АҢГЕМЕ

Андан бери жыйырма жыл өтүптүр. Анда биз жыйырма улан, жыйырма жаш лейтенанттар элек. Күндөгүдөй эле, Мачкадагы эски аскер казармасы, эки жүз жаш адамдын күүсүнөн күрүгүү түшүп турган эле. Аңгыча күтүүсүздөн баары тыптынч боло түштү. Мурда болуп көрбөгөндөй жымжырттык пайда болду. Жада калса сааттар да токтоп калгандай.

– Эмне болду?

– Эмне болуп кетти?

Коогалаңдуу шыбырт угулду:

– Ататүрк каза болуптур…

Үндөр, көз караштар, сезимдер, убакыт, жер – бардыгы катып калгандай.

– Парадга кийчү формаңарды кийгиле! – деп буйрук берди капитан Чийдемоглу. – Биздин эки курсант Долмабахча сарайындагы Ататүрктүн сөөгүнүн жанында туруу үчүн жөнөтүлөт.

Менин ардактуу караулга туруу кезегим – түн ортосунан кийин келди. Астыбызда капитан, артында биз – эки лейтенант.

Жарым саат Ататүрктүн табытынын жанында кыймылсыз турабыз. Факелдерден чыккан оттун жарыгы анын бетин нурдантып, капитандын кылычынын мизинде чагылышат. Биз Ататүрктүн сөөгүн эмес, биз Революцияны коргоп турабыз. Ататүрк – бул Революция. Ал өзүнүн жеңиштерин бизге таштап, бейкапар уктап жатат, себеби ал бизге ишенет. Факелдин жалыны кылычтын мизинде бир өчүп, бир көбөйүп чагылышып жатты.

*     *     *

Жыйырма жыл өттү. Ошондогу колкого тыгылып, өпкө-жүрөктү куушурган кайгы, сыгылып чыга албай каректерде калган көз жаш, кечээ көөдөнүмдү булак болуп жарып чыкты… Мен кайрадан Ататүрктүн алдында турдум. Мен кайрадан 1938-жылдын 10-ноябрына кайттым. Бирок кечээ мен турган карауль кайда? Биз турган карауль кайда? Андагы биз кайтарган, биз күрөш менен жеткен жетишкендиктер кайда калды?

Мени айланта курчап алган туман улам коюулап жана карайып бара жатты. Ал тургай факелдин жарыгында да мага эч нерсе көрүнбөйт.

– Ата, мен сени көрбөй жатам… – дейм мен.

Сен менин көз карашымды, менин ойлорумду түшүнүп, аны кабыл алганыңазырынча ушул эле өтө маанилүү, – менин кулагымда анын үнү жаңырды. Ооба анын үнү.

– Түшүнөбүз, ата, бирок биз ачык айта албай жатабыз.

– Эгерде биз, сөзүбүз ишибиз менен айырмаланбай, өз уятыбыздын алдында таза экенибизден шегибиз жок болсо, анда оюбузду жашырбай, ачык, артыбызга кылчактабай түз айтышыбыз керек.

– Биз ишибиз туура экенине толук ишенебиз. Бирок биз коркобуз. Биз, интеллигенттер, коркок болуп алдык, баарынан коркуп турабыз.

Чындыкты айткандан эч качан тайманбагыла!..

– Бирок биз чындыктан коркобуз. Ошондуктан көптөн бери алдаганга өткөнбүз, бирөөлөрдү оң жолунан адаштырганды адат кылып алганбыз.

– Абалды баалоодо жана чечим кабыл алаарда чындык канчалык ачуу болбосун, биз анын көзүнө тике карашыбыз керек. Биз өзүбүздү жана бири-бирибизди алдоого эч негиз жок.

– Чындык бизде белгилүү бир формада эле болот. Башкача ой жүгүрткөндөрдү, кабыл алынгандан башкача ойлонгондорду, бизде шек саноо менен карашат.

– Ар бир жаран өз улуту үчүн эмне керек экенин өзү аныкташы керек.

– Бизге кеңеш бериңизчи, өлкөбүздүн алдында турган көйгөйлөрдү чечүүдө ишибизди эмнеге таянып башташыбыз керек?

– Көйгөйлөрдү башаламан окуяларга байлабай, анын түпкү маңызын көрө билүү керек.

– А эгерде ал жөнүндө оюбузду айтууга мүмкүнчүлүк беришпесечи?

Ойду кыйноо жана күч менен замбирек жана мылтык менен да басууга болбойт.

– Бул үчүн эң алгач басма сөз эркиндиги керек эмеспи.

– Басма сөз – улуттун үнү. Басма сөз: бул көз карандысыз күч, мектеп, жол башчы; ал бизге керектүү идеялык азык-зат берет, улутту агартат жана ага кайсы багытта өнүгүү жолун көрсөтөт, кыскача айтканда – ал бакытка барчу жолду ачып берет.

– Биз, «начар өнүккөн улут», деген жарлыктан бошонуу үчүн көп аракеттерди жасап жатабыз, бирок ал аракеттерибиз азырынча өз түшүмүн бербей келет.

– Улуттун кечиктирилгис, күнүмдүк керектөөлөрүн канаттандырууга багытталган реформалар, – алысты көрө билбегендик, алар маселенин негизин эмес, а бир эле бөлүгүн чечет.

– А сиздин программаңыз кандай эле?

Эл, дыйкандар мага жумушчу программамды кабыл алышка багыт беришкен, алар: жолдор жана мектептер.

– Ата, түрк элинин жетимиш пайызына жакыны билимсиз.

Ойлоп көргүлөчү, биздин социалдык коллективдин билим деңгээли кандай төмөн.  А биздин коомдун негизги элементидыйкандар билимсиз. Бул уят нерсе. Мен адаммын деп жүргөн ар бир жаран үчүн, улут үчүн уят. Бирок биз бул уяттан арылабыз. Ар бир жаран бул жаңылыштыкты оңдоого катышуусу зарыл.

– Бизде мектептер аз. Мугалимдер муктаждыкта жашашат. Анысы аз келгенсип жетишсиз, мектептер жабылууда.

– Мектептерде окутууну ишенимдүү адамдарга бериш керек, ал эми биздин өлкөнүн балдарын тарбиялап өстүрүүнү өзүнүн иши жана ардактуу милдети катары эсептеген билимдүү мугалимдердин кадырын бийик көтөрүш үчүн, алардын кесибин башка кызматтардай эле жогору баалап жана алар эч нерседен кем болбогондой шарттарды түзүп беришибиз абзел.

– Биздин билим берүү системабыз кандай болуш керек?

Өлкөнүн чыныгы кожоюну жана негизги элементи дыйкандар, бүгүнкү күнгө чейин билим алууга жолдору жабык болуп келишкен так ошол дыйкандар. Билим берүү саясатынын негизинде караңгычылыкты жоюу жатат. Ушул максатка жетүү биздин агартуу багытындагы ыйык ишибиздеги негизги тепкич болуш керек.

– Реакционерлер күндөн күнгө өз ишмердүүлүктөрүн кеңейтип келе жатышат. Сиздин убагыңда тыюу салынган басылмалар ачык эле колдон колго өтүп жүргөн убагы.

– Революциянын күчөп турган убагында эски режимдин колдоочулары жашынууга мажбур, качан анын таасири бошоңдой түшкөндө, алар аракеттерин күчөтүп, революциянын негиздерин сынга алып, анын алдыга койгон умтулуулары менен ыйык идеалдарын каралоого ыңгайлуу учурду күтүп турушат.

– Акыркы учурларда шайлоочулардын добушун алыш үчүн, саясий ишмерлердин реакционерлерге чегинип берүүлөрү уламдан улам көбөйүп бара жатат. Бизге, ата, бул тозоктун даамын таткан менен эле барабар болууда.

Реакционерлер кайсы бир класска таянабыз деп ойлошот, бирок бул куру кыял. Биз, прогресске бараткан жолубузду тособуз дегендерди астыбыздан шыпырып салып, алдыга көздөй бара беребиз. Биз жаңылануу жолунда жарым жолдо токтоп кала албайбыз. Дүнүйө ыкчамдык менен алга жылууда. Биз ошол кыймылдан сыртта кала алабызбы?

– Жок, кала албайбыз. Кээ бир саятчылардын айтымында «демократия – бул көпчүлүктүн каалоосу» жана бул сезим менен ойношуп, алар жетимиш пайыздан ашыгы билимсиз массаны, реакциялык чакырыктар менен чыгууга түртүшүп, революциянын мизин мокотуп жатышат.

– Бир дагы революция чындыкты көрө билген инсандарсыз, бир гана көпчүлүктүн чечими менен жасалбайт.

Алигиче азиялыктарга тиешелүү баш көтөрүп, каяша кылганды билбеген адаттарын таштай элек элге, көп аткарылбаган убадаларга тойгузуп, өздөрүнүн арамза ойлорун тымызын ишке ашырууну көздөшкөн монополистердин жетегинде калуу мүмкүнчүлүгү зор массага, азырынча алардын ой-пикирин сурамжылоону жүргүзүү али эртелик кылат.

– Ата, сиз айткан «коомдун негизги элементи» болгон – дыйкандардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн эмне кылышыбыз зарыл?

– Эң алгач, өлкөдө жери жок дыйкан болбош керек. Ири жер ээлеринин үлүштөрүн кыскартуу аркылуу, дыйкандарга ал жерлерди жашаган жерлериндеги элдин жыштыгы жана түшүмдүүлүгүнө жараша бөлүштүрүп берүү абзел.

– Ата, Турцияны учурдагы алдыңкы улуттардын деңгээлине көтөрүш үчүн бизге эмне керек? Чет элдик капиталбы? Жаштарды Европа мамлекеттеринде окутуу керекпи же чет элден адистерди тартканыбыз оңбу?

Биз эч нерсеге муктаж эмеспиз десек да болот. Бизге бир эле нерсе жетишпейт: эмгекти сүйүшүбүз керек!.. Эгерде биздин социалдык кыйынчылыктарыбызды изилдеп көрсөк, жалкоолуктан өткөн оор дарт жок. Эң биринчи ошол дарттан арылышыбыз зарыл. Элибизге эмгекти сүйүүнү үйрөтүү керек. Жетиштүү жашоо, бакыт – бул эмгек кылган адамдардын гана укугу.

– Ата, биз келечекке үмүтүбүздү ким менен жана эмне менен байланыштыра алабыз?

– Эки Мустафа Кемаль бар. Бирөө – бул мен, жөнөкөй адамдын эле бири Мустафа Кемалъ; экинчиси, улутта идеал катары жашаган Мустафа Кемаль. Коомдук аренада өлкө кооптуу абалда турганда келсем дагы, мени деле түрк аялы төрөгөн. Эмне, азыркы учурда түрк энелери мага окшогон Кемалдарды төрөй албай калыптырбы? Билип алгыла, ийгилик мага эмес, улутка тиешелүү. Ошондуктан бардык үмүт өз күчүңөрдө.

*     *     *

Факелдеги оттор өчтү. Айлана караңгылыкка чөмүлдү. Жыйырма жылдан бери көкүрөктөн чыга албай буулугуп, каректеримде катып жаткан көз жаш токтобой агып жатты.

[1] Бул жерде келтирилген Ататүрктүн сөздөрү анын өзү айтып, жазып кеткен сөздөрүнөн алып жазылды.– Автордун эскертүүсү.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.