүн кара күчтөрүнүн сырлары чогултулуп, алардын тилинде жазылган бул китепти өзү гана түшүнүп, өзү гана окуй алса дагы, ал аны эч кимге карматпай, ичин эч кимге көргөзбөй кулпулап жашыруун кармачу. Бул сыйкырчынын бир шакирти бар эле. Ал өз устатына ак кызмат кылып, көптү үйрөнсө дагы, ага сырдуу китепти ачууга, сыйкырчынын […]

Харуки МУРАКАМИ: Вампир таксиcт

АҢГЕМЕ Кырсык бир жабышса биринин артынан бири келип, кайталана бергени жаман.  “Кудай кылса — кубарыңдын акысы барбы”,- деп эл айтат ко. Чындап эле бардыгы кыйшылыңдап алса кантесиң? — Бул эл оозундагы сөз жөн-бекер айтылбайт экен да,- деп ойлоп каласың. Бардыгы атайын жасалгандай: сүйүшүп жүргөн кызым менен жолугушайын дедим эле, ал келбей калды, курткамдын топчусу үзүлдү, электричкадан тап-такыр көргүм келбеген таанышыма жолугуп калдым, тишим сыздайт, жамгыр төгө баштады, таксиге отурсам — жолдо тыгын, алдыда авария болсо керек. Ушундай кирпигиң суу көтөрбөй […]

Максим Горькийдин эрежелер жана ой толгоолору

Эгерде сен Мамлекеттик Думага барып олтуруп калсаң, эсиңде болсун, сен баасы жетимиш беш сомдук отургучта отурасың, ошондуктан, астыңдагы отургучуңдун өзгөчөлүгүнө жараша иш кыл. *     *     * Куруңду канчалык кынжыйта тартпа — айырмасы жок: башчыларың ур-токмокко алгысы келсе, токтото албайсың. *     *     * Боорукер бол — кармап алмайынча битти да өлтүрбө. *     *     * Таздын баары эле убагында кара чачы сеңселгендерден болгон деп айткан болбойт. Бул жөнүндө өзгөчө ушул учурда унутпашыбыз керек, анткени казак-орустун шапалагы тийген үчүн эле өзүн баатырмын деп […]

Чыңгыз АЙТМАТОВ: Ак жаан

АҢГЕМЕ Бийик аска-таштын арасында муздаган аба, капчыгайдын күңүрт тереңинен күч менен сыгылып, тоо ылдый удургуп согот. Шамал түн караңгысын акырын сүрүп барып, колотко уламдан-улам куюлтуп, шыкап жаткандай сезилет. Айыл тынч, тигинден-мындан терезелерде оттор терилип өчөт. Жарылчудай чатыраган тал-теректин бүрлөрүн жазгы бубактын илеби чалып, бүрлөр ай жарыгында билинер-билинбес жылтылдайт. Кээде гана шамал жулкунуп, чатырлардын камышын, бир нерсени издегендей, шуудуратып, аңтарып жаткансыйт. Иттин уйкусурап туюк үргөнү жана тоо тараптан суунунбу, же моторлордунбу дабышы угулат… Кыштакты көздөй ылдамдай басып, караңгыда эки киши келе […]

Мультатулинин классикалык алакандай аңгемелеринен

Платон жана Терсит Платонго суук тийип, жөтөлүп калат. Терсит анын жөтөлгөнүн туурап, суроо берет дейт: — Платонго окшоштумбу? Бул суроону бергени деле эч нерсе эмес эле, каалаган суроону бере берсе болот дечи. Баарынан жаманы – миңдеген киши Терситке: — Тамчы суудай окшоштуң! Жашасын жаңы философ  Терсит! — дешип, аны кубатташканы болду. Анан ушул адам өз мектебин ачты. Билгениңдин баарын эле жасай бербе Карыган абышка Олимпияда оюндарын көрүүгө келген, отурганга бош орун таба албай, жыкжыйма толгон катарларды аралай басып убара болду. […]