Кадыркул ӨМҮРКУЛОВ: Мөңгү муңу (шедевр)

АҢГЕМЕ Аралча айылы Нурата тоосунун этегинде жайгашкан. Жайдыр-кыштыр кар кетпеген асман мелжиген тоо кыркаларынан Нуратанын мөңгү баскан жалтылдаган чокусу өзгөчө бөлүнүп турчу. Күн ачыкта аралчалыктарды таңасанда күндүн мөңгүгө чагыльппкан нуру тосуп алар эле. Байыркы ата-бабалар бул асман тиреген ак мөңгүлүү чокуну ошондуктан Нурата деп атап коюшса керек. Таңкы үрүл-бүрүлдө жарык мөңгү алдынан чыгып жаткандай, асман ылдый бул эбегейсиз зор тунук айнектен жалбырт деп от чыгып, жарыгы улам күчөп тарай баштагандай туюлчу. Кар жамынган уйкудагы улуу тоолорду таң жарыгы каптай баштаган […]

Азис НЕСИН: Мен Ататүрк менен сүйлөшкөм[1]

АҢГЕМЕ Андан бери жыйырма жыл өтүптүр. Анда биз жыйырма улан, жыйырма жаш лейтенанттар элек. Күндөгүдөй эле, Мачкадагы эски аскер казармасы, эки жүз жаш адамдын күүсүнөн күрүгүү түшүп турган эле. Аңгыча күтүүсүздөн баары тыптынч боло түштү. Мурда болуп көрбөгөндөй жымжырттык пайда болду. Жада калса сааттар да токтоп калгандай. – Эмне болду? – Эмне болуп кетти? Коогалаңдуу шыбырт угулду: – Ататүрк каза болуптур… Үндөр, көз караштар, сезимдер, убакыт, жер – бардыгы катып калгандай. – Парадга кийчү формаңарды кийгиле! – деп буйрук берди […]