АҢГЕМЕ

Бийик аска-таштын арасында муздаган аба, капчыгайдын күңүрт тереңинен күч менен сыгылып, тоо ылдый удургуп согот. Шамал түн караңгысын акырын сүрүп барып, колотко уламдан-улам куюлтуп, шыкап жаткандай сезилет. Айыл тынч, тигинден-мындан терезелерде оттор терилип өчөт. Жарылчудай чатыраган тал-теректин бүрлөрүн жазгы бубактын илеби чалып, бүрлөр ай жарыгында билинер-билинбес жылтылдайт. Кээде гана шамал жулкунуп, чатырлардын камышын, бир нерсени издегендей, шуудуратып, аңтарып жаткансыйт. Иттин уйкусурап туюк үргөнү жана тоо тараптан суунунбу, же моторлордунбу дабышы угулат…

Кыштакты көздөй ылдамдай басып, караңгыда эки киши келе жатат. Мына алар токтошту.

— Мен эми өзүм… рахмат, — деп кыздын үнү чыкты.

— Дагы азыраак узатып коёюн, иттер талап койбосун,- деп эркек сүйлөдү.

— Мен иттерден… коркпойм…

— Ошондой болсо да…

— Кой, Касымжан, сменага кечигесиң, рахмат, бара бер эми…

— Жетишем, али убакыт бар,- деп Касымжан ширеңке чакты. Ширеңкенин бүл-бүл эте түшкөн оту, чакмак жоолукчан кызды жана дермантинден тигилген спорттук күрмөчөн, саатына үңүлүп карап жаткан жаш жигитти аз гана убакытка жарык кылды. — О, Сакиш, али эки жарым саат бар тура! — деди Касымжан.

— Кереги жок, Касымжан, мен суранам… Сен кечигесиң. Анын үстүнө бирөө көрүп койсо, сөз болот… Билесиңби, мен негедир ушунчалык коркуп жатам… Түрү, апам ооруп калган го, болбосо ал мени чакыртпайт эле… Бекеринен эмес…

— Кыйын десеңчи. Ал ооруп жатканда өзүн жалгыз таштоо жарабайт. Бирок сен көп капаланба, эптеп жардам беребиз…

— Мүмкүн, анда бригададан кетүүгө туура келер,- деди Саадат каргылданган үн менен. Касымжан чочуп кетти:

— Ал эмнең? — деди да, сөзүн аяктабастан унчукпай калды.

Алар дагы азыраак турушту, анан экөө эки жакка: Саадат көчө бойлоп, үйгө карай жүргөндө, Касымжан тоону көздөй өрдөгөн жол менен кетти.

— Саадат! — деди ал, кетип бара жатып,- эмне болсо да кабар бер… мен күтөм…

— Макул жарайт, — деп Саадат, аянычтуу, тамагы кысыңкырап шыбырады.

Ал кичинекей узай түшүп, артына кылчайды. Касымжан көрүнбөйт. Караңгы. Саадат үйүнө шашылды. Ал үйүнө улам жакындаган сайын, адымын тездетип, акырында жүгүрдү. Кыздын жүрөгү туйлап, лак-лак согот. Биринен бири суук, кандайдыр жаман ойлор анын артынан кууп, калбай бучкактап келаткансыды. Кыз эшикти ачып кирсе, көзү ичине кетип, төшөктө жаткан энеси көрүнгөнсүйт. «Апа, айланайын апа, кагылайын апа!» деп Саадат кыйкырайын дейт.

Алдыда дарбаза көрүнүп калды. Дубалдын бурчунан караан бөлүнүп, Саадатты көздөй бет алды. Ал кыздын энеси эле.

— Саадатсыңбы?

— Апа, эмне болду?

— Ушул караңгы түндө жалгыз жүрөсүңбү? Ким менен келдиң?

— Өзүм,- деп Саадат калп айтып жиберди.

Зейнеп апа чочугандай колун серпти да:

— Ээ ботом, ал эмнең?

— Жок, апа, мен жолдогу бир арабага түшүп келдим,- деди олдоксон калп айтып жибергенин дароо түшүнө калган Саадат, сөзүн оңоп. Зейнеп апа кызын кучактап, ыйлап жиберди.

— Саргарып өлмөк болдум, жолду карай берип көзүм тешилди… Мен куруюн, айланайын… сени чакыртарын чакыртып алып… түн кирип кетти, сен болсоң, али жоксуң… Эмне болду, жолдо бир нерсе болдубу деп эми… эми өзүм жөнөгөнү тургам… Кудайга шүгүр, жаным эми жай алды…

— Сага эмне болгон, апа, өткөн жумада эле көрүшпөдүк беле?

Саадат трактордук бригадада прицепщик болуп иштегендиктен, көбүнчө талаада жүрөт. Саадаттын үйгө ар бир келиши, Зейнеп апа үчүн кадимкидей майрам. Ал ушунчалык сагынат, үйүнө келген кызынан бир кадам ажырагысы келбейт. Алар — экөө биргелешип от жагышат. Бири камыр жуурса, экинчиси казандагы сорпону сапырат. Саадат уй сааса, энеси жанында туруп, уйга жем даярдайт. Койчу, ошол убакытта экөөнүн сөзү түгөнбөйт. Колхоздо да, трактордук бригадада да жаңылыктар көп эмеспи. Саадат сууга кеткенде, Зейнеп апа эшиктин алдына туруп, ал узаганча, көпкө карап турат. Ал бир нерсе ойлогондой башын чайкап, таңыркап тамшанат, кээде терең үшкүрүп коёт. Кызынын билинбей эле бой жетип калганына, энеси ишенбегенсийт. Зейнеп апа кандайдыр ичи элжиреп, Саадаттын толмоч, сымбаттуу мүчөсүнө көз жиберет. Күмүш билерикчен татынакай кара тору колу менен акырын сүйөп, Саадат апкечти[1] кандай жеңил көтөрөт. Саадаттын өзү байкабай керилип басканы да келишимдүү. Көйнөктүн бүйүрмөлөрүн торсойтуп, анын көкүрөгү өйдө-төмөн көтөрүлгөнүн жашыргысы келгендей, уялгансып бир калыпта гана жай дем алат.

— Кызым, көзүмдүн нуру, балакетиңди алып кетейин! — деген сөздөр эненин оозунан ошондо өзүнөн-өзү чыгып кетет. Бүгүн кызы да, энеси да өзгөчө кубанычтуу, бирине бири абдан ынак. Бирок энесинин бекер чакыртпаганын, сөзсүз, маанилүү бирдеме айтарын, Саадат сезип турду. Ал чынында эле ошондой эле. Зейнеп апа бул ишке көптөн бери камынып жүргөн.

Кийинки күндөрдө, Саадатта кандайдыр бир жаңылыктар пайда боло баштады. Эне үчүн Саадат мурункудай эле эң жакын, эң кымбаттуу жана сүйкүмдүү. Бирок айрым учурларда эне, Саадаттын мүнөзүнө түшүнө албай жүрдү. Өзгөчө ушул кыштан бери кызы аябай өзгөрүп кетти.

Кар жаңы кеткен. Эрте жаздын бир күндөрүндө, Саадат аптыгып, күйүгүп, үйгө чуркап келди.

— Апа! — деди ал босогодон кыйкырып,- комсомолдук бригада келди!

— Кандай бригада!

— Ой, билбейсиңби, МТСтин комсомолдук бригадасы. Алар жаңы жерлерде иштешет. Мен өзүм көрдүм, апа, алар тегирмендин жанынан машина, тракторлору менен өтүштү. Өздөрү менен кошо соколорду, сеялкаларды алып бара жатышат…

«Мынча эмне бүлүндү?» — деп Зейнеп апа таң калды да,- келсе келиптир, анын эмнеси бар!.. — деди.

Ал эми кыз болсо, тим эле токтоно албай, сөзүн уланта берди:

— Алар кай жерди айдарын мен билем, апа. Ушул эле жерде, жакын. Төкөй абам айтпадыбы, быйыл «Эски көчкүнү» бүт калтырбай айдайт экен!..

Ушул сөздөрдөн кийин көп өтпөй Саадат МТСке прицепщик болуп кирүүгө энесинен уруксат сурады. Зейнеп апа кызынын үйдөн алысташын жактырган жок, бирок Саадат өз билгенин бербей, көгөрүп туруп алды.

— Быйыл мен прицепщик болом, анан бара-бара тракторчу болом, бизди окутат экен… Мен сөзүмдөн кайта албайм, комсомолдук чогулушта убада бердим, мен өзүм кааладым… — деп бир жагы көшөрүп, бир жагы энесин эркелете жалынды…

Кызынын көктүгүнө да, жалынганына да, мүмкүн, Зейнеп апа көнбөйт эле, бирок Зейнептин өзүнүн кайнатасы Төкөй Саадатты жактады.

— Сен жаштардын жолун торобо, алардын да билгени бар, бара берсин,- деп ал Зейнепке кеңеш берди.

Саадат кетти, ал эми эне болсо көп өтпөй эле катуу өкүнүп калды. Саадат эми жалаң гана энесинин өзүнө эмес, башка бирөөлөргө, кандайдыр бир, агымы катуу зор күчкө тийиштүү болуп калганын, Зейнеп апа ичинен сызып билип калды. Ал күч кызын күндөн күнгө өзүнө тартып, акыры ажыратып кетпесин деген коркунуч туулду.

«Кызым, колумдан учурган кушум» — деп Зейнеп апа элден уурданып ыйлап алчу.

Кыз энесинен сууган жок. Ал жагынан Зейнеп апа да күнөм санаган эмес. Бирок эмне үчүн Саадат эненин өзүнөн акылдуу, көптү билген болуп көрүнөт? Эмне үчүн ал энесин жаш баладай аягансыйт? Эмне үчүн эне билбеген, эне түшүнбөгөн, Саадаттын өзүнө тиешелүү иштери бар? Айта берсе, эмне үчүн Саадат сайсөөктү эритчүдөй энеге кайрымдуу жана эмне үчүн ал энени муңайыңкы карайт! Эмне үчүн Саадат энесин ушунчалык сагынып үйгө келет да, анан таң ирең-бараңдан кайрадан бригадага кетүүгө шашылат?

Эне айраң-таң. Кээде Саадат салабаттуу, иштер жөнүндө билгичтик менен сүйлөйт, кээде тим эле аны бирөө алмаштырып койгондой ырдап, күлүп, шаттанып энесине эркелей берип жүдөтүп да жиберет, анан эле, карасаң, жетим ботонун көзүндөй, көзүн туман чалып, Саадат үн чыгарбай, бир жерди телмирип карап олтурат, же анын башында бир ой, же кайгы барбы, кыйнап жаткан?..

— Ээ, Саадат, ишиң кандай, жагабы? — Зейнеп апа сынап да көрдү. — Бригадада кандай кишилер бар?

Анда Саадат: «Абдан жагат!» — деп дайыма жооп берип, анан сыймыктанганда, бригададагы кишилердин алыскы шаарлардан келгенин, алар машиналарды беш колундай билгенин, кээ бирлери ошол машиналарды заводдо өз колдору менен жасаганын айтып берчү. Алар Саадаттай эле жаштар экен. «Мен да ошондой болсом, ээ!» — деп Саадаттын көзү жайнай түштү. Анан дагы толуп жаткан немелер жөнүндө, комсомолдук жыйналыш жөнүндө, запчастар жөнүндө, калп эле ооруп калып стенгазетага тартылган тракторист жөнүндө жана башкаларды айтып берчү. Анын баарын угуп олтурган Зейнеп апа, бирин түшүнсө, бирин чала түшүнөт.

Чай ичилип бүттү. Саадат дасторконду жыйнады да, чыныларын жууп, текчеге тизди.

Зейнеп апа ордунан турбай кийиздин үстүндө, унчукпастан ойлуу олтурат.

— Бери келчи, кызым, отурчу мындай,- деп ал жанын көрсөттү.

«Мына эми айтат» — дегендей Саадаттын жүрөгү селт этти.

— Сени менен бүгүн сүйлөшөйүн дедим эле…

— Сүйлө, апа угайын…

Зейнеп апа эмнеден баштасам экен деп көпкө чейин ой жүгүртүп, анан салыңкы кабагын жай көтөрүп, кызын тиктеди:

— Саадат, сен менин жалгыз баламсың, сенден башка эч кимим жок. Уулум да сенсиң, кызым да сенсиң. Мына мен ушул ээн тамда жалгыз калдым, кандай дейсиң? — Эненин көзүнө жаш ирмеле түштү. — Иште жүргөндө го билбей калам, анан үйгө келсем эле ичим аңылдап, сарсанаа тумчуктурат… Кайдасың, эмне кылып жүрөсүң, оорусуңбу, соосуңбу… кудай билсин… ойлоп, ойлоп отуруп, Саадат… Деги ишиң кыздын иши эмес ко… Соконун үстүнө минип алып, ээн ай-талаада жүргөн, кызга ылайыкпы? Кой, айланайын, аныңды ташта. Энең бар, үйүң бар, кайра кел… Колхоздо деле иш толуп жатат,- деди.

Зейнеп апа көзүн алаканы менен сүртүп, анан оор үшкүрдү да, унчукпай калды. Эненин талабы эмнеде экенин, ушул эле сөздөрдөн түшүнүүгө болот эле, бирок энеси айтам деген эң орчундуу оюн айтпай койгонун Саадат сезди.

— Кыздардан жалгыз мен бекем? — деди Саадат. — Биздин МТСте кыздар толуп жатат, биздин айылдан деле бар… Эркектерден кем иштебейбиз… Анан эмне үчүн ишти таштап кетүүм керек?

— Сен алар менен теңелбе, кудайдын каары! — деп Зейнеп апанын кыжыры келе түштү. — Алар бир ата, бир энеден жалгыз бекен? Алардын үйлөрүндө толуп жаткан улан-ушагы бар. Мен болсом, мен… Жесирмин…

Жесирмин деген сөздү кыз энесинин оозунан мындан мурун эч бир уккан жок эле. Саадат башын көтөргөндө, бүткөн бою дүр эте түштү. Эти качып, каржайган эненин көкүрөгү, саал ак аралаш суюлган чачы, курчу кайта баштаган көздөрү: «Саадат, таалайлуу бол, сен үчүн мен курман» деп турган сыяктуу.

Саадат энесин кучактай калып, бооруна бекем кысты. Эненин тилин албай коюуга мүмкүн эмес эле. Саадат жалынып-жалбарып жиберди:

— Айланайын апа, мейли, сенин айтканың эле болсун. Бирок сен дагы азыраак чыдачы. Жакында жазгы кош бүтөт, мен ошондо кайра келейин… Аз эле калды, апа, күтө тур…

Зейнеп апа үргүлөп бара жатып, бирок эмнегедир ойгонуп кетти. Саадат төшөгүнөн акырын туруп, бутунун учу менен терезе жакка өтүп кеткенин энеси байкап калды. Айдын терезеден үлбүрөгөн нуру кыздын башына, мойнуна күүгүм жарыгын тийгизди. Саадат энеси жакка кылчая бурулуп караганда, узун кирпиктеринин арасынан анын бакырайган көздөрүнүн каректери жалт этти. Ал этияттык менен терезенин жазы текчесине чыкты да, анан тизесин кучактап, ошол жерге отуруп калды. Саадат бир нерсени ойлогондой муңайып, чачын бир өрөт да, бир жазат.

«Бул эмне уктабайт? — Эненин жүрөгү сыздап, тынч албай согот. — Ал эмнени карайт? Эмнени угуп жатат?» — деген суроого Зейнеп апа жооп издеп убара.

Саадат болсо, айнекке кадалып, тоо жакка көз салып тигилет. Ал жерде убакты-убакты менен же аркы беттен, же бу беттен трактордун фарларынын оттору көрүнүп калат. Тракторлордун күркүрөгөн добушуна Саадат кулак салып, жыргап угат. Ал күркүрөк бир эсе жакындап, күчөп келет, анда тракторлор ушул эле жерде сыяктуу туюлат, бир эсе алыстап, көпкө белгисиз тынып, анан кайра күчөйт.

«Ии, Саадат тракторду угуп жаткан турбайбы!» — дейт Зейнеп апа. Ошол замат анын оюна дагы бир нерсе кылт эте түштү. Ушул күркүрөккө ал өзү дагы дайыма кулак салат эмеспи. Ананчы, анын кызы да кош айдайт да, тракторлор күрүлдөп турса, демек Саадат дагы иштеп жүргөн болот. Ал күркүрөк энеге дагы өтө жагат, анткени Саадат үйдө жокто, ал өзүнчө бир шоок. Ээ, кызынын терезеде олтурганы жөн эмес! Эненин жүрөгү мыкчылып, онтойт, анткени Саадаттын ою азыр бул жерде эмес, тээтиги кош айдоодо экенин, тоодон угулган күркүрөктү Саадат музыка сыяктуу эрип, тыңшап олтурганын, Зейнеп апа билип эле жатты.

Алыскы фарлардын отторун тиктеп, Саадат бирөөгөдүр ичинен шыбырагансыйт.

«Билем, Касымжан, сенде азыр уйку жок… Көзүңдү бет алдыңдан айырбай, колуңду рычагдардан албайсың… Бирок мени азыраак болсо да эстейсиңби? Ээ, Касымжан… Касымжан…»

Соколордун тилгичтери тилип, тиштери чымдуу жердин астын кыя кесип, аны толкун сыяктуу биринин жанына бирин быжыгыр катмарлап таштап жатканын, Саадат азыр өзү иштеп жүргөндөй көз алдында көрүп турду. Оодарылган дыңдын үстү майлангансып, буу көтөрүлүп, нымдуу жыт келет. Айдоо аягында кайрылыш жерде Саадат соконун рычагдарын ылдам ылдый басат. Топуракка жышылып, күзгүдөй жылтылдаган тиштер өйдө көтөрүлгөндө, Касымжан тракторун буруп жатып, артына кылчайып, кандайсың дегендей Саадатка сүйкүмдүү жылмаят.

— Айда Касымжан, айдай бер! Биз бүгүн биринчиликти алабыз, айда! — дейт Саадат, трактордун үнүнө аралаша кыйкырып. Ошондо Касымжан тракторун жаңыдан борозго салып газды күчөтөт…

«Касымжан, сени менен иштеген кандай кубанычтуу! Сен дегенде, мен баарына даярмын, сен дегенде кайда болсо да барам!» — дейт Саадат ичинен…

Тынч ала албаган Зейнеп апа, кызына эмне дээрин билбей чыдабай үшкүрдү да бир жагынан экинчи жагына оодарылды.

Муну сезип калган Саадат селт этип, сонун элестен айрылды. Ал көпкө энесин тиктеп отуруп, анан мурункудай эле сыр алдырбай, кайра келип ордуна жатты. Бирок кыз дагы, эне дагы уктаган жок. Ар кимиси өзүнчө аркы-беркини ойлонот.

Зейнеп апанын ойлогону мындай: «Кызым бойго жетип калды, эми мунун келечегине кам жеш керек. Өзүбүздүн айылдан бир жигит табылса жакшы болор эле. Башка жерге кеткенден көрө, канча айткан менен, өз айыл болсо кол үзбөй жанаша турат эмеспи. Ал эми жалгыз бой бирөө табылса, бала кылып үйгө киргизип алсам, анда андан жакшы болот». Эмнени айтасың, эненин көптөн бери ичине каткан сонун тилеги ушул. Кыз билбейт, эне болсо ага берерин да көптөн камдап жүрөт: туш кийиз, ала кийиз, жууркандар бар. Эми көшөгөгө гана жибек алыш керек… Жок, жок, Зейнеп апа кызынан эч качан ажырабайт, андай ойлор коркунучтуу, андай ойлорду ал жанына жуутпайт, алыс кууйт…

Саадат болсо ошол убакытта жаш тракторист Касымжан жөнүндө ойлонуп жатты. Ал аны менен алгачкы таанышканын эстейт. Саадатты «жинди» кыз деп ким айтпасын. Адегенде ушул Касымжанга ачууланып, мурчуюп сыртын салып жүрбөдүбү. Экөө бир агрегатта иштөөчү эле. Тракторун токтоткон сайын, Касымжан басып келип:

— Сен чарчаган жоксуңбу, Саадат? Түшүп, мындай бир, ары-бери басып, кан жүгүртсөң,- дегенде, Саадат ичинен ачууланып ызалануучу: «Бул эмнеси экен, мага эле уйгактай жармашып калат! Мен эмне кичинекей бекем? Кан жүгүртсө өзү эле жүгүртө бербейби?»

Бир күнү Касымжан атайын сурабай, унчукпай койду. Анда дагы Саадат ичинен ачууланып ызаланды. — «Бул эмне менин жайымы сурабай калган? Же таарындыбы? Же мени жактырбай калдыбы?»

Күндөрдүн биринде, ал экөө төрдөгү аскалардын эң бийигине чыгышты. Саадат муну эч качан унутпайт.

Ошол зоого чыксаң да чыгасың, чыкпасаң да чыгасың деп аларды кыйнаган бирөө болсочу. Өрү бийик, жолу жок аскага алар тим эле ант берип, намыс талашкандай, жанын үрөп чокуга тырмыша беришти. Күлө турган киши жок, жаш балдардан бетер, ошондо бир биринен жашырып, экөө тең жолдо коркунучтуу жерлер көбүрөк учураса экен деп тилешкен. Анткени, ошончолук, бири-бирине жардамды көбүрөк көрсөтсөк дешет.

Алар чокуга чыгып барганда, эң маанилүү, чар тарапта эч бир жан жок болгондо гана айтыша турган, сыры ушунчалык жашыруун сөздү бир бирине айтабыз деп экөө тең ойлошкон. Бирок тээ ылдыйдан бери көтөрүп, жалгыз сен үчүн гана деп жүрөккө сактап келе жаткан сонун сырды, бирөө да батынып айталбады. Кийин ылдый түшүп бара жатканда гана, кокусунан таштын үстүнөн тайып кеткен Саадатты Касымжан колуна тосо калып, бир убакытта өзүнө жакындата кысып, эриндери тийише түшкөндө, асмандагы булуттар, Саадаттын көзүнө көчкү кулагандай боло түштү…

Бул жолу Саадат ачууланган да жок, ызаланган да жок… Мурда баштан өтпөгөн, жаңы бакыттын рахаты аны бүт ээлеп, жүрөктүн башында чоктой ысып эриген неме, кызды көйкөлтө теңселтти… Саадат Касымжандын көзүнөн көзүн айырбай жал-жал караганда, Касымжан ошол жалжылдаган терең көздөрдүн ичине түшүп кетүүгө даяр турган сыяктанды.

*     *     *

Кере ачылган эшиктин кашегине сүйөнүп, Зейнеп апа эбактан эле үйүнүн ичин карап турат. Анын ошол бир калыпта телмирип турушунда кандайдыр бир терең кайгы бар эле. Ким билет, же ал босогодон аттагандан корктубу, нары жакта аны бир коркунучтуу неме күтүп тургандай, же бир укмуштуу ой табылып, ошол ой аны бир жерге селейтип кадап таштадыбы, же болбосо тоодон келген күркүрөк дабышка кулак түрүп турдубу… Жок, андай эмес.

Зейнеп апа сууга барганда, «Саадат кетти, Саадат күйөөгө чыкты» — деген сөздү азыр эле угуп келди. Өзүнөн, элден жашырган акыры болор иш, мына бүгүн эне томсоруп, үйүнүн ичин жаңы көргөндөй таң калып, тигилип карайт. Үй оокат жетиштүү эле; бирок кызы болбогон соң эне үчүн баары бир тыйын. Эгерде азыр ичинен «ба-а-а» деген кыйкырык жарылып чыкса, анда ал ээн талаадагыдай эч ким укпаган, эч кимдин иши жок, жападан-жалгыз жаңырык болуп калат.

Аңгыча Зейнеп апанын үйүнө Төкөй акенин келини Жийдегүл келди. Ал эч нерсени байкабай, эч нерсе менен иши жок… «Зейнеп апа!» деп тигини чакырды.

Зейнеп апа мас немече теңселип, жай бурулуп карады да, анан бир оокумда абаны челгенсип, башын жулкуп алып, Жийдегүлдү омуроолай бакырды:

— Шорум кайнады! Шорум кайнады! Кыз деген ушул турбайбы?! Кудай мендей шордуу катынга уул бербей койгонбу, уул бербей койгону… Кызым эркек болуп төрөлсө, өз уясын таштамак беле… О, кокуй, уулум мага келин алып келип, менин үйүм дагы элдикиндей балалуу-чакалуу болбойт беле… Кыз — конок. Бүгүн өз үйүндө эртең башка бирөөнүн үйүндө…

Жийдегүл шашканынан артына чегине берди. Демейде жоош, мээримдүү Зейнеп апа, ач арыстандай чамынып, айбатына киши чыдагыс. Ушул кичинекей картаң аял, азыр чоң тоону колуна көтөрүп жерге бир чапса, быр-чыры чыгып кетчүдөй…

— Өлтүрдү мени Саадат, өлтүрдү! — Зейнеп апа жазыксыз Жийдегүлгө дагы эле жулкунуп, кыйкыра берди. — Эли жок, журту жок, азып келген немеге качып кетет деген эмне шумдук, эмне шумдук. О, жараткан, көзүмдүн нурунан айрылдым. Ал аны киши билбес жакка алып кетип баламды көрбөй мен өлөм!..

— Ал эмнең, жеңе, кызың бул эле жерде, жакын го, андан көрө өмүрүн тилеп… — деп Жийдегүл бир нерсе айтайын дегенде, Зейнеп апа аны:

— Сен сүйлөбө! — деп жекирди да, анан кайра күчөдү… — Силер дагы менин ырысыма каргаша болдуңар… Саадатты МТСке бар, үйрөн-үйрөн деп түрткүлөгөн сенин кайын атаң — Төкөй. Мени кудай уруп, аны эркек дебедимби, кайын ага дебедимби, болбосо кызды үйдөн чыгарат белем! Баргын, Төкөйгө барып айт, инисинин арбагын сыйласа, намысы болуп, катын эмес эркек болсо, Саадатты кайра алып келсин, кызымды менин колума тийгизсин… Саадат келсин, келбесе мен ага эне эмесмин… «Түү деп экинчи жүзүн көрбөйм…» Эмне карайсың, бас азыр, жоголт карааныңды, жөнө…

Ошол эле күнү Зейнепти чакырып кел деп, Төкөй аялын жибериптир.

Төкөй деген арыкчырай, кийим-кечесин мудаалап[2], таза кийип жүргөн абышка. Ал кийиздин үстүндөгү сеңселген көлдөлөңдө чегедей[3] болуп отуруптур. Кабагы бүркөө. Жанында уй мүйүз тартып, анын үй-бүлөлөрү орун алышкан. Үйдүн ичи ысык, казанда эт кайнап жаткан, самоор болсо алда качан даяр болгон.

— Ко-о-ош, мен баарын уктум,- деди Төкөй аке салмактуулук менен чайды Зейнеп апага сунуп жатып. — Угуп алып, сен үчүн катуу уялып калдым. Эгерде Саадат иттик кылса, мен азыр атты токуйм да, аны тим эле чачынан дыркыратып сүйрөтүп келем. — Чалдын көзү каардана түштү. — Бирок мен андай кылбайм, андан көрө менин колума шал тийсин… «Эски көчкүдөгү» жерлер андай кишилерди көптөн эңсеп күтөт… Мен сени алда-жай салып коёюн. — Төкөй аке наспайын оозуна салып, анан ойлонгондой жай гана керсары мурут-сакалын сылап койду. — Азыр «Эски көчкүдөгү» дыңды бүт бузуп, жердин баары айдалып жатат. Бир кездерде, өзүң билесиң, биз ушуну иштей албай койбодукпу. Анда бизде төмөнтөн жер кайда, байлардан сүрүлүп, сүрүлүп олтуруп, ушул «Эски көчкүгө» келип такалдык. Кишинин колу тийип көрбөгөн, жердин эң арбак урганы сугатка да ылайыксыз, айдоого да ылайыксыз жер ушул «Эски көчкү» эле. Кайнагаң болсом да уялбай айтайын, сен, Зейнеп, менин инимди сүйүп калып, ошол жылы ушул «Эски көчкүгө» кошо качып келбедиңби. Ачкадан өлбөйлү деген далбаса менен, тердиктей эле жер айдап алмак болуп канча таш көтөрүп, канча мээнет чеккенибизди билесиңби? Ошондогулар эсиңдеби? Кыя беттен арык чаап, анан «Ажыдаар таштын» жанынан ал арыктын ичи менен суу көтөрүлбөй койбодубу… Аска ташты биз эмне ошондо тишибиз менен бузмак белек… Эмгектин баары күйүп кетти… Ошондо, Зейнеп, сен ыйладың, сен эмес эркектер биз… — Дабышынын каргылданганын билдирбейин дегендей, Төкөй кийизди кайрып, наспайын түкүрүмүш болуп, какырынды. — Ана, алакандай жерге да алыбыз жетпеди. Бизге көп деле жер керек эмес эле да. Анда биз эптеп эле өлбөсөм экен, эптеп эле өз курсагым тойсо экен деп, керт башыбыздын убайымын жечүбүз. Азыр болсо «Эски көчкүгө» биздин балдар киришти. Алар эмне кылганын сен барып бир көрчү. Ээ, андай билим менен, андай машиналар менен эмнелерди гана кылууга болбойт… Ээ, Зейнеп, сенин кыз-күйөөң өз керт башынын оокаты үчүн жүрбөйт, ал жерде алар эгин айдап, элди баккан кишилер… Жаш кезиңде, сен жигитиңдин артынан кетип, баардык кыйынчылыкты моюнуңа алдың эле, ал эми сенин кызың эмне үчүн ушул заманда өзүнүн сүйгөнү менен бирге болуп, бирге иштеп жүрө албайт? Ыя?..

Зейнеп апа кумсарган бойдон эле, үн чыгарбай, эч нерсе менен иши жок сыяктуу отура берди.

— Кой, Зейнеп, сен Саадатка өпкөлөбө. Үзүлбөгөн немени чорт чаап кесет. Сенин кызың ушуну туура кылды. Анан, азып-тозуп келген немеге тийип алды дептирсиң, ал сөзүңдү кайра ал, абдан кадырлуу жигит экен. Аты Касымжан. Бригаданын алдыңкы трактористи ошол. Шаарда ата-энеси да бар, жакшы кишилер дешет. Саадат сени таштабайт. Ал андай кыз эмес… Жекшембиде сенин үйүңө келишет экен, аларды баарыбыз тособуз.

— Өзүң болсо, салтка жараша, күзүндө барарсың, алар биринчи эгинин жыйнап алсын, жаңы салынган тамына киришсин, ошондо бизге да жол болсун…

Төкөй абышканын айтканын төкпөй-чачпай угуп отурган Зейнеп апа, өзү бир да жооп кайтарбады. Төкөйдүн үйүндөгүлөрү анын макул же макул эмес экенин биле албай койду.

Төкөй Зейнепти короого узатып чыкты. Эшикте шыбыргактап, жамгыр жаап жатыптыр. Тоолор да, тал-дарактар да, алыскы үйлөр да көрүнбөйт, баарын суу сыяктуу бозомук чүмкөп калганга окшош. Төкөй аке тегеректи айландыра карады да, анан жактырбагандай күңк этти…

— Кудай ур-о-ой, тим эле асманда жылчык калбаптыр го! Ак жаан келди, эми эки-үч күнчө көз ачырбайт.

— Ак жаан дейсизби? — деди Зейнеп апа күңүрт үн менен.

— Ак жаанбы! — деди да, суроосуна жооп күтпөй, үйүнө карай басып кетти.

*     *     *

Терезеде шоола жок, аны жамгыр каккылайт, үйдүн ичи бир да жан жашабаган сыяктуу, жымжырт. Зейнеп апа бүрүшүп бурчта отурат.

— Ак жаан! — деп шыбырайт да, өзүнүн үнүн өзү угат.

Жолдо келе жатканда Зейнеп апа аркы-беркини ойлонуп, «Төкөй туура айтат, Төкөй адилет сүйлөйт» деген пикирге келди. Демек, Саадаттыкы жөн, ага өпкөлөөгө болбойт. Бирок ээн тамдын босогосун аттаганда эле, колу шалдайып, ичи аңылдап, ал кайрадан, мурункудан да оор жалгыздыктын азабын тартты. Нары-бери бир нерсе кылайын десе көңүлү келбейт, эмнегедир ага бирдеме жетпегендей эле болуп жатты. Бир убакытта эмне жетпегенин өзү тапкандай болду: тракторлордун күндөгү күркүрөгөн дабышы угулбайт.

Аны тыңшап жүрүн, Зейнеп апа ошого көнүп калган экен, ал шоок болучу эле. Азыр Зейнеп апанын жүрөгү ооруп, ага тынчсыздык пайда болду. Тракторлор унчукпайт, ак жаан жаап турат. Ал эки-үч күнгө чейин басылбаса, талаадагы менин балдарымдын күнү кандай болот? Чатырынан суу өтүп, жылынып, ысык бир нерсе кайнатууга отун жок болсо. Жаңы кошулганда жыргап энесине эркелей албагандан кийин кандай болсун. «О, бечара балдарым! — деп эне чын пикири менен жаштарды аяды. — Деги эмнеси болсо да, жекшемби эртерээк болсун, айланайындарымды көрсөм экен!»

Зейнеп апа жекшембиге канча калды экен деп, эсептеп көрдү. Төрт күн! О, Зейнеп апа үчүн дегеле көп! Төрт күн качан өтөт? Саадат менен Касымжанды ал азыр көргүсү келсечи? Бирок айла барбы, күтүш керек.

Зейнеп апа дагы азыраак отурду да, анан өйдө туруп, сандыктан ак болотнай кездемени алып, эркекке кенен көйнөк бычты. Эшиктен тезек алып келип от жакты. Үйдүн ичи жылып, береке киргендей болду. Казандагы эт бышканча, Зейнеп апа кол машинага көйнөктү да тигип бүтүрүп койду. Ал көйнөктү жазып, карап көрдү да, өзүнүн ишмерлигине ыраазы болгонсуп, көңүлдөнө түштү.

Эне эми колу колуна тийбей күйпөлөңдөп, кандайдыр кубанычты күткөнсүп, боорсок жасай кетти. Эненин оттун илебине ысып чыккан бети, жаш кезиндегидей нурданып тердеди. Сыягы, ал чоң майрамга даярдангандай болду. Чынында да анын майрамы чоң эле. Зейнеп апа азыр «Эски көчкүдөгү» бригадага бармак болду. Баарын даярдап бүткөндөн кийин, ал Саадатка деп камдап койгон чоң гүлдүү шалы жоолукту жанакы көйнөк менен кошо куржундун бир көзүнө салды, экинчи көзүн эт менен боорсокко толтурду. Эми жөнөсө болот. Бирок ал бир нерсеге кылчактагансыды, анткени, өзүн-өзү кадырлайм деген кайын эне, күйөөсүнүн үйүнө чакыртпай эле барып калса, жарашабы?

Макул, Төкөй күзүндө барабыз дейт. Жоок күзгө чейин эне чыдай албайт. Арасы эң эле көп экен. Саадат менен Касымжан болсо жекшембиде келишет экен. Жекшембиге төрт күн! Жо-ок, буга дагы эне чыдабайт. Төрт күнгө чейин жүрөктү кансыратып ким чыдайт! Андай эмес, Зейнеп апа азыр барып, балдарын азыр көргүсү келет. «Эски көчкүдө» эмне болуп жатат, Төкөйдүн айткандары чын бекен, аны да эненин билгиси келет.

«Ии, шоруң каткыр, баягы Зейнеп кайнене сөрөй болуп өзү жалгыз, жамгырда, жанына ээрчиткен эч кими жок кыз-күйөөсүнө кетип бара жатат!» — деп эл күлсөчү? Анда кандай болсун? Мейли, күлгөндөр күлө берсин, мен барам. Азыр барам! Иш жаңычабы? Мен да жаңыча мамилеге өтөм!»

Зейнеп апа дароо жаңы шайы көйнөгүн, жаңы галош, маасысын, жаңы чапанын кийип, куржунду ийнине арта салып, эринен калган чоң таар чепкенин жамынды да, үйүнөн чыкты. Эшикте болсо ак жаан.

«Эски көчкүнүн» тоолору өзөндүн эки жаны менен суналып, улам жогору тартып отуруп, бозомукта сөлөкөтү гана карайган. Ал Ала-Тоого жетип барып, астына тизе бүгүп, башын жөлөп турган сыяктуу. Ортодо аккан чоң суу, жамгыр жаагандыктан кузгундап кирип жатат. МТС жаңы салган көпүрөнүн жанында, кечүүдөгү таштардын боорун суу шарп-шарп эттирип, көбүк чачкан тили менен жалмалап, анан алардын жансыздыгына өкүнгөнсүп, кайрадан толкун уруп, мисирейген таштарды көмөлөтө каптайт да, көпүрөнүн астына кире качкансыйт.

Нөшөрлөгөн жамгырга аралаш, айдоонун чети менен атчан келе жатты. Төкөйдүн айткандары чын экен. Бузулган дыңдын учу-кыйыры жок. Чоң-чоң арыктар, кол арыктар салынган. Кээ бир жерлерде себилген буудай кылтыйып чыгып да калыптыр. Жамгыр суусуна жуунган жаздыктын көк майсалары тикчиет. Ооба, «Эски көчкү» таанылгыс! Зейнептердин илгери кетмендеп айдаган, дан бербеген алакандай жери ушул жазда кошо айдалып, дайыны табылбай да калыптыр. Баягы суу акпай койгон каргашалуу арыктын нугу жоголуп, анын ордуна жаңы арык пайда болгон. Илгери суу өткөрбөгөн «Ажыдаар таш» асманга учкан көрүнөт.

Алдында жалама боор, бийик жар көрүндү. «Эски көчкү» деп аталган жер так ушул эле. Элдин айтышы караганда, илгери жер титиреп, ушул жердеги бир тумшук көчүп кетип, Асан деген бир бечераны там-ташы менен басып калган дешет. Анда «Эски көчкү» сүрдүү экен имиш. Ооба, азыр дагы «Эски көчкү» сүрдүү. Ак жаандын тор сыяктуу көшөгөсүнүн арасынан бир коркунучтуу, өңүндө кан-сөлү жок, какжыйган Асандын сөлөкөтү Зейнеп апанын көзүнө көрүнгөнсүйт. Айланада жан жок. Ак жаан эле тынбай шыбырттайт.

— Түрүң курусун! — деп жиберди, көчкүнү карап баратып, Асанды эстеп, чочуган Зейнеп апа. Ал атына камчы урду. Бирок ошол оокумда эненин кулагы кандайдыр добуш чалды. Нары жакта талаа станынын чатырлары көрүндү. Эне ылдамдап бастырган сайын, жанагы добуш угулат. Мына эми анык угулду:

«Мекеним мейкин күндүн нуру төгүлгөн,
Тоолору бийик бүркүт учуп жол жүргөн.
Жарышып жазда, күрөшүп күздө,
Элибиз эмгек менен эрденип күлгөн!..»

деп кайраттуу жаштардын үндөрү аккордеонго кошулган. Ооба, жаштар ырдап жатат, алардын ичинде энеге тааныш, Саадаттын үнү угулуп жаткансыды.

Зейнеп апа аттын оозун тартып тура калды да, айлананы карап туруп ыйлап жиберди. Бирок илгери кайгырып ыйлаган болсо, бул жолу балдарынын эмгеги менен сыймыктанып, кубанганынан, тетиги чатырдагы жаштардын үнү кубатына кубат кошуп жатканга сүйүнүп ыйлады.

О, алтын эненин жүрөгү ай!..

[1] Апкеч — суу көтөргүч, бакан, ийиндегич.

[2]Мудаалап — атайын көңүл буруп.

[3]Чеге — мык, таяныч; бул жерде тыкчыйып, түз отуруу маанисинде.

One Reply to “Чыңгыз АЙТМАТОВ: Ак жаан”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.