АҢГЕМЕ

Байсал бир күнү төш жакта бир айылга чыгып кетип, кечке жуук келсе, жеңеси Батмакан чамынып, ачууланып отурган экен. «Арам гана тажаал, мен бир күн жок болгонго урунаарга тоо таппай, буулугуп калгансың го?» деди ичинен. Бети түктүйүп, калбыйган түйрүк ээрди кабарып, Байсалды көргөн эле жерде сүйлөнүп кирди.

— Эшикте тутам куурай жок. Башкасы тиги… мен болсом бала-бакырадан чыга албай мынтип отурам. Кудайдан коркуп бир…

Соңку кездерде мунун өзүнө жараша Байсал да тилин тартпачу болуп алган.

— Ошолордун бирин өзүң кылып койсоң эмне болосуң?

Ошенткенде Батмакан:

— Эмне дейсиң ыя? — Баса калчудай обдулуп туруп келди да, кайтып жөн болду. Ошол жерден көржемеге алып, кыйратып тилдей берди.

— Сен мага каяша бергич болдуңбу ыя? О, узабагыр. Тилин кара мунун. Тилиңе күйдүргү чыккыр. Каапыр, тозоку… Сен билген балакеттин бирин да билбейм мен ушул жашка келип.

— Ооба, билбей турган чыгарсың!..

— Бас оозуңду! Ушул кычкач менен жөн эле башыңды жара коём, мени бүгүн тозокко түртүп жиберсең да. Кылып берип жыргатканыңдан да жыласың өтүп кетти сенин. Азар болсо кетип каларыңбы?

— Кеткенден коркуп калар дейсиңби? Карап тур…

Муну укканда Батмакан жаңкыдан да көгөрдү.

— Кет! Азыр жогол көлөкөңдү көрсөтпөй. Айланганы турасыңбы бу жерде каракчыдай болуп. Сен кеткенде кайсы менин кылынбай жаткан жумушум бар? Кудай алсын, мындан жаманымда да өлгөн эмесмин. Сен жокто да мындагы эл оокат кылып жүргөн.

Батмакандын ушундайынан улам бирөөлөр Байсалга:

— Адам, ошого чыдап жүргөн сен да бир дулдул экенсиң,— дээр эле.

Бул чөйрөдө мындай албуут, тилдүү катын жок. Мунун сырын билген айыл-апа «Кокуй, кой» деп зирилдеп туруучу. Далай катындарды чачтап, басып алып тепкилеп да коючу.

Кээде Байсалды аябай уруп-согуп алып, ачуусу тараганда кайра кичирейип коёр эле.

— Анан кантейин теги. Урашпайын, урбайын десе деле кишинин жинин өзүң келтирген бир байкушсуң. Бар болсо сенден аяналы деп турганыбыз жок. Сенин бактыңа да биз мынтип…

Ушул күнү кечке жакын Кудургудан бир топ малай чөпкө келди. Кышында Кудургу менен бу жер арасы жарым күндүк жол. Чөпкө келгендер бул жерге тийбей өтпөйт, жолдун өзү. Жапырт ушу жерден баталашкандай биринин артынан бири келе берип, жалгыз үйдүн тегерегине шыгырап, чана толуп кетти.

Бирөө жолдон бурулуп, төмөн карай тарткандан эле чананы зыркыратып, алыстан созолонтуп ырдап коё берди эле — «Баягы Сатылган жинди» — дешти мурдараак келип түшүп жаткан малайлар.

Анан бул чиркиндин үнүндөй үн бул ааламда кем деп айтарлыктай эле. Обону күнчүлүктөн таанымал. Ушул соко айдап жүргөндө болсун, кырман бастырып жатканда болсун, ырдабай жүргөнүн көрбөйсүң.

Малайлар көптөн бирин бири көрбөй сагынышкан адамдардай улам кийин келгенин чуркурай тосуп алып күрөшүп, жаңкы жерге жыйналып жатты. Сатылган баягы созолонгон бойдон үнүн баспай жүрүп отуруп, жете берген кезде чанадан ыргып түштү да, тетигиндей, бүлдүрүп сөгүп келип, колтойгон менен жүгүрүп барып, бирөөнү көчүккө бир тепти. Беркилер да ушундай «сыпайы» сөздөр менен шыбагасын берип жатат. Бирок булар жаман, балит сөздөр менен бири бирин канчалык сөгүп жатса да, бул сөздөр өздөрүнө «Достум, аман барсыңбы?» деген сыяктуу көрүнүп турду. Ушулардын шары менен күндө жымжырт жаткан жалгыз үйдүн тегереги заматта дуулдап, толуп кетти.

Дайым аязда, суукта жүрүп кара көк тарткан малайлар бир кезде дуулдаган бойдон калың кийимдери менен кампыйып үйгө кирип келип, отура бергенде коломтонун тегерегин алып кетти. Бартайган чор колдор.

— Кана эмесе, мынабу кара казанга толтурата чай кайнат!— деди Сатылган төргө отура бере, колундагы мээлейин ыргытып жиберип.

— Жак отту балбылдата!

Бирөө колдойгон тоңуп калган бир капты көтөрө кирип ирегеге таштап койду. Сатылган айткандай, Байсал чоң казанга аз бөксө чай кайнатты.

Отко жылынып, биртике бой жазылгандан кийин сөз чыга баштады. Сатылган менен тизелеш отурган узун мурут жигит жаманчылык жылы Ой-Талдан качып келе жатып, жолдо көргөнүн айтып отурду. Бул кезде түн кирип калган.

Баятан бери бир бирин жаңы байкаган немедей бир кезде жанында катар отурган кара тоголок бала менен Байсал экөө тиктеше калгандан кийин:

— Ой, сенсиңби? — деди бала үңүлө түшүп карап алып. Эл дуу күлүп жиберди.

— Баса, жаакка коюшчудай эле тиктешип калганыңардан…

— Бул экөөбүз Ак-Сууда далай жорукту бир өткөргөнбүз,— деди жаңкы бала. — Бир көчөдө болгонбуз… Ээ, не кыласың биздин көргөнүбүздү…

Чайдан кийин кечикпей малайлардын баары тышка чыкты да, чаналарын айдап, төмөн жакта саздагы чөпкө жөнөй баштады.

Булар кетери менен Байсал кендир алачыгына келип жатып алган. Төшөнчү жагынан күчүнүн барын саманга чыгарган. Тыш алай-дүлөй. Кезек-кезек карды-бороон зуулдап келип урганда кендир алачык селк этип калгандай болот.

Бир кезде баягы чөпчүлөр кайра тартып, кырмандын жаны менен өтүп жаткандай болду.

— Айда! Тарт, мындай! Көтөрө бер!..

Ушул көрүнүштөр аркылуу Байсал уйку-соонун арасында илгери малай жүргөнү, мындай нечен карды-бороондо түн катып, чөп тартып кетип бараткандары элестеп атты. Ушундан кийин эми Батмакандан кутулсам деп келечегин кыялдап баратып уйкуга кетти.

1936-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.