Жолдош ТУРДУБАЕВ: Мектепке мечитти каршы коюу керекпи?

Азыркы президентибиз мурдагыбызга салыштырмалуу кыйла салмактуу сүйлөп, эми дагы эмне деп «балп» этип жиберет деп санааркабай калдык. Бирок мамлекет башчы жалпы коомдогу саясий жана рухий маанайга зор таасир этерин азыркыдан да жакшыраак түшүнүп, ар бир сөзүн аптеканын таразасына салгандай кылдат тандап сүйлөшү керек экендиги борбордук мечиттин жаңы имаратынын ачылышында даана сезилди. Бул ирет сөз жазгычтар менен кеңешчилер командасы өтө жоопкерчиликтүү текстти ийине жеткире иштей албады окшойт. Мителерге кимдер табакташ? Адегенде «ыйман» түшүнүгүн тактап алалы. Анткени арабчадан келген бул сөздүн накта […]

Бурят эл жомогу: Аял менен түлкү

Бир байдын аялы кайсы бир күнү токой арасынан көңүлдөшүнө жолугуш үчүн жөнөп калат. Жолдо келатып оозуна эт тиштеп алып көл бойлой чуркап келаткан түлкүнү көрөт. Аңгыча көлдө катуу толкун болуп кайра тартылганда, жээкке бир балык чыгып калат. Муну көргөн түлкү оозундагы этти таштай салып, балыкты карай чуркайт. Бирок экинчи толкун келип балыкты кайра көлгө алып кирип кетет. Жолу болбой калган түлкү кайра артка бурулуп этти карай жүгүргөндө аны асманда айланып жүргөн карга иле качат. Муну көрүп аял каткырып жиберип: — […]

Мезгил ИСАТОВ: Түптүз жолдо баса албадым түздөлүп

*  *  * Көзүмдөй деңизде Жарым сөздөр Тамчыласа, Төгүлсө… Чымчык жүрөгүм Тыбыраса, Сайраса… Кагаз кайык өмүрүм Толкубаса, Толбосо… Жаз келбейт эле. Өзүңсүз өмүр өтпөй, Айрылуулар, Арзуулар, Болбойт эле!.. *  *  * Түн жарымы, Чарчагандай түштөрүм, Ай тамчылуу, ак жылдыздар, Ак канаттуу булуттардай, Арзуулар да үзүк-үзүк, сезимдерге урунат! Жүрөгүм да дүкүлдөп, Эшикке чыгам дейт. Кармачы, карегим, Уйкусуз өмүрүмдү, Туруксуз көңүлүмдү. Кайда барат — Күйүп жанган Күндөрүм? “Сүйөм” дедим. “Сүйбөйм”дедиң. Ушул эле Ашыктык! *  *  * Күн батышы — Күтүүнүн башталышы. Күмүш […]

Салижан ЖИГИТОВ: Сураганыбыз жардам, бергенибиз той (3-сабак)

<<<<<<<<<<< 1-сабак) <<<<<<<<<<<(2-сабак) — Той демекчи… Демократиянын деми менен республикалык масштабдагы юбилейлер, атактуу адамдарга арналган тойлор байма-бай            өткөрүлүп жатат. Менин байкашымча, эл жаңы башталганда жабыла колдоп чыкты эле, эми жадагансып калды. Канткен менен негизги күч ошолорго түшүүдө. Басма сөздө да, жай чарба сөздө да ар түрдүү пикирлер айтыла баштады. Бир даары айтат, 70 жылы совет өкмөтүнүн көрчеңгелинде келген ата-баба тарыхыбыз акталып, такталып атса, анан кантип майрамдабайбыз деп. Бир даары бул ар кандай айылдардын, ар түрдүү уруулардын амбициясына айланып кетти, эч […]

Оскар Уайльддын алакандай аңгемелеринен

Бедизчи Кереметүү кечтердин биринде анын эргүүсү келип, «Көз ирмемге созулган ыракат» деген эмгек жаратмак болду. Максатын ишке ашыруу үчүн коло издеп жөнөдү. Дүйнө кезип, канча издесе да бир кезде өзү жараткан “Түбөлүккө бүтпөгөн кайгы” аттуу эстеликтен башка коло таба албады. Ал эстеликти өз колу менен жасап, бул жашоодогу эң сүйүктүү адамынын мүрзөсүнө койгон эле. Дүйнөдөгү табылгыс, эң кымбат адамынын мүрзөсүнө бул чыгармасын өзүнүн эч качан өлбөс сүйүүсүнүн жана түбөлүккө созулган кайгысынын белгиси катары орноткон. Бүткүл дүйнөдөн коло табылган жок. Анан […]

Мукай ЭЛЕБАЕВ: Байсал

АҢГЕМЕ Байсал бир күнү төш жакта бир айылга чыгып кетип, кечке жуук келсе, жеңеси Батмакан чамынып, ачууланып отурган экен. «Арам гана тажаал, мен бир күн жок болгонго урунаарга тоо таппай, буулугуп калгансың го?» деди ичинен. Бети түктүйүп, калбыйган түйрүк ээрди кабарып, Байсалды көргөн эле жерде сүйлөнүп кирди. — Эшикте тутам куурай жок. Башкасы тиги… мен болсом бала-бакырадан чыга албай мынтип отурам. Кудайдан коркуп бир… Соңку кездерде мунун өзүнө жараша Байсал да тилин тартпачу болуп алган. — Ошолордун бирин өзүң кылып […]