АҢГЕМЕ

Кырсык бир жабышса биринин артынан бири келип, кайталана бергени жаман.  “Кудай кылса — кубарыңдын акысы барбы”,- деп эл айтат ко. Чындап эле бардыгы кыйшылыңдап алса кантесиң? — Бул эл оозундагы сөз жөн-бекер айтылбайт экен да,- деп ойлоп каласың. Бардыгы атайын жасалгандай: сүйүшүп жүргөн кызым менен жолугушайын дедим эле, ал келбей калды, курткамдын топчусу үзүлдү, электричкадан тап-такыр көргүм келбеген таанышыма жолугуп калдым, тишим сыздайт, жамгыр төгө баштады, таксиге отурсам — жолдо тыгын, алдыда авария болсо керек. Ушундай кирпигиң суу көтөрбөй турганда бирөө – “кубарыңдын акысы барбы”, – десе, төбөгө коймокмун.

Силер деле ошентмексиңер.

Лакапты  ушул маңызда сезем.

Ошондон болсо керек, менин  эл менен мамилем анча эмес.

Кээде ойлоп коем: эшик алдындагы бут сүрткүч килемче болуп калсам ээ. Бардык өмүрүмдү ар нерсеге баш оорутпай, эшик алдында жыргап  жатып өткөрөт элем…

Бирок килемчелердин да өздөрүнүн дүйнөсү, өздөрүнүн көйгөй-маселелери болсо керек. Анын мага тиешеси канча, алардын дүйнө-маселелери менен ишим эмне.

Кыскасы, мен таксиде келатып, тыгында калдым. Машиненин үстүн күзгү жамгыр дыбыратып, таксинин эсептегичинин чыкылдаганы  мылтыктын огундай мээмди көзөйт.

Ээх!

Тамекини таштайын деп, үч көндөн бери тамекини эңсегеним да кошул ташыл болуп… Башыма бир жооткотуучу ой келсе эмне… Эч нерсе келбейт! Айла кеткенде, ой-кыялымда көңүлдөш кызымды чечиндире баштадым. Ирети менен… адегенде көз айнегин, анан саатын, билеригин, анан…

Кыялымда көйнөгүнүн биринчи топчусун чечип жатканда:

— Кечиресиз, — деген таксистин үнү угулду. — Кандай деп ойлойсуз, вампирлер чындыгында эле барбы?

— Вампирлерби? – Мен артты байкоочу күзгүдө чагылган шоопурду карайм. Күтүүсүздөн берилген суроого эмне дээримди билбей,

– Кандай вампирлер?  Жанагы кан соргондорбу?

— Ошолор. Алар барбы же жокпу?

— Сиз кайсыларын айтып жатасыз? Вампир сымал адамдар, жөн эле каймана айтылган чиркей, кантала, кан соргон жарганаттар, мокочо кинодогу  желмогуздарбы же кадимки вампирлерби?

— Кадимкилерин айтам,- дейт таксист.

Машине жарым метр алдыга жылды.

— Анда билбейм,- дейм мен. — Билбейт экем.

— Жок, антип айтпаңыз. Ачыгын  айтыңыз: ишенесизби же жокпу?

— Ишенбейм.

Чөнтөгүмдөн сигарет алып чыгып, күйгүзбөй, жыттап-жыттап алам.

— А арбактарга ишенесизби?

— Арбактар, менимче, болсо керек.

— Болсо керек… “Ооба” же “жок”,- деп айтпайсызбы.

— Ооба, — дейм мен айласыздан, — Ишенем.

— Ошондо, арбактардын бар экенине ишенесизби?

— Ишенем.

— А вампирлерге ишенбейсиз?

— Ишенбейм.

— Арбак менен вампирдин айырмасы канча?

— Арбак – физикалык жандыктын антисинтези, — балп эттирип соктуруп салдым. Менин мындай “соктурмаларым” сонун чыгат.

— Хм-м.

— А вампир — бул жандыктын өзөк негизинин чагылдырылышы.

— Ошондо сиз антисинтезге ишенип, өзөк негизге ишенбейт экенсиз да?

— Бир болбогон нерсеге ишеним артып алсаң – андан кутула албайсың.

— Сиз билимдүү адам экенсиз!

— Жети жыл университетте билим алгам, — деп күлөм.

Алдыдагы каз-катар тизилген машиналарды тиктеп, шоопур ичке сигарет  күйгүздү. Ментолдун жыты машинени каптады.

— Чындап эле вампирди жолуктуруп калсаңыз эмне кылар элеңиз?

— Таң калмакмын. Балким.

— Ошол элеби?

— Эмне, болбойбу?

— Болбойт да! Ишеним деген — ыйык сезим. Тоону элестетсең, мына сага – тоо. Тоо жок деп ойлосоң —  ал жок.

Кудум эле Доновандын эски ырындагыдай.

— А-а, сиз ошол жөнүндөбү!

— Ооба да.

Оозумдагы күйгүзбөгөн сигаретти соруп алып:

— А өзүңүз вампир бар экенине ишенесизби?

— Ишенем.

— Кантип эле?

— “Кантиби” эмнеси? Ошентип эле. Ишенем.

— Далилдей аласызбы?

— Ишеним менен далил – эки башка нерсе.

— Макул дейли.

Сөздү тереңдетпей, кыялымда кыздын көйнөгүнүн топчуларын кайрадан чече баштадым. Биринчиси, экинчиси, үчүнчүсү…

— Мен далилдей алам, — деди таксист.

— Чын элеби?

— Чын.

— Кантип?

— Мен өзүм вампирмин.

Унчукпай калдык. Машине дагы беш метрдей жылып токтоду. Жамгыр машиненин төбөсүн дагы эле койгулап жатат. Эсептегичте – бир жарым миңден ашык.

— Оттук бересизби?

— Мынаңыз.

Ак “биков” оттугун күйгүзүп, өпкөмө никотин толтурам. Үч күндөн бери биринчи жолу.

— Тыгын болбосоң койо-гал,-  шоопур кейип койду.

— Айтпаңыз, — дейм мен.- Жанагы, вампирлер жөнүндө…

— Эмне экен?

— Сиз чындап эле вампирсизби?

— Анан эмне. Эмнеге калп айтмак элем.

— Көп болдубу?

— Тогуз жыл болду. Ошол жылы Мюнхенде Олимпиадалык оюндар өткөн[1].

— Токтой тур мезгил, сен ажайыпсың, — дегендей жыл эле да.

— Ооба, ошондой жыл эле!

— Дагы сурасам болобу?

— Сурай бер.

— А эмнеге сиз… таксист болуп иштейсиз?

— Вампирлердин обу жок жоруктарын жактыра бербейм. Плащ чүмкөнүп, карета менен жүрүп, ак сарайда жашап… Эмнеси жакшы. Менде бардыгы жайында: налог төлөйм, лицензиям бар. Дискотекага, патинкого[2] барам. Эмне? Кызык бекен?

— Жок. Анчейин эле… кандай айтсам… мен көп түшүнө албай турам.

— Анда эмне, ишенбей атасызбы?

— М-м.

— Мен вампир экенме ишенбей атасызбы?

— Ишенем, —  дейм шашып, — Тоону элестесең, мына сага тоо.

— Анда мейли.

— Сиз кан ичесизби анан?

— Ананчы, мен вампирмин да.

— Кан деле, ар кандай болсо керек – даамдуу, даамсыз?

— Туура. Бирок сиздин кан жарабайт. Тамекини көп тартат экенсиз.

— Таштайын дедим эле, болбой калды.

— Эң жакшы кан — жаш кыздардыкы. Эң сонун да!

— Мен сизди түшүнө баштадым. А артистердин каны кандай – жакшыбы?

— Каёко Касимотонуку[3] жөн эле эң сонун! Кимиэ Сингёдзиники[4] да сонун. А Каори Момоиники[5] — анча эмес. Деги эле табитим тартпайт.

—  Анда эмне аны да тандай билиш керекпи?

— Ананчы!

Биз он беш минуттан кийин ажыраштык. Квартирамдын эшигин ачып светти жандырдым, муздаткычтан пиво алдым. Ичип алып бүгүн жолугалы деп, бирок жолукпай калган кызыма телефон чалдым. Анын үнүн угайын дедим, анын себеби бар. Ушундай иштер.

— Нэрима[6] номерлүү, кара таксиге отурбай жүргүнүң.

— Эмнеге?- дейт ал.

— Алардын бир шоопуру вампир экен.

— Койчу?

— Чын.

— Мен үчүн тынчсызданып жатасыңбы?

— Анан эмне!

— Кара, Нэриманын номери мененби?

— Ооба.

— Рахмат.

— Эч нерсе эмес.

— Анда жакшы кал.

— Жакшы.

Орусчадан оодарган Марсел ИСАКОВ

[1] 1972-ж.

[2]Кытай бильярды же Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин Японияда кеңири тараган оюн автоматы.

[3] Япониялык киноартистка. Такэси Китанонун Кукидзиро, «Фйерверк» деген кинолору аркылуу элге таанымал. 1960-ж. туулган.

[4] Кимиё Сингёдзи – Япониялык белгилүү актириса, 1970-ж. киного тартыла баштаган. 1959-ж. туулган.

[5] Акиро Куросавонун (Кагемуса) Александр Сокуровдун (Күн) филимдерине, “Гейшанын күндөлүгү” филимине тартылган белгилүү актириса. 1952-ж. туулган.

[6] Токионун райондорунун бири.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.