АҢГЕМЕ

Аралча айылы Нурата тоосунун этегинде жайгашкан.

Жайдыр-кыштыр кар кетпеген асман мелжиген тоо кыркаларынан Нуратанын мөңгү баскан жалтылдаган чокусу өзгөчө бөлүнүп турчу.

Күн ачыкта аралчалыктарды таңасанда күндүн мөңгүгө чагыльппкан нуру тосуп алар эле. Байыркы ата-бабалар бул асман тиреген ак мөңгүлүү чокуну ошондуктан Нурата деп атап коюшса керек. Таңкы үрүл-бүрүлдө жарык мөңгү алдынан чыгып жаткандай, асман ылдый бул эбегейсиз зор тунук айнектен жалбырт деп от чыгып, жарыгы улам күчөп тарай баштагандай туюлчу. Кар жамынган уйкудагы улуу тоолорду таң жарыгы каптай баштаган сайын жалын мөңгү алдынан чьнып жаткандай сезилчү.

Таңдын минтип атканын өзүнүн узак өмүрүндө Мөңгүбек карыя көп ирет көрсө да, күнүмдүк турмуштун түгөнбөгөн ыпыр-сыпыр түйшүгүнөн колу бошобогон неме ага анча маани берчү эмес. Бирок атасынын айткандары боюнча жана токсонго тогошуп калган өмүрүндө мөңгү менен байланьппкан ар кандай белги-бетелерди далай жолу көргөн. Нуратаны карап туруп ал аба ырайынын кандай болорун билчү. Тоо койнундагы катаал шартка топоз баккан адамга мунун мааниси чоң.

Таң саардан туруп, мөңгүдөн мөңкүп агып чыккан таштай муздак кашка сууга бети-колун чайып жатып, мөңгүлүү чокуга көз жиберүү адатка айланган. Али чыга элек күн нурунун шооласы алсыз чагылышкан, же бозчаңгыл жөө туман чалган, же аппак булуттан ак жоолук салынгансыган, же калың кара туман каптаган мөңгүлүү чокунун таң алдындагы көрүнүшүнөн улам бүгүн аба ырайы кандай болорун, эртең асман ачык болобу-жокпу жана бул жума жаан-чачындуу болор, болбосун ал жаземдебей биле турган. Нуратага барып сайылып тургансыган асмандагы жыбыраган жылдыздардын жайгашкандыгына карап, алардын күңүрт, же жалтылдап жымыңдашканынан улам күзүндө келер кыштын, жазында алдыдагы жайдын — кандай болорун боолголоп коёр эле.

Мөңгүнүн алиппесин атасы анын башына балапан кезинен куюп койгон, ошол турмуштук таалиминен ал өмүрү өткөнчө танган жок.

Асман тиреп түбөлүк муз каптаган бул аска атасына бөтөнчө ыйык көрүнө турган, анан калса бекеринен тун уулунун атын анын урматына мөңгүдөй бекем жана дили таза болсун деп Мөңгүбек койгон жок да. Бул жарыкчылыкка келгенде биринчи көз ачып көргөнү ата-энесинин жүзү, андан кийин эле ушул мөңгү баскан улуу аска экенине Мөңгүбек карыя бүгүнкү күнгө чейин ишенет.

— Бул биздин ыйык Нурата! — дешчү атасы менен уулу. Бул көк тиреген асканы түбөлүк зылдай каткан муз-тоо эмес, жылуулук, жарык жана баарына мүрөк болгон касиеттүү бир тирүү жандык катары көрүшчү. Алардын Аралчасына жана коңшу айылдарга жашоо берген Шамсуу ушул мөңгүдөн башталчу. Бул өрөөндүн эли эзелтен бери Нуратаны аларды бапестеп баккан камкор атасындай көрүшөр эле. Мандайларына жазган турмуштун ушул бактысы үчүн Теңирге жалынышып, жаңы аткан таңга таазим этүү менен аларды жан сактаткан Нуратанын түбөлүктүү жоомарттыгына ыраазычылык билдирип, бата тилешчү.

Кийин бой тартып, боз улан болгондо жомокко ишенүү турмуштук чындык менен алмашты, бирок андан Нуратанын керемети жана улуулугу кемип калган жок, болгону чындык менен бетме бет кездешти.

Жай мезгили эле, топоздорду күр жайлоого — кар баскан ашуу аркылуу түптүз эле мөңгүнүн өзүнө кайтаруу үчүн атасы аны жанына эш кылып ала кеткен …

… Ошондогу жайлоого бараткан учурду эстеп, качанкы бала чагында үшүгөнүн азыр сезгенсип, Мөңгүбек каптама жууркан алдында аргасыздан жыйрыла түштү. Карыя эки жумадан бери чыйрыгып, табы айнып төшөктө жаткан. Жаш өйдөлөгөн сайын көп ооручу болду. Мындан жыйырма жыл илгери кышында тоодо түнкү кезүүдө туруп, өпкөсүнө суук тийгизип алган болчу. Узак дарыланды, уулу шаардагы ооруканага алпарып жүрдү, калас болгонсуган, ал турсун кайрадан топоз кайтара баштаган, бирок баягы ал-күчү жок, кар баскан тоодо бир аз жүргөндө эле чарчап, демигип калчу болду. Ошентсе да мал караандап жүрдү, бир аз тыныгып алып, андан ары кете берчү.

Азыр андай боло албай калды, жөтөлү басылбай кыйначу болду. Көкүрөгү кирилдеп, демиккенден алы кетип, дем алганы оорлоду. Кемпири да бир нерсени сезгенсиди, Мөңгүбек да өзүнөн чочуй баштады, өзүн-өзү аңдып, көкүрөгүнүн кирилдегенин, жүрөгүнүн ооруганын тыңшап көрүп, чочулаганындай бар экенин түшүндү. Бирок жанынын кыйналып жатканын колунан келишинче билдирбөөгө, үнүн чыйрак чыгарууга аракеттенип, неберелерине уулдарын чакыртты. Улуу уулу Осмонго шаарга телефон чалдыртты, бир ай мурда Нурата мөңгүсүнө кеткен сүрөтчү кичүү уулу Белекке, ат коштоттуруп киши жиберттирди.

Карыянын жети баласы: эки уул, беш кызы боло турган. Азырынча кыздарды коё тургула, уулдарым келсин, анан… андан кийинкисин көрө жатарбыз деп чечти чал…

Бардык балдарынын турмушу тең эле ойдогудай боло койгон жок, бирок беш кыздан кийин байбичеси таап берген Осмондон атасынын санаасы тынч. Кудайга шүгүр, ал адам болуп алды, мектепте тарыхтан сабак берчү, азыр болсо аким, бүтүндөй бир районду башкарат. Кудай ага кубат берсин, эжелерине, анан инисине, атасы айткандай, жолу болбогон шоркелдейге… жардамын аябайт.

Мектепти бүтүргөндөн кийин Осмон да убактылуу топоз багып жүрдү, бирок тоого көнө албай койду, ага да жөндөм керек тура, ошентип мугалим болуп кетти.

— Жок, Нурата аны азгыра албады, экөөнүн пейили келишпеди, — деп Мөңгүбек өкүнүчтүү айтып калар эле. Бирок уулунун иши өргө чыккан сайын карыя ал жөнүндө улам сейрек эскерип жүрүп, акыры унутуп койгон…

Карыянын бүткөн бою чыйрыгып, дем алуусу улам барган сайын оорлой баштады, ал кайрадан алынын начарлыгын сезди, эми аңда эптеп уулдарым келгиче чыдап, алардын жүзүн көрсөм экен деген гана тилек калды. Ал оюнда аларды тезирек келсе деп тиледи, анан көңүлүндөгү капсалаңдан алаксуу жана убакыт өткөрүү үчүн башынан өткөргөндөрүн олуп-чолуп эстей баштады…

… Нуратанын этегиндеги атасы менен өткөргөн биринчи жай, андан бери канча мезгил өттү… Минген атың тың болсо айылдан мөңгүгө чейин эки саатка чамалуу жол. Ал эми айдаганың мүйүздөрү аркайган, майпар жайбасар топоздор болсо, таңсаардан күүгүм киргенге чейин жол жүрөсүң. Ошентип топоздорду жайып жүрүп олтуруп алар Шамсууну кечип өтүштү. Андан көп өтпөй эле мөңгүлүү өрөөн башталат.

Суунун өйүзүндөгү жайык бетте Аралчанын алгачкы тургундарынын көрүстөндөрүнүн орду бар, айылдын жогору жагындагы мемиреген тынч жайда алардын ата-бабаларынын бир нече мууну жатчу. Ошондон улам айылдыктар ата-бабалардын арбагы алардын үстүнөн көз салып, аларды ар кандай саат-сабырдан коргоп турат дегенге негиз бар эле…

Эсинде калган ошол жайда Мөңгүбек он экиге карап калган кези болчу. Ошол мөңгүгө баргандагысы балакай үчүн өзүнчө эле учу-кыйырсыз кең ааламдын ачылышы сыяктанган.

Бала көрүстөндү айланып өтүп, мурда жайылып жүргөн чыйыр жолдор менен, жалбыз, шыбак жыттанган жайлоонун жайкалган жашыл ыраңын жирей аралап, андан ары жапалак арча, бөрүкарагат, итмурундун бадалдары өскөн жайык бетке көтөрүлө берди. Ал балдар менен бадалдарды аралап, жыңайлак буттарын, бети-колдорун кызыл-жаян кылып тикенек тытканына кайыл болушуп, мөмө теришчү.

Анда баары башкача эле, азыр болсо жоргонун үстүндө баратып жапайы чытырман бадалды суктана карап, жыпар жыттанган тоонун таза абасынан кере-кере дем алууда. Бут алдыдан таңкы уйкудан чочуп ойгонушкан кекиликтер парпырап уча качышууда. Андан аркы ачык токой тилкесинен кийин арасында алателек карлары али эрип бүтпөгөн калың карагайлуу токой, күнгө какталган бутактардан жайкы жылуулуктун илеби урган менен алардын алдындагы көлөкөдөн сыздуу салкын аба сезилет. Карагайлуу токойдун арасыңдагы ар кай жерден кызыл карагайдын, кайыңдын, топтошкон аралчалары кезигет, бирок кар баскан бийик тоого жакындаган сайын белчесинен карга баткан карагай менен арча гана көрүнөт.

Атасы ашынган мерген, мына ушул токой жөнүндө илбээсиндер менен жапайы жан-жаныбарлардын мекени деп дегеле көп кызык нерселерди айтып берген. Мөңгүбек ошол атасы айткан укмуштарды биринчи эле келгенде көрөм деп ойлогон, бирок токойлор менен тоолордун сырын ачыш үчүн бүтүндөй бир өмүр керек экендигин кийин түшүңдү. Ал эми бул жолу кылымдардан берки карагайлуу токой аны мемиреген жымжырттык менен тосуп алды. Бирок дал ушул асман мелжиген арбайып-тарбайган карагайлар ага сырдуу жолугушууну даярдап жатышкан.

Көздөрүнө чейин жүн баскан мүйүздөрү аркайган күрсүйгөн топоздор баш-аягы жок чытырман токойдо жайбаракат жайылып жүрүштү. Жанына жай бербеген токойдун чымын-чиркейинен тажаган Мөңгүбектин аты да башын чулгуп ылаалап, анда-санда бышкырып коюп алардын артынан баратат. Ал тизгин, чылбырды бош таштап, көзү илинип кеткен эле. Анысы канчага созулганы белгисиз, бир маалда ал көздөрү жумулуу бойдон жаркыраган жарыктын толкунун сезди. Ал күтүүсүздөн көздөрүн чылк жумуп жиберди да, кайрадан акырындап ача баштады. Ача баштап нымдуу кирпиктеринин арасынан асман тиреген чокудан чачырап куюлуп жаткан түркүн түстүү нурлардын кубулушун сезди.

Ал муз баскан чокусу чексиз асманды челген кереметтүү Нурата болчу.

Мөңгүбек өз өмүрүндө капысынан пайда болгон мындай кереметтүү укмушту көргөн эмес. Нурата ошондо ага алардын чакан айылы Аралчанын эле эмес, бүтүндөй жер-эненин сакчысы жана камкор атасы сыяктанып сезилди…

Мына ушул көз ирмем анын эсинде түбөлүк калып калды жана көп учурда капысынан түшүндө да, өңүндө жарк дей түшчү болду. Мына азыр да карыянын оорудан алсыраган эсине чаңкайган көк асманда Нуратанын таңкы жарыгы келгендей болду. Ал көзүн ачты, ачык турган терезеден түн карасына көз жиберди да, шуу үшкүрдү. Эки күндөн бери күн бүркөө, эки түн бою асмандан жылдыздар көрүнбөйт, эки түндөн бери мөңгүнүн онтогону угулбайт.

Өткөн, мурдагы түнү, ал биринчи жолу бул муңдуу, узак онтоону укканда уккан кулагына ишенген эмес, оорудан кыйналгандыкы го деп ойлоп койгон. Ошол эле түнү онтоо дагы бир нече ирет кайталанса да, ал жөнүндө байбичесине, неберелерине акыбалы начарлап калган экен деп чочубасын үчүн айткан эмес. Бирок ал узак, муңдуу, жүрөк сыздаткан онтоону бул түнү кайрадан угуп олтурат.

Күндүз мөңгү унчукчу эмес, мүмкүн көр тирликтин түйшүгү, сүйлөшкөн сөздөр, жан-жаныбар, канаттуулардын ар кандай үндөрү, машиналардын моторунун жаңырыктары угузбайт чыгар. Түн ортосу оогондо, айыл терең уйкуга кирип, теребел жымжырттык менен бейкуттуктун кучагында калганда, мөңгү тараптан жорткон жел бул муңдуу онтоону алып келгенде карыяга өзүнүн жан-дүйнөсү кыйналып онтоп жаткандай сезилген. Бул эмнеси?

Согуштан кийинки каат жылдарда жайлоого биринчи чыккандан көп жылдардан кийин, улгайып калган атасынан баданы өткөрүп алып, кыйла тажрыйбага ээ болуп калган Мөңгүбек мөңгүнүн жакасындагы кар баскан жайыкка сууктун ызгаарын дайыма эңсеп турушкан топоздорун чыгарып жиберип, аңчылык дегенде жантыгынан жата калган теңтушу Кыскаранын азгырыгы менен аңчылык кылууга бир-эки күнгө калганы эсинде.

Таңсаардан ой-тоону кыдырып жүрүшүп, топ кайберенди көрүштү да, артынан акмалап жүрүшүп, бирөөнү туюкка кептеп, жарыша ок чыгаруу менен атып алышты. Кечинде килейген эчкинин текесин мөңгүнүн маңдайындагы үңкүргө сүйрөп келип союшту да, жаш эттен бир аз жанказанга түшүрүшүп, калганын терисине ороп, салкын ыңгайлуу жерге бекитишип, үстүнө кар шилеп ташташты. Эртеси таң эртаң менен али анча чочуй элек ошол эле топтун артынан түшүшүп, Кудай буюрса, бир-эки кайберен атып алышса, айылга алып келишип, ар бир үйгө шыралга бөлүштүрүп берип, айылдыктарга той уюштуралы деп сүйлөшүштү.

— Колу ачык, касиеттүү Нурата, жолубузду ачып, өзүндүн ээлигиңден бизге насип эт, — дешип эки дос бири-бирине тилек айтышты да, улуу тоону карап бата кылышты.

Түн кирди. Үңкүр коюу түндүн кучагында калды, коломтодо арчанын куураган бутактары чатырап алоолойт. Арчанын жагымдуу түтүнүнөн, казанда кайнап жаткан кайберендин этинин жытынан магдырашкан экөө кийинти ким атканын кеп кьшышып, жайдары тамашалашып олтурушту.

«Сенин огуң мүйүзүнө тийиптир», — деди бирөө. «Сеники болсо туура эле туягына жаңылыптыр», — деп күлдү экинчиси. «Туягына тийсе, анда аны мен жыккан турбаймынбы». — «Анда жазы маңдайга кадалган ок кимдики болмок? — «Сыягы үчүнчү бирөө да болгон го». — «Биздей эки дербиштен башка үчүнчү келесоо кайдан табылмак эле?» — «А мүмкүн ал киши кийик болуп жүрбөсүн… — деди Кыскара жанданып. Анан үңкүрдүн ичи жарык болуп, ошол желмогуз даана көрүнсүн дегенсип, коломтодогу отту ичкерттирип козгоп койду.

Буга окшогон аңчылардын апыртмаларына Мөңгүбек ишенчү эмес, бирок тигинин сөзүнөн кийин эмнегедир денеси дүр дей түштү. Ал үшүп кеткенсип денеси жыйрыла түштү да, аскердин чолок тонун тыкысыраак кымтынып алды. Теребел жымжырттыкка бөлөнө түштү, анан капыстан жымжырттыкты бузуп онтогон дабыш угулду. Онтогон үн караңгыда карааны ого бетер зор көрүнгөн мөңгү жактан чыкты.

Онтоо басмырт чыкты, бирок аны экөө тең даана угушту жана бири-бирин карап, дем тартпай кальппты. Онтоо кайталанып, жанагыдай эле акырын чыкты, бирок узак жана даана угулду. Аргасыздыктын кайгылуу жана муңдуу үнүн аскалардын жаңырыгы коштоп кетти. Мөңгүбек чөгөлөй калды да, отко эңкейип, Кыскараны чочулай карады. Ал бир нерсени эсине түшүргөнсүп, билинер-билинбес жылмайды да, бир тынымдан кийин үрпөйгөн жолдошуна мындай деди:

— Булар аккуулар. Тобунан калган аккуулар. Кечээ мөңгүнүн үстүнөн учуп баратышып, эс алуу үчүн конушкан. Алардын бирөө музга тайгаланып канатын кайрып алып, муздун жаракасына түшүп кеткен. Мен кечээ аң уулап жүргөндө көргөм. Канаты сынган неме жаракадан учуп чыга албай койду. Таалайы тайкы аккуунун үстүнөн бир айланып учуп, топ аккуу андан ары жылуу жакка кете берди. Анан алардын арасынан бир аккуунун ургаачысы бөлүнүп чыкты да, мөңгүгө кайтып келди. Көпкө чейин чебеленип аргасыз айланып жүрдү, анан берки аккуу жаткан жаракага учуп түшүп, аны өзүнүн жылуу-жумшак денеси менен жылыткысы келгенсип, канаттарын жайып жанына жатты… Эми экөө тең муздун туткунунда калышты көрүнөт, жанагы алардын коштошуу арманы… Сен ошол эки үндү угуп жатасың…

Ооба, онтогон, жан кейиткен, улам барган сайын алсырап чыккан эки созулуңку үн бир зарлаган муңга айланып угулду…

Эртең менен Мөңгүбек дүрбү менен муздун жаракасында жаткан жуп аккууну көрдү…

Ушундай окуяны унутууга болобу?

Азыр да, көп жылдар өткөнүнө карабай, карган Мөңгүбектин оорулуу алсыз жүрөгү түрсүлдөп тез-тез согуп турду. Муз жаракасынын туткунунда кала берген канаттуу эки жандык жана куду жан таштаар алдындагы адамдын акыркы деминдей армандуу чыккан алардын коштошкон үнү анын эсинде түбөлүк кала берген эле. Бирок ал аккуунун ыйы жакындан, мөңгүнүн бет маңдайынан, үңкүрдөн угулган, ал эми бул онтоо болсо алыстан, шамал менен көптөгөн чакырымдардан келип угулду, бул күүлдөк жүрөктү солк эттирип, тоонун өзүнөн, мөңгү алпынын өзүнөн чьнкты, эми Мөңгүбек карыя алсыз денесинин ооруганын эле эмес, жоболоңдуу коркунучтан азап чеккен жан-дүйнөсүн сезди.

— О-о-о-ой!!! — деген кайгылуу да, армандуу да үшкүрүк чыкты карыянын көкүрөгүнөн. Үшкүрүгү таш жарат деген сөз ушундан калган эмеспи.

Таңкы жарык. Нурата жерге алгачкы нурун таратты, анткен менен ал баягыдай ачык эмес, чырактын аарчылбаган айнегинен чыккан жарыктай күңүрт болчу.

— Эмне үчүн мындай күңүрт…- деп ойлоду уйку-соонун ортосунда жаткан карыя, — же көздүн начарлаганыбы… начарладым… жаным өзүмкү эмес… уулдарым тез эле келишсе экен, келишсе экен… — көкүрөгү чапташып кирилдеп, бир маалда эсинен тана түштү да, оор уйкуга кетти.

*     *     *

Атасы минтип дем ала албай кыйналып жаткан кезде, Осмон жолдо келаткан. Айыл райондун борборунан анча алыс эмес болчу, бирок кан жолдон бурулгандан кийинки жолдун жарымы бел-белестер, кыялар аркылуу өтүп, ар кайсы жерлерин жазгы кыян жууп, акырын жүрүп, абайлап өтүүнүталап кылып калган. Осмон үч жылдан бери районду башкарат, жол маселеси анын баш оорусу болчу.

«Мына ушинтип дагы үч саат «Жип» машинеге селкилдеп жүрүш керек» — деп ойлоду Осмон ичинен, анан куш уйку салууга аракеттенип, көзүн жумду. Таң жаңы эле атып, күндүн нуру эми гана чачырай баштаган. Бирок мындай аң-дөңдүү жолдо куш уйку салууга мүмкүн болбоду. Ошондуктан атасы жөнүндөгү кооптуу ойлордон алаксуу үчүн башынан өткөн жагымдуу окуяларды эсине түшүрө баштады.

Атасы Осмонду ата-бабасынын жолун жолдоп топозчу болсо деп ойлогон. Осмондон эки жаш кичүү Белекти атасы эмнегедир орунсуз чыкты деп эсептечү. Жасаганы эркектин иши эмес, балдардын оюнунан бетер тартканы сүрөт, майланышкан, боёк-соёк жуккан таар баштыкка кылдооч, боёкторду, дагы башка майда бараттарды салып алат, боо тагылган жалпак тактайын көтөрүп алып, шаардан келери менен тоо кыдырып кетет, үй оокат менен иши жок.

Жыйган дүйнөсү жок, бир бөлмөлүү кичинекей батирде турат, аялы барбы, жокпу — белгисиз, бирөө менен бирге жашайт дешет, сыягы ал дагы өзүнө окшогон кокуй болсо керек, кандай болсо андай болсун, тигини жакшы караса эле болду, антпесе бул куураган байкуш таптакыр тентип кетет ко деп кейип калар эле.

Алардын бала кезинен тартып эле кичүүсүнө жаны кейий берчү, ошол эле учурда улуусунун токтоолугун жана акыл-эстүүлүгүн айтып, оозунан түшүрбөй мактай бере турган.

Атасынын «орунсуз» иниси менен салыштырганы, ачыктан ачык эле мактаганы Осмонду өтө кубантып деле жиберчү эмес, кээде ыңгайсызданып да кетчү, бирок чынын айтуу керек, канткен менен да өзүнүн акыл-эстүүлүгүн сезүү ага жакчу жана ошондой болууга абдан аракет кылчу же ошол аракетин атасына көрсөткүсү келер эле. Бирок баары бир ал, атасы каалагандай, топозчу болгон жок. Институттан тарых мугалиминин окуусун бүтүрүп, айылга, өз мектебине келди, аны келечектүү жаш адис катары кубана кабыл алышты.

Ал кезде эле эмес, азыркыга чейин, алыскы жалгыз-жарым айылда дипломдуу мугалим деген өтө сейрек көрүнүш болчу, ошентип ал тез көтөрүлө баштады. Бир жылдан кийин аны окуу бөлүмүнүн башчысына көрсөтүштү, ал эми отуз жашында мектептин деректири болуп калган. Анан, калп айткан менен болобу, ал чынында эле мыкты мугалим болчу, анын тарых сабагын, өзү айткандай, «бийлик кошоматчылары көп учурда жасакер колбаласына айлантып жиберишкен сыпайы илимди» окуучулар өтө кызыгуу менен окушар эле.

Жаңы класс менен таанышуусун Осмон сөзсүз нускоо сабагынан баштачу, тарыхчылардын, чындык үчүн башын баталгага коюудан кайра тартпаган ар-намыстуу эр азаматтардын ысымдарын сыймыктануу менен атачу.

Тарых деген канчалык маанилүү болгон менен да окуялардын ай, жылдарынын тизмеси эмес, а мезгилге алган багыт, өткөндүн тарых сабактарынан келечекти таанып билүүгө үйрөнүү керек дечү. Анан тарыхтын унутулгус барактарынан мисал келтирчү. Алардын ичинен биздин доорго чейинки гунндардын мамлекетинин түзүлгөнүнө бөтөнчө токтолчу.

Көчмөн мамлекеттин негиздөөчүсү Түмөн деген падыша болгон, ал өзүнүн бийлигин уулу Модэге калтырган. Модэ өтө эр жүрөк жоокер экен, бирок кыңк этпей баш ийүүнү жана берилгендикти талап кылган катаал өкүмдар болуп чыгыптыр. Бул сапаттарды өзүнүн букараларына берүү үчүн анын буйругун, же жасаган иштерин аткаруунун темирдей эрежесин киргизиптир.

Күндөрдүн биринде ал жоокерлери анын айтканын кандай аткарып жатышкандыгын жана канчалык берилип аткаргандарын текшерип көргүсү келет. Жортуулда эс алып жаткан учурдун биринде ал жаасын чоюп туруп жебени жакшы көргөн аргымагына кадаптыр. Жоокерлеринин көпчүлүгү падышасы эмне кылса ошону кылышат, бирок бул жолу алардын арасында көргөн көздөрүнө ишенишпей, дабдырап калгандары да болуптур. Ошондо падыша алардын баарынын башын алып салууга буйруптур.

Дагы бир жолу кошуунда турганда өзүнүн сулуу аялын жаа менен атып салат, ошондо аны туурабаган бирин-экин гана жоокер калат. Өкүмдар алардын да башын алдырат. Үчүнчү жолу жортуулда баратканда, Модэ жаасын атасын көздөй тартат. Мына ошондо аны туурабаган бир да жоокер калбаптыр, ошентип миңдеген жебе ак чач карыянын денесине сайылган экен…

— Гунндардын мамлекетинин тарыхы мына ушинтип башталган экен, — деп оюн жыйынтыктады Осмон, — ушундай мамлекеттин келечеги болушу мүмкүн беле?! Бул кайгылуу кыйроонун башталышы эмей эмне. Гунндар өтө күч-кубаттуу империяга айланат, дүйнөнүн жарымын өзүнө каратат, бирок атасын өлтүрүүчүлүктүн жазмышы аларды жандап жүрөт, атасын өлтүргөн же ага чыккынчылык кылган уул, кандай гана максатты көздөбөсүн, ал кылмышкерлердин барып турган жийиркеничтүүсү, андай өкүмдар атасын эле өлтүрбөстөн, ата-журтун да саткан менен барабар…

… «Жип» жолдогу аң-дөңдөн улам экчеп коюп баратат, бирок эскерүүлөргө чөмүлүп кеткен Осмон баягысындай эле кирпик ирмеген жок, ал эми тагдырынын күтүүсүз бурулушун эстеген жерден ал өз ичинде аргасыздан жылмайып койду.

Кайран эсил кеңеш доорунда кайра куруу кыймылы башталган кезде Осмон бир нече жыл мектепте деректирлик кылып калган. Кайра куруусу эмне экендигин дурустап билген эч ким жок. Кийин, бардыгы көзкарандысыздыкка ээ болуп, чилдей тарап кеткен соң, бул, эртең арты кайгылуу болорун билбей туруп, бир мамлекеттин масштабында көздү жумуп жасалган эксперимент экен деген ойго келди Осмон. Натыйжасы көп күттүргөн жок. Өлкөнү кыйратарын кыйратышты, бул бөтөнчө сөз, — деп ойлоду Осмон,- буга айылда эмне болгонун айтуу эле жетиштүү. Бийликке кенедей эле тийиши бар кишилер, элдин байлыгына ач карышкырдай жутунушту, колхоздун малын талап кетишти, клубдарды, мончолорду, бала бакчаларды, кашарларды ит бекерге сатып алышып, жерлерди ээлешти, баарынан көп ээлеген өкмөттүн жетинчи кабатында олтурган айылдашы болду.

Сый орунга жетип журт мүдөөсүн ыйык тута турган киши, өзүнүн жакынын тоноп алып, сызга олтургузууга даяр катардагы эле каракчы экендиги билинди. Ал өзүнө өмүр бою тапкан маянасы жетпей турган ак сарайларды курдурду. Анын жанында жети балалуу үй-бүлө турат, жетөөнүн экөө кийерге кийими жок мектепке барбайт. Кошунасынан чайдын чамасын сурап алып, кургатып, кайрадан демдеп ичүүгө муктаж болгон бей-бечаралар да бар…

— Жакшы бир нерселерди эстейин деп кайда кирип кеттим… — деди Осмон ичинде.

Эбегейсиз зор өлкөнүн ыдыраганы жөнүндө Осмон баягыда макала жазган. Макаласында ал атажуртка болгон сүйүү, ага, даңктуу ата-бабаларга, уулдук сезимдин ыйыктыгы жөнүндө сөз кылган. Мына ошол жазылбаган эрежелерди аттап өткөндүк мамлекеттин кыйрашына алып келди. Аны далилдөө үчүн алыс баруунун кереги жок, — деп күйүп-бышкан ал макаласында Осмон, — биздин белгилүү партиялык боссторубуздун бири эл алдында өзүнүн чоң атасынан баш тарткан.

Мансап жана байлык үчүн ата-бабасынан баш тарткан адамдар башкарган өлкөнүн келечеги болушу мүмкүнбү?! — деп жообу тилдин учуна өзүнөн өзү келип турган макаласын Осмон ушундай бийик кыялдануу менен аяктаган.

Макала бүгүнкү күндүн талабына өтө төп келип турган эле, анын үстүнө автор түпкүрдөн, элдин терең катмарынан болуп, анын көйгөйүн билдирип жатпайбы. Бул макала байкалбай калбайт эле. Көп өтпөй Осмонго жаңы доордун жаш саясатчылар тобунун келечектүү бир өкүлү деп мурдагы эскичил, паракорлукка белчесинен баткан акимдин ордун сунуш кылышты. Мына эми анын акимчиликке барганына үч жылдын жүзү болду.

Бул мезгил ичинде иштин көзүн таанып, аркы-беркисин жакшы билип калды. Бирок жаңы баштаган күндөрү иши илгерилебей туруп алган, аргасы түгөнүп, ал турсун баарын таштап, кайра өз көнгөн ишине кетсемби деп ойлонгон учуру да болгон. Анан бара-бара акырындап жүрөксүгөнү басылып, ишеним пайда болуп, аны менен кошо «кой, мурдагылардан менин эмнем кем, шымаланып киришсе колдон келбес иш барбы» деп кайраттанып, намысына келген…

Бирок жаңы ишке орношкондон көп өтпөй ал кабылган бир жагдай аны таң калтырып, тарс жыгылтты десе болот, санаасын санга бөлүп, унутулмак турсун бүгүнкү күндө кайра күчөп тынчын алды. Ошондон бери анын жанын жай алдырбай, санааркатып келаткан неменин аты — пара.

Бул арам айланпага бир кирип алган адам эч качан өз эрки менен андан чыга албайт, анткени кыктагы коңуздай болуп ага кирип алгандар өзүлөрүнүн олжосун бөлүштүрүп жатып, калган жер үстүндөгүнүн баарын талаада жаткан кыктай көрүшөт. Берген да, алган да торго бирдей чалынат. Алуучу берүүчүдөн жийиркенет, алуучу үчүн ал тепсендиде калган коңуз. Берүүчү болсо алуучуну жек көрөт, берүүчү үчүн ал тарпты тандабай жеген тазжору.

Анткени менен алардын кеп-сөзү бир, мындайча айтканда, машташып жан сакташат, кылгылыкты кылышат да, таза киши болуп мындай чыга беришип, ар-намыс, адал-арам жөнүндө сөз козгошуп, абийир менен адилеттикти карманып жашоо керектиги жөнүндө кез келгендин баарына акыл айтышат.

Башында мындай ылайга тиешең бар экенин сезгенде төбө чачың тик тура калат, бирок кийин көнүп кетесиң, ал эми бул сормо сазга кирип алган соң андан чыгып кетүүгө мүмкүн эместигин, ага моюн сунуу гана керектигин билесиң, эми ал сазды солкулдатууга болбойт, солкулдаттың дегиче ишиңдин бүткөнү, ошол сазга бирге баткандарың эле сени ириде ага чөгөрүп жиберүүгө жана сенин төбөңдү басып туруп, өздөрү кургакка чыгууга аракет кылышат. Муну сен өтө тез түшүнө баштайсың, эгер түшүнгүң келбесе — түшүндүрүшөт.

Биринчи жолу Осмон буга кейиштүү жагдайда туш болду. Борбордогу абдан чоң кызматкердин атасы каза тапты. Районду тейлеген областтын губернаторунун орунбасары Чекир кырдаалды түшүндүрүү үчүн Осмонду бөлмөсүнө чакырды. Экөө эбактан бери тааныш, бир институтта окушкан, теңтуштук мамилелери бар, андыктан болгон сөздү ачык айта алышат. Ал-жай сурашкандан кийин бөлмө ээси сөздөн түз эле ишке өттү:

— Сен бизде жаңы адам эмессиңби, Осоке, ынтымакка кир.

— Аның эмне?

— Эртең өлгөнгө баратабыз. Башка акимдер өз үлүштөрүн беришти, сен гана калдың, кошоруңду кош.

— Канча?

Чекир «калымдын» баасын айтканда, Осмон уккан кулагына ишенген жок:

— Ой, бул менин бир жылдык маянам эмеспи,- деди таң калгандан эки колун жайып.

— Сен эмгиче маянага жашап жүрөсүңбү? — деп тамашага чалды Чекир, анан «салык» ушундай экендигин, Осмонго түшүндүрдү.

— Бирок менде азыр анча акча жок.

— Карыз ал. Элдин баарынын эле боору таш дейсиңби, акимге карыз берүүчүлөр табылат. Эми аны өзүң билесиң, кичине эмессиң да.

— Мен кошулбай эле койсом кантет?

— Кандайча?! Кишинин башына ушундай кайгы түшүп жатса, анан сен көңүл айтканга жарабайсыңбы? — Чекирдин үнүнөн ачык эле шылдың угулду.

— Көңүл айтам дечи, бирок…

— Эмне «бирок»? Кур аякка бата жүрбөйт, досум.

— Ойлоноюн.

— Бул жерде ойлоно турган эч нерсе жок. Ойлоно берсең — ордуңан ажырайсың, уядан ташталган сасыткы болосуң. Болуптур, азырынча мен карызга берип турайын, бир жумадан кийин кайтарасың. — Чекир каршы бир нерсе айтууга чамасын келтирбей, Осмонду досторчо далыга таптады да, эшикке узатып койду.

Эртеси Осмон сөөк узатууга барды, акимдер чыгарган өлүк зыйнатын карманып, алар менен бирге көңүл айтты. Ал мына ушинтип айлампага туш болду. Ал эми карыздан кутулууга бир соодагер жардам берди, ага эл көп жүргөн жерге чачтарач ачуу керек экен, Осмон уруксат кагазга кол коюп берди. Андан ары баары көнүмүш айланпа менен өзүнөн-өзү кетти: губернатордун кызынын үйлөнүү тою, чоң жетекчинин юбилейи, министрдин үйлөнүүсүнүн күмүш тою, телемарафон, таасирлүү күркүлдүн шайлоо алдындагы кампаниясы… — эми зарыл акчаны кайдан «карыздоону» Осмон билип калды.

Кээде мындай карыздоонун айынан карыз бергендердин пайдасы үчүн өз абийирине камчы чаап, тартипти бузууга, башкалардын укугун басмырлоого, арам иштерге көз жумуучулукка барууга туура келчү болду. Ошентип улам барган сайын Осмондун көңүлүндөгү түпөйүл күчөй берди, эң жаманы али алдыда экендигин ал билди, жүрөгү менен сезди, анан көп күттүрбөй ошол күн келди.

Ушул жазда райондо ири уюмдун кызыкчылыгын көздөгөн иштерман пайда болду. Ал бирөөнүн ортомчулугу аркылуу келечекте чет өлкөлүк бай келгиндер аң уулоо үчүн тоо мейкинин көп жылга үлүшүнө укук алмакчы. Ошентип бул иштермандын көзү мөңгүнүн дал өзүнөн тартып, Шамсуу дарыясына чейин бүтүндөй Нурата өрөөнүнө түшүптүр. Анан, албетте бул маселени ал район акими менен макулдашуусу тийиш эле.

Эч нерседен шеги жок Осмон жогорку чөйрөдө байланыштары менен белгилүү, өтө таасирлүү кызматкерди жайдары тосуп алды. Башында жаш аким мындай кадырлуу меймандын атайын келгенине кубанды, бирок анын келгенинин чыныгы себебин билгенде, анын жүзүнөн жасалма сыпайкерчиликтин жылмаюусу кетти:

— Бул эмне дегениңиз?! — деди Осмон үнү кардыга. Соодагердин сунушу күтүүсүз болчу, анын үстүнө Осмон үчүн түпкү маңызы жагынан орой, орунсуз, ал турсун шылдың сыяктуу сезилди. — Оозуңузга карап ойлонуп сүйлөбөйсүзбү! Кандай макулдашуу, ал жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес…

Мейман акимдин мынчалык ачууланган себебин түшүнбөй, аны башында мыйыгынан жылмая таңгала карап турду, анан ага бир нерсе түшүндүрүүгө аракеттенди, бирок тигил аны уккусу да келген жок, бир эле сөзүн чечкиндүү кайталай берди:

— Нуратадан сиз эч кандай жер ала албайсыз! Кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн? Бул деген ата конушубуз да!..

Ушул сөздөрдөн кийин мейман, бизнесте тажрыйбалуу адам катары, кырдаалды курчутпай, бул маселени башка бир учурга, албетте, башка жагдайда, калтырууну чечти. Алар ошентип тарашты.

Күнүмдүк иштер менен алагды болгон Осмон бул жагымсыз жагдайды унутуп калган. Бирок анын уландысы бар эле, башка жерде, баягы Чекирдин кызмат бөлмөсүндө. Мына ошондо ал буктурмада калганын, капканга түшкөнүн биротоло түшүндү, эми баарына макул болуп, колун кой деген жерге коюп берүүдөн башка аргасы калбады. Ансыз калабалуу териштирүүлөрдөн жана текшерүүлөрдөн кутулбайт, анткени асылган адам бир нерсе таппай коймок эмес. Ошол күнү кечке чейин анын ою ордунда болбоду, кулагында Чекирдин чаркыраган, шылдыңдуу, акылдуусунган үнү кайра-кайра жаңырып турду. Ал Нуратадагы жерлердин маселеси эбак чечилгендигин, анын, акимдин колу, жөн гана көзгө басар түрдө гана керек, ошондуктан курулай «чаркылдай» берүү пайдасыз экендигин Осмонго билдирди, а эгер абийирим таза болсун десең, — ушул жерден Чекир сырлуу тыным жасады да, жасалма жылмайып, жылма какшыгын чуурутту, — аның, досум, «ак кагаздай таза» экендигиң эбак белгилүү, бир эмес, бир нече ирет «апакайсың» ээ, чырагым?! Андай болгон соң «абийир менен ар-намыс деп жүрүп мээм тегеренип калды, менин абийирим менин түбүмө жетти» деп денсоолугуңду шьштоолоп арызыңды жаз да, Аралчаңа кете бер. Көчүгүңө шамал көкчымчык…

Ал жерде сен бүткүл өлкөгө «Булбул-каракчы» деп даңкын чыгарган баягы депутаттын уулу сени кучагын жайып тосуп алат.- «Соловей-разбойник» деп айтканыңды карабайсыңбы ! — менин башыма өмүрүмдө келмек эмес, ырас эле микрофондо булбул болуп сайрап, анан анын сайраганына маашыр болгон айылдаштарын карактап-тоноп алганын айтып жатпайсыңбы. Ал жексурду, сен, шайтан алгыр, куп гана сокконсуң. Эми, өзүң билесиң, ошол “булбул-каракчынын” уулу мектеп директору, сени жакшылап тосуп алуу үчүн эки көзү төрт болуп күтүп турат… — Чекир ошол күнү кызыл тилин кайрады, Осмондун бурчка такалганын жана эми баш тарта албасын билип, антсе, өзү айткандай, «сасыткы болуп каларын» билип, ачынган ачык эле шылдыңдап турду…

Бул жылдары ар кандай жагымсыз, а кээде абийирсиз иштерди бүтүрүүдө өзү да каныгып калган Осмон, эми бул жийиркеничтүү кырдаалдан кантип «уят болбой» чыгууну ойлонду, кантип амалын таап кутулуп, анан Чекирдин өзүнө жараша кылгылыкты кылып, мазактап баса берүүнү ойлоду, антпесе ал өтө эле менменсип кетти.

Эртеси эртең менен, сүйлөшүлгөндөй, Осмон Чекирге кирди. Ал аны, кечээ эч нерсе болбогонсуп, кучак жайып тосуп алды, бирок какшык аралаш сурады:

— И-и, апакай улуу тарыхчы, ойлондуңбу?

— Ойлондум, — деди Осмон сырдуу жылмайып. — Ойлондум. Ойлонбогон ойго койбойт эмессиңби. Сен мындайга машсың. Кол коём. — Ал Чекирди теше тиктеп туруп, суроо узатты: — Койгон колум үчүн мен эмне алам?

Чекир мындай суроону күткөн эмес, анын шаштысы кете түштү. Осмон аны байкады да, ошол эле дем менен улантты:

— Мындан түшчү олжо оңой эмес көрүнөт? Ансыз сен мынчалык жаныңды үрөбөйт элең, асылым, туурабы?

Болгонду болгондой айтпаска Чекирдин аргасы калбады:

— Ооба, бир «лимон». — Аталган каражатка Осмон баа берсин деп ал бир аз унчукпай турду, анан амалдуу жылмайды да, түшүндүрө баштады, — “лимон”, өзүң түшүнөсүң да, жашыл, чет элдик. Аны онго бөлөбүз, бешөө шефтики, — Чекир сөөмөйү менен шыпты көрсөттү,- үчөө меники, экөө сеники.

— А сага эмне үчүн? — деди Осмон баягысындай эле Чекирди теше тиктеп, мурда ойлонуп алганындай, жазыксыз жылмайып.

Чекирдин сөзү оозунан түшүп калды, таң калганынан көздөрү чекчейип, өңү кубара түштү, бирок дароо өзүнө келип, угулар-угулмаксан:

— Мен — ортомчумун, үлүштөр мен аркылуу кетет, — деди.

— Бизге ортомчунун эмне кереги бар? — деди Осмон баягы эле басмырт үн менен. — Ансыз эле бүтүрөбүз ишти, ашык күбөнүн бизге эмне кереги бар. Бул үчкө бөлгүдөй арак эмес, лимон да…

Чекир уккан кулагына ишенген жок, бирок азыр өз чабалдыгын көрсөткүсү келбеди:

— Мен оюнду бузуп, картаны аралаштырып коюшум мүмкүн, анда экөөбүз тең оюндан чыгып калабыз.

Оюнду андан ары улантуунун кереги жок болчу, Осмон кылган ишине ыраазы болду, тигинин бир азга болсо да делдейип, оозунан сөзү түшүп калганы Осмондун күлкүсүн келтирди, ал каткырып күлүп жиберди.

— Ой, мен тамаша кылдым, Чеке. Өз үлүшүңдү аласың сен, аласың. Бирок үч бөлүгүн эмес, бир бөлүгүн, ортомчу катары сага ошол жетет. А төртөөнү мен алам жана чеккен адам катары, мен канткен менен өз жеримди сатып жатам да, мындайча айтканда, өз атажуртумду, Нуратаны сатып жатам…

Башка учурда бул айтылган сөздөргө, алардын ачыктан ачык одонолугуна, Осмондун өзүнүн төбө чачы тик турар эле, бирок азыр алар ушунчалык жөнөкөй, боло жүргөн иштей, тамаша-чыны аралаш, какшык-шылдың менен айтылгандыктан, ал өзү турсун көптү көргөн Чекир да жооп таба албады. Осмон ишти өз пайдасына оодарыш үчүн кадиксиз себеп табышы зарыл эле, ал аны дал ушунтип тапты. Чекир чынында эле айтарга сөз таппай калса да, соодалашканга көнгөн неме, Осмонго бир нерсе дегиси келди, бирок ал сөздү так кесер бүтүрдү:

— Бул менин акыркы сөзүм. Сага ошол жетет, асылым.

Ошол убакта ичтерине ит өлүп жатканын экөө тең билгизбей, бири-бирин алдыртан жылмая карашып, унчукпай ажырашышты.

… Бир жумадан кийин Осмон керектүү кагаздарга кол койду. Ошондо кандай оор жана көңүл айнырлык иш болгонун ал азыр да эскергиси келбеди, белинен баскан карыздарынан кутулуу үчүн салмактуу капчык даярдоо зарылчылыгын бетке кармап өзүн өзү актоого ошол кезде аракеттенген болчу, анын үстүнө ал кол койбой койгондо эмне өзгөрмөк? Эч нерсе өзгөрмөк эмес. Жанагы Чекир деген шүмшүк айткандай, мен болбосом башка аким кол коймок, болгону бир ай кеч. Айырмасы — Нурата жерди өгөйлөтүп жабыркатуунун мөөнөтүндө гана болчу. Сөздүн ырайымсыздыгын, сууктугун кара — өгөйлөп жабыркатуу.

Кечээ эле өзүнүн тууган жери, бүгүн жабыркатылган, чоочун болду да калды. Же ал, Осмон, өзү ата-журтуна, өз жерине чоочун, өгөй болуп калдыбы? Эмне себептен мындай болду?! Кара курсагы үчүн, жанынын жайлуулугу үчүн да, жылуу орундан жыдып түшпөс үчүн да… мына эми ушуну мойнуна алды. Албаска чара жок… Бирок сен качандыр бир кезде башкаларды акыл менен, жүрөктүн буйругу менен жашоого үйрөтчү элең го, тууган жер жөнүндө, атажурт жөнүндө кооз, өтө-ө кооз сөздөрдү айтчу элең го, көрсө айткан бир башка, а жашоодо абийирдүү жашаш — бир башка турбайбы…

Ошол Нурата жерин көпөсчө соодалашканда кандай жийиркеничтүү болсо, мына азыр да канча убакыт өтсө да аны эскерүү өтө оор, — Осмон терең үшкүрүп алды да, жан кыйнаган ойлордон арылгысы келгенсип, башын чулгуп алды. Мына, ошондон бери айылга биринчи ирет баратат, алдыда атасы менен оор жана кайгылуу жолугушуу, Нурата менен да ошондой эле оор, ошондой эле кайгылуу жолугушуу күтүп турат. О Кудай, атабыз сакайып кетсе экен, бизди кырсыктан тышкары кыла көр! Аз айып, көп күнөөм болсо кечир, о кудурети күчтүү Теңирим!.. — Осмон аркы-беркини ойлоп жашый түшкөндүктөн нымдалышкан көздөрүн ачты, аба жетпей жаткандай сезилип, каптал терезени төмөн түшүрдү да, бет алдынан Нуратанын бозомук туман чалган чокусун көрдү.

Анын мөңгү баскан туу чокусунда күндүн таңкы алсыз нуру бүдөмүк чагылышып турду. Капталдын кыя жолунан ал көп жашап эңкейип калган ак чач чалдай болуп, кадимкисинен кыйла жапыз көрүндү. Нуратанын ак мөңгүлүү аскасын Осмон көп жылдан жана өзү жасаган абийирин булгаган иштен кийин мына ушундай абалда көрдү.

Ошол эле күнү таңсаарда, күндүн муруту жаңыдан чачырай баштаганда, Белек чатырчасынан чыкты да, баягы көнгөн адатындай ачык турган этюднигинин, атасы айткандай, жука тактайдын алдынан орун алды. Ал уулунун мунусун баланын оюнундай көрчү жана качандыр бир акылына келер деп үмүттөнчү.

Белек менен Салима мындан үч жума илгери шаардан келишкен. Экөө Аралчада ата-энесиникинде эки-үч күн болушуп, анан Нуратанын этегине, жылкычылар менен чабандардын айылын караандап чатырын жайышат. Бул алардын бир нече жылдан бери көнгөн адаты.

Белек менен Салима көптөн бери бирге жашайт, бирок уулунун карыган ата-энесине булар эрди-катынбы же жокпу — түшүнүксүз. Эгер эрди-катын болсо илгертен келаткан салт боюнча бардык жол-жобосун жасап, кудалашуу керек эле, бирок уулу анын кереги жок деп койду, анын үстүнө кыз дагы никелешүүнүн аки-чүкүсүн каалабайт имиш, бири-бирибизди жактырабыз, жетишет, дешет. Ошентип экөө ончакты жылдан бери бирге жашашат, алгачкы убакта экөө бирге окуган көркөм өнөр окуу жайынын жатаканасында, андан кийин кенедей бир тар бөлмөдө турушчу, азыр болсо облусттук чыгармачылык уюм бөлүп берген сүрөтчүлөрдүн өнөрканасында.

Осмондун жардамынан баш тартышып, биз, эмне, мунжу белек, өз эмгегибиз менен оокат кылабыз, дегенчелик кылышкан. Эмгиче бала күтүшө элек, убактысы келет, күтөрбүз, дешет, иши кылып, Мөңгүбек карыя айткандай, «булардын жасаганынын баары адамча эмес», анан ал баарын уулунан көрөт: «орунсуз болсо ушу да — арга канча, мүмкүн бир кезде акылына келер…» деп кабаарыйт чал.

Белек табиятында оор басырык, камырабаган неме. Курсташтарынын арасында байкалчу эмес, оозунуп жулкунбаган же бир нерсеси менен көзгө көрүнүүгө аракеттенбеген, келбеттүү, далылуу да болгону менен, талашып жулунбай бардыгына кошкөңүл сыяктанып көрүнчү. Белектин бул жупуну мүнөзүн Салима байкады жана аялдын кандайдыр бир ички сезими менен мындай сейрек кездешчү табигый тартынчаактыкта бөтөнчө бир артыкчылык бар экенин сезди жана бул жагынан жаңылган жок, бирок анын сырын анын эң жакын кыйбас адамы болгондон кийин гана ача алды. Ал сүрөттү тартуучу эмес, жаратуучу сүрөткер болчу, анын жаратуучулугу жандүйнөсүнүн аялуулугунда, сезимталдуулугунда эле.

Ал жараткан сүрөттөрүнүн баа-баркын билчү, бирок аларды мактап-жактаганды, ызы-чуу түшүрүп көргөзмө уюштурганды жакшы көрчү эмес жана андай нерсе колунан да келмек эмес, ага анын табиятында жок камбылдык керек болчу. Жок, ал өзүнүн камбыл, шылуун жолдошторуна көз артчу эмес, бирок өзүнүн тартынчаактыгынан канчалык жапа чегип оңтойсузданса да, андан кутулуу, башкача болуу оюна да келбеген.

Салиманын оюна бойго бүткөн баланын келечекте ким, кандай касиетке ээ болорун эненин жүрөгүн тыңшап туруп билип коюучу көз ачык аял жөнүндөгү уламыш уюп калды. Ал эмнегедир Белектин жүрөгүнүн сокконун билерине, анын ким болоруна ишенчү. Бирок ансыз Белек жалгыз өзү эч нерсе боло албасын, дарманы келбесин, куураган бул заманда суурулуп чыга албасын да билчү. Кимдир бирөө өзүн курман кылышы тийиш эле. Сүрөткердин урматы үчүн. Ошентип ал мындай тагдырга кың дебей, үн-сөзсүз моюн сунду, ар бир экинчи үйбүлөдөгү миллиондогон башка аялдар курмандыкка барган сыяктуу, унчукпай моюн сунуп, курмандыкка барды.

Белекке илхам келген учурда чындап эргип, бактылуу болуп турган учурун айтууга сөз табуу мүмкүн эмес эле, мындай абал Алланын амиринен деп бекеринен айтылбаса керек, Салима аны айттырбай түшүнчү, бул абал ага да өтчү жана аны менен, сүрөткер менен, жашоо ошон үчүн арзырлык эле. Көр тирликтин өйдө-ылдыйын, дайыма жетишпегендикти, Белектин турмушка ыңгайлаша албагандыгын жана жашоо-тиричиликке жоктугун, бардыгын көтөрүп жашоо ага кымбат болчу.

Сүрөт окуу жайын бүтүрүшкөндөн кийин алар өздөрүнүн Аралчасына жакын, тиричилиги жай жана көңүлсүз өткөн шаарчага, облуст борборуна келип алышкан. Баягы китепканалар менен музейлер жабылган, баары арак-шарап саткан дүкөнгө, түнкү барларга, казинолорго ижарага берилген, чыгармачылык турмуш деген таптакыр унутулган, кайдагы бир сүрөтчүлөрдүн турмушу жөнүндө ойлогон киши жок. Ылайыктуу иш таба албай, Белек жергиликтүү зоопаркка күзөтчү болуп алган. Акча мурдагыдай жетишчү эмес, бирок эптеп ары-бери чампалай салып бир нерсе табуу Белекгин оюна да келмек эмес. Менин аксарайымды «сырдап» бер деп байлар келип калчу.

— Мен боёкчу эмесмин да, — дечү Белек.

— Боёкчу эмессиң, бирок көркүнө чыгарчу бир нерсе ойлоп таппайсыңбы, тууганым, шабашке аласың…

— Аны жасачулар башкалар.

Суранчылар соо эмес го дегенсишип сөөмөйлөрү менен чыкыйларын сайып же кетип баратышып, «деле мунун намыскөйлүгүн кантесиң, эмесе тигил айбанаттарың менен тиктешип олтура бер…» дешип, көп сүйлөбөгөн Белектен майнап чыкпасын көрүп, кетип калышчу.

Кароолго турганда ал көп учурда этюднигин ала кетчү да, айбанаттар менен жалгыз калганда өзүнө керектүү шилтемелерди жасачу. Зоопаркка кыргыз тоолорунун, айбанаттар менен канаттуулардын сейрек түрлөрү кездешчү, Белекти бөтөнчө кызыктырган да ошолор, күзөтчүлүккө берилип иштегени да ошондон, ага кечигип, же келбей калган учуру болгон эмес.

Бир жолу зоопаркка илбирс алынып келди. Аны бир нече жыл илгери мөңгүлүү Нурата жактан кармашкан. Эки жыл бою аны жакынкы жана ал турсун алыскы чет өлкөлөргө чейин, зоопарктагылар күлүшкөндөй, «гастролдо кыдыртып жүрүштү» жана ысык авага көнбөгөн неме ары-бери узак жол жүрүүлөрдөн кийин чарчап-чаалыгып, алдан тайып өлөсөлүү болуп калганда минтип кайра алып келишти.

Ал бир нече күн сулк жатты, анан узак уйкудан ойгонуп, жан кирер замат өзүнүн өткүр, илбирстик көзү менен шаардын четинен ары жакта керилип жаткан тоо кыркаларын, алардан ары күн нуруна чагылышып, келберсиген Нуратанын көк мөңгүсүн — өзүнүн туулуп-өскөн аймагын көрдү. Жаны жаратылыш менен бир бүткөн жырткычтын туюму качандыр бир өзү ээн-эркин жыргап-чардап жүрчү тоолор менен кар жамынган мейкиндиктерди көз алдына келтирди.

Капысынан болгон бул көрүнүштөн илбирстин умачтай көзү ачылып, бүт дене-бою кыймылга келди да, капастын жоон темир торлорун арбайган курч тырмактары менен тыта баштады — кардын илеби уруп турган өз жашоо уюгун тааныды, таноолорун дердейтип, тоонун абасын кана жуткусу келгенсип, шуулдата терең дем тартты, аны жана анын мурдагы мекенин көптөгөн чакырымдар бөлүп турганы менен иши жок, башын кайра-кайра аргасыздана чулгуду…

Ошол күндөн башгап зоопарктын кызматчыларынын жаны жай албады. Илбирс капаста урунуп-беринип, коңшу капастагы айбанаттарды чочутуп, жиндене аркырап-күркүрөп, торду тыткылайт, күүлөнүп келип көкүрөгү жана башы менен чоюн сымдарга урунат, кайра-кайра уруна берет, акыры алсырап бүткөндө, урунган жерлеринин канын жалап, жатып калат. Бирок уйкудан ойгонуп, тоолорду көрөр замат — болду, баары кайрадан башталчу. Илбирс аш жегенди койду. Ага эч бир

 

амал-айла жардам бербеди: ага тирүү жандыкты коё беришсе, жиндене быт-чытын чыгарып жара тартып салат да, жебейт.

Анын эркиндикке чыгуу кумары бөтөнчө таңга жуук, Нуратанын мөңгүлүү аскасы агара баштагаңда күчөй турган. Таңкы мемиреген жымжырттыкка элден мурда илбирстин ачуулуу, жүрөк титиреткен үнү, андан соң чарчаңкы ыркырагы жана анын үрөй учурчу жандалбастаган жырткычтык күркүрөгү бүткүл шаарчага угулчу…

Бул бир нече күнгө чейин созулду… Бир күнү Белек таң алды менен зоопаркты айлана басып текшерип жүрүп, илбирстин адаттагы күркүрөгүн укпады. Бул тынчтыкка кубанар же кубанбасын билбей, ал илбирстин капасын көздөй шашыла басты да, барган жерде өмүрүндө эстен чыккыс, унуткус көрүнүшкө туш болду — илбирс бардык жырткычтык күчү менен темир зымдын чабалыраак жерин чоюп кеңейтиптир да, ага башын салып, таң алдындагы асмандын түсүн жана алыскы Нуратанын чокусун саргыч карегинде чагылдырып, чалкасынан түшүп, дем-жансыз жатыптыр. Ушундайбы же ушундай эмеспи, бирок илбирстин жан чыдагыс кусалыгын билген Белекти таң калтырган бул өлүм ошол мезгилде ага дал ушундай элестеди. Анан ушул көз ирмемде мына ушул учурду чагылдырган сүрөт тартуу жөнүндөгү ой башына келди. Илбирс Белекке өлбөй эле курман болгондой сезилди.

Нурата жөнүндө сүрөттөрдүн үчилтигин тартсам деген ойду Белек көптөн бери багып келатат. Аралчада туулуп, Нуратанын бешигинде термелип өсүп, анан ал жөнүндө тартам деген ой келбесе — мына ушул таң каларлык болор эле.

Мындай ой Белектин бала кезинде эле пайда болгон, ал кезде сүрөтчү болом деп ойлочу да эмес, бирок дал ошол ой кесип тандоодо алгачкы кадам болду көрүнөт. Атасы бала-чакасын тегеректетип коюп, муздун жаракасында туткундалган аккуунун жубу тууралуу укмуштай таң каларлык окуяны айтып берген. Анда беш жаштагы тармалчач балага катуу таасир берип, анын эсинде бешик ыры катары, табышмактуу жомок катары калган жана тезирээк Нуратага барып, айтылгандарды өз көзү менен көргүсү келген. Бирок атасы аны жайкы жайытка алып барып, анан ал атасы мергенчи Кыскара экөө канаттарын жайып, моюндашып жаткан аккуунун жубунун кайгылуу үнүн угушкан жана көрүшкөн үңкүргө чыгып барганга чейин дагы бир нече жыл өттү.

Муз каптап калгандыктан Белек аларды көрбөй калды. Бирок анын өкүнүчү узак созулбады, анткени уландын элестетүү күчү өлгөн аккууларды кайра тирилген катары айтылгандан да кооз, көркөм кылып эбак сүрөттөп салган. Анан ал эбаккы балалык кыялын тартып түшүргөндө гана өзүнүн сүрөтчү болоруна көзү жетти.

Ал бул сүрөттү акыркы курста жазып, Салимага арнаган, бул анын кызга сүйүүсүн билдиргени эле жана кыз да бул бөтөнчө белекти дал ошондой кабылдады. Жакында эле Салима «бул аккуулар чынында экөөбүзбүз да…» деп кейиштүү жана ошол эле учурда толкундана айткан эле.

Ойлонуштурулган оюнун экинчи сүрөтү илбирстин жан чыдагыс кусалыгы жана анын нуру өчүп бараткан көздөрүндө аңтарылган Нуратанын муз аскасы болду.

Былтыр жайында Белек ойлонуштурулган үчилтиктин негизгиси болуучу жаңы шилтеме жасады. Ошол жылы Белек Салима экөө мөңгүнүн түбүнөн гляциологдор жана вертолетчулар менен жолугушту да, алар менен бирге мөңгүлүү асканы айланып учуп чыгышты.

Окумуштуулардын айтымында, алардын экспедициясынын максаты мөңгүнүн калыңдыгын жана бийиктигин изилдөө экен, көрсө ал кийинки мезгилде кескин түрдө эрий баштаптыр. Анын бирден бир себеби кургап бараткан Арал деңизинде имиш, анткени бороондуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгыр менен ал жактан туздуу чаң жана ным кошо келип, мөңгүнү калың катмар менен жаап калат экен да, андан соң аны жеп, тез эрите баштайт экен. Белек иллюминатордон туура кеткен жараканын нугун көрдү, эгер «жаракка бүтүп», муз менен толукталбаса, эң кайгылуу окуялар алдыда болушу мүмкүн экендигин гляциологдор айтышты.

Андан бери бир жыл өттү, үч жума мурда мөңгүгө барып, жарака толукталбаганын, «бүтпөгөнүн» түшүндү, тескерисинче, ал мурдагыдан кеңейип жана Нуратанын этегинен эле байкаларлык болуп калыптыр.

Акыркы түндөрү аба ырайы бузулуп, мөңгү тараптан сөөктөн өткөн шамал согуп турду жана суук шамал менен кошо пайда болгон жараканын тээ тереңинен күүлдөгөн добуш угулду. Шамал улам барган сайын күч алып, муздун жаракасына куюндап кирип, ал жактан тоонун жаңырыгы Нуратанын муңун бүткүл өрөөнгө таратты. Жан чыдагыс оорудан жана оор санаадан бүк түшкөн Мөңгүбек карыя мына ошону угуп жаткан.

Белек түн бою кирпик ирмеген жок, шамал бир аз басаңдаган таң алды менен ал чатырчасынан чыкты да, этюднигин күнүгө көнгөн жерине койду. Ал Нуратанын кейиштүү салаңдаган чокусун бозомук чел менен чулгаган калың нымдуу туман аркылуу көпкө чейин үн-сөзсүз карап турду. Белек ушундай эле ичиркенткен нымды өзүнүн жан-дүйнөсүнөн сезди.

Алдында даяр дээрлик сүрөт турду: карлуу тоо кыркасынын үстүндө оту өчкөн жанартоо сыяктанып, кылымдардын оордугунан жана жаан-чачындан жүдөгөн Нуратанын жарака кеткен аскасы. Белек үчилтигин кантип аташты эми сезди: «Мөңгү муңу».

Белек кейиштүү ойлорго чөмүлүп турганда, теодолиттерин көтөргөн ага тааныш жер ченегичтер жандап өтүп баратышып, анын жанына токтошту, учурашып, комбинзондорунун чөнтөктөрүн сыйпалашып, ширенке сурашты, шашпай чылым тутантышып, сүрөттү кызыга карап жатышты.

— Классно! Ну, ты, байке, молодец, — деп мактады тармал чач сары жигит, ширенкени кайта берип жатып.

— Окшош, тим эле өзү, супер! — деди анын жолдошу, сүрөттөгү токойду көрсөтүп, анан кошумчалады: — мына бул жерде келишкен мейманкана, бассейни менен сауна, бул жерде казино болот.

Ушулардан бекен же булардын жолдошторунанбы, бул жерди чет өлкөлүк бай, «же арабдын шейхи, же дагы бир өлкөнүн көзүрү» аң уулоого ижарага алыптыр деп Белек уккан, бирок тактоо үчүн кызыгып сурап койду:

— Берилетдегеничын бекен, же…

— Чын болбосо, байке, бул жерде биз эшек такалап жүрөбүзбү? — деп суроого суроо менен жооп берди тармалчач сары жигит.

— Эмне, кол коюлганы чынбы?

— Ну, байке, заладил-точно, не точно, подписали, районный аким, говорят, подмахнул. На днях выселяем, — тармалчач жолдошуна караганда сөзмөр экен, сыягы кечээгиден кийин башын жазып алса керек, — этих вот выселяем, — деди ал жылкычылар менен чабандардын бозүйлөрүн көрсөтүп, — перекочевка будет… как говорится, байке, кыргызам не привыкать — кочевали и будут кочевать. О, бляха-муха, стихами заговорил, не к добру это…

— Чыпачын, байке, аким кол коюптур. Бир шилтегени бир куржун жашылча теңге болсо шилтеди да, байке, — шеригинин сөзүнө кошулду кыргыз жигит мыйыгынан күлүп.

— Бирок чет элдиктерге жер берилбейт да, — деди Белек чөгүп бараткан адам саманга жармашкансып.

— Куржунуң калың болсо, берилет турбайбы, байке, кетти мөңгү, оомийн…

— Отдали, там такие башли, наверное, байке-е! — тармал чач башын чайкап, эки колун кенен жайды, — подставных нашли, подставились… — чылымдын түбүн чертип ыргытты да, ал Белекке жолдошторчо колун сунду.

— Ну, давай, байке, твори, спасибо за огонек, — ал сүрөттү көрсөтүп, бармагын көтөрүп койду, — ну, классная штука, супер!..

— Жер ченегичтер кетишти, Белектин көңүлүнө катуу бүлүк салганын алар билишкен жок. Жарым саат өтпөй атасы жиберген жээни ат коштоп жетип келди. Жээнинин капалуу түрүнөн ал иш жайында эмес экенин сезди, аттан түшпөй туруп жээни абалды айтып берди.

— Чатырды бүктөп, болор-болбос буюм-теримдерди жыйнап салыштыра коюу түккө турбаган иш болсо да, Белек ар кайсыны бир кармалап, эбин келтире албай жатты, эгер Салима болбосо дагы канча жүрөт эле белгисиз…

…Алар түш ченде айылга Осмон менен дээрлик бирге келишти.

Мөнгүбек карыя уулдары менен көрүшө албай калды, тагдыр экен, алар келгиче оо сапарга жүрүп кете берди.

Үйгө жакындаганда туугандардын өкүрүгү угулду. Бири-бирин көптөн бери көрбөгөн Осмон менен Белек кучакташып алып, болгон ишке ишенбегендей, ишенгилери келбегендей, көпкө турушту, буулуккан үнсүз ыйдан ийиндери солкулдап турду.

Сөөктү коюу түйшүгүнүн баарын Осмон көтөрдү, баары салтка жараша жасалды. Осмондун райондогу кызматташтары келишти, карыя да баарына кадыр-барктуу киши болчу — эл көп чогулду, ал турсун келгин жумушчулар, Шамсуу дарыясын бойлото сыпай байлашып, бетон мамыларды орнотушуп жана темир арматураларга тикен зымдарды кандашып, келечектеги аң уулоочу аймака корук жасап жүрүшкөн убактылуу жалдангандар да карыянын бейитине бир ууч топурак таштоо үчүн келишти.

Ушуларды карап туруп, атасынын өлүмүн эмне тездеткенин Белек түшүнгөндөй болду — атасы, албетте түрү суук темир тикенек зым-торлорду көтөрүп жүрүшкөн убактылуу жалданмаларды көргөн…

Ошол зым тордун курчоосунда Нурата каларын билди атасы, өзү да абактагы мөңгүдөй болду эсил кайран бейиш болгур атасы. Мына ушул кайгылуу ой Белектин жүрөгүн сыздатты, тынчытпады…

Белек менен Осмон көрүстөндөн катар келатышты, көпүрөдөн өтө бергенде жээктеги темир тикенек зымдарды жана арматураларды көрүшүп, алар кадамдарын жайлатышты, Осмон же сураганы, же үн чыгарып ойлонгону билинбей:

— Бул эмне? — деди.

— Жебелер, — деди Белек, бул жооп ал Нуратадан келатканда аттын туяктары тикенек зымдардын түрмөгүнө чалынганда эле даяр болгон.

— Ал эмне дегениң?! — деди Осмон кекээрлүү жана ошол эле учурда, берилчү жоопту билгенсип, кабагын чытый, кооптуу унчугуп.

— Байыркы гунндардын атасын жаа менен аткан ажоо уулун жана биздин атабызды айтып жатам, — деди Белек агасын тике карап, — гунндарды жана Нуратаны айтам. Модэ, эсиндеби Модэ?!

Бул суроо Осмонго табышмактуу сезилди. Гунндун ажоосу Модэ эсиңдеби дегендей же андан суук мааниде иниси аны Осмон атынан айтпай Модэ деп сурагандай болду.

Осмон тык токтоду, анын көздөрүнөн бир заматта нааразылыктын жана дабдырагандыктын учкуну бирдей жылт этти.

Көпүрөдөн өтүшүп, алар мындан бир аз мурда атасынын сөөгү жаткан жана топурап эл курчаган каралуу бозүйгө бет алышты. Бозүй азыр дөңсөөдө жетимсиреп, жалгыз турду. Эки бир тууган бозүйгө эки кайчы чыйыр жол менен кайрылгыс сапар кеткен атасын жоктошуп буркурап ыйлап, өкүрүп баратышты. Экөөнө тең бул атасы менен да, бири-бири менен да коштошуу ый эле.

Аркы жээкте жалданма жумушчулар шымаланып чоюн арматураларга тикенек лагердик зымдарды каңдап жүрүшөт.

Бул болочок үчилтик сүрөттүн акыркы шилтеми деди Белек ичинен капалуу. Анан ал канча күндөрдөн бери басылбай, улам күчөп келаткан кооптуу жаңырыкты — кайгылуу алп Нуратанын шуу онтоосун угуп, анын муңун жан-дүйнөсү менен сезди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.