Бир байдын аялы кайсы бир күнү токой арасынан көңүлдөшүнө жолугуш үчүн жөнөп калат. Жолдо келатып оозуна эт тиштеп алып көл бойлой чуркап келаткан түлкүнү көрөт.

Аңгыча көлдө катуу толкун болуп кайра тартылганда, жээкке бир балык чыгып калат. Муну көргөн түлкү оозундагы этти таштай салып, балыкты карай чуркайт. Бирок экинчи толкун келип балыкты кайра көлгө алып кирип кетет. Жолу болбой калган түлкү кайра артка бурулуп этти карай жүгүргөндө аны асманда айланып жүргөн карга иле качат. Муну көрүп аял каткырып жиберип:

— Оозуңдагы белен этке топук кылбай балыкты кааладың эле, жыйынтыгында экөөнөн тең кур калып, мыш болдуң, акылсыз айбан, — деп шылдыңдайт.

— Мейли, мен го өзүң айткандай айбан экенмин, сен акылдуу адам болсоң, шылдыңдап күлгөндүн ордуна менин окуямдан сабак алып күйөөңдүн көзүн жазгырган терс жолдон кайтмаксың. Күлгөнгө күлө жетем дейт! Аягы суюктугуңду койбосоң элге шерменде болгонуң аз келгенсип, күйөөдөн дагы, көңүлдөшүңдөн дагы айрылып, эч нерсеси жок талаада каласың, — деп аялды сөзгө жыгат түлкү.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.